Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МАЙРАМБЕК ОСМОНОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "АЯЛЫМ МЕНЕН ЖАРАШКАНЫМА ЖАРЫМ АЙ БОЛДУ. БАЛДАРЫМДЫН КЫЖАЛАТ БОЛУШУН КААЛАБАДЫМ"

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


«КАЙСЫ АРЫМА КӨБӨМ?»

– Ар бир пенденин тагдырын Алла Таала күн мурунтан маңдайына жазып коёт экен. Айланаңды карасаң оорчулук жашоо келгендей, мисалы, адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү. Мунун баары адам бардык нерседен дүнүйөнү алдыга коюп койгонунан. Мисалы, өткөндө колунда бар бир адам «Маке, мен бүгүн 3 адамга 5 сомдон садага бердим, болобу?» дейт. Бул болбойт. Садаганы алган адам бир тоё жеш керек.
Бөлөк-бөтөнгө жардам бере албасам да ата-энеме, жакындарыма кайрымдуу болууга аракет кылам. Мисалы, апама күнүгө телефон чалам, ай сайын жакшылык кылууга аракеттенем. Ден соолугун чыңдоо үчүн ар кандай санаторийлерге жиберем, көптөн бери көрүшө элек туугандарын кыдыртам, кыскасы ушундай. Адамдын көзүн май басып, «мен» деп көөп калганда кыйынчылык келет экен. Менин көпкөн учурум болгон жок. Кайсы арыма көбөм? Атам 40 жыл темир уста, апам барсканчы болгон. Экөө бизди кыйналып чоңойтушкан. Атам жалгыз бала болсо, апам жетим өскөн. Ата-энебиз өздөрү өткөргөн турмушун, бизди кантип чоңойткондорун кулагыбызга куюп чоңойтушкан. Таенем апама колхоздун чөбүн чабышып кел деп эшегин берчү экен. Эшек да аял кишинин алсыздыгын билет окшобойбу. Кош бойлуу, колунда көтөргөн баласы бар апама эшек жаткан жеринен турбай койчу тура. Апам байкуш талаанын алыстыгына карабай жөө барып колхоздун чөбүн чаап бир сындырым нан тапканына сүйүнүп келгенин айтып калат.

«МЕНИН ООРУМ – КУРУЛУШ ИШТЕРИ»

– Атам уста болгондуктанбы, сырттын жумушун жакшы көрөм. Менин оорум – курулуш иштери, мен ансыз жашай албайм. Колума акча тийсе эле тактай алам, үй курууга керектүү аспаптарды алам, эскисин айылга жөнөтөм. Аялдын ишине эч качан кийлигишпейм. Бир жолу бир аял көчөгө чогултуп койгон топурак аралашкан таштандысын айры менен салып жатат. Топурак айры менен алынабы, өзүң ойлосоң? Анан мен «ме, калак менен сал» деп калагымды алып барып бердим. Муну мен майдачылдык эмес, көрөгөчтүк деп билем. Аял үйдө болгон мезгилде «чайыңды бер, кетейин» дегенден ашык сүйлөбөйм. Эгер аялдын ылаңдаган оорусу кармап калса, мисалы, «жасабайм, бүгүн эч нерсеге көңүлүм чаппайт» десе унчукпай эле тамак жасап, балдардын кийимин үтүктөп, бут кийимдерди сүртүп коё берем. Анткени мен аялсыз жашап, мындай иштерге бышып калгам. Идиш жууп,тамак жасап койгонду жардам деп түшүнөм. Мисалы, менин кызыма күйөө балам колдоо көрсөтүп, жардам берсе мен сүйүнөм.

«ҮЙ ТАЛАШЫП ЖҮРҮП АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ЮРИСТ БОЛДУК»

– Жашоодо ар кандай сыноо болот экен. Үй-бүлөмө байланыштуу сыноону мен да башымдан өткөрдүм. 2009-жылдан ушул жылга чейин жубайым экөөбүз үй талашып соттошконубузду көпчүлүк билет. Балдарымдын улуусу жетинчи, кичүүсү үчүнчү класс, үчөө тең акыл-эсине кирип, көп нерсеге баам сала башташты. «Ата, эмне үчүн биз ушинтип кыйналышыбыз керек? Эмнеге биз бактылуу болбошубуз керек? Эмнеге биз чогуу жашабайбыз?» деген суроолорду бере башташты. Анан мен ары ойлонуп, бери ойлонуп калчап отуруп, балдарымдын тың чыкма апасын үйгө алып келгем. Кайрадан чогуу түтүн булатып жатканыбызга жарым ай болду. Үй талаштын эсебинен мен дагы, жубайым дагы юрист болдук. Азыр кимде үй маселеси болсо «консультацияны» укмуш берем. Мен дагы үйлөнүп, ал төрөп, кайра бала бакчага каттап жүрөмбү. Анын психологиясын түшүнүп, арам-адал ойлорун жаттап, жүрүм-турумун тактап отурбай, балдар чоңоюп калганда, буларды жер каратпайын деп аялым менен жараштым. Балдарым эртең эле турмуш жолуна аттанышат, ошондо тойдо «атам келет бекен?» деп кыжалат болушун каалаган жокмун.

«ТАКЫР КЕКЧИЛ ЭМЕС ЭКЕНМИН»

– Аялым мени 8-9 гезитке жамандап чыкканда, мен кырк күндүк дааваттан келгем. Ошонун мага аябай пайдасы тийди. Гезитке чыкканымды жөн гана кабыл алдым. Көпчүлүк «Майрамбек, эр жигиттин башына эмнелер келбейт, сынбай, чөкпөй, сабыр кыл, жеңип кетесиң, бул деле унутулуп калат» дешти. Башымды жерге салып алып бекингеним жок. Тескерисинче, башымды бийик көтөрүп алып элдин жакшылыгында кызмат кылдым. Ырларымдын эки-үчөө хит болду, наам алдык.
Келинчегимдин мени жамандаганынын негизги себеби кызганыч болду го дейм. Балким, мени башкага бергиси келбегендир. Ага болгон мамилемдин башкага арналышын алдын алып, жан дүйнөсүндө будуң-чаң болгондур. Мен азыр аялым менен жарашып эрдик кылдым дейм. Ушундай оош-кыйыш жашоомдон кийин өзүмдүн кекчил эмес экенимди түшүндүм. Азыр жашообуз мурункудай эле уланып жатат. Укмуш өзгөрүүнү деле байкай элекмин, анткени чогуу жашаганыбызга жарым ай болбодубу. Азыр жарнама, кино баштала элек дебейинби. Жалпысынан бири-бирибиздин сырыбызды билебиз. Ал эмоцияга алдырып сүйлөй баштаганда эле «уруштун сөзүн сүйлөбөчү, мен тынч жашагым келет» деп тыйып жатам.

«АЗЫРКЫНЫН ЭРКЕКТЕРИ АЯЛЫН УГУП КАЛЫШЫПТЫР»

– Азыр биздин эркектер энесине кылбаган жакшылыкты катынына кылып, энесине айтпаган жакшы сөздү аялына айтып калышыптыр. Аялы кыл десе кылат, кылба десе кылбайт. Ар ким өзүнүн оорусунун дарысын издейт дегендей, мен ушуга аябай иликтөө жүргүзүп, апаларыбыз менен көп сүйлөштүм. «Апа, келиниңиз кандай чыкты?» деп сурасам «келин кара жерге кирсин, балам ошонун этегине кирип алган» деп калышат. «Санаторийге ким алып келди?» десем, көпчүлүгү «кызым» дешет. Ата-энеге кыз киши күйөт экен. Өзүмдүн эле агаларым «жеңеңден сура» дешкенин билем. Аял кишилер үйдөн бир нерсе ысырап болуп, талаага чачылып кетсин дешпейт. Бирок кайненеге келгенде жакшы ниеттерин жабышат экен. Мен муну аябай көп көрдүм. Апам менен жубайымдын ортосунда кайым айтышуу деле болгон эмес. Психологдук жайым күч, аялым сүйлөй электе эле анын турпатынан, кыймыл-аракетинен апамды жаман көрүп жатканын билчүмүн. Апам тарсылдаган, бетке айткан, ичине эч нерсе жашырбаган адам. Элдешкенден кийин жубайым менен апам жаткан ооруканага бардык. «Садага болоюн, арыктап кетипсиң» десе, тигинин көзүнөн жаш тегеренди. Кандай болгон күндө да эрди-катын урушуп жатканда эч качан ата-энени аралаштырбаш керек. Ушул нерсе жаман экен.

"Аялым эмоцияга алдырып уруш баштаганда тыйып турам".
«Улуу балам 7-класста окуйт, футболго кызыгат. Кызым 5-класста билим алат. Андан сырткары англис, кытай тилдерин өздөштүрүп жатат. Кичүүм 3-класста окуйт, эмки жылы бул да футбол ойнойм деп жүрөт».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(57)
17.10.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эч бир адамдын уясы бузулбасын. Бактылуу болунуз. Жарашып туура кылыпсыз,кантседа балдар бар экен ортодо.
Сезим деген ыры аябай жагат.
17.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
адашкандын айыбы жок,кайтып уйун тапкан сон. аябай жакшы иш кылыптырсынар. корогоч экенсиз, чын эле балдар эле кыйналат да. Алла Таалам силерге бакыт, сабыр берсин. эки дуйно бирге болгула
17.10.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Бул аялы деле торойт да".Жакшы болуптур жарашкпны.Бактылуу болушсун
17.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ото майдачыл Адам. Айланып келип эле аялын жамандай бериптир
17.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайсы маеги болбосун, айры менен топурак салып жаткан аялды коргонун айта берет. Адан башка олутту окуя болгон эмеспи турмушунда.
19.10.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NaМайрамбек байке ушунча жамандапсыз жарашпай жатып. Ьиротоле абийирин айрандай тогуп коюнуз да. Тошокто канаатанабы же канаатанбайьы,согончогу чоорбу же тазавы,даарат алса кайсы колу меннен жууйт аялыныз баарын айтып бериниз. Ташы калдывы эми
Nanei түзөттү 2017-10-19 17:12:38
17.10.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Майрамбек байке өтө акылдуу, көрөгөч экени билинип турат. Аялыңыз жакшынакай экен, кайра жарашканыңыз туура болуптур, экөөң тең эрдик кылыптырсыңар! Эми кармашкан колуңар эч ажырабасын, кечиримдүү болуп, ынтымакта турмуш кургула, албетте балдар үчүн!
17.10.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары жогун балп эттирип айтып салыптыр го кайнене келин жеңелерин .Ушуну мн Калматова мн акыйым бүттү деп интервью берди эле жарашканыңар өзүңөргө жакпаптыр бирок балдарга жакшы болуптур.
17.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызыктуу маек бериптир,суйлогону жакты,озунчо бир баяндама..кыскаметраждуу кино коргондой эле болдум))
Азаматсыз,уй-булонузду сактап калганыныз жакшы,балдарыныз менен бактылуу болунуз!
17.10.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чыныгы ЭРКЕК! Апасын сыйлаганы аябай жакшы.
17.10.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талантуу инсан,талантын баалайм,бактылуу болгула
17.10.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялынан аябай эле конулу калыптыр да...
17.10.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озун мактагандан оло кач деген маек болуптур. Жарашканы Кайсы анан,бир ай болбой эле жамандай баштаптыр. Ийне жибине чейин айтып. Ущундай майда эркектен кудай ОЗУ сактасын.
17.10.2017. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
азамат! бирок аялынын минус жактарын дагы айтып алыптыр
17.10.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уят. Эркектин ушу аялын жаман жагын эле коруп жашаганы дурус эмес. Жакшынакай эле келинчеги бар экен. Ал деле балдары учун эле келсе керек. Жарым ай болуптур жарашканына,кайра эле гезит бетине жамандаганына жол болсун.
17.10.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аялын "тын чыкма,тигиниси"деп суйлогону ото эле майда экенинен кабарлайт. Катаал кайненеден да отуп кетти го. Далай жамандады эле гезит беттерине. Эми токтотсо болот эле де. 50го таянып калыпсынар. Анан дагы эркек адамга ушинтип суйлогон жаращпацт
18.10.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура маек бериптир
17.10.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болунуздар аялынызга сабр сизге 2 жолу сабр берсин Аллахым
17.10.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркееек эркеек туура кылдын
Балдарда не кунооо?
Баладар учун,ата-энеси урушуп жатса дагы ото жаман таасир берет
17.10.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жакшы жанылык. талашкыла тартышкыла бирок ажырашпагыла!!! аялы мыктай супсулу эн башкысы балдарынын энеси
17.10.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Талак" деген кинодогу талак маселесин чечмелеп, түшүндүрүп жаткан жери эсиме түшүп кетти, Майрамбек байке, бул маселени чыныгы турмушта кандай чечтиңиз? Талак бердиңиз беле, ажырашып жатканда?
17.10.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жок дегенде жарым жыл жашагандан кийин маек берсе болбойбу?
17.10.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ото майдачыл эркек. Мурунку интервьюда журналисттин тырмагына дейре сын таккан. Аялым жамандаган дейт озу деле укмуш мактабайт дайыма жамандайт аялын. Мындай эркек мн омур суруу, кийимчен мойнуна шарф ороп уйкуга жаткан мн барабар. Журогун сыгылып аба жетпей кысынып дем ала албай каласын.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-17 15:07:55
17.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ой боой билбейм мындай эркек менен жашаштын озу эрдикго,аялы молдец экен.
bema_bema түзөттү 2017-10-17 15:07:59
17.10.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялым байкуш балдары учун эле жарашкандыр. Ынжыма эркектен окшойт агабыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: