
Президент
Алмазбек Атамбаев 8-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы
Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Жолугушууда
Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрүнүн учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле президентке чет өлкөлөр менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуудагы келишимдер ишке ашырыла баштаганы тууралуу айтылды. Ал макулдашуулардын алкагында өлкөгө 10-августта Ан-26 аскердик учагы алынып келинди. Бул учактар Орусия тараптан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз жардам иретинде тапшырылган.