Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

21 ЖАШТАГЫ КЕЛИН ЧЫН ЭЛЕ АСЫНЫП АЛЫП КАЗА ТАПКАНБЫ? КЕЛИНДИН ЖАКЫНДАРЫ АНЫН ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАНЫНА ИШЕНБЕЙБИЗ ДЕШҮҮДӨ

№772 18-24-август, 2017-ж.



Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Этер айылындагы Төрөгелдиевдердин үй-бүлөсү жаңы гана турмуш жолуна жакшы тилек менен узаткан кызынан айрылып калышты. Жакындары 21 жаштагы Мээримгүл Баатырбек кызы өз өмүрүнө кол салмак эмес дешүүдө.

«КӨК АЛА БОЛГОН КЫЗЫМДЫ ЧҮПҮРӨК МЕНЕН ДА ЖААП КОЮШПАПТЫР»

«1 уул, 4 кыздын атасымын. Тилекке каршы көкүрөк күчүгүм Мээримгүлдөн айрылып, анын эмнеден улам каза болгонун билбей, акыйкат издеп жүрөм» деген маркумдун атасы Баатырбек Төрөгелдиев окуя тууралуу буларды айтып берди:
- Кызым Мээримгүл 1996-жылы туулган. Кыздарымдын кичүүсү болчу. Өзү 9-классты бүткөндө Ош шаарындагы бычмачы-тигүүчүлүк окуусуна тапшырып, аны аяктап Ош шаарында иштеп жаткан. Ушул жылы 5-майда кызымды турмушка узаткам. Тойдон көп өтпөй «үйдү сагынып жатам» дегенинен апасы күйөө бала экөөнү Өзгөнгө чакырып, ал-акыбалын сурап чай ичишкен эле. Ошондо кызым апасына бир нерсе айта албай «жөн гана маанайым жок, баары жакшы» деп койгон экен. Телефон менен сүйлөшүп турчубуз, акыркы кездерде байланышсак жолдошу же кайненеси алып ошолор менен гана сүйлөшүп жаттык.
23-июнь күнү Ошто жашаган кызым телефон чалып «Ата, Мээримгүл «таптакыр жашай албай калдым, кайнене, кайын сиңди менен жашаган оор экен» деп телефондон айтты, эмне кылалы?» деп сурады. Эртеси арапа болгондуктан 2 күн чыдап турсун, арапаны өткөрүп алалы анан барып сүйлөшүп келебиз деген чечимге келдик. Бирок эртеси «Мээримгүл жыгылып, ооруканага түшүп калды» деген кабар келди. Кемпирим экөөбүз ооруканага барсак Мээримгүлдүн көк ала болгон жансыз денесин чүпүрөк менен да жаап койбостон жаткырып коюшуптур. «Муну мынчалык ким урду, ким кылды?» деп ызылдасам эле кудагый келип «тепкичтен кулап түшүп ооруканага алып келдик. Жолдон үзүлүп кетти» деп айтты. Тамтыгы жок көк ала болгон денесин көргөзсөм, «Мээримгүл короодогу койду кармап турду эле, ошол сүзгөн окшойт» деди кайра. Күйөө балам болсо ыйлап эле эч нерсе айткан жок. Кийин гана "асынып өлгөн" деп чыгышты.

«КЫЗЫМ МУУНУП ӨЛГӨНДӨЙ ЭМЕС, БЕТИ-БАШЫ ТАЗА ЭКЕН»

- Мен ооруканадан эле соттук-медициналык экспертизага кызымды текшертүүгө бердим. Эксперт эч кимибизди катыштырбай жыйынтыгын чыгарды. Ал башында «өзү муунган эмес жана жаак сөөгү сынган» деп айтып жаткан. Кийин көк ала тактарын, сынган жаагын эксперт көрүп турса да, туура эмес жыйынтык чыгарды. Биз бул чыгарылган жыйынтыкка нааразыбыз. Окуя болуп кеткенден бери куда тарапка «болгон чындыкты айткыла» деп бир нече жолу кайрылдым. Бирок алар ортого аксакалдарды салып «сүйлөшөлү, келишели, сен эмне кааласаң ошону кылалы» деп акча да сунушташты. "Акыйкатты айткыла" десем, «бир жолу келип суранып көрдүк, макул болбосоң өзүңдөн көр» деп кетип калышты.
Мен кызымдын өзү асынып алганына ишенбейм. Биринчиден, моюнуна муунгандан калган так толук түшкөн эмес, экинчиден, бети-башы көгөрбөптүр. Эгер адам муунуп каза болсо бети-башы көпкөк болуп көгөрүп, көзү чанагынан чыгып кетейин дегенчелик абалга келип, адам катуу кыйналып каза болот. Менин кызымдын буту-колу көк ала, бети таптаза болуп жатпайбы. Ичимдин ачышканы өздөрү уруп-согуп эле «ушинтип өлдү» деп коюшканында. Кийин кудагыйдан «эмнеге башында жыгылып кетти деп, анан муунуп өлдү деген сөздөр айтылып жатат?» деп сурасам, «ошол маалда катуу корккондуктан айтып алыптырмын» деп жатпайбы. Суранарым, укук коргоо органдары болгону ушул ишти акыйкат тергеп беришсин.

«ЧЫДАБАЙ КАЛДЫМ ДЕП ТЕЛЕФОН ЧАЛГАН ЭЛЕ»

Маркумдун бир тууган эжеси Анипа Төрөгелдиева окуя туурасында төмөнкүлөрдү кошумчалады
:
- Мээримгүл акыркы күндөрү мага телефон чалып «кыйналып, чыдабай калдым. Кайнене менен жашаган болбойт экен» деген эле. «Көнүп кеткичекти ушундай кыйынчылыктар болуп турат» деп айтып, мындай жаман иш болуп кетерин ойлогон да эмесмин. Сиңдим намаз окучу. Эгер өз жанын кыйса кандай азап-тозок аны күтүп турарын беш колдой билет эле. Бизге кудалар "келинибиз жоолугуна асынып алды" дешти, бирок экспертизада моюнунда ичке жиптин тагы калгандыгы билинген. Эмне үчүн тууган-уруктан, кошуна-колоңдон жок дегенде бир күбө сиңдимдин асынганын көргөн эмес? "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кармалган күйөө баланы Өзгөн райондук соту үй камагына чыгарып коюптур.

«ЖЫГЫЛЫП КЕТТИ ДЕП ТЕЛЕФОН ЧАЛГАНЫМ ҮЧҮН КҮНӨӨЛҮҮ АТАЛЫП КАЛДЫМ»

Маркумдун күйөөсү Ноорузбек Кубатов менен да бул иш тууралуу байланыштык. Анын айтымында, келинчегин уруп-сабоо болгон эмес. Ал окуяны мындайча баяндап берди:
- Мээримгүл экөөбүз туугандарыбыз аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүрүп кийин жолуктук. Экинчи жолу жолукканда ага үйлөнүү тууралуу сунушумду айттым да, ата-энемди үйүнө куда түшүп барууга жибердим. Эки жак сүйлөшүп, тойду 5-майга белгилешти. Ошентип биз баш кошуп жашай баштадык. Биз жашаган 49 күндүн ичинде ортобузда эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Себеби Мээримгүлдүн уруш чыгарчу мүнөзү жок болчу. Андыктан менде дагы аны ура турган эч кандай себеп болгон эмес. Ал кыйналганын мага айткан эмес жана анын кебетесинен андайды байкаган эмесмин. Бир жолу «ата-энемди сагынып жатам» дегенинен төркүлөп барып келгенбиз. 22-июнда Мээримгүл короодогу койду кармайм деп үйдүн пайдубалына чалкасынан жыгылыптыр. Ошондо «ооруканага баралы» десем көнбөй койгон. 23-июнь түнү досторум менен түнкү саат 1ден 3төргө чейин сүйлөшүп отуруп үйгө келсем, Мээримгүл уктап жаткан эле. Эртеси эртең менен турсам апам экөө тең үйдөн көрүнүшпөдү. Апам Мээримгүлдү ооруканага алып кеткен го деп ойлоп телефон чалсам, апам инисиникине кетиптир. Анан Мээримгүлдү издеп жүрүп отун жыйнаган кампага кире калсам мени караган боюнча асынып туруптур. Аны жибинен бошотуп алып эле ооруканага алып жөнөдүм.
Мен жаман кабарды тууган-урукка «жыгылып кетти» деп телефон чалып айткан элем. Ошол сөздөн мени күнөөлүү кылып жатышат. Сөөктү бизге бербей кайын журтум тарап өздөрү жерге беришти. Кийин кеткен чыгымдардын тизмесин жазып бизге төлөп бергиле деп колубузга карматышкан. Экспертизанын жыйынтыгы болсо «катуу нерсеге урулган, ким чапканын же башка себебин тергөө аныктайт» деп жыйынтык чыгарып берди. Мээримгүлдүн апам менен мамилеси жакшы болчу, дагы деле эмнеге ушул ишке барганына түшүнбөй жатам.

«ЭКИНЧИ ИРЕТ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»

Бул боюнча Ош ОИИББинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларды билдирди:
- 24-июнь күнү Өзгөн РИИБине аталган райондун Салам-Алик айыл аймагындагы айылдардын биринде 21 жаштагы Мээримгүл Баатырбек кызы асынып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, 8-август күнү кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 10-августта Өзгөн райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылган. Жабырлануучу тарап соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эместигин билдиргенине байланыштуу бул иш боюнча кайра жаңы соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда анын бүтүмү чыга элек. Маркум өзү асынып алганбы же киши колдуу болгонбу, ал боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(42)
22.08.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Келинди Аллах аманат кылып берет. Аманатка кыянат кылдынар.
22.08.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
ЭЭхх тагдыр келинди негизи кул алгандай же болбосо акыркы сорттогу адамдай кабыл алышат негизи менин да башымдан откон мындай нерсе. Аялды башынан деп эле баары чогулуп куйоон кошо энесине кошулуп кордошот. Куйоого тийсен да азап тийбейсен да азап
22.08.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бизде келинди кул катары корот келин эрте туруш керек кеч жатыш керек анысы аз келгенсиб тилдешет куйоосу жаны алган аялын таштаб достору менен ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-22 13:44:55
24.08.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
limuna,ооба,кыргызда келин кул....ит ордуна да корушпойт бул байкушту да ошентишти да ..не дейбиз жаткан жери жайлуу болсун..
22.08.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кан коё бербейт барбир!
22.08.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Аялды коргоп багып аял кыла албагандан кийин не аял аласын. Куноонун баары куйорсунон
22.08.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бизде келинди коп басынтат жана анын ой пикири м-н эч ким эсептешпейт тилекке каршы. Бул байкушту да ошентишти да. Жаткан жери жайлуу болсун! Чындык ачылсын!
22.08.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Кой судуроп кеткен учун асынып алмак беле.уй булосу мн мыкаачы адамдар экен.кудайдын алдында куноокор болгондон коркпогон.Жаш кыздын омурун кыйыпсынар жазанарды алгыла ойду тоону суйлобой
22.08.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
коррупцияны жоюуга мумкун эмес.Анткени очойгон акчаны корсотуп турса соттор отказ кылалбайт.Соттун уй-жайын мал-мулкун каяктан алганын текшеруу керек.Маяна мн ошончо байлык чогулбашын баары эле билет
22.08.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалгыз кудай билет кимиси жалган айтып жатат кудай таразалайт.
22.08.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Кээ бир ата энелер мага ыйлап келбе, ошол уйдрн олугун чыксын дешет. Олугу чыгыш оной эле турбайбы? Аттин дуныйо жаш омур кыйылып кете бериптир да....
22.08.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уруш-талаш болбосо, ынтымактуу жашап жатышкан болсо неге асынып алат, бактылуу жашоосу оор келип кеттиби не? Же кой судуроп кеткенине асынып алдыбы, уялып?! Кичине жалганды да окшоштургулада айланайындар!
22.08.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аксакалдарды салып суйлошолу дешти. Акча да сунуштап корушту. Албады эми озундон коп дешти деватпайбы атасы куноосу болбосо ошентип келмек беле. Ошолорго берип басты кылайлы деген акчасын тиги бети жок акча учун баарын жасаган эксперттерге берсе алар каалагандай жыйынтык чыгарып берди да. Наалат силерге. Силерге окшогон акмактардын айынан карапайым эл чындыка жетпей чыркырап жатышат. Аллах жазанарды берсин. Башка соз жок
22.08.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тунку 3то б.. барбы уй булоолу эркек болгондон кийин уйундо эле отурбайбы.Балким ошол кочодо тан атканча келбегенин себеп болгондур жаш келинге.
25.08.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aseras,мен дагы ошентип ойлодум
22.08.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне болгонун бир кудай билет. Бирок кайненеси олтуруп алганбыыы деп ойлоп жатам озумчо. Баласы апасын коргоп жатабыы. Инисиникине кеткен экен деп. Ким эле эрте туруп эле бироонукуно барат. Оо кудай, адашып ойлогон болсом кечире көр
22.08.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ата энеси катыгыраак турсун, айдай кызынан айрылып акчасын алмак беле наадан акмактар, элчилик деп эки уч кишини ээрчитип жөнөшөт тим эле. Ошо ээрчиген чалдар Төрөгелдиевтердин оордуна өздөрун койуп көрбөйбу тооба. Биздин как баш соттор да сасып бутушкөн , билип туруп беш тыйынга азгырылып, чындыкты жашырган акмактарды ,кудайга койдум Аллах жазанарды берсин ылайым.
15.12.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altysha89,Эн туура жазыптырсыз
22.08.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кайненелер чекеден эле мутант боло баштадыго
22.08.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азыркы жашоодо кайын журт келинди келиндей эмес кул катары корушот. Оздорундо деле кыз барго, оз кызын башка бироо ушундай кордосо кандай болот эле? Кылган иштерине жооп бере турчу кун да келет.
23.08.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул жерде ата-энеси куноолуу, себеби ата-энеси таап эле эрге зордоп берип салган, конечно озу жакшы билбесе тааныбаса жакшы жашай албайтда, ата-энелерибиз бай экен, жакшы жер экен, ана экен мына экен дегендерин коюшса, бул кызда оз тенин таап мындай окуйя болбой калмак беле. Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
23.08.2017. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur
Оздору табышып баш кошкон турбайбы ата энесинде эмне куно тиги эжесине айткан турбайбы, эжеси кунолу " жашап кетесин чыда " детей алып кетиш керек болчу
24.08.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djumaev0mur,жакшы тааныбаса эле бироонун баласын олтуруп салыш керекпи??
23.08.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бала биздин кошунабыз апасы 5,маал намаз окуйт жаман адамдар эмес эле аябай апасы жакшы эже 10суйлосон 1 суйлогон келини оор басырык жакшы келин эле кандай кырсык болуп кетти билбейм
23.08.2017. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, биздин экспертиза га акча берип койду ошон учун эки суйлойт тиги торгодогулор акча алып ишти жап койушат, кимде куно болсо кудайга салып койгула кудай жазасын берсин
23.08.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Супер инфо кийин жыйынтыгын айткылачы чыкканда,дайым ушундайларды башын баштап жазып эле акырына чыгарбайсынар да.
23.08.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кайын эне соз менен эле келиндин жан дуйносун кок ала кылып коет какшыктап жатып эле. Баласы аппак болгон суп. Эмнеге мындай экен э? Оздору кайын эне корушбогонбу? Эми кайын эжелерге кеп жок, жарытылуу озунун тирилиги жок, улгу боло турган уй булоосу жок келинге мораль окушат. Менде 6 кайын эже бар. Айла жок чыдоо керек.
23.08.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бала уйлонгондон кийин оз алдынча эле коюшса, жардам бере алса беришип болбосо тынч коюшуп бул жерде баланын деле куноосу жоктой болбосо келин кайын энене жаман дебей куйоосун айтмак да кайын энене мыкаачы экенда кайсы эне ушул нерсеге барат озунун деле кыздары бар чыгаар
23.08.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш жаш омур
23.08.2017. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Келин оор басырык корунот! Муну жуз процент кайненеси баласына жамандай коюп эле баласы груша ургансып эле жаагын тушуро чаап ошондон томолонуп олгон бу байкуш, келин деле оозу бар бирдеме дей койгонда ошого биздин эр соройлор апама келип келбей тил кайтарасын,сени башынан катуу кармайм дегенида, болбосо жаны турмуш, таттуу жашоо болсо ким барып эле асынып алат, жон жай??!ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-24 11:05:37
24.08.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кайнене уулунан кызганат.бул нерсе болот! Ал эми бул кыз асына тургандай көрүнбөйт го.Демек кайненесинде иштин баары- деп ойлоп турам.Байкуш!!жаткан жери жайлуу болсун.
24.08.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rasul_Rahmanaliev,азыркы кайненелер келинди адам ордуна корушпой калдыго. Оздорунун кызы бардыр бироого келин болгон.
24.08.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата энеси, арапа отсун дебей эле ошол куну жетип барышса олбой калат беле. Эх тагдыр((
25.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне аялды уруп-токмоктогондо эркек бир нерсеге жетеби же чечеби , тушунбойм, эмнеге ойлошпойт , ал да бироонун кызы да!
25.08.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми ал эркекке ал айылдын кыздары тийбейт, дагы бир шору жок адашып барып калат да башка жактан. Ал кандай кунду короор экен анан. Коркпогон жандар экен уй-булоосу менен.Кан кое бербейт баарибир,тынч уктаар бекенсинер эми, кыныр иш кырк жылда билинет дейт азыр бат эле билинип калган.
25.08.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инна лиллаhи ва инна илайhи рожиун. Аллаh оз рахматына алган болсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: