Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Боинг кырсыгынын жабырлануучусу: «КАРЫНДАШЫМДЫ ТОПУРАК АЛДЫНАН СУУРУП ЧЫКТЫК. АРАСЫНДА ИЧЕГИЛЕРИ ЧУБАЛЫП КАЛГАНДАР ДА БАР ЭЛЕ»

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


2017-жылдын 16-январында бейпил жаткан айылдын башына кырсык келип, 39 кишинин өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз абалга кептеген. Жакындарын жоготкон адамдардын жарасы алиге чейин айыга элек. Каза болгондордун ар биринин өзүнчө тагдыры, максаты бар эле. Кырсыкта карындашынан айрылган Урмат Исаков ал күндү төмөнкүчө эскерди.

«УРАНДЫНЫН АЛДЫНДА КАЛГАН ЖЭЭНИМДИН ҮНҮ УГУЛУПТУР»

– Бул кырсыкта мен карындашым Гүлжанды жоготтум. Кичинекей баласы менен сөөгүн топурак алдынан чыгардык. Ошол күндү эстесем ушуга чейин жаман болом. Саат канча экени эсимде жок, али таң агара элек маал болчу. Алыстан жапжарык болуп келип эле дүң деген үн чыкты. Терезени карасам кошуналар жүгүрүп жүрөт, үйлөр кыпкызыл болуп күйүп жатты. Менден бир аз алыс жашаган карындашым Гүлжан үй-бүлөсү менен эсиме түшүп, кийинбей эле жүгүрүп чыктым. Учактын вентилятору жерде жатыптыр, ага чалынып жыгылып кыр сөөгүмдү оорутуп алдым.
Карындашымдыкына жетип келсем үйү жалбырттап күйүп жатыптыр. От деген жаман экен, эч бирибиз киргенге даай албай койдук. Сыртта карындашымдын эки баласы жылаңач отурушуптур. Кайра үйгө чуркап барып эле кийим алып келе калдым. Карындашым менен кичинекей баласын таппай «жок эле, жок» болуп, издеп жаттык. Жарык кирип калганда өрт өчүргүчтөр, «Тез жардам», ӨКМнын адамдары, Дача-СУнун соо калган тургундары келип каза болгондорду алып чыгып тизе башташты. Аябай жаман көрүнүш. Биринин ичегиси чубалып жүрөт, биринин жартысы күйүп калган, биринин колу-буту... Айтор, алаамат болгондой болду. Баарын жүктөп шаарга алып кетишти. Анан моргдон карындашым менен баласын таап, Кочкорго алып барып жерге бердик.
Күйөөсү таң атпай от жагып жаткан экен, ал үйдүн сыртына ыргып кетиптир. Үйдө карындашым, үч уулу, иним бар экен. Учак келип үйдү талкалап өткөндө баары эле топуракка аралашып калыптыр. Иним өзү эптеп чыгып, бир жээнимди топурактын арасынан сууруп чыгыптыр. Анын бети, кулагы күйүп, ооруканага жатып чыкты. Экинчи баласы топурактын алдында калыптыр. Экөө топурактын алдын казып издеп жатышса «ы-ың» деген эле үн чыгат. Көрсө, экинчи жээним топурактын алдында басылып калыптыр. Ошол үндү уга калып казып жатып экинчисин аман чыгарып алышыптыр. Ошентип эки баласы аман калып, үчүнчүсү, мектеп босогосун жаңы аттаганы жаткан уулу апасы экөө каза болду.

«ЖАҢЫ ҮЙҮНӨ БИР КЫШ ДА КЫШТАБАЙ КАЛЫШТЫ»

– Мындай кырсык эч кимдин башына келбесин. Бул жерге 2016-жылы эле көчүп келишкен, жаңы үйүнө бир кыш да кыштабай калышты. Балдары жаман болушту. Жээндерим бири 11-класс, экинчиси 9-класста. Апасын эстеп куран окуп, «апам болсо баары башкача болот эле» деп ыйлап алышат. Ары-бери өтүп мен да эстеп жаман болом. Үйү пайдубалынан бери жок, сапырылып эч нерсе калбаптыр.
Карындашым атасынын жакшы көргөн кызы болчу. Колу ушунчалык жөндөмдүү эле. Бир нерсени карап туруп эле окшоштуруп тигип бере салчу. Тигүүчү болуп иштечү, үйгө да буйрутма алчу. Учак түшөрдүн алдында эле кичинекей балама тумак тигип барыптыр. Улуу балам болсо Жаңы жылда «Зорро» болуп кийинип бармак. Биздин колубуз бошобой, базардан кийим алып бере албай калдык. Сабактан кирип келе жатып эле Гүлжан эжесине кирип «мага ушул форма керек болуп жатат» десе жарым сааттын ичинде тигип кийгизип коюптур. Үйгө «эжекем тигип бере салды» деп сүйүнүп келген. Аябай эмгекчил жан эле, жалаң колунун жөндөмү менен балдарын багып, эч нерседен кем кылган жок. Ар бир баласына өз-өзүнчө тамак жасап бакчу.
Мамлекет бөлүп берген акча калыс эле тийдиби билбейм. Күйөө балам алса керек. Учурда шаарда жашашат. Жээндерим менин колумда болчу, жакында эле шаарга атасына кетишти.

«УЧАК КЕЛЕ ЖАТСА БИЗ ЭМЕС, МЫШЫК КИРЕРГЕ ЖЕР ТАППАЙ КАЛАТ»

Дача-СУ аймагында учурда тургундар жашап жатышат. Алардын кырсыктан кийинки абалдары кандай? Бул тууралуу кийинки каарманыбыз Исак Анарбаев айтып берди:
– Учак түшкөндөн бери жабыркагандар мына биз. Үйлөрүбүздөн жарака кетти, эл чогулткан акчадан бизге 25 миң сом тийди. Айрымдарга 70 миң, 40 миң, 30 миң доллар жардам берилди деген имиштерди угабыз. Кырсыктан эки кызым, келинчегим психологиялык жардамга муктаж болуп ооруканага жатып чыгышты. Окуядан кийин 2-3 ай ичинде медициналык жардам катары психологдор келип турган. Андан кийин эч ким келген жок. Бир кызым катуу коркуп калган экен, жалгыз баспайт. Басып баратып эсин жоготуп койчу болду. Сабакка бара жаткан жеринен жыгылып калат. 9-класста окумак, эми аны кайда окутам, эмне кылам, баш катып жатат. Чындап жардамга муктаждарга эмес, эки буту соо басып иштеп жүргөндөр жардам алып жатат. Үйлөрдөн жарака кеткен, чатырлары сынган абалда эле жашап жатабыз. Мамлекет көчүрбөйт же көчүрөбүз дебейт. Ошол боюнча эле күн кечирип жатабыз. Бир-эки аял бакырып чыга калса эле, ошолордун оозун басып 25-30 миңден берип коёт, биз эч нерсе кыла албай отуруп калабыз. Максатыбыз – бизди ушул жерден көчүрсө дейбиз. Бул жер кооптуу, анан да кырсык болгон күн ар бир кадам сайын эске түшөт.
Бир окуяны айтып берейин. Ошол күнү үйлөр өрттөнүп жатканда бир мышыктын жону жалбырттап күйүп жатканын көрдүм. Чуркап барып өчүрүп, үйгө алып келип багып алганбыз. Күйүп кеткен жерлери айыгып, эми жүн чыгып калды. Ошол мышык дүрүлдөп учак учуп келе жатса тырмалаңдап коркуп мештин астына же бир жерге кире качат. Биз деле ошол мышыктай эле коркобуз. Учак келе жатканда үрөй учат. Бул кырсыкта жалаң жаштар кетти. Элестеткиле, кечинде уктап, эртең менен жок. Эмне дейбиз, жаткан жерлери жайлуу болсун.

"Кырсыктын курмандыктары 34 жаштагы Гүлжан жана үчүнчү уулу".
"Өрттөн аман калган мышык учактын дүрүлдөгөн үнүн укса, кирерге жер таппай калат".


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



Боинг кырсыгынын жабырлануучусу:"Учак учкан сайын коркобуз"

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
17.10.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жаткан жеринизде жайлуу болсун.окунучтуусу кыйынсынган чондорубуз жардам бере албагандары.
17.10.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ушул элге болунгон акчаны жегендерден тешип чыксын!!! Онбой калгыла акмактар. Наркы дуйнодо жооп беришинерди да ойлогула. Кудайдан коркпойсунарбы деги силер. Ошол товар кимдики болсо да тообо кылбасан наркы дуйнон тозок болотко.
17.10.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушул Ажо болумуш келгени бери кандуу окуялар,олум коп болду. Канчалаган адамдар олду. Эми ушуларга топтолгон акчаны баарына бирдей кылып болуштуруп берсенер болотко. Куйосун да жон эле.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-17 11:01:26
17.10.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жараткан Алла Таала озу жазалайт ал кун ото окунучтуу болот.
17.10.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кочурушпойбу деймда буларды жер тилке берип эмне коп жер копго тооба, акча болсо кенен жыйналган,ошол акчанын бир сомун тиешеси жок адам жесе тешип чыксын!!!
17.10.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
шайлоого деп жер кыдырып суротторун плакатка чыгаргыча,бей бечараларга жардам берип уй жай берсе ошол адамды жан деп эле шайлап алмакбыз.
17.10.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындап эле чет жакта иштеген мигранттар жардамга коп акча которушпады беле, жок дегенде ошону туура так болуп беришпептир да. Компенсация деле толоп берип атышат. Ким жесе да тешип чыксын. Акыретте жооп бересинер дымагы чондор!
17.10.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Самалеттогу жүктүн ээси мен бай адаммын деп барган жеринде мактанат байлыгыңдан бербейсиңби ушул кыйналган адамдарга эл билбейт деп жүрөт окшойт
Медиа-портал
17.10.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Москва,Красноярск дегеле Россияда жургондордон миндеген акча чогулган.Чондордон эмес карапайым мигрант болуп жургон адамдардын жардамын оз дарегине жеткирип беришсе болбой беле,ортодон жеп калышпай. Айта берсен жан ачышат жинин келет. Озунун чонтогунон чыкпаса башканыкына тийбей эле коюшпайбы. Ошол куну укканда кабыргам кайышып,жанылыктарды уккан сайын ыйлагам.Не кылайын колумдан келсе жабыркагандардын барына уй салып ,ооругандады Бекер дарылабайт белем.Ортодон жегендерден тешип чыксын.
17.10.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жердин,жерде жашагандардын кудай учун чымындын канатынча кадыры жок!!! Чиновниктерге Рахмат
18.10.2017. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чырактай жап жаш балдардын он гулунун бир гулу ачылбай кеткени окунучтуу. Эми оздору акча болуп кыйратпаса дагы жок дегенде элден тушкон акчаны элге бардыгын беришсе эмне, жарымын кулкунга салбай акмактар,Кудай жеткирээр силерге.
18.10.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
103 миллионбу 133 миллионбу.айтоор эсимде жок.Элден чогулган акча дешти эле.ал акча кай жакта?урматтуу Супер.кg ушул тууралуу.тактап жазып чыксанар.ар бир жабырлануучулар канчадан акча жардам алышты?
23.10.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cfif03748,чындап эле Дача-Суга озунор барып интервью алгылачы, же силерге да кысым корсотулуп калышы мумкунбу
18.10.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал акчаларды дагы бироолор жедида тешип чыксын ошол акчалар
18.10.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кана милион акча жыйып тамак аш камдап жатпады беле.Президент болом деп акча чачгыча элге жардам берсенер боло.Жок биз кыргызбыз го.Эмне учун мындай мамиле жасайбыз.Ыктыярчылар бул масалени колдоп чыгалы
20.10.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элден чогулган 103миллиону эле 35адам каза болуптур ошолорго болсо эле почти ар бирине 3миллиондон тиет экен, башка жака кочконго там салганга жете турган эле акча болчудай го эми турктор берген акчаны айтпай эле коелу чондор уят ушул акчаны жегендер копко барбайсынар го.
23.10.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jieke8777,Балким ал акчаларды угут ишине иштетишкендир!
20.10.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канча миллилон акча чогулду,бооолгону "25мин".... Эххеей. Ото уят. Бети жок,акмактар. Кандай нерсе десе да жарашат . Журок, мээр, ан сезим олуп калганбы?
23.10.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президенти айтыштан пайда жок президентике талапкерлердин кимиси ошол куну ошол жерге барып эл менен бирге кайгы болушту?! Бири да барбады!Кечке жомок айтып айды алып берем деп калп айтса добушунарды саттынар!Текабаевди жаман дебей бирок ошол киши барды ошол киши бийликти сындап журду азыр камакта кандай болгон кундодо жаман болсо да Атанбаевден мин эсе жогору киши экен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: