Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Төшөктөгү таенесин баккан 10 жашар кыз: «ТАЕНЕМ АЧКА КАЛБАСЫН ДЕП МЕКТЕПТЕН ШАШЫП КЕЛЕМ»

№770 4-10-август, 2017-ж.


Бишкектен алысыраак Луч дачалар аймагында жайгашкан 2 бөлмөлүү үйдө баш калкалаган Малика Юсупова 90-жылдары Кыргызстанга Өзбекстандан келип, 2011-жылы гана кайрылман макамын алган. Эки бөлмөлүү үйдүн агы кеткен дубалдары эненин оор үшкүрүгүн жашырып алгандай. Бир канча жылдан бери туруктуу турак жайы же жарандыгы жок бейрасмий жашап келе жаткан каарманыбыз муңайып өзүнүн баянын айтып берди.

Малика Юсупова, качкын: "ЖАРАНДЫК АЛУУ БОЮНЧА КИМГЕ КАЙРЫЛУУНУ БИЛБЕПТИРБИЗ"


– Биз үй-бүлөбүз менен Совет маалында кыргыз-өзбек чек арасында жашаганбыз. Улутубуз кыргыз болгону менен, Өзбекстандын жараны болчубуз. Кийин СССР жоюлуп, ал жердеги үй-жайын таштап качкан элдин агымы менен биз да Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Турмуш менен алпурушуп жүрүп, укуктарыбызды билбей жашоо өткөрө бериптирбиз. Ал тургай жарандык алуу, жерге каттоого туруу боюнча да кимге кайрылып, эмне талап кылса болорун билген эмеспиз. Бул жакта батирлеп жүрдүк. Кийин жолдошум, андан кийин эки уулумдун бири каза болуп калды. 2013-жылы өзүм ооруп калып, ошол күндөн бери кызым менен күйөө баламдын батиринде баш калкалап жатам. Бул эки бөлмөлүү үйгө кызым мурда 1000 сомдон төлөчү, анан үй башка адамга сатылгандан кийин азыркы ээси бекер жашатып койгон.

"ЭКИНЧИ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН БАСПАЙ КАЛДЫМ"

– Бел оору сезиле баштаганда табыпка барып дарылангам. Ал өзүнүн ыкмасына салып балыктын майын сүйкөп укалачу. Бирок майнап чыкпаганынан дарыгерге кайрылганга туура келген. Томографиянын жыйынтыгы менен омуртканын ириңдеп кеткени билинип, "сөөк кургак учугу" деген диагноз менен эки операцияны баштан өткөрдүм. Экинчи операциядан кийин белгисиз себептерден улам баспай калдым.

"АЙНАЗИКТИН БИР КУЛАГЫ ЖАКШЫ УКПАЙТ"

– Өз алдынча кыймылдай албай, бирөөгө көз каранды болуп калган жаман экен. Уул-кыздын балдарын багышып, каралаша турган куракта неберем мени багып жатат. Кызым тигүүчү болуп иштейт. Таң атпай балдар уктап жатканда жумушуна кетип, кечинде кеч келет. Азыр каникул маалында 3,5 жаштагы неберем үчөөбүз үйдө болобуз. Окуу убагында Айназик эртең менен тамак-ашыбызды даярдап кетет, кичүү неберем экөөбүз ал түштө мектептен келгиче жол карап күтөбүз. Анан ал сабактан келип колунан келген ашын алдыга коюп, биз экөөбүзгө кам көрөт.
Алтын кызым кичинекей болгонуна карабай аябай зирек, чыйрак кыз. Тубаса бир кулагы жакшы укпайт. Мештин жанында туруп "тамакты кандай кылам?" деп сураса, мен үйрөтүп турам. Ошентип экөөбүз бири-бирибизге шерик болуп күн өткөрөбүз. Кечинде чарчап келген апасы экөөбүз Айназиктин жасаган тамагын мактап койсок сүйүнүп калат.

"БУТКА ТУРУП КЕТЕРИМЕ ИШЕНЕМ"

– Каражаттын тартыштыгынан майыптардын арабасына да жете албай жүрөм. Ал болгондо ордумдан жылып, Айназикке каралашат элем. Доктурга да бара албай жатканыбыздын бирден бир себеби ошол болсо керек. Анткени кыздар кантип мени көтөрүп, унаага салып ташып жүрмөк эле? Айылдагы кызым жарандык алуу боюнча арыз калтырып койгон, эми ошонун жообун күтүп жатабыз. Анан толук кандуу жаран катары каттоого туруп, майыптык топко бөлүнүп, мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул же жеңилдетүүлөргө илинип калсам, дарыгерлердин жардамы менен бутка туруп кетериме ишенем.

"ТАЕНЕМДИН КИР-КОГУН ЖУУП, ГОРШОГУН ТӨГӨМ"

Жаштайынан турмуштун арабасын түртүшкөн Айназик жайдары, жароокер кыз экен. Кызды биринчи көргөн адам анын жылмаюусун бактылуу балалыкка жоруп, "бир үй-бүлөнүн куурчак ойногон эрке кызыдыр" деп ойлойт. Бирок жылмаюунун артында бир үйдүн түйшүгүн моюнуна артып эрте чоңоюп кеткен адам турганын сүйлөшө келмейинче сезе бербейсиң. Себеби бул үйдө төшөктөгү оорукчан таенесин да, кичинекей бөбөгүн да күндүз кечке жалгыз карап, тамагын берген да, кирин жууган да мына ушул чиедей кыз.

– Айназик, канчадасың?
– Мен 10 жаштамын. Быйыл 3-классты бүтүп, 4кө көчкөнү жатам.

– Таенең менен бөбөгүңдү да карайт турбайсыңбы. Үй тиричиликке да, окууга да бирдей кантип жетишесиң?
– Окуу маалында эртең менен эрте туруп, үйдөгүлөрдүн чайын даярдап кетем. Түштө бөбөгүм менен таенем ачка калбасын деп мектептен шашып келем. Анан алардын түшкү тамагын берип, бөбөгүмдү ойнотом. Андан кийин таенемдин кир-когун жууп, горшогун төгөм. Ошентип оюнга деле убакыт калбай калат.

– Азаматсың го, дагы кандай жумуштарды жасай аласың?
– Өзүм эле таенемдин, бөбөгүмдүн, өзүмдүн кир кийимдерибизди жууп, үйдү таптаза кылып жыйнап коём. Короону шыпырып, тамак жасай алам.

– Кандай тамактарды жасаганды билесиң?
– Картошка, жумуртка кууруганды, шорпо жасаганды, анан макарон басканды таенем үйрөткөн. Мен жасаган тамакты апам менен таенем жеп, "мм, даамдуу экен тамагың, азамат!" деп макташат.

"ЭКИ МАЙЫПТЫН БИРИН-БИРИ БАГЫП ЖАТКАНЫ – КООМУБУЗДУН ЖҮЗҮ"

Каарманыбыз Малика Юсупованын алыскы тууганы Махабат Кадыркулова ага жарандык алып берүү ишин тездетүү боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерде жүргөнүн айтты:

– Бул үй-бүлө биздин жаңы тапкан туугандарыбыз. Биринчи жолу жолдошум экөөбүз булардын үйүнө келгенде кепедей тамда күн кечирип жатканын, эженин акыбалын, аны кичинекей кыз багарын көрүп өздөрүн көмүскөдө алып жүргөн үй-бүлөнүн маселесин чечишүүгө жардам берели дедик. Жарандык алууну тездетүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганбыз. Учурда макулдук боюнча жарлыкты күтүп жатабыз. Паспорт алып алса, мындай жарандарга тийиштүү жеңилдиктерди колдонуп кайрадан дарыгерлерге көрсөтө баштайбыз. Эженин иштерин бүтүрүп алгандан кийин Айназиктин кулагынын эмнеден чала угуп калганын тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Бул үй-бүлөдөгү эки майыптын бирин-бири багып жатканы – коомубуздун жүзү, жалпыбыздын көйгөйүбүз. Ошондуктан чогуу-чаран көмөк көрсөтөлү деп ар эшикти каккылап жүрөм.

59 жаштагы каарманыбыз 4,5 жылдан бери сөөк кургак учугунун кесепетинен төшөктө жатат. Жашоо турмуштун шартына ылайык оорукчан айымды анын 10 жаштагы жээни Айназик карап келет. Чиедей кыз таенесине кылган камын өзүнүн милдети катары кабыл алып, балалыктын кереметтерин деле унутуп койгондой сезилди.

"7-8 жылдан бери ушул үйдө баш калкалайбыз".

Алтынай Тынышова
koom@super.kg



Майып таенесин карап, үй оокаттарына бышкан 10 жаштагы Айназик

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(13)
08.08.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Атаганат арман ай колумдан келсе жардам берсем кана!
11.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Tyty1990,колуңдан келбегенден кийин жазганда эмне, жок нерсеге боорукер болгон оңой эле.
08.08.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иии журогум ай мынча оорудун, чондордо ушундай журок барбы же акча деп эле журоксуз калышканбы баары
SUPER.KG видео
08.08.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргыз элим бириксек баары колдон келет 50 сом 100 сомдон болсо дагы жардам кылсак жакшы болгудай. Бору баласы ит болбойт демекчи озубуздун этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан жакшы конул бурулса экен
SUPER.KG видео
08.08.2017. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой журогум тилинип кетти ооруп эч кимдин башына салбасын мындай тагдырды таенеси тезиреек айыгып кетсин
Медиа-портал
09.08.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кызга мектепке керектуулорду алып бере алам, дарегин толук жасап койгулачы.
09.08.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айназик сага беш кеттим ишинер ийгилик кудай озу жардам берсин
10.08.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Махабат эже азамат!!!
11.08.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кээде иш жузуно ашпаарын билсемда бир нерсени ойлой берем:-). Кыргызстанда 6млн эл бар. Ар бирибиз 1с0мд0н чыгарсак 6млн с0м. 10с0мд0н 60млн дегендей. Ошентип чогултуп арзан баада уйлорду салып байкуш кыргызымды которсок болбойбу?! Туштук аймагында озбектердин уйундо батирде турган кыргыздарды корсом...Оз журтунун турагын ойлобогон мамлекеттин не кереги бар?!!!
11.08.2017. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарандык алыш аябай кыйын болуп атат. 2014-жылы тапшырылган, ар айда президент тин указын кутобуз. До сих пор бизге жок. Паспорт алсак калганын акырын болот. Аллахым баарыбызга сабр берсин. Эже, Айназик батыраак айыгып, бактылуу жашагыла! Этникалык кыргыздарды Караган уюм же коом барбы?
11.08.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иши тушсо тим эле байкуш боло калышат шайлоону айтып жатам.Алардан откон жакшы адам жоктой.Бирин коттун бири чукулабастан ушуга окшогон уй-булолорду карабайбы?!Биринчиден соопко калмак экинчиден эл озу эле колдоп алмак!Учунчудон бул менин жазганым эч кимисине жетпесе керек карапайым калк окубаса эле алар бул супер инфо иши жок.Ошончо саясий гезиттер бар.Бирок бир колунда бар окуп калып жардам сунар.
12.08.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлагым келип кетти,Алла шыпаа берсин, басып кетсин. Айназик эстүү кыз болуп чоңоюп эки дүйнө бактылуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: