Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ НААМЫНА КИМ ТАТЫКТУУ?

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.


Үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү маданият кызматкерлерине, алардын ичинде ырчы Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Ошол күндөн бери мамлекеттик сыйлыктарга маданият кызматкерлери кандай критерийде көрсөтүлүп, тандалып жатат деген тема талкууда. Ушундан улам маданият жана искусство тармагында эмгектенген инсандарга «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ким татыктуу?» деген суроо менен кайрылдык.

ЭГЕМБЕРДИ ЧАЛАБАЕВ, актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– Наамдар маданият талаасына өмүрүн сайып койгон, кыргыз искусствосу өлбөсө экен деп кызмат кылып келаткан инсандарга берилиши керек. Эбак эле Эл артисти наамына татыган Марат Жанталиев, Өмүрзак Токтомуратов, Айнура Тургунбаева, Руслан Курманалиев деген актёр, актрисалар жүрөт. Ушулардын эмгегин көрбөгөндөн кийин башканы айтып эмне кереги бар? «Жаштарга бериш керек» дешет. Ыйман менен жашап жүргөн аксакал актёрлорубуз картайганда талаада калат бекен? Бул болгону кагаз да. Театрдын жан дүйнөсүн сезе билген инсандар бул тууралуу баш көтөрүп айтат бекен десем, эч ким үн катпайт. Ушундан улам театрдын жетекчиси катары артисттердин көзүн карай албай жүрөм.

МУРАТ МАМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– 50 жашка чыккан кыйын артисттер наам албай жүрүшөт. Алар бирөөгө кошомат кылбаган чыныгы таланттар, жылкы союп берип, тааныштарды ортого салышпайт. Эмгеги сиңген артист эмес, маданияттын мыкты кызматкери деген сөзгө татыксыздар алып жатышат. Комиссия маданиятты түшүнгөн адамдардан куралып, Ак үй, өкмөткө тийиштүү адамдар кийлигишпесе жакшы болмок. Канчалаган образдарды жараткан белгилүү Марат Жанталиев ушул убакка чейин наам ала элек. Наамды татыктуу адамдарга беришсе элдин азыркыдай кыжыры келбей сүйүнмөк да.

ГҮЛНАРА КАХАРОВА, ырчы:


– Мен «эмгегим сиңип калды» деп документ топтоп бир дагы жерге барган эмесмин. Негизи, татыктуулар толтура. Мисалы, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган. Мага сыйлыктын кереги жок, болгону акыйкаттын жоктугуна күйөсүң.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА, ырчы:

– Чыгармачылыкта эмгектенгениме 23-24 жыл болуптур. Ушул наамга документтеримди жыйнап сунуштоодон уялып, өзүмө сын көз караш менен карап жаткам. Бирок акыркы көрүнүштөр адамды кыжалат кылбай койгон жок. Улуу муундагы Шахрезада Аскарова, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган сыяктуу адамдар бар. Алардын артынан биз келе жатабыз. Наамды берердин алдында бардык тарабын карап, канча жыл эмгектенгенин эске алышса.

КАНЫКЕЙ, ырчы:

– Бул наамга өзүмдүн агайым, көп жылдан бери маданият тармагында эмгектенип, керемет ырларды аткарып келе жаткан Токтобек Асаналиевди ылайыктуу көрмөкмүн. Талантты татыктуу, татыксыз деп бөлүүгө акым жок. Өзүм аталган наамды алуу жөнүндө 15 жыл эмгегимди сиңирген соң ойлонуп башташым мүмкүн.


ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ,
режиссёр:


– Наам берүү бул бийликтин өздөрүнө элдин көңүлүн бурдурчу системи. Татыктуулардын баарына берүү мүмкүн эмес болуп, нааразычылыктар көп чыгат. Кимде-ким наам алгысы келсе жагалданып, жалынсын. Мен дайыма эле айтып келем, жаш өткөндө пенсия менен кошо берип, анан ал адамдарды мамлекет карамагына алса, азыркы чыгармачыл адамдар кийинки жашоосун эстеп ошого иштемек. Азыркы ырчы-чоорчулардын 60 жашка чыга электери бул наамга татыксыз деп эсептейм. Ал эми кино жаатында акыркы он жылда оператор, сүрөтчү актёрлордон наамдарды алып эле жатышат.

ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕК УУЛУ, комузчу:


– Мени 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына сунушташканда баш тарткам. Анткени устаттарым Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев сыяктуу эмгеги качан эле сиңип бүткөн агайлардын башын аттап кете алган жокмун. Азыр да эртелик кылат деп ойлойм. Бул наамды алууга бери жагы 20 жыл эмгектенип, эл аралык сынактарга катышып мамлекетибизди таанытып жүргөн инсандар татыктуу. Андайлар көп эле. Ошолордун эмгегин көрүп, баалай алчу чоңдорубуз жетишсиз болуп жатат окшойт.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, ырчы:


– Өзүмдү Эмгек сиңирген артист болууга жашмын деп жүргөм. Бирок көпчүлүктүн мен тууралуу ойлорун билип, «Ильяз деген ырчы бар эле, ал дагы алса жакшы болмок» деп ойлонуп баштадым. Эмгектене берсек бизге дагы берилип калар.


ОМАР
, ырчы:


– Мен Эмгек сиңирген артист наамын сөзсүз түрдө улгайганда алуу керек деген ойдон алысмын. Бирок улуу муундагы эмгеги сиңген адамдардын унутта калуусуна да каршымын. Жаштарга келсек, чет өлкөдө мамлекетибиздин желегин желбиреткен Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова, бизде эле эмес, казак эли сыйлап, ырларын аткарып жүрүшкөн Ильяз Абдыразаков жок дегенде президенттин Ардак грамотасын алышат деп күткөн элем.


АТАКТУУЛАР ИНТЕРНЕТ АЙДЫҢЫНДА ЭМНЕ ДЕП ЖАЗЫШУУДА?

Белгилүү инсандар да интернет тармактарында өз ойлорун жазып калтырууну улантышууда.

ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ,
ырчы, обончу:


– Ой, Болот ака! (ред: ырчы Болот Токтобаевге кайрылууда) Сизге айттым эле "күнүмдүк ыр жазыңыз" десем, "таза сүйүүнү, ыйык махабатты ырдайм" дейсиз. Мына, "элдин балдары эмгек сиңирдик" сиз жүрөсүз, "Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар" деп коюп. Экөөбүз "дүмбүл саткан сары кыз" деген ыр жазбасак репутацияга доо кетирдик. Президенттин указына ылайык, наам алгандарды чын жүрөктөн куттуктайм! Ишиңиздер илгери болсун!


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ЖАНА НААМДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдары» жөнүндө кабыл алынган 14-беренесинде төмөнкүдөй жазылган:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.


Нуркыз Курманбек кызы,
Айсалкын Качкынбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(82)
12.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ошончо атактууларды аттап кеткен кызда бет деген "нет" экен.Ошто тойлордо журуп анан эле эл артист, тойлорго эмгек синирген болсо туура болмооок....
12.09.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
metsenat,эн туура айтасын тойлордо ырдап наам Алды го
12.09.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акчан таанышын болсо наам сатып ал да таанымал бол деген заман накта Кыргызстанда болуп жататго.Депутатынан ырчысына чейин сугунушат тообо кылдым.
12.09.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Саякбай чыгармасын коргон чыныгы кыргыздын денеси дуркуроп кетсе керек.Ошол образга жеткирген актерлорго данк.Сыйлыкты берип жатат адамдым чонтогу кампайып жатат экенда
12.09.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмгеги синсе озуно синген эле эмес
12.09.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эй, койгулачы ызы-чуунарды. Бизде баары болсо берет. Болбойт, мумкун эмес деген эч нерсе жок! Думбул саткан сары кыз деле алып алса болот. Думбулун жакшы мактап. Ансыз деле алды го. Эн жаманы, кыжырды кайнатканы, белгилуу актер, артистерге берилбегенинде болуп жатат да. Бала кезден кинолордон коруп, ырларын угуп чонойгон адамдардын эмгеги баркталбаса, урдум ушул маданиятынды деп салышыбыз керек баарыбыз. Кандайдыр бир жол менен нааразылык билдирбесе думбул саткандар дагы кобоё берет.
12.09.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nibiru.,Думбул саткан сары кыздын сырын чечмелеп бериниздерчи т.е тушундуруп,сураныч))
12.09.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биз качан татыктуу бир нерсеге жетишебиз эмгеги синген канча жылдан бери жургондор журсо бир эки ырдап койгондордун эмгеги синип калабы качан бизде болот справедливость деген неме
12.09.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
баардык жерге барба тааныш билиш болуп калды го пулун болсо кулунмун дегендей
12.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечээги да откон жолку наам алгандардын бири да татыксыз экен мыйзам боюнча карасак. Мисалы Мирбек Атабеков, Гулжигит Калыковдор ал эми Самара Каримова, Гулжигит Сатыбековдорго соз жок
12.09.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмгек сиңирген артист дегенди "Тойго эмгек сиңирген"деп өзгөртүп коюш керек болду проблема бүтөт ошо м-н.Документ тапшыргыла күтүлбөгөн белек даярдайбыз деген го Султан агайынар.Документти тапшыра да, анан билмексен бп күтүлбөгөн белек болду деп аткарлонушат.
12.09.2017. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Marat Jantaliev agabyz ala elek bolso ,kaidagy unu jok yrchy alat emgek sinirgen naamdy.Sayakbai tasmany koro elekmin birok reklamasyn korup taasirlendim.Marat baikege ushu tasmadan kiyin naam berettir emi,elge emgegi echak singen el baalait.Marat baike katyshkan tasmany kaltyrbai korom,Sayakbai tasmasyn abdan korgum kelip jurot , bashka jerde jurgondukton koro albai jurom.
Naamdy chynygy emgegi singenderge berishse eken emi.
12.09.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
тушунбодум маданият министрлигине мамлектке иштебесе ырчылар тойдо ырдашса наам бериле береби,учообу кайсы синирген эмгегине алышты уят эле.бергендерди жумушунан алыш керек,Казаков министр да жооп бериш керек ушул кишини сыйлачуу элем уялбай эл суранып жатат Каримовага ошол учун берилди дейт.дагы ктр да барктуу киши болуп суйлоп олтурат.Сапар Исаков жаштар болсун дейт министрлерди
12.09.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошончо элдин сын-пикиринен кийинда уялбай "Наамдан баш тарткыдай бул кресло эмес"дегенден кийин соз жок Самарага.Мунун ырларын эч ким укпаса деле керек.Мамлекетибизде пулун болсо кулунмун деген заман чындап келгенине дагы бир жолу ынандык.
12.09.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Salamatsyzdarby? Toktobek Asanalieev Toktobu Cherikchieva Gulzat Baizakova Teatrda iwtegen akter aktrisalardy kop taanybaim birok emgegi singender al jakta da bar dep oiloim
12.09.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самараны татыктуу деп ойлойт элем.Жогорку интервьюларды окуп ойумдан кайттым.Султан,Омар алардан канча жыл мурун чыккан керек болсо аларды казактар тааныйт.Самараны биздикилер интригасы менен тааныйт көбүнчө.))Ооба,үнү,таланты бар бирок өтө эрте берип койду.
12.09.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
М.Жантелиев агабыздын документтери отпой калгандан кийин башкалар унчукпай эле коёлук.Мамлекеттик сыйлыктын баркы тушту. Т.Казаков элдин каалоосу дейт, тойлорго чакырып койсо эле эл баалаган болобу.Озу деле тушунуп жаткандыр эл кимди колдоорун. Бул адамдан копту умуттондук эле. Аттин, бийлик адамды бат эле озгортот турбайбы.Дагы уялышпай кийин уктук дешет,сыйлык бергенге чейинки документтерди ким чогултту экен. Элементарно эмгек китепчеси менен паспортун бироо уурдап барып копиясын берген го.
12.09.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул темпте кетсе жакында Анжелика Эл артисти болот.
12.09.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
мыйзамда деле жазылган экенго 15 жылдан ашык иштеген адамга деп Самаранын ырдаганына 5 жыл болду
12.09.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ma9,бизде мыйзам бар жазуу түрүндө, бирок аны аткарган киши жок.
12.09.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ильяз Абдразаков татыктуу бул наамга. Казак эли ырларын баалап угат. Бизден мурун казактар наам берип салса тан калбагыла.
12.09.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
С.Каримова эл ичинде дүрбөлөңгө тушуп кеп болуп жатканынды жакындарын кандай кабыл алып жатышат, ушинтип уят болгуча албай эле койсон болмок. Наамды албай эле жургөндө баркталмаксын.өзун да ойлонбодунбу элдин сөзүндө көзундө жургөндөн кийин, жакшылап жыйынтык чыгарсан болмок. Сен кечеги Самарасын... сен экөөбуз нанды "нана"деген учурубузда чыккан эже агаларыбыз бар, ошол инсандарды сыйласан болмок. Наам бергендер кайсы өзгөчө эмгегинди эске алды билбейм. Өкунучтуу. ..
12.09.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Altysha89,акчага сатып алды да.
12.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурайым Азыкбаева кыргыздын атын коп жерде чыгарып, алтын медалдарды тагынып журот. Элдик фолклордук тармакта коооп эле эмгек синирди, тиги экооно караганда. Саны бар сапаты жок 40 ырга караганда Нурайымдын кочмондор оюнундагы бир созолонгон добушу дагы деле элдин эсинде.
janim83 түзөттү 2017-09-12 20:52:30
12.09.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыскасы бизде таптакыр акыйкат жок....
12.09.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Абдылда Иманкулов эл артисин алыш керек болчу азыркы чача мачаларга Караганда эмгеги синген артис
12.09.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
короче таанышын болсо танкасын
12.09.2017. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Гулжигит Сатыбековдон башкасы татыксыз. Кыргызстан, Россияны туро кыдырып жылда концерт коет. Эл окшоп шаардан чыкпай тойлоп жургону жок. Ырлары маани маныздуу улуу кичуу суйуп угат. Тааныш билиши жок таланттуулардан да аралаштыралы чуу чыкпасын деген го деп ойлоп кеттим.
13.09.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dobrajelatel, anday bolso anda Nurlan nasip alsyn. Kundo tynbai ishtep jurot, toi, poi, ayildyn, Jeti oblustt'u, chet olkonun baaryn kydyryp.
13.09.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ туугандар жакынкы шайлоодо бекер ырдап беришеткен да. Эми бекер концерттер башталат. Туугандар концертке баргыла,акча берсе жегиле да татыктуусун шайлагыла. Чоңдор элдин акчасын жеп атышабы шайлоодо силер да жегиле. Мен да ким берсе жей берем.
13.09.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таалай Бектургановду айтса болот. Шордуу жаш кетти, олбос ырларды жаратып. Ушул инсанга козу откондон кийин эмгек синирди деген наамды бериш керек. Мен эс тараканда ырлары хит болсо азыр ошол калыбында 20-25 жыл отуп кетсе да. Качан калыстык деген болот.
13.09.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргыз элим, ар кандай кырдаалга даяр тургула, мени айтты дейсинер, эртен Асель Кадырбекова алганда " аа, жакшы " деп койгула хотя бы...
13.09.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
eee jakynda Anjelika j.b. alsa mmen tochno opkaman jygylam. Men uchun emgekteri sinbei ele. Kopchuluktun oyu dagy oshondoi. Dokumentterin tapshyryp berip koyushup ele anan kutulbogon jerden alyp tolkundanyp, kan basymdary kotorulup, opkalarynan jygylyp kalyshat timele, eldi kok mee oiloshot go e?! 20-25 jyldan beri emgektenip jurgon yrchy akterlorubuz ala elek bolgondoyun, Samara, Mirbek, eki Guljigit, Nurayim j.b. emgegi sinbei turup algan yrchylar uyalbaisinarby, eldin aldynda barkynardy ketir
13.09.2017. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chynygy emgegi singen eje baikleribizge berip turup anan myndai yrchylarga berse ech kim naarazy bolboit ele go. Akyikattyk jok Kyrgyzstanda.
13.09.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжигит Сатыбековдун унундой тунук унду уккан эмесмин гулжигиттин уну просто супер да эми ошол наамды берген болсо ага причом самара каримованын куйоосу жок жерден айта бербегилечи козунор менен кордунор беле бир жолу ошентип самаранын ишине кирилишкенин,нурайым азыкбаева скрипка менен эн жакшы ойнойт нурайымдын озунда атасы курманбек азыкбаевти да сыйлайм,учооно тен ийгилик!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: