АЙПЕРИ КУЛБАЕВА АСТАНАДАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ
№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

Ырчы Айпери Кулбаева Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык «Spirit of Desht-I-Kipchak» этникалык маданият фестиваль-сынагына катышып 1-орунду алып келди. Жеңишин сүйүнчүлөгөн ырчы: «Аталган фестиваль-сынакка катышуу сунушун мага Саламат Садыкова эжебиз чалып айтты. Мен ырдап 40 өлкөнүн ичинен 1-орунду алдым. Жеңүүчүнү диплом, акчалай байге менен сыйлашат экен. Мага 1500 доллар ыйгарылды. Минтип эмгегимдин акыбети кайтып кубанып отурам»,- дейт ырчы. Байгеңиз кут болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Тамаша албетте. Талант мн кээде характер дал келбейт. Кантседа куттуктайбыз, элибиздин намысын коргоп келди. Элге ошол керек эмеспи башкысы