Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Сапар Исаков видеокомпромат тууралуу: «МУНУН АРТЫНДА «БААРЫН АКЧА ЧЕЧЕТ» ДЕП ОЙЛОНГОН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИН БИРИ ТУРАТ. АНЫ ТҮШҮНҮП ТУРАБЫЗ»

№773 25-31-август, 2017-ж.


Премьер-министрликке талапкер катары аты аталып жаткан Сапар Исаковго карата каралоо кампаниясы жүрө баштады. Буга байланыштуу "Новые лица" гезитине берген маеги орусчадан которулуп, айрым кыскартуулар менен берилди.

"КЫЙРАГАН ТЫШКЫ САЯСАТ" ЖӨНҮНДӨ

– Сапар Жумакадырович, бул видеодон кандай таасир алдыңыз?
– Бир гана таасир алдым: өкмөткө жаш кадрлардын келүүсүн каалабаган, аларды өкмөткө келтирбөөгө кызыкдар адамдар бар экени анык болду. Мен эмне кылышты билген жана кырдаалды түшүнгөн реформаторлордон куралган күчтүү команда менен өкмөткө келүүнү пландап жатам. Бирок кимдир бирөөгө мындай ниетим жакпай жатат. Ыплас ушактардын артында "акча баарын чечет" деп ойлогон жана мындай шерменделикти кылуудан жийиркенбеген президенттикке талапкерлердин бири турарын түшүнүп жатабыз.

– Тасмада сизди "акыркы жылдардагы кыйраган тышкы саясат" үчүн күнөөлөп жатышат. Видеодо Казакстан, Түркия, Кытай, АКШ жана Батыш Европа өлкөлөрү менен мамилелер эң начар экени айтылат. Ал эми Орусия сыяктуу стратегиялык өнөктөш менен "мамиле курч" экен. "Кыргызстанга ишенишпейт, жетекчилигин сыйлашпайт" деп тасмада айтылат. Бул тууралуу эмне дейсиз?
– Мен тышкы саясаттагы бүгүнкү жетишкендиктер менен сыймыктанарымды айткым келет. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонду акыры үйрөндүк. Бул биздин өлкөнүн чоң жеңиштеринин бири. Өзүңдү сыйлаганды үйрөнбөсөң, эч ким сени сыйлабайт деген темирдей эреже бар. Кыргызстан өзүн сыйлаганды үйрөндү.
Акыркы 6 жыл ичинде биз туура жана ырааттуу тышкы саясатты кура алдык деп эсептейм. Биринчиден, тышкы өнөктөштөр өлкөбүз жасаган кадамдарды жана чечимдерди урматтайт. Ошого ылайык, биз тышкы саясатыбызда ачыктыкты жарыяладык.
Тышкы саясатты жүргүзүүдө биз тышкы саясий өнөктөштөргө зыян келтирбейбиз, бирок тышкы саясий кызыкчылыктарыбыздын ар бир карышын коргойбуз дегенбиз. Бул абдан маанилүү. Мамлекеттик кызматкерлерибиз, тышкы саясий мекемелерибизде иштегендер улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого көнүп, буга тиешелүү багыт жана практика алып башташты. Өлкөбүздүн эмки милдети – кызыкчылыктарыбызды алга сүрөөгө үйрөнүү. Муну биз өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясына жана парламентте сунуштала турган өкмөттүн программасына киргизип жатабыз.

– Буга байланыштуу биздин Тышкы иштер министрликтин АКШнын Мамлекеттик департаментине билдирүүсү эске келет. АКШ адам өлтүрүүгө катышканы үчүн кыргыз соту тарабынан соттолгон Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгарган болчу. Биздин кызыкчылыгыбызды коргоого ачык талап коюу кыргыз дипломатиясынын жаңы иш жүргүзүүсүнүн визиттик карточкасы болуп калды...
– АКШнын Мамдепартаментине биздин жообубуз түшүнүктүү эле болгон. Аскаров боюнча соттук процессти эл аралык коомчулук да, биздин жарандар да көрүп жатты. Ошол үчүн жообубуз ар тараптуу ойлонулган жана так болгон.

– Бирок Акаевдин же Бакиевдин тушунда кыргыз ТИМи мындай билдирүү жасоого батына алмак эмес да...
– Муну "өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо" деп коёт. Кыргызстан өзүн сыйлаганды үйрөндү. Биз колубуздагы бул байлыгыбызды сакташыбыз керек.

– Сынчылардын өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүгө бардык жоопкерчиликти сизге артканы туурабы?
– Менин оюмча, мен өлкөбүздүн тышкы саясатынын абалы үчүн чоң жоопкерчиликтемин. Анткени тышкы саясатты аныктоо жана ишке ашыруу боюнча чечимдерди иштеп чыгууга катышкам жана катышып келем. Кабыл алган чечимдерибиз менен, учурда кандай абалда турганыбыз менен сыймыктанам.
Бүгүнкү күндө тышкы саясатта биз эмне жасасак, дароо реакция бербейт. Жыйынтык кыска, орто жана узак мөөнөттө келет. Ошондуктан биздин кылган иштерибиз өлкөгө пайда гана алып келет деп ойлойм.

– Демек, сиз 6 жыл ичинде кабыл алган бир да чечим үчүн уялбайсыз? Кайсы бир чечим боюнча өкүнбөйсүзбү?
– Мен бир да чечим үчүн уялбайм. Бул чечимдерди кантип кабыл алганыбыз менен сыймыктанам. Мен бирин да өзгөртпөйт элем.

"129 МИЛЛИОН ДОЛЛАР" ЖАНА "РУСГИДРОНУН" "ТААРЫНЫЧЫ" ЖӨНҮНДӨ

– Түшүнүктүү. Видеого кайрылып, "айыптоолордун" кийинки бөлүгүн карап көрөлү. Анонимдүү автор Кыргызстан ЕАЭСке кошулуу алдында лаборатория куруу үчүн Орусия 200 миллион доллар бөлгөнүн, бирок алар төмөндөгү себептин айынан курулбаганын айтып жатат. "Исаков 129 миллион долларды "Крокус-интернешнлды" жетектеген кайсы бир азербайжандык ишкер Агаларовго которгон" дейт. Видеодо фактылар, далилдер айтылбайт, бирок ал жакта ушунун баарына Бельяниновдун ысымын да кошуп коюшкан. Мындай сандырак кептерге кандай комментарий бересиз?
– Бул, чындыгында, комментарий берүүгө оор куру сөз. Бул роликти даярдаган адамдарга, буюртма берген кишиге да абийир алып келбейт. Айыптоолор боюнча айтарым, ушул сыяктуу ролик даярдаардан мурун сөз болгон акча каражатын бөлүү жолдорун иликтеп чыгыш керек эле.
Орусия бийлиги ири суммадагы акча каражатын бөлүп жаткандыктан алар койгон так процедуралар бар. Ага кыргыз тараптын эч кандай тиешеси жок. Кыргыз мамлекетине кандайдыр бир кызмат көрсөтө турган кайсы бир компанияны Орусия тарап өзү тандайт. Биз кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын гана көзөмөлдөп турабыз.
Болбогон сөздөн ушундай видео жасап, аны таратуу үчүн кычыктуу ой жүгүртүүгө жана так бир максатка ээ болушу керек. Ал максат – кырдаалды баш аламан кылуу. Мен 129 миллион доллар деген сумма кайдан чыкканын, Агаларов деген ким экенин түшүнбөй турам. Мага булардын баары кайдан алынганы да кызык болуп жатат. Президенттик аппарат бул процесске аралашкан эмес, муну менен өкмөт иштеп жатат.

– А Бельяниновду өзүңүз тааныйсызбы?
– Албетте, Андрей Юрьевичти таанып эле чектелбей, чын дилимден сыйлайм. Мен аны өлкөбүздүн өнүгүшүн чын жүрөгүнөн каалаган адам катары билем. Ал кезинде өкмөттөр аралык комиссияда Орусия тараптан тең төрага болгон. Биздин мамлекет үчүн ал өтө көптү жасады, муну унутпашыбыз керек.

– Жогорку Нарын каскады боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин "Русгидро" менен келишимди бузуу чечимин колдогон деп сизди айыпташууда?..
– "Русгидронун" бир нерсе курайын деген ниети жоктугу көрүнүп турду, буга алардын каражаты жок эле. Денонсация жасаганыбыз туура болду. Алар бир аз каражат сарпташып, ошону менен токтоп калышкан. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, күтүп жаттык. "Русгидро" курулушту жүргүзбөй турганы белгилүү болгондо эки жактын макулдашуусу менен келишимди жокко чыгардык. Денонсация боюнча биз туура кылдык.

– Бул дүйнөдөгү ири өлкөнүн чоң мамлекеттик компаниясын жаакка чапкандай эле болду.
– Бул эч кандай жакка чабуу эмес, тараптардын бири келишимдеги милдеттерди аткарбагандагы эки өлкөнүн чарбалык мамилеси. Бул боюнча мамлекет башчылары сүйлөшүшкөн. Алмазбек Шаршенович баарын түшүндүргөндө Владимир Владимирович жүйөлөргө макулдугун билдирген. Менимче, биз бул маселени саясатташтырбашыбыз керек.
Биз орусиялык компаниянын мүмкүнчүлүгү пайда болсун деп 10-15 жыл күтө албайт элек. Биз күтө албайбыз, экономиканы өнүктүрүшүбүз керек.

– Кыргыз-Орус мамилелери боюнча сөздү жыйынтыктап жатып, ага кандай мүнөздөмө бере аласыз? Видеонун анонимдүү автору белгилегендей, кандайдыр бир чыңалуу бар деп айтууга болобу?
– Акыркы 6-7 жыл аралыгында Орусия менен жакшы мамиле түздүк. 2010-жылга чейинки убакта жоголгон мамилени кайра калыбына келтирдик. Биздин бүгүнкү мамилебиз жогорку деңгээлде турат деп эсептейм. Эки тарап тең бири-бирине 100 пайыз ишеним көрсөтөт, жарым сөздөн түшүнөт. Ар кандай саясий деңгээлде турган күн тартибиндеги бардык маселени тараптар токтоосуз чечкени мурда болгон эмес. Буга Атамбаевдин Орусия Федерациясына жакында болгон мамлекеттик иш сапары, Орусиянын 240 миллион доллар карызды кечкени далил боло алат.
Тышкы саясаттагы биздин приоритет – Орусия Федерациясы менен стратегиялык, союздук, ынак коңшулук алаканы куруу. Бул биздин маданий, соода-экономикалык, саясий деңгээлде өнүгүшүбүздү камсыздай турган маанилүү багыт. Тышкы саясат маселесин караган адам катары мен буга 100 пайыз ишенем.

"ЧЕХИЯДАГЫ КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТӨР" ЖӨНҮНДӨ

– Келиңиз анда, "Русгидронун" ордуна келген чех компаниясынын чуусу жөнүндө сүйлөшөбүз.
– "LiglassTrading CZ" компаниясы Чехиянын президенти Милош Земандын сунушу экенин билдирүүгө мени абал аргасыз кылууда. Алматы шаарында өткөн эки тараптуу жолугушуу учурунда Земан мырза бул компанияны биздин өлкө башчыбыз Алмазбек Шаршеновичке бир нече жолу сунуштаганы боюнча бизде жазуу бар. Алмазбек Шаршенович мындай сынактарга аралаша албай тургандыгын, укугу жоктугун, баары мыйзам чегинде жүрөрүн айтып жооп кылган.
Кийин Чехия менен Кыргыздын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу сындар айтылып баштаганда, биз бул сынактын кандай өткөндүгүн териштире баштадык.
Белгилеп кетиш керек, сынак Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСке эмес, 14 чакан ГЭСке жарыяланган. Сынактын жыйынтыгында чех компаниясы чындыгында эч ким сунуштабаган, өтө пайдалуу шарттарды сунуштагандыгы аныкталды. Алардын билдирмесинде кошумча милдет катары Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура тургандыгы көрсөтүлгөн. Анын үстүнө биз "Русгидро" менен макулдашууну жокко чыгаргандан кийин бул объектке инвесторду активдүү издеп жатканбыз. Мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, алар сунуштаган кызматтар башка атаандаштардан бир топ өйдөдө турган.
Бул тендердик комиссиянын курамына мамлекеттик бийлик өкүлдөрү, парламенттин депутаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген. Аталган компанияга байланыштуу жеңишти атайын жасалган кырдаал деп ойлобойм.
Ал эми Чехиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жаткандар өздөрүнүн ички саясатына байланыштуу. Мындан тышкары анда Алмазбек Шаршеновичтин командасына жана премьер-министрликке талапкер катары мага зыянын тийгизүүгө кызыкдар болгон жергиликтүү саясатчылардын катыштыгы бар экенинен шегим жок. Биз өкмөткө өтпөй калышыбыз керек, баары ушундай максат менен жасалууда.

– Айыптоо серияларын улантсак, фильмдин авторлору келишимден кийин сиздин Чехиядан кыймылсыз мүлк сатып алганыңызды билдирип жатышат. Сыр болбосо, кайсы шаардан алдыңыз?
– Тилекке каршы, мен Чехияда боло элекмин, бирок ал жакка баруу кыялым бар. Чет өлкөдө эч кандай мүлкүм жок, анткени анчалык акча каражаты менде жок.

– Эгер саясий абалды артка таштап, иш жүзүндө карап көрө турган болсок, "Liglass Trading CZ" компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткара алат деген үмүт барбы?
– Мамлекеттик комитет тарабынан бул компаниянын бардык документтери текшерилген, антпесе алар тендерге да катышмак эмес. Мындан тышкары аталган ишкана сынакка катышууга керектүү болгон бардык каражатты төлөп берген. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казынасы да ырастайт. Аталган компания жарыяланган тендердин бардык талаптарына толук жооп берип, коюлган шарттарды аткаруу менен мыйзамдуу түрдө, биздин мыйзамдын бир да беренесин бузбай тендерге катышты.

– Бирок ишкананын каражаты жок болуп, алган милдеттерин аткара албасы аныкталсачы?
– Келгиле, күтө турабыз, түзүлгөн келишимдерге байланыштуу алар банктык 30 күндүн ичинде 37 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты "Электр станциялар" акционердик коомунун эсебине которуш керек. Ал эми "Электр станциялар" акционердик коому бул каражатты карызды төлөө үчүн "Русгидронун" эсебине которот.
Эгер бул суммадагы каражат которулбаса, кыргыз тарап келишимди жокко чыгарууга укуктуу. Банктык 30 күн – 15-сентябрда аяктайт.

АКШдагы САЯСИЙ БАШПААНЕК ЖАНА "ВИКИЛИКСТИН" СПРАВКАСЫ ЖӨНҮНДӨ


– Видеодо "Викиликс" эл аралык уюму жарыялаган жашыруун телеграмма көрсөтүлөт. Аны 2009-жылы май айында АКШнын Бишкектеги мурдагы элчиси Татиана Гфеллер Вашингтонго жөнөткөн. Ал документте сиз элчиге "АКШнын авиабазасын сактап калуу жолун ачыктап берген" деп айтылат...
– Ошол учурда мен жетектеп турган Өкмөт аппаратынын эл аралык бөлүмү саясий чечимдерди кабыл алууда олуттуу таасир эте алмак эмес. Тышкы саясат – бул президенттин көзөмөлүндөгү тармак. Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмү министрликтер жана мекемелер тарабынан берилген сунуштар боюнча негизги чечимдерди иштеп чыгуучу башкы орган.
Мен расмий билдирем (жана буга ишенсеңиздер болот), элчи Гфеллер менен эч качан жолуккан эмесмин. Бул болбогон сөз. Мен АКШ элчисинин орун басары менен жолуккам. Ар кандай маселелер жөнүндө сүйлөшүү үчүн келип жүргөн. Аны жашырбайм.

– Сиз чынында эле америкалык аскер базасы Кыргыз өлкөсүндө калсын дедиңиз беле?
– Мен чындап эле ОШОЛ УЧУРДА америкалык аскер базаны кетирүү майдан үчүн алып турган бюджеттик каражаттарды компенсациялабай туруп, өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбесин айткам. Ошондой эле Бакиевдердин кланында башка, балким, коммерциялык кызыкчылыктар бар экенин билдиргем. Мен баарын ачык айткам жана корккон эмесмин. Бул Бакиевдин биздин орусиялык кесиптештерден өтө көп сумма акча өндүрүп алганына чейин болгон.
Мамлекет кандайдыр бир чечим кабыл алууда улуттук кызыкчылыктарды эске алышы керек деп эсептейм. Орусия – биздин союздаш, стратегиялык өнөктөш экенин белгилегим келет. Акча алып туруп, анан Орусияны орто жолго таштап кетүү – бул өлүмгө тете.

– Видеодо автор 2010-жылдын 7-апрелинде сизди "АКШда болгон жана революция жөнүндө кабарды укканда саясий башпаанек сураган" деп жатат.
– Ооба, ошол күнү мен АКШда болгом, бирок саясий башпаанек сураган эмесмин. Ал жалган. Вашингтондо Катчылык менен Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) кызматкерлери болгон. Биз жыл сайын болуучу эки тараптуу кеңешмеге даярданып жатканбыз. Бул биз кылчу кадыресе жумуш.
Бир жагдайды түшүнүшүңөр керек, анда мен белгилүү бир процесстерге таасир кыла ала турган чоң жетекчи эмес, өзүнүн милдетин аткарган катардагы кызматкер болгом. Бизге улуттук кызыкчылыктан тыш тапшырмаларды беришкен жок, анткени мен өз өлкөмө каршы тапшырмаларды же коррупциялык схемаларды жасабайт болчумун. Эгер мен ошол учурда бир нерсе кылган болсом, аны бүгүн сөзсүз таап чыгышмак.

– Видеодо 2010-жылдын 7-апрелинде аянттагы канга боёлгон жаштардын сүрөтү көрсөтүлөт. Кадрды коштоп "70 жаш кыргызстандыктар Исаковдун эркиндиги жана анын миллиондогон байлыгы үчүн гана канын төккөн беле?" деп айтылат. Жалпы улуттук трагедияны колдонуп сизди каралагандарга кандай баа берет элеңиз?
– Алар өтө коркунучтуу адамдар, аларда эч кандай принцип жок. Эгер мен андай адам болсом, бардык иштер эбак эле ачыкка чыкмак.
Өз өлкөмө жыргалчылык алып келүү жана жумушка болгон максималдуу берилүү менин принцибим. Бизди Алмаз Шаршенович ушуга үйрөтүп келет. Бул пафос менен айтылган сөз эмес. Атамбаев өзүн байытуу, кошоматчылык менен алектенген адамдарды жанына албайт. Ал өз командасына сөз менен эмес, иш жүзүндө мекенин сүйгөн, бардык ишти мамлекеттин пайдасы жана аны өнүктүрүү үчүн кылган адамдарды чогулткан. Ал саясатчылардын максаты – жаш командага жол бербөө, "Таза коом" сыяктуу амбициялуу долбоорлорду, мен парламентке алып бара турган жаңы өкмөттүн прогрессивдүү программасын ишке ашырбоо болсо керек.

БАЙЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

– Айыптоолорго кайтсак, кантип сиз Кыргыздын эң бай 100 адамынын тизмесине кирип калдыңыз?
– Мен үчүн да бул табышмак. Tazabek сайтындагылар аныкташты, 100 эң бай кыргызстандыктар тизмеси журналисттер тарабынан түзүлгөнү чын экен. Ал тизмеде мен жокмун. Кийин басылма эксперттердин, жарандардын сурамжылоосуна таянып, бай адамдардын дагы бир тизмесин түзүп чыккан. Эмнегедир бул ирет мен кошулуп калгам. Бирок бул расмий тизме эмес. Чынында, менде байлык дегенден шаардагы 3 бөлмөлүү батиримди, унаа жана жер төлөдө жайгашкан машина токтотуучу жайды айтууга болот.

– Дагы бир айыптоо сизге эле эмес, президенттин экс-кеңешчиси Калыкбек Султановго да карата айтылат. Аны менен биргеликте сиз жолдорду оңдоп-түзөөгө берилген кытай кредитинен 1,5 миллиард долларды "ийгиликтүү өздөштүрүп" алганыңыз айтылат. Автор ыраазы болгон кытайлар ар бир чакырым жол үчүн жоопкерчиликти алган адамдарга төлөйт дейт. Цитата келтирсем, "АКШнын көптөгөн жүздүктөгү долларларын"...
– Бул болбогон кеп. Биз жолдорду мамлекеттик кытай компаниясы куруп жатканын билишибиз керек. Мындай компания тобокелге салып коррупциялык схемага барбайт. Анткени Кытай бийлиги коррупция менен ийгиликтүү күрөшүп келет. Кымындай коррупциялык курамы бар ишке баруу – алардын кызыкчылыгында эмес.
Ал эми Калыкбек Султанов жөнүндө айтсак, ал акчага муктаждыгы жок абдан бай адам. Ал башкарган курулуш компаниясын Кыргыз рыногунда номер 1 деп атоого болот. Андыктан Калыкбек Султановго өз имиджин бузуунун эмне кереги бар? Мен дагы бир жолу кайталайм, бул деген сандырактык. Бул ушундай калпка, ушундай жолго барган адамдарды мүнөздөйт. Алар мекендин кызыкчылыгын сатууга даяр болгондуктан, башкаларды да өзүндөй ойлоп жатышса керек. Андыктан алар бийликке келсе, кандай саясатты жүргүзөрү белгилүү.

– Видеонун соңунда кийинки серияларында Кыргызстандагы жашоо жөнүндө коркунучтуу чындык жана сиздин Максим Бакиев менен байланышта экениңиз, эл аралык сотто саботаж кыларыңыз тууралуу анонс айтылат.
– Муну калп деп коюу жетишсиз, бул – абсурд! Техникалык жактан алып караганда деле, кандайча 7 жыл бою кыргыз элинин эң башкы душманы болгон Максим Бакиев менен байланышта болом да, анан бул нерсени эч ким билбей калат? Бүгүн техникалык жактан ар кандай билдирүүнү, телефон чалууну көзөмөлдөөгө болот.
Эгерде факт болсо, кантип эле менин душмандарым жок дегенде бир фактыны пайдаланып калышпасын? Эгерде майда-чүйдөсүнө чейин эстей турган болсок, анда Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик (ЦАРИИ) болгон мезгилде Максим Бакиевдин катышуусундагы жыйындардын 2-3өөсүндө гана болгом. Аны менен башка сүйлөшкөн эмесмин. Биз аны менен түзмө-түз иштешчү эмеспиз.

КАДЫР-БАРКТЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ

– Фильмде саясатчы катары сизге карата олуттуу айыптоолор айтылган. Алсак, сизди эч качан эл менен болгон эмес, ал жалаң гана мамлекеттик кызмат жана ал кызматты өз кызыкчылыгы үчүн колдонуу менен убара деген сыяктуу учурлар айтылат. Бул видеофильмдин авторлорун сотко берүү ниетиңиз барбы?
– Менин сотко бергим келип жатат, бирок ким жасаганын билишим керек, чыныгы булакты табышым керек.
Сотто кадыр-баркымды коргоого жана анда айтылган ар бир сөз жалган экенин далилдөөгө даярмын. Мен үчүн жумуштагы аброюм абдан маанилүү.

ПРЕМЬЕРЛИК ЖӨНҮНДӨ

– Премьер-министрлик кызматка сиздин талапкерлигиңизди көрсөтүү пландалууда. Бул жогорку кызматка карата өзүңүздүн пландар тууралуу айтып берсеңиз.
– Пландар эң укмуш. Баарынан мурда мен өкмөткө келген команда менен парламент депутаттарынын туура, планга ылайык иш жүргүзүүсүн, бир команда болуусун каалайм. Анткени депутаттардын да шайлоо алдында айткан убадалары, программалары бар, алар биз жасагыбыз келген пландарга абдан шайкеш келет. Мына ушул абдан маанилүү.
Эгерде депутаттар бизге ишеним көрсөтүшсө, парламент менен тыгыз кызматташтыкта алдыга жылып, өлкө бардык багыттар боюнча өнүгүүсү үчүн иштөөнү каалайбыз. Биздин өкмөт тарабынан бир аз стандарттуу эмес, бирок абдан жөнөкөй, түшүнүктүү жана өтө кызыктуу программа сунушталат.

– "Таза коом" долбоору кандай ишке ашып жатат?
– "Таза коом" долбоору планга ылайык бара жатат. Менде аталган долбоор боюнча күн сайын 4-5 кеңешме өтөт. Бардык багыттар эффективдүү ишке ашуусу үчүн ар бир нюанс, деталдарын талкуулайбыз. Бул долбоорду ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктарын жакын арада көрсөтүү үчүн биз өкмөт менен абдан тыгыз байланышта алдыга жылып баратабыз.

– Эл аралык уюмдардын ичинен кимиси аталган долбоорду колдоо ниетин билдирди?
– Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, көптөгөн эл аралык уюмдар азыр биздин жаныбызда турушат. "Таза коом" долбоорунун алкагында биз БУУ кабыл алган туруктуу өнүктүрүү боюнча 17 максатты ишке ашырабыз.

– "Улуттук стратегия-2040" тууралуу да айтып берсеңиз.
– Стратегия боюнча да иш толук кандуу жүрүүдө. Биз кадыр-барктуу эксперттерди тарттык, негизинен, булар дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларынан билим алышкан биздин мыкты жаштар. Учурдан пайдаланып, аларга ыраазычылык айта кетким келет.
Бүгүнкү күндө биз Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Кийинчерээк ал өлкө президентинин, андан ары Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна берилет.

Лейла Саралаева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: