Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Мээри Шакулина, ырчы: «ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗГАНДАР БАЛДАРЫҢДЫ ОЙЛОП, ДУШМАН АРТТЫРБА ДЕШСЕ ЖҮРӨГҮМ ТИЛИНДИ»

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.


Мындан бир нече жыл мурун кыргыз эстрадасында Мээри Шакулина деген ысым пайда болгон. Ал «Сагынба», «Кечир», «Сүйүү келсе», «Айтпа, айтпа» деген өңдүү ырлары менен элге таанылган эле. Акыркы убакта таптакыр эле сахнадан алыстап кеткен ырчыны айрым ыр ышкыбоздору өзгөчө ысымы аркылуу эстесе, айрымдардын көңүлүндө ыры, келбети менен калды.

– Мээри, кандайсың? Кыргыз эстрадасына өзгөчө ысым менен аралаштың эле, бул ысымды ким тандаган?

– Кудайга шүгүр, рахмат. Жакшы жүрөбүз. Өзүмдүн аты-жөнүм Мээрим Шакулиева. Убагында ырларым менен элге бир аз да болсо таанылдым. Ошол учурда иш-чараларда, концерттерде сахнага чакыруу учурунда атым бир аз ыңгайсыздык жаратары байкалган. Анткени ал кезде кыска ысым менен сахнага чыгуу мода болчу. «Сахнага чакырганда узун экен» деп Ташкент кызы Гүл Мээри Шакулина деп кыскартып койгон.

– Чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеттиң, буга турмушка чыкканың себеп болдубу?

– Албетте, биринчи эле себеби ошол болду. «Кыздын барар жери күйөө, буудайдын барар жери тегирмен» дегендей, мен дагы турмушта өз бактымды табайын деп турмушка чыгып, эне болдум. Жаңы турмушка чыккандагы, эне статусуна ээ болгондогу сезимдер эч нерсеге алмашкыс экен. Алгач бала жытын жыттаган мүнөттөрүмдү бактылуу күндөрүм десем болот.

– Турмушка чыккандан кийин жашоо кандай уланды? Эмне менен алектендиң?

– Турмуш-тиричилик өз нугунда, эл катары өтүп жатты. Жаратканыма шүгүр кылам, мени күн сайын бакытка бөлөгөн наристелеримди берди. Чыгармачылыктан алыстап, балдар менен үйдө болдум. Анткени балдарымдын ортосу 1-2 жаштан. Аларды ишенип бирөөгө таштай алган жокмун.

– Канча баланын энеси болдуң?

– Үч уул, бир кызым бар. Тун уулумдун аты Умар, быйыл мектепке барды. Андан кийинкиси Исхак, мектепке даярдоо курсунда окуп жатат. Эки уулдан кийин кызым Сумайа төрөлгөндө өзгөчө бактылуу болгонум эсимде. Уул төрөлгөндө башка, кыз төрөлгөндө башка сезимдер болот экен. Төртүнчү балам Амир 9 айлык. Эркем, кичинекейим, дайыма күлүп турат. Ар кандай кылыктары чыгып бизди сүйүнтүп турган кези.

– Чыгармачыл адамдардын балдары да таланттуу болсо керек, музыкага жакыны барбы?

– Эки балам оозу менен битбокс кылып эле кыйнала беришет, «ай, койгулачы» деп урушуп калам. Сумайа көпчүлүк учурда ырдап жүрөт. Эмнеси болсо да эң негизгиси акыл-эс, ыйман, ден соолук болсо экен деп тилейм.

– Жолдошуң ырчы, аранжировкачы Эдил Маматов менен таарынышып жүргөн экенсиң...

– Эдил экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жөн гана таарынышууга жатпаса керек. Экөөбүздүн турмушубуз олуттуу себептерден улам бирге уланбай калды. Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Албетте, бул аралыкта балдарына келген жок дебейм. Балдарына келет. Алардын кийим-кечесине, тамак-ашына, окуусуна кетчү, ошондой эле жашап жаткан батирибиздин акчасын таштап кетип турат.

– Ажырашууга эмне олуттуу себеп болду?

– "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп коёт го элибизде. Ортобузга чок салган белгилүү эле ырчы кыз болду. Эл оозунда жүргөн ушак жөн гана асмандан түшкөн жок. Угушума караганда, азыр деле экөө чогуу жашашат экен. Мен башымдан өткөргөн ошол учурдагы соккуну, моралдык жактан жабыркоону эч бир аялзатына каалабайм. Мындай адамдар бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, бир эмес, төрт наристени аттап, ата мээриминен ажыратып, бактылуу жашап кетем деп өздөрүнүн деңгээлине жараша жашап жатышат. Адам баласы чыдабаган, көтөрбөгөн сокку болбойт экен. Мен азыр балдарым менен бактылуумун. Күндөн күнгө акылдарына акыл кошулуп, мага дем-күч берип чоңоюп калышты.
Баарынан өкүнүчтүүсү, азыркы заманда адамдык деңгээлибиз ушунчалык төмөн түшүп кеткенби деп ойлойм. Ыйман, намыс, абийир деген барбы өзү? Ал кыздын айланасында жүргөн жакындарынын, атактуу апасынын тыюуга дарамети жетпедиби деп ойлойсуң. Мени таң калтырганы, тескерисинче, мага коркутуулар келип жатты. «Балдарыңды ойлоп, душман арттырба» деген сыяктуу сөздөрдү укканда кайсы эненин жүрөгү ыйлабасын, канабасын?! Ошол сөздөрдү укканда чок баскандай чочуп, Кудайдан балдарымдын амандыгын гана тилеп калдым. Айрымдар байлык, бийлик менен бардык нерсенин өтөсүнө чыгууга болот деп ойлошот экен. Бирок ал туура эмес жол. Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт.

– Төрт бала менен жалгыз жашоо кыйын. Жакындарың, санаалаштарың колдоо көрсөтүп, каралашып турабы?

– Албетте, мени колдоп, коргоп турган жакындарым, санаалаштарым бар. «Адамды сөз жылытат» демекчи, алардын жылуу сөздөрү мага дем-күч берет. Жанымда такай каралашчу адам жок. Ата-энем, бир туугандарымдын кимиси бош болсо келип жардам беришет. Көп учурда балдарым менен өзүм жалгыз болуп калам, ошондо эч нерсеге жетишпейм. Төрт балама төрт бөлүнгүм келет, бирок кантип? Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам.
Дагы бир жолу айтарым, мындай нерсе эч кимдин башына түшпөсүн. Кандай азап экенин өз башына келген адам гана сезет. Бул мага жашоонун бир сабагы болду. Кыйын күнгө туш келгенде «досум» деп жүргөндөрдүн да чыныгы жүзү билинди. Ошентип, досторум да иргелип калды.

– Сахнага кайтып, чыгармачылыгыңды улантайын деген оюң барбы?

– Сумайамды төрөгөндөн кийин сахнага кайткым келген. «Жан эркем» деген ыр жаздырып, клип да тарттыргам. Бирок Эдил «ырдабай эле койчу» деген. Анын сөзүн туура көрүп чыгармачылыкты биротоло таштадым. Эми кайтпайм. Дин жолунда жүргөн, беш маал намаз окуган адамга сахна анча ылайык эмес.

– Рахмат маегиңе. Балдарың мыкты инсандардан болуп чоңоюшсун.

«Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам».

«Эдил экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(220)
26.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
чымчыктын да уясы бузулбасын, бир балам менен мен аран чыдагам мындай соккуга, бирок Аллага чексиз шугурлор болсун, бир нерсени жоготсон ордуна андан эки эсе жагымдуу нерсе орнолот, куйоо болбосо дагы башка жагынан, мына коросуз коп болсо 2 жыл созулат мындай сезимдер... Баары жакшы болгон кун коп болот, ошондо ойлоносуз эмне учун коз жашка татыбаган адам учун ыйладым деп...
strangergirl түзөттү 2017-09-26 12:37:36
26.09.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен тушундум ким жонундо сөз болгонун. Бирок көз менен корбогондон кийин каргап шилеп жаман сөз айтпагылачы
26.09.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ахх Мээрим кандай гана бактылуусун ТОРТ балан бар экен!! Бар более ар дайым
26.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким болду экен
26.09.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Баласы тогуз айлык ажырашканына бир жарым жыл болсо...
26.09.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Batma08, 9 ай болсо, 9 ичинде которот да башты иштеткилечи. Не готовый тушоо калабы сага?
26.09.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Batma08,не демекчисин ошондо?
26.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Batma08,бала жаны боюнда болгондо кетсе керекда, ошондогу абалына боорум ооруп кетти, бирок аял заты кучтуу келет, кучтуу болунуз
26.09.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Batma08,эсептей албагандан кийин жон эле койсонор, шыпшына бербей. 9ай которот, дагы 9ай болуп калса. 1жыл сегиз ай болуп атпайбы. 3айлык боюнда таштап кетиптир. Эми эркектер ото эле бузулду деп эле какшап жазып келем. Торт баланын деле убалы бардыр да.
26.09.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Batma08,эсепти билесинби. Баласы 9 ай ичинде, анан торолгонуно 9 ай.Общий 18 ай болуп жатат.
26.09.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол кыздын атын жазып койгулачы, эл билсин ким экенин. Концертине барбай бир аз да болсо тартипке чакыралы. Рахмат
26.09.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Aruwka.89, omu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Оозеки эскертүү!
28.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы ырчыны айтып жатат ошондо
26.09.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХ ны аябай жакшы корчум эле,негедир аны ушундай жек коруп калдым. Урматтуу супер эмки санда ХХХ ХХХ интервю алгылачы, анын берген маегинен байкайлы азыркы учурда жургон журушун.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-28 10:52:37
26.09.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мерриден ошибка кеткен болсочу коментти жазарда ойлонгула
26.09.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Демек ХХХ ХХХ ушундай жолго барганы чын экенда уят жапжакшынакай эле кыз озунун Тенин тапса болмок
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:15:50
26.09.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azikou, далили жок кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз. Эскертүү!
26.09.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дааа. 4баласы менен кантип ыйман жолунда жургон аялын таштаган кандай эркек болду экен. Эркек деп да айтканга ооз барбайт. Ал эми ойношу болгон ырчы апасы да ырчы бул ким эле деген ойлор келип жатат. Албетте кыргызстанда ХХХ жана кызы ХХХ деле ьашка апасы кызы ырчы болгондор болсо керек. Бирок деген жери барда.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:26:53
26.09.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мээрим эже сынбаныз баары жакшы болот.мен сиздин класиашыныздын синдичи болом.кадырынызга жетбеген эркек эркек эмес жердешим
26.09.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
13жашар баланын арманы деген ккинону ырын угуп коруп кой мееримдин экс жубайы ошондо тушуносун.
26.09.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айиии билип билбей эле ХХХ ХХХ жерден алып корго кылыпсынарго..бальким ал эмес...энеси белгилуу ырчылар копко...мисалы ХХХ ХХХ ал да соо жургон кыз эмеско..бальким ошо...озулорун жашоосун озу билишетда..куноо эч убакта бир жактан кетпейт..эдилдин куноолорун мойнунарга ала бересинерби...ошондо эдил бойунда бар кезинде таштап кеткен болобу ээ??? Бир жарым жыл болсо ажырашканына?? Баласына 9 ай болсо..общий 1 жыл 5 ай кетиптир...ошондо бойунда барда таштаптырда...
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:27:55
26.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эдилдин башка кыз менен мамилеси бар болсо байкуш мэрини арка аркасынан торотпой эле койсо болмок экен сактанып...эгер ырчы кыз чын эле ХХХ ХХХ болсо ал экоо жонундо коп жылдан бери эле ушак ээрчип журбоду беле...анае аялын торотпой сактанса болмок экен..баары бир таштап кете тургандан кийин..торт бала деген жалгыз багыш азапда.тем более кичинекей экен..мэри эч кайгырба балдарындын узурун кор.азыр алар кичинекей кыйын болуп аткандыр сага жалгыз..бирок чоноюшса сени алаканга салып баг
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:28:36
26.09.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эркекти бала менен да тамак менен да кармабайсын деген ушул эркек ким менен жашаса озу билет!!!! бирок ХХХ шумдук экенсин
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:28:48
26.09.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
stervella415, ady-88, eilona, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө болбойт! Эскертүү!
26.09.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Беглилуу ырчы кыз, атактуу апасы дебей эле ХХХ ХХХ деп эле атып, интервью бербейт белениз, эжеке! Ал кыз уй-булолу адам мн жургондон ал уялбаса, анын атын атын айткандан сиз эмне уяласыз?

Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:54:14
26.09.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Begaiko, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
26.09.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begaiko,личкага жазып койчу кайсы ырчы аябай кызыгып атам мен жолдошуму ошол ырчыдан коргойюн ал башкасын да куурутат
26.09.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
4 бала эмес 1 баланы жалгыз чонойтуу кандай кыйын, мен эки баламды катар тороп,жолдошум Кайненем кошулуп карашса да ото жоопкерчиликтуу экенин, оной эмес экенин тушундум, а эгерде ооруп калышса Жан дуйнон сыздап жакшы болгуча шашасын.Андан дагы после родовые депрессия, ото чувствительный болуп каласын го, Шакулинаны абдан тушунуп турам сабыр берсин кудайым, мотурайган балдарын кантип таштап кетти ата соройу..((

26.09.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бул атактуу эжебиздин чон кызматтада, черныйларда да тааныштары коп эле. Бул интервьюдан кийин Мериге залакасы тийбесе болду.Эдилда Бир кун картаят. Акча табуу мумкунчулугунон ажырайт. Бироого коз каранды болуп калган кезде,балдары зынкыйып иштеп апасын алаканына салып калган кез келет. Сабыр, Мери сабыр.Атактуу эжекебиздин кызына болсо соз жок. Торт баланын убалы, эненин коз жашы бактылуулукка жеткирээр бекен?
Shahrizaada түзөттү 2017-09-26 14:51:04
26.09.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Инстада 2 жаат болуп кырылышыпатат го. Боюнда болуп тийгенсин кетип калганда жалдырап чакырып журуп тороп алдын деп. Башы жок эркекти бала менен да кармай албайсын.
26.09.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
dina, Биринчисин боюнда болуп туруп тийип, акыркысын чакырып журуп торогон кундо да калган эки баласы асмандан туштубу? Бул ХХХ актанганы! Кайсы нормальный эркек 4 бала болгонго чейин чыдап жашасын? Озун кантип акташты билбей ойлоп тапканы ушул болуптурбу? Улуу баласы мектепте барат экен. Бул любой аялдын башына тушо турган кыйынчылык. Торт бала эмес, бир баланы багып коргулочу! Супер Админ ушундай 4 баланын энеси, 5 убак намаз окуган Мээринин атына шек келгендерди очурбой, каяктагы
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 15:26:15
26.09.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akberdiev, каяктаГы ХХХ защищать этесинер!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 15:23:31
26.09.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Akberdiev, этика нормаларын сактаңыз!
26.09.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akberdiev, сын-пикирди тиешелүү дарекке жазыңыз. Дагы кайталанса, катуу чара көрүлөт.
26.09.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эдил окусан сага айтарым мындан кийин шым кийип жүрбөй эле кой.Бул кылганын өтө ката.Эркек болсон мынча жүктү алсыз аялга артпастан кайра ал.Мээри сага кудайым сабыр берсин.Чыдайсын буюрса жакшылык күндөрүн алдыда.
26.09.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куноо балким Мээримде деле бардыр, Ким билсин. Торт балага убал ортодо. К стати оронгон суротторунун арасына жарым жыланач илгерки суротун кошпойле койбопсунар супер инфо. Же Мээрим озу алып келдиби? Менимче архивден эле сууруп чыгып коюп койдунарда.
Shahrizaada түзөттү 2017-09-26 15:01:07
26.09.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кудайым жазасын берет аларга Мери
26.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Билинип эле калды уже кайсы кыз экенини.
Откондо кантип уялбай интервью бердин Мери мн жакшы мамиледебиз деп кудайдан корксон боло
26.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайсы ырчы кыз
26.09.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ ХХХ. тааныш кыздарым айткан болчу эко чогу жашашат деп
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 15:19:27
26.09.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aida94, так далили жок, кимдир-бирөөнү каралоодон алыс болуңуз!
26.09.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
maya93, Aida94, так далили жок, кимдир-бирөөнү каралоодон алыс болуңуз!
26.09.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ХХХХ ХХХХ ХХХХ,мейли эми 4 баласы менен жалгыз калган аял бактысыз калганын көргөн эмесмин Аллах скор в наказаниях деп коет эмеспи кайра кайтып келет эми бул эркеке ким кепилдик бере алат 4баласын таштагандан кийин 2чисин деле таштап кетиши мүмкүн..тем более если она родит ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-27 10:17:43
26.09.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zarem.a, сын-пикирди gazeta@super.kg электрондук дарегине жазыңыз! Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 17:35:36
26.09.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zarem.a,Туура жазыпсын менда ушундай комментарии жазайын деп жаткам. Эми жон гана толуктап коеюун: 4 баласын таштап кеткен ал ХХХ, Мэри кайгырба значит жаратканым сени от ХХХ избавлял. Коросун сен же бактылуу Адам болосун ырдап чык уйдо отурсан чумчуп кетесин.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-27 10:18:19
27.09.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko, кимдир-бирөөнү мазактоого жол жок! Эскертүү!
26.09.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чыгарылган суроттор интервью берип аткан каармандан сурап анан чыгарылабы, оронгон адамдын мурунку суротун эмнеге жариялайт деймда.
27.09.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aikarus8384, менимче Мээримдин мурунку суроту элдерге Ким жонундо соз болуп жатканы тушунуктуу болуш учун коюлса керек
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: