Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова, ырчы: «АЙРЫМДАР «ДЕНИ-КАРДЫ СОО КЛАРА ӨЗҮ ИШТЕБЕЙБИ» ДЕП ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮТҮШТҮ»

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.


– Клара, салам. Шайлоого иштеп жатасыңбы? Кечээ телефон чалсам, «Жалал-Абаддан келе жатам» дедиң эле?

-Кандайсыңар? Шайлоого буга чейин бир жолу иштегем, ошондон бери иштей элекмин. Бул сапар эки партия менен сүйлөшүүлөр болгон, бирок бир чечимге келген жокпуз. Жалал-Абадга ата-энеме барып, туугандарыма жолугуп, чер жазышып бир апта жүрүп келдим.

– «Кларага жардам беребиз» деген кайрымдуулук акция жүрүп жатат. Кандай жардам болууда?

-Чындыгында ошондой иштер болору тууралуу маалыматым жок эле. Шоу чөйрөсүндө жүргөн тааныш эжелер телефон чалып айтышты. Ошондо биринчи жолу угуп таң калдым. Эжемдер дагы угушкан экен, «сен эмне, кайрымдуулук деп элден акча чогултуп, такыр эле кароосуз калдың беле?» дешти. Акцияны уюштуруп, интернет баракчаларына таратып жаткан журналист эжеге байланышып, «эже, муну чыгарарда бир ооз мени менен кеңешип койсоңуз болмок» дедим. Жарыянын алдындагы комментарийлер ого бетер жүрөгүмдү өйүттү. Айрымдар мени ооруп калган окшойт деп ойлошуптур, кээ бирлер «менде 500 сом бар, ошону кошом» десе, дагы бири 1000 сом бермей болуптур. «Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?» деген да комментарийлер жүрөт. Эл деген эл да, кандай маалымат чыкса ишене беришет. Ал жарыяны ошентип көпчүлүк башкача кабыл алыптыр. Жазылгандарды окуп, ой жүгүртүп көрсөм, окурмандарды ошондой ойго түртө тургандай эле маалымат кетиптир. Азыр турмушум эл катары өтүп, эл көргөн күндү мен да көрүп жатам. Эл чогулткан акчага муктаж эмесмин. Кудайга шүгүр, мени колдой турган ата-энем, бир туугандарым бар. Бир жагынан ал эжеге рахмат, чыгармачылыгыма колдоо көрсөтөйүн деген жакшы ой менен ошол ишти уюштуруптур. Күнүмдүк тиричилигиме эмес, чыгармачылыгыма жардам берели дегендердин оюн текеберленип четке какпайм, албетте. Бирок айрымдардын жазгандарын окуп, өзүмдү жегенге наны жок отургандай сезип кеттим.

– Негизи сенин акча тапчу булагың чыгармачылыкпы же кошумча иштер менен да алектенесиңби?

-Кудайга шүгүр, чакыруулар дайыма болуп турат. Кыргызстандын кайсы бурчуна болбосун тойлорго барам. Элим дагы менден жаңы ырларды, жаңы клиптерди күтүп жатканын сезип, учурда жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатам. Ар бир нерсенин убакыт-сааты келиш керек окшойт. Башка иш менен алектенбейм.

– Ушуга чейин артка кылчайып өкүнгөн учуруң болдубу?

-Эч нерсеге өкүнбөйм деле. Бир ойлогонум Байыш экөөбүз үйлөнгөндө чоң концерт берип, андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү үй алганбыз. Тагдыр экен, ажыраштык. Ошондо Байыштын сунушу менен үйдү экиге бөлгөнбүз. Азыр ошого өкүнөм. Бала менде калып жаткандан кийин үйдү бөлбөй эле мага берип койсо болмок экен. Азыр ушул оюмду айтсам, «анда жаш болчубуз да» деп кутулуп кетет.

– Жылдыз белгиң чаян эмеспи. Чаяндар чындыгында күчтүү келишет. Уулуң Байэлди канчадан бери жалгыз тарбиялап келе жатасың, бул деле күчтүүлүктүн бир белгиси болсо керек...

-Ооба, он үч жылдан бери уулумдун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатам. Ойлоп көрсөм, мурун турмушту анча түшүнчү эмес экенмин. Жашоодо өйдө-төмөндү көрдүм, башыман көп нерсени өткөрдүм. Ошондон кийин мен бир топ эле чыйралдым.

– Байэл азыр өткөөл куракта экен, сөзүңдү укпай койсо атасына чалып арызданган учур болобу?

-Атасына чалып, арызданып айтайын десем, аны менен дайыма чогуу эмес. Мен эч кимге даттанбайм. Өткөөл куракта чын эле бала өзгөрөт экен. Мага азыр уулум чоң кишилердей ой жүгүртө баштагандай, көп нерсени түшүнүп калгандай сезилет. Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт.

– Бала чоңойгон сайын анын ичкен-жегени, баскан-турганы көбөйөт эмеспи, атасы жардам береби?

-Кандай десем, такыр жардам бербейт деп айтканым туура эмес. Кээде эстегенде жардам берип турат. Азыр уулум 13 жашта. Ушул кезге чейин эле өзүм багып келе жатам, алимент деле өндүргөн эмесмин. Бирок бул нерсе керек экенин акыркы күндөрү ойлонуп жүрөм.

– Жакында эле телеканалдардын биринде мурунку жолдошуң Байыш Момунов экөөң түз эфирди алып бардыңар. Ошондон улам айрымдар «экөө кайра жарашты беле, жооп алып берип коёсуздарбы?» деп суроо узатып жатышат.


-Көрсөтүүнү алып баруу боюнча мага Байыштан сунуш келген. Ал көрсөтүүнү эки ырчы беш күн түз эфирде алып барыш керек экен. Мен аны угуп, таң калдым. «Экөөбүз чогуу чыксак, эл эмне дейт, жубайыңыз кандай ойдо калат?» деп каршы болдум. Бирок экөөбүздү алып барат деп жарыя кетип калгандыгын айтты. Интернетке кирип көрсөм, чын эле ошондой жарыялар жайнап кетиптир. Ошону менен 1-күнү чогуу алып бардык. Мен буга чейин алып баруучу болбогондон кийин оңоюраак ишти аркалап, көрүүчүлөрдөн келген суроолорду окуп бердим. Эртеси жумуштарым менен жүрүп, түз эфирге кечигип калдым. Түз эфир деген күтүп турбайт экен, убакыт өтүп кетти, анда Байыш жалгыз алып барды. Үчүнчү күнү мени менен эч ким байланышкан жок. Эфирди карасам, Байыш жубайы менен алып барып жатат. Ал дагы мага окшоп көрөрмандардан келген каттарды окуду.
Эфир тууралуу сурайын деп кийин Байышка телефон чалсам, "Жубайым сени менен сүйлөшөм деп жатат. Сен эмне аялы бар эркекке телефон чаласың, менин үй-бүлөмдү бузгуң келип жатат",- дейт. Ушул жерден Байышка кайрылып кетким келет. Байыш, адегенде алып баруучулукка чакырган сенби же менби? Сага ушуга чейин деги бир жолу чалып көрдүм беле? Мен сенин үй-бүлөңдү бузайын деген ниетим жок. Мен сенсиз эле жакшынакай жашап жатам.

– Рахмат маегиңе, максаттарың жүзөгө ашсын.

"Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(76)
19.09.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Оа Клара бир аз чыйрак бол,кезинде кандай гана чыйрак тыкылдаган кыз элен чыйрал чыйрал токтот эми эзилбей.Сени жакшы коруп боорум ооруйт ошон учун жазздым
19.09.2017. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уулу атасына копияго
19.09.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ар бир интервьюда Байышты дайыма кошо бересинби? Отконду унут да. Окунбойм дейсин,ал жонундо кайра кайра кеп козгойсун.
19.09.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
janaylin,суроого жооп берди да.
19.09.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
janaylin,кызыксыз.Ортодо бала тургандан кийин суйлобоско чара жок.Акулова м-н Шерматов 15 жыл мурун ажырашса деле,кеп болуп атпайбы.Байыш Клараны пайдаланып, репутациясын которгусу келген.Себеби ал элдин суймончулугу эмес болчу, аз гана чойро жактырат.Бул ачуу чындык. Как я помню ошондо да Кларанын уруксааты жок уйлонобуз деп жар салган.Ошондо да газета аркылуу чырылдашы журушкон.Акыркы кыймылдары да Байыштын ХХХ ХХХ экендиги далилденди. Озу деле ойлонбойбу,Клара менен телеге чыгыштан.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:29:35
20.09.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza-kyzy, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
19.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Клара эже убагында аябай жылдыз болгон. Азыр деле кеч эмес. Жакшы продюсер таап иштешиниз керек.
19.09.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Клара эже ото эле жоош, арамзалануу, куулануу дегенди билбейт. Ошо учун баары мунун устунон оздору чечип коюшту го, тиги эжеси деле кайрымдуулук акциясын уруксатсыз жарыялады, Байыш да озу билип, уруксат сурабай реклама кетирип жиберди. Байыш мн алып барбай койсо болмок экен, неге уруксатым жок реклама бердин деп, и так эртесинде деле барбай коюптур го
19.09.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Сулуу десе сулуу,ун десе ун бар эмнеге бироо ушундай болуп калды десе эле кошула бересизби, катураак болунуз, озу чакырып алып аялынын козунчо башка адам болуп койду да
19.09.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Жайладынго Байышты. Ырас кылдын эл билсин.
19.09.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Аябай боош адам окшойсуз ошондуктан баары пайдаландыда кичине тыныраак болсонуз чыйралдым дейсиз ушулбу чыйралганыныз бири кайрымдуулук акциясын уюштуруп экинчиси болгондода ажырашкан эриниз сиз жок реклама кылса. Сиздин ордунунузда Анжелика болсо уже уюштурган адамдын акыбалын туздоп коймок. Негизи Байыш сиз менен озуну элдин конулун бурдуруш учун эл алдына чыгат окшойт.
19.09.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Байышка уят эле,эмне Клараны маскарлаганыбы, озу чакырып анан аялын коюп койгонун, Клара сенда кичине тетик болчу устундон тебелеп журушсода унчукпайсын башка бироо болсо соттоп жибермек
19.09.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми эркектер ушундай экен да. Ьалдарын эсине тушкондо бир жардам берип коюшат. Эстебесе жок. Байыш, уят. Деги маданият окулдорубуз дешпей эле коюшса ушундвй адамдар.
19.09.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Анжелика продюссер болуш керек Кларага
19.09.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
DUNI,жардыныз гоо)))
21.09.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
DUNI,туура, Анжеликага жеткирип койгулачы ушул суранычыбызды
19.09.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Бети жок Байыш элден уялбайсынбы.
19.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Жок дегенде канындан жаралган баландын абалын ойлобойсунбу? Оз баландын апасын мынтип мазактаганын адамдык сапатка жатпайт. Алла ыйман берсин.
19.09.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Чыйралынчы эжекеси! Тепселенбей! Эрден ажыраган жер жузундо жалгыз сиз болуп кетсениз да!!!
19.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Убагында жер тепкилеп ушул эжебиздин ырларын ырдап бийлеп эле чонойдук.... жаштык бактылуу балалыгымды эстейм. Турмуштун өйдө ылдыйы сыноосу болот экен, бул эжебизди да сынады окшойт. Сынбаныз сиз али жашсыз Кудайым да кыйын күндөрдү сыноолорду көтөрө алган адамга берет экен. Ошондуктан сиз кучтуусуз ак пейил ак жүрөк инсансыз эмгектене бериниз, талыкбаныз кудайым сизди да колдойт. Дагы да жакшы чыгармаларды күтөбүз сизден.
19.09.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
байыш эми концерт койгондон этият бол сени эл эчаак эле жек коруп калган койгон концертинеда ырларындыда укпайт эч ким
19.09.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Клара кичиненден элге таанымал кыз элен.Сени сындырган Байыш болду,Колундагы жаш баласы мн таштап кетти.Уялбастан квартираны да болуп алыптыр.Байышка да кудай бар бир куну корсотот
19.09.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
оа мен ал корсотууну коргом Байышка Клара жонундо коп суроо беришкенде аябай тиштенип кыжырданган эртен Клара экообуз алып барабыз чакырам деген.
19.09.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aikeeboni,каепден корсок болот передачаны
20.09.2017. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aikeeboni, кайсы корсотуу эле. Жазып койгулачы. [moderated]дан таап корсок болобу
19.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Реклама кетмектен кете бербейби , ары отуп кетсин . Адам озун баалону билиш керек Клара эже .
19.09.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Байыш таза (неме) экен го.Аялынан ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:15:27
20.09.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilgis1991, мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
19.09.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Байыш бетин бет эмес ХХХ экен.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:14:34
20.09.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Djal1987, эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого жол жок!
19.09.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Байыш Жубайыма деп клип тартып чыкты инстаграм баракчасына Клараны бактысыз кылып алып уялбайсынбы деп жазсам чёрный списокко киргизип коюптур
21.09.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Venerochka,правда глаза колит болсо керек
19.09.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Клара эмдигиче иштесе андай уйлодун далайын алмак. Болгону башы стресстен чыкпай отуруп алды. Кайра кайра нынет эте бергендин эмне кереги бар. Байышка тийген озу. Бир кызы бар Байышка тийбей мумкун бойдок жигитке тийсе эмдигиче очор бачар болуп кетмек беле. Айтор, бул тагдыр да.
19.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мага кызык, азыркы тапта кандай олуттуу иш менен алек болду экен? Байышты унуткула анын да балдары бар ( 3 кыз, 1 уул). Алардын ортосунда эмне болгонун биз билбейбиз. Бирок адамдык оброюна шек келтирген туура эмес го дейм.
19.09.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Клара эже бир кун эмес бир куну Байыш сизди кор кылганына ушундай окунот ал кун жакын деп ойлойм
19.09.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Клара сага чын журоктон кааларым: сени барктап, жаман ойлуу алдым жуттумдардан коргоп ,бактылуу кыла турган жигитке туш кылсын Кудайым!!! Ишине ийгилик
19.09.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Клара чыгармачылыктан алыстап башка эле иш кылчы жакшысы,
19.09.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Уялбай бир комнат уйду болуп алганын,,кууп чыкмакмын мен болгондо сага да жок мага да жок балага жазылат уй деп..еще алимент толотуш керек болчу..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: