Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫЗГАН, БИРОК БИЛДИРБЕ. КЫЗГАНЫЧТЫ КАНТИП ЖЕҢЕСИЗ?

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.


"Кызганчаактык – оору" дешет психологдор. Бул оорунун айынан канча деген үй-бүлө ажырашып, ал гана эмес, айрымдар бири-бирин өлтүрүүгө чейин барып жатканын турмушта кездештирип келебиз. Эл көзүндө, эл оозунда жүргөн адамдардын күйөрманы, сүйөрманы бар дегендей, аларда бул жагдай жөнөкөй адамдарга караганда бир топ оор болсо керек.


Кубаныч Ажыбаев, ырчы: «ЖУБАЙЫМДЫ МУРУНКУ ЖИГИТТЕРИНЕН КЫЗГАНА БЕРЧҮМҮН»

-Cүйүү бар жерде кызганыч сөзсүз болот. Мен ырчы, тамада катары эл көзүндө көп жүрөт эмесминби, мага тийишкендер көбүнчө 40-50 жаштагы, менден жок дегенде 10 жашка улуу эжекелер. Алар мени сырткы келбетиме карап өздөрү менен тең деп ойлошот болуш керек. «Сулууларга суктанууга акым бар» деген ырды ырдасам эле элдин баары «кыздарга жакын» деп ойлойт окшойт, менден тойго келген эркектер аялдарын кызганышат. Ыр ошондой болгону менен, өзүм токтоомун. Жубайым Султан Садыралиев ырдаган «Сүйгөнүмдү ала качты» деген ырымдан кызганат. Ыр башымдан өткөн окуядан улам жазылган. 1-2 жолу радиодон угармандар «автордун өзүнүн аткаруусунда да уккубуз келет» деп ырдатышкан. Ошол ыр радиодон берилип калса, үйдө «жарандык согуш» башталып, казан-аяк калдырап, чыны-аяк ыргыйт.
Кептен кеп чыгып отуруп келинчегимдин мурунку жигиттерин билип калгам, ошолордон кызганган учурум болгон. Балалык сезим экенин түшүнүп турсам деле «анан, дагы, чогуу каяка барчу элеңер?» деген суроолор менен кызгана берчүмүн. Кызганычты мен сүйүү деп түшүнөм. Сүйүү бар жерде кызганыч болот, бирок эмоцияга алдырбаш керек. Эки адам тынч отуруп сүйлөшүп, бир түшүнүккө келсе эле үй-бүлө ынтымакта жашайт.


Асел Турдалиева, ырчы: «МУРУНКУ ЖОЛДОШУМ ЖИНДИ ЭКЕНМИН, СЕНИ ЖӨН ЭЛЕ КЫЗГАНА БЕРИПТИРМИН ДЕП КАЛАТ»

-Мурунку жолдошум менен кызганычтын айынан жашай албай калгам. Кызганыч – баш оору, жүрөк оору сыяктуу эле өнөкөт илдет. Эгер бул оору аялда болсо, эркектен да жаман жорукка барат, аны турмуштан көрүп жүрөм. Апамдан «атам 2-3 күндөп иш сапары менен кетчү эле, кызганчу белеңиз?» деп азыр сурасам, «жок, мен ага ишенчүмүн» деп камырабайт. Апама окшоп мен дагы өмүрүмдө бирөөнү кызганып көргөн эмесмин. Мага сезимин билдирген адамдын кызганчаак экенин байкап калсам, дароо кол үзүп «кереги жок» деп ачык айтчумун. Анткени жолдошумдан кийин айранды үйлөп ичип калгам. Мурунку жолдошум мени тирүү жандын баарынан, ал гана эмес зым карагайдан да кызганчу. Кызганып, мээмди жей берчү. Кызганып турбаса башы ооручу. Мен болсо терезени карап ыйлай берчүмүн. Мен ыйлаган сайын «күчтүү аял терезенин жанында ыйлап турат» деп каткырып күлчү. Эгерде жашоомду ошол нукта улай берсем, психикалык жактан жабыркап калышым мүмкүн эле. Ошон үчүн беш жыл жашагандан кийин ажырашып кеттим. Мен ага өкүнбөйм, кызым бар. Мурунку жолдошум негизи жакшы адам, азыр деле үй-бүлөсү менен сүйлөшүп турам. Өзү «мен жинди экенмин, сени жөн эле кызгана бериптирмин» деп калат.


Рахман Разыков, сатирик: «КЫЗГАНЫЧ БОЛУШ КЕРЕК, БОЛБОСО НИКЕ БУЗУЛАТ»

-Менимче, батыш өлкөлөрүндө кызгануу биздегидей чоң көйгөй эмес. Азыр бизде «кызганычка көп көңүл бурбай, өзүңөрдөн оңой өткөргүлө» деген саясат жүрүп жаткансыйт. Биз аны кабыл албашыбыз керек. Болгону кызгануунун маданиятын үйрөнүшүбүз зарыл. Кызгануу болуш керек, болбосо нике бузулат. Бирок бири-бирин өлтүрүп салганга жеткирбеш керек. Эми элестет, "кызганып жатам" деп бири-бирин өлтүрө беришсе адам калабы? Кызганам деп ар кандай себептерди издей берсе ага манжа чак келбейт. Биринчиден, кызганууга алып келүүчү себептерди издөөдөн качуу зарыл. Минткенде кызганбай калат деп эреже жазып коюу да акылга сыйбаган нерсе. Жазылган мыйзамдардан сырткары жазылбаган да мыйзамдар бар. Менин оюмча, аял заты дагы, эркек дагы бул жаатта тарбияны бала кезде ата-энеден алат. Көз карашы, түшүнүгү үй-бүлөдөн калыптанат.


Роза Шакирова, ырчы: «АДАМ ӨЗҮ КАНДАЙ ЖҮРСӨ, СҮЙҮКТҮҮСҮН ДА ОШОНДОЙ ЖҮРӨТ ДЕП ОЙЛОЙТ»

-Күйөөсүн ашыкча кызганып жүрүп ооруп калган бир эжени билем. Ошондон улам ашыкча кызгануу ооруга алып келет деп ойлойм. Тойлорго барганда кезек күтүп калам, ошондо жолдошум түшүнчү эмес. «Кирип эле ырдап чыга бербейсиңби. Бирөөгө жолугуп калдың да» деп сүйлөнө берчү. Мындай учурда «аялым тойго кетти» деп эле ар кайсыны ойлой бербей, эркек да карманышы керек. Эгер бирөө менен кармап алса, анда ага жазанын кайсы түрү болбосун жарашат дегим келет. Аялдын андай кылыгын көрбөгөндөн кийин, анын артынан түшүп, чукуп кызганбаш керек. Адам өзү кандай жүрсө, сүйүктүүсүн да ошондой жүрөт деп ойлойт. Жолдошум ашыкча кетип бара жатканда «баланча жерге келип кал, кезегимди күтүп машинада отурам» деп жаныма чакырып жүрдүм. Акыры биздин жумуштун кандай экенин өз көзү менен көрдү. Ошондон кийин кызганычы азайып, менин үйгө кеч келгениме түз карап калды. Тескерисинче, «башың ооруган жокпу? Ысык чай ичип ал, биринчи ден соолук, анан ырдайсың» деп калды. Мен деле башында андан кем калбай кызганчаак болчумун. Ар нерсени элестетип алып «каяктасың?» деп телефон чалып жатып калчумун. Азыр андай эмес. Ортобузда чени, чеги менен сый, кызганыч бар.

«КОРКОК АДАМДАР КЫЗГАНЧААК БОЛУШАТ»

Психолог Самат Аалканов кызганыч туурасында төмөндөгүлөргө токтолду:
– Кызганычтын себептери негизинен абдан көп болушу мүмкүн. Кызгануунун артында бир нерседен айрылып калуу коркунучу бар. Коркунуч болгондо адамда агрессия пайда болот да шекшип, тинтип, текшерип баштайт. Ал коркунучту адам бала кезинде пайда кылышы мүмкүн. Ар түрдүү кырдаалда «менин керегим жок, мени үйгө таштап кетишет, мен жалгызмын» сыяктуу ойго кабылып, психикасына терең сиңирип алат. Кийин кичине кезиндеги калыптанып калган ойлору сыртка чыккан сайын коркуу сезими күч алып, кызганчаактыгы күчөйт. Муну «көп ойлонбо, шекшинбе, кулагыңдын сыртынан кетир» деген өңдүү акыл үйрөтүүлөр менен чече албайбыз. Психологго кайрылып, маселени тереңинен таап чыгуу керек.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(24)
26.09.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кызганчаакмын. Кызганчаактыгымы, ичимдин тардыгын кайын энем да бмлет. Болбогон нерседен кызганганымды байкаган апам озунун кенешин берип, жоошутуп коёт. Куйоомо ишенем, ишеничтуу. Бирок... Мен ишенбегендиктен эмес, жоготуудан коркконум учун кызганам.
26.09.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
мен да аябай кызганам себеби жок деле кызгана берем,бир кызды карап койсо же жон эле салам берип койсо жиним келип урушуп деле кетем
26.09.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менда кызганчаакмын. Себеби жок эле кызгана берем. Озумду колго алайын десемда болбойт. Тан калычтуу экем.
26.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен да ото эле кызганчаакмын кээде жигитим башка кыздын жанында телефон чукуп турса да коруп калсам да кызганып кетем.ичимде эмне ойлогонуму дароо сезгендиги жагат аябай
26.09.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызганыч болуш керек да, ошону менен уй-булоо сакталып турат деп билем. биз да бири-бирибизди укмуш кызганабыз. куйоом кечиримдуу бирок, кызганат да сразу кечирим сурайт. Мен уч кундон кийин..........
26.09.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызгануу керек бирок чеги менен.
Андан ашыкча болсо,оз колокосунон деле кызгана беруу бул ооруу болсо керек.
Эгер Бир-биринди такыр кызганбасан мага барыбир ким менен журсо ошол менен журсун дегендей эле болуп калат...
Ошондуктан чеги менен кызгануу туура бул суйуунун,жоготуп аламынбы деп коркуунун белгиси.
26.09.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менде кызгануу сезими жок. Жолдошума ишенем. Жашообуз да тынч.
27.09.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызганам, бирок билдирбейм. Кызганганга повод бербейт дагы. Кызганып, урушкандан кудай сактасын. Эн негизгиси уй-булоом тынч, кудайга мин мертебе шугур.
27.09.2017. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызганбайм жолдошума 100 пр ишенем бирок жолдошум кызгана берет ото эле.
27.09.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да аябай эле кызганып дрелдей чукуп ар бир созду кыя кетирбейм. Даже окучулук маалда не подарка бергенлен деп алдап сурап алып. Кайра кийин ыыы ушинтипсин эле го ана мына деп атып мээсин жейм да озум кыйналып психим чыгып ыйлап ардеке болом. Кантип таштасам экем эч жакпайт ушу сапатым озумо. Кайра туруп неге буну кызганып атам баркымы кетирип дейм. Ал деле кызганат кайра эстебейт да. Сен неге эстеп чукубайсын а деп кайра баштайм. Озум ойлоп калам эн алгачкы суйуум болгон бир жигит мени аябай
27.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Benazir08,ыыы дегенин жакты,адабий тилге киргизиш керек окшойт,ыыы)))))
27.09.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай кызганып ыйлатчу оло жадагам. Ал ошо сапатын мага таштап кеткен окшойт. Бирок эс тарткандан бери мен ото кызганчаак экем. Даже акелерими да кыздарынан кызганып ошо кызга барып нервин жечумун.мммм сен ишенип атасынбы сени албайт суйлошпо уяты жок уйуно чакырыпсын да а ана мына деп. Себеп анда агент деген бар эле го акемин агентин уктаганда чукуп кийин ал кыздардын абиийирин ачат элем. Мени да биро ошентсе кандай акывалда болмок экем деп калам. Кстати бирок ошо кыздардын бирин да алган жок.
27.09.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Benazir08,абийирин тогуп атсан тийген жок да,а бул кыз кийин жашатпайт экен баарыбир деп)))
27.09.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель эже мен сизди аябай тушунуп турам мурунку жашоонуз боюнча. Менин да жолдошум абдан эле кызганчаак, кислород жетишпей кеткендей туюлат кээде. Ушул кызганчаак жолдошунар болсо тушунушуп бири-бирибизди суйлошот элек. Жаш кезде мен да ойлочусун кызганса суйот жакшы да деп. Озумдун башыма тушкондо бармагымды тиштедим. Абдан кызганчаак, мени эч жакка чынарбайт, бут текшерет, телефонумду айтпай эле коёюн. Телевизордогу ырчылардан дагы кызганып уруш чыгарат, тв да корбойм коркконуман
28.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rozalar,сиздин жолдошунуз ашыкча эле кызганат экен,Аллахтан озунузго сабыр жолдошунузга ыйман тилениз.
28.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омурлук жолдошун же жубайын болобу созсуз экоондо тен кызгануу сезими болот деп ойлойм.Эээээн жаман касиет бул тамактан кызгануу
28.09.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен катынымы олло кызганам жоготуп алгандан корком,ортобузда бир кыз бир уулубуз бар бирок барибир кызганам,жашпыз деп аи демкелерди ойлоп кязганат окшойм деп койом озумчо
29.09.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менинда жолдошум жону жок ашыкча кызганат, жашаганыбызга 10жыл болуп атат деле калбады. Чынын айтсам жок нерсени айта берип асыла берип уже псих болуп калдым, ыйлап ойлоно берип башым ооруп кетет. Бирок ушул кызганчактыгы калар деп умут кылып жашап келем. А мен коп кызганбайм себеби ишенем.
29.09.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашоодо ото оор аялмын бирок,кызганганда оорумдан капли да калбайт тап такыр башка кып кызыл кызганчаак бир демеге айланып калам.Жолдошум шайыр коп деле кызгана бербейт анын кызганткым келсе тузук эле убайым тартышым керек болот ушунча убайым тартып аны кызгантып не кылам деп ойлонуп жатып озум зээригип кетип эээ койчу деп оюмдан кайтып кетем.Ушундай жалкоо болуп баратам ииии.
30.09.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир эле уй булоондо кызганыч болот болуш керек, бирок чеги менен кызганыш керек.
30.09.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызганганда сыщик болуп кетем.
01.10.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда аябай кызганчакмын эч озумду кармай албай калам
02.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тема экен
02.10.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баякуну бироонон кызганам деп, туну менен уктабай нерв болуп чыктым, ар нерселерди элестетип ыйлап да жибердим, куйоом болсо уктап жатат. Эртеси козум шишик, башым укулдап ооруп уйкум канбагандыктан, эртеси айтсам кулот болбогон нерсе учун ушинтсен оорукчан болчудайсын негизи эле ыгы менен кызганыч керек экен. Мага окшоп дайын жок корунгонду элестетип фантазия кылып атып ооруп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: