Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАРДЫН КАЛЫҢДЫГЫНАН АШУУДАН ӨТӨ АЛБАЙ КАЛГАН 8 ЧАБАНДЫН БОРООНДУУ 13 КҮНҮ

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


30-сентябрь күнү Күмүш-Так ашуусунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары 3 короо кой, 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан. Окуя тууралуу аттын моюнуна жеткен калың кардан өтүп, суукта калган Көк-Таш айылынын чабандары өздөрү баяндап беришсин.


Нурлан Күмүшбеков: "АР БИР КОРООДОН 5-10 БАШ КОЙ ӨЛДҮ"

-Биз өзүбүздүн жана элдин малын алып жайлоодо багабыз. Ат-Ойнок жайлоосунан 27-сентябрда чыкканбыз. Ошондон баштап аба ырайы жакшырган жок. Жамгыр, кар токтободу. Кардын калыңдыгын сүрөттөсөм, аттын курсагынан ашат. 3 короо кой, 3 үйүр жылкы, биз – чабандар жана жардамчыларыбыз, менин жардамчымдын аялы болуп жалпы 8 киши,
7 эркек, 1 аял болчубуз. Ашуулардан аша албай калдык. Кардын калыңдыгынан улам түз аша албай, айланып Кара-Буура ашуусу менен Чаткалга өтүүгө туура келди. Ошол жолго салып ылдыйлап отуруп, 5 күн дегенде Чаткалдын баш жагына чыктык. Биз Чаткалга келгенге чейин бир күн мурда ӨКМ кызматкерлери бизди издеп барып, унаа, аттары менен бир аз өйдөлөп, Кара-Кулжа өзөнүнүн ооз жагынан эле кайрылып кетип калышыптыр. Кара-Бууранын ашуусунан өтүп бараткан айдоочуга жолугуп калсак, «силерди издеп, телеканалдар жаңылыктардан көрсөтүп жатышат» деп айтышты. Анан шыр эле телефон тарткан жактан үйдөгүлөргө чалып, аман-эсен Чаткалга түшүп алганыбызды кабарладык.
Жайлоодон айылга жалпы 13 күндө жеттик. Тамак маселеси бир аз кыйыныраак болду. 3 күндө жетип калышыбыз керек болчу, ошого тууралап эле тамак-аш алганбыз. Ачка болдук. Чаткалдан бир козуну сатып, тамак-аш сатып алдык. Малдар да кыйналышты. От жок, кар, суук. Адамбыз да, баарына чыдайт экенбиз. Малдар үшүп, жүдөдү, ар бир короодон 5-10 баштан кой өлдү, арыкташты. Биз үчүн аман-эсен келип алганыбыз олжо болду. Айрым учурда «ушинтип эле ашуудан чыга албай калып калабызбы?» деген сыяктуу ар кандай ойлор келди башыбызга. «Аман-эсен эле эл-журтка, үй-бүлөбүзгө жетсек экен» деп тиленип жаттык. Уйкудан калып, чарчап кыйналдык. Айылды көргөндө, албетте, кубандык. Үйгө кирип, балдарды, ата-эне, жакындарыбызды көргөнгө ыраазы болдук.
Негизи жыл сайын ушул убакта келчүбүз. Мындай болгон эмес. Кар жаачу, бирок кайра эле күн ачылып кетчү. Биз дагы эл жумуштарын бүтүрүп алсын, малды кечирээк түшүрөлү деп ойлогонбуз. Өлгөн малдар үчүн алардын ээлерине төлөбөй турган болуп сүйлөштүк. Алар түшүнүштү. Чаткалдан ӨКМ кызматкерлери нан, коюлтулган сүт, килькаларды алып келип беришти. 5-октябрда Таластан барган ӨКМ кызматкерлери унаасы менен кыйналып калган, баса албай калган начарыраак койлорду алып кетишти. Артынан биз 9-октябрь күнү кечинде келдик.

Ратха Субаналиева: «БИЗДИ ЭЧ КИМ ТАППАЙ КАЛАТ ЭКЕН ДЕП ОЙЛОДУМ»

Ратха айым муундарына суук тийип ооруканага түшүп калганын, мындай оор кырдаалда эркектер менен тең тайлашып ашуу ашуу аял киши үчүн канчалык оор болгонун кеп кылды:
-Негизи 20-сентябрда чыгабыз деген планыбыз бар болчу. Айылдан мал айдашчу адам кеч келип калып, 27синде жолго чыктык. Анда күн ачык болчу. Бир аз ылдыйлаганда эле аба ырайы бузулуп баратканынан токтоп, чатыр тигип 3 күн чатырда жашап калдык. 30унда аба ырайы жакшыра баштаганда жолго чыксак, эртеси эле кайра бузулду, жамгыр, кар жаап, токтогон жок. Үшүдүк, кийимдерибиз эч кургаган жок. Жолго камдаган тамак-ашыбыз 3 күнгө гана жетет болчу. Аягында вермишель эле калып, аны менен чай ичип курсакты алдап жаттык, ачка болдук. Аял киши болгондуктан мага эле кыйын болду го десем, эркектерге деле кыйын болду.
Үйүр жылкылардын бар болгону жакшы болду. Жылкыларды алдыга айдадык, алар жол салып, ошол жол менен өттүк. Кардын калыңдыгы аттардын курсагына чейин, бийик жерлерден моюндарына чейин жетип жатты. Кыйналганда оюма ар нерсе келди, «ата-энемди, эки кызымды көрбөй калдым окшойт» дедим. «Бизди ким издемек эле? Ушул жерде калып калат окшойбуз» деп үмүтүм үзүлүп калган учурлар болду. "Жазында гана кайра келген чабандар бизди көрүп табат окшойт" деп стресс да болуп калдым. Чаткалга келгенде сүйүндүм. Сүйүнгөнүмдөн башында ооруганымды сезбей жүрө бердим окшойт.
Чаткалдан бери 5-октябрда ӨКМнын унаасы менен келдим. 80ден ашкан ата-энемди, кыздарымды аябай көргүм келди. Айдоочу «токтобойм» дегенине болбой, «жолго чыгып тургула» деп ата-энеме телефон чалдым. Алтындарым, издешиптир мени, көрүп ыйлап калышты. Ачка болду деп нан, тамактарын көтөрүп алып көчөгө чыгып күтүп турушуптур. Ал учурда курсагым ток болчу, мен жөн гана ата-энемди көрөйүн дегенде эки көзүм төрт болчу. Кыздарым «силерди көрбөй калабызбы деп ойлодук» деп ыйлашты. Жакындарымдын баарын көрүп кубанып алдым. Анан эле үйгө кирип, жылыткычтын жанына отурганда эле калтырак басып, эсимди жоготкондо реанимацияга алып барышыптыр. Бир күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, терапияга которулдум. Врачтар "муундарга, нервдерге суук тийген" дешти. Башында 3 күн буту-колумду сезбей жаткам. Азыр жакшыраак. Каруу жок, кээде калтырак басып калат. Кээде басам, кээде баса албай калып жатам.
ӨКМдан кызыма «апаң дарылана берсин, биз жардам беребиз» деп айтышкан экен. Кайра келишип "эч кандай жардам болбойт" дешти. Азыр дарылануу үчүн акча жагынан бир аз кыйналып жатам. ӨКМ кызматкерлери унаасына салып алып келген малдарды да өзүбүздүн айылга эмес, Кара-Буура районуна алып барып ташташты. Аны кайра өзүбүз унаа жалдап алып кеттик.

"Сууктан жылууга киргенде калтырак басып, эсимди жоготуп, реанимацияга түшүп калыптырмын".


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
17.10.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тиричилик кылалы оокат кылалы деп журушотда ээх
18.10.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sagyndym90,Кайран кыргызым кыйноо учун гана жаралган эмесбиз.Бул кыйынчылыктар артта калып унутулат.Бар болгула аман болгула.
17.10.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Окмот жардам кайра келип жардам бербейбиз дегени кызыко аягына чейин жардам берсе эмне
17.10.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялдын созун окуп алып козумо жаш тегеренди.
17.10.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aadanova14,мен дагы
18.10.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ашуу ашкан оной эмес. Тушуном. Бир жылы биз да жылкыга жолду жиретип ашканбыз..
18.10.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлагым келди окуп алып.Эже шыпаасын берип жакшы болуп кетин
19.10.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизда бир жылы жайлоодо кар калын жжаап аттар жок тапай калып суукта калганбыз. Мен 7-класста окуйт элем. Атам менен агам кошунабыздын уулу учо эки коро койду жоо айдап жоношкон. Атам раматылык алдыга басып чыйыр салып агамда раматылык болуп кетти элдер ушуп аран журсо кыйкырып ырдап алып койду айдап кетишкен. Кошунабыз аттарды жоо издеп кеткен биз кошуна акенин аялы экообуз жалгыз ээн жайлодо 2кун жашаганбыз. Анан атарды таап келген. Карда жоо журо берип козу карыгып калган экен кара нерселерди
19.10.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эле коруп атам деп келген. Ошентип атамдардын артынан эки атты жетелеп бир аты мирип 1кундо жетип баргам. Тын элем 7-класста коркбой туну атчан кеткем 3ат менен. Кошунабыз дагы деле айта берет боорум ооруп турсада карангыга калбай алдыга тушуп жоной бер дегем. Чоон кишидей болуп чуу чуу деп кыйкырып аты бастырып кеткен деп)))бактылуу убак эле агам атам бар эле. Атам кийин ошол окуяны элдин баарына айта берчу. Менде бир жарым ай больницада жаткам бутум ооруп анан.
22.10.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо кыйын,бул кундор да арта калаар эжеке,Окмот жардам бергенинда чыгарып алытырго оз дарагине эмес башка эле жайга апарып.
Байлар мамлекет учун 2шт дрон алып койгучы айланайындар,озунор эч жака басып бара албайсынар жалчытып.Ошоеу басып койуп даректи белгилеп аалганга
22.10.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаа берип эсен-аман сакайып кеткиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: