Бокс боюнча Дүйнө чемпиону, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызы Аделина Назарова өзүнө келди. Мындай маалыматты Орзубек Назаров соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, кызынын абалы бир топ турукташкан. «Биз жылмая баштадык. Кызыбыз комадан чыкты. Колдооңуздар үчүн рахмат. Эми калыбына келүү үчүн узак жол турат»,- деп жазган Назаров.
їЭске салсак, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү Бишкекте мотоцикл менен унаа кагылышынан кырсыкка учураган. Кырсыкта мотоцикл айдоочусу ошол жерден каза болуп, аны менен бара жаткан Назаровдун кызы оор абалда ооруканага жеткирилген. Жол кырсыктан кийин Орзубек Назаров кызына кан керек болуп жатканын айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылган болчу.
Жаман соз жазбай ден-соолук тилеп коёлу жаш кызга...
Эртерээк айыгып кетсин эми,ден соолук тилейбиз.