ИСЛАМ КАРИМОВДУН НЕБЕРЕСИ АПАСЫН КОРГОП ЧЫКТЫ
№770 4-10-август, 2017-ж.

Өзбекстандын маркум президенти
Ислам Каримовдун небереси
Ислам апасы
Гүлнора Каримованын күнөөсү жоктугун айтып чыкты. Ал 1-августта BBCге берген маегинде апасына ашыкча айыптоолор коюлуп жатканын айткан.
“Башкалар жасаган кылмыштарды да апама оодарып жатышат. Аны 3-4 жылдан бери үй камагында кармап, адвокат жалдатпастан эле соттоп жатышат. Эл аралык сотко алып чыгып, 5 мүнөт болсо да апама сөз берип көрүшсүн. Мунун баары
Өзбекстандын атайын кызматы тарабынан уюштурулуп жатат”,- деди
Гүлнора Каримованын уулу
Ислам. Өзбек бийлиги 28-июлда
Гүлнора Каримова 2015-жылы берене боюнча 5 жылга эркинен ажыратылганын тастыктаган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2