Ырчы Анжеликанын жеке жашоосуна байланыштуу кептер социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, 3 кыздын ата-энесин ажыраштырып да жиберишти. Ырчы кыздын жашоосунда эмне жаңылык бар, аны өз оозунан угалы:
– Интернет сайттардын бирине «Анжелика күйөөсүнүн көзүнө чөп салып кармалып калып, ажырашты» деген жалган сөздөр менен буйрутма видеоматериал жарык көргөн. Ошондон кийин элдин баары «сен ушинтип ажырашкан турбайсыңбы?» деп сурай башташты. Бул мен үчүн күлкүлүү болду. Анан кичүү кызыбыз Айлиндин туулган күнүндөгү Урмат менен түшкөн сүрөттөрдү интернетке киргизсем, «ий, жарашкан турбайбы» деп жаза башташты. Эл бизди жөн жерден ажыраштырып, кайра жараштырышты. Урмат биз үйлөнгөнгө чейин 10 жыл Орусияда иштеген, ал азыр деле ошол иштери менен алек. Буга чейин дайыма жанымда болуп, чогуу сүрөткө түшкөнүбүздө да «жолдошунун кыларга иши жокпу?» деп жазгандар болду. Мен жасалма кирпиктеримди алып, боёнбой деле сүрөткө түшө берем. Боёнбогондогу сүрөтүмдү илсем «Анжелика түнү менен ыйласа керек, көзү шишип калыптыр» дешти. Ошонун баарына жооп кылып, «көзүм шишийби, ажырашамбы, жарашамбы бул менин ишим» дегим келди. Жолдошум экөөбүз жеке жашообузду эч кимге жарыялабайбыз деп сүйлөштүк.
star@super.kg
Толугу менен кошулам!
Ар санында Анжелика тажатты!!!
Yrdabai ele koichu Anjelika gde ya gde ty dep klip tartyp akchanyn kuchu da. Unu jok makiyaj menen suluu bolup alyp Jon ele sahnada jurot.sany bar sapaty jok yrchylardyn sanyn toluktap , Instagraga tamagynan beri koet,tolko tualettin surotu kaldy kosholek anan dagy jeke jashoomdu jariyalabaim dep koet, elge kyzygy jok uje.ukkum da kelbei kaldy,tajattyn
башына каска кийип, окоптон чыгат дейт ))))))
берет.Сага уй булолук бакыт.
1. Такталбаган маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Туура айтасыз)
Анжелика, Назира Бердигулова, Асель, Асема, Сайкал, Самара, ушулар эч эле суйлоп бутушпос темага айланды!
Чыныгый Таланттар осуп чыгып келе жатышат! Бириси Толгонай Арзыкеева! Татынакай, Жонокой, Уну керемет! Канча деген тилдердерде ырдайт! Карча деген аспаптарда ойнойт! Чыныгый Талант!