Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына кол койду. Президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, аталган мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом сүйүнчү пул, ал эми ар бир 3 жашка чейинки балага 700 сомдон жөлөк пул берилет. Өлкө башчы кол койгон мыйзамда төмөндөгүдөй жөлөк пулдар каралган:
- “Балага сүйүнчү” (ар бир) – бала төрөлгөндө бир жолку жөлөк пул;
- “Балага жөлөк” – үч жашка чейинки (ар бир) баланы багуу боюнча ар айлык жөлөк пул;
- “Үй-бүлөгө көмөк” – 3төн 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан көп (ар бир) баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөк пул;
- “Социалдык жөлөк пул” – пенсиялык камсыздоого укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 21-июнунда кабыл алынган.