Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАЙДЫГЕРЛИГИНЕН 4 БАЛА ЭНЕСИЗ КАЛДЫ. КҮНӨӨ КИМДЕ?

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.


Окуяда бир нече дарыгерлер катышкан, бир нече жоопсуз суроолор бар. Азырынча эч кимдин күнөөсү тактала элек, бирок 4 баланын энеси болгон жаш келин каза болду. Окуянын кандай болгонун маркум Жылдыз Төрөбекованын иниси Султан Төрөбеков айтып берди.

ДАРЫГЕРЛЕР БИРИНИН КАТАСЫН БИРИ ЖАШЫРГАНБЫ?

-Менин эжем, бир боорум, ата-энемдин сүйүктүү кызы, 4 баланын энеси, 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болду. Биздин кайгыбызды, жоготуубузду сөз менен айтып жеткире албайм. Карыган ата-энем, энесинен айрылган төрт бала... Эжем 3 баласын мурун өзү эле төрөгөн. Айылда мугалим болуп иштечү. 5-сентябрь күнү Чаткал райондук ооруканасынын акушер-гинекологу Динара Мунарбаева «Түйүлдүк чоң салмакта экен. Кесарево жолу менен төрөшүң керек» деп Ала-Бука райондук ооруканасына багыттама жазып жибериптир. Ала-Бука районуна 6-сентябрь күнү кечки саат 17:00дө алып келишет. Ал жерде Айнек аттуу акушер кабыл алат. «Азыр толгоо жок экен, толгоо болгондо чакырабыз» деп кайненесин үйгө жиберип койгон. Саат 22:00дө эжемдин толгоосу башталат. Төрөй албай 2-3 саат аябай кыйналыптыр. Төрөтөм деп ичин сыгып аракет кылып, бирок өзүнүн алы жетпей койгондо Мейман Жолдубаева аттуу врачты түнкү саат 01:00дө чакырышат.
Кайненеси келсе эжемдин көздөрү чакчайып аябай кыйналып жаткан экен. Операция жасаган дарыгер 70ке чукулдап калган Мейман Жолдубаева деген эже экен. Ошентип кыз төрөлөт. Чын эле 4 килограм 800 грамм төрөлүптүр. Ооруканада 12-сентябрга чейин жатышат. Ал жерден операциянын жибин да албастан, УЗИге да түшүрбөстөн эле чыгарып ийишиптир. Апам «ичи шишик болгондой го» десе «баары жакшы эле, кызыңыздын ден соолугу мыкты экен» деп чыгарып беришиптир. Аларга ишенип үйгө кетишет. 15-сентябрь күнү эжемдин дене табы көтөрүлүп, Чаткал райондук ооруканага алып келишип, Динара Мунарбаева аттуу дарыгер операция жасаган врач менен телефон аркылуу сүйлөшүп 2 күн дарылайт. Динара айым «ичинде кичине кан калып калыптыр, аны сордуруп алабыз, ошого дене табы көтөрүлүп жатыптыр» деп айткан экен, бирок аны жасаган эмес. Ал жатын ириңдеп кеткенин билген экен, бирок айтпай коюптур. Кийин баары кеч болуп, жездем Ошко алып кетип бара жатканда телефон чалып «аялыңдын жатыны ошондо эле болбой калган» деп айтыптыр.
Эжем 2 күн жаткандан кийин Мейман деген операция жасаган айымга чалып «мен кыйналып жатам» деп айтса «силер мени тойгуздуңар го, жакшы элесиң» деп кагып-силкип салыптыр. Эжем ыйлап күйөөсүнө чалып, ал келсе Чаткал районунун аймактык дарыгери Кочкор «тез операция кылган адамга алып барышың керек» дептир. Ал жерден кайра Ала-Бука райондук ооруканага алып барышып УЗИге тартып, Мейман Жолдубаева экинчи жолу операция жасайт. Ошол жерде жатынын алып салышкан экен. Бирок жашырып «ичегиси менен майы оролушуп калган, ошого дене табы көтөрүлүп жатыптыр» деп коюшат. Наркоз бергенге уруксат алып кол койдуруптур, анда "жатынды алып салдык" деген сөз болбоптур.
Жандандыруу бөлүмүндө эжем 2 күн жатат. Заара кыла албай кыйналат. Жездем «заара кыла албай кыйналып жатат» десе «Мындайлар көп эле болот, жакшы болуп кетет. Мен азыр телефон менен сүйлөшүп Ош шаарындагы оорукана менен кеңешип карап жатам» дептир. Болбой "Ошко алып кетем" деп айтат жездем. Ошондо Мейман Жолдубаева Ош шаарына багыттама жазып берет. Ала-Букадан такси менен алып жөнөп, жарым жолго келгенде Оштон реанимобиль жиберишиптир, эжемди ага салып түнкү саат бирде Ош облустук ооруканага алып келишет. Ал жерге келгенде «Бизге эч ким айткан эмес. Ушунчалык оор абалга алып келип туруп ким жөнөттү, биз ала албайбыз» деп кабыл албай бир топ убакыт туруп калат. Жездем жалынып жатып араң дегенде киргизишет. Эртеси 6 саатка созулган операция болот. Мына ошондо табарсык менен заара чыгаруучу каналдар тешилгенин, жатындын жок экенин айтышат.
Ош облустук ооруканада гинеколог Айгүл Абдыкадырова, уролог Сарвар Абдуллаев деген эки дарыгерге дагы төртөө кошулуп 6 адам операция жасашат. Алар тешилген табарсык менен заара чыгаруучу каналды тигип, жатындын жок экенин аныктап айтып беришти. Эжем жандандыруу бөлүмүндө 4 саат жатып көз жумду. Дарыгерлер «2-3 саат эрте алып келгенде, балким, сактап калмакпыз» деп айтып жатышат.
Эжемдин ден соолугу мыкты болчу. Ушунчалык чыдаган экен. 6-сентябрда төрөп, 22-сентябрда каза болду. Бири болбосо да, бири кесибине жоопкерчилик менен карап койгондо кеч болуп калбайт эле. Нес абалда калдык. Эжем өзү деле өлүп калам деп ойлобосо керек. Башка эжемдерге «Ыйлабагыла, мен жакшы болом. Андан көрө апамды жакшы карагыла. Балама эч кимдин эмчегин эмизбегиле» деп айтып башын бурган боюнча экинчи эч кимибиз менен жүз көрүшкөн жок. Учурда жаңы төрөлгөн кызын кайненеси багып жатат. Эжемди жерге бергенден кийин Ала-Бука райондук прокуратурасына арыз жаздык. Бул мамлекеттик деңгээлде карала турган окуя.

«ЭКСПЕРТИЗАДАН КИЙИН ТЕРГӨӨ БАШТАЛАТ»

Ал эми дарыгер Мейман Жолдубаевага телефон аркылуу байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү билдирди:
-Уктап жатсам "бейтаптын абалы начар" деп ооруканадан чалып машина жиберишиптир. Барсам, Жылдыз Төрөбекова кыйналып жатыптыр. Жыныс мүчөлөрү шишип, бала такалып калган экен. Операция жасап, баланы алдык. Жакшы болуп калгандан кийин үйүнө жибергенбиз. Абалы начар болуп кайра алып келишти. Төрөттөн кийин жатында инфекция пайда болуп күчөп кетиптир. Ошондуктан жатынды алып салууга мажбур болдук. Ошол жерде кайненеси, дагы 3-4 адам турган. «Ичегилери көөп турат» дегенди өздөрү жакшы түшүнбөй калышыптыр. Жатынды алып салууга макул болуп кол коюп беришкен. Азыр кимиси кол койгону так эсимде жок, бирок ал кагаз бар. Азыр «бизге айткан жок» деп жатышыптыр. Айтылган болчу.
Абалы жакшы болбой Ош облустук ооруканага жибердик. Ал жактан «табарсык каналдары буулган жана заара чыгаруучу каналды тешип салган» деп айтышыптыр. Бул жалган маалыматты тараткандары үчүн аларды да сотко берем. Мен адамдын анатомиясын 43 жыл бою иштеп жакшы эле өздөштүргөм. Табарсыкты кантип бууп салат элем? Бөйрөк инфекциядан улам өзү эле жараксыз абалга келген. Мындан оор операцияларды жасап жүрчүмүн. Бороондо, ашууда калып да адамдардын өмүрүн сактап калган учурларым болгон. Азыр ооруп үйдөмүн. Жакшы болгондо бардыгын териштирип, күнөөлүү ким экени ачыкталат.

Ала-Бука районунун аймактык ооруканасынын директору Жыргалбек Осмоналиев менен байланышып, анын пикирин уктук:
-4 баланын энеси өлүп жатат, эмоцияларды түшүнөбүз. Бирок бир тараптуу маалымат кетирбөөңүздөрдү суранам. Мейман Жолдубаеванын күнөөсү экспертизанын жыйынтыгынан кийин гана аныкталат. Эже 70 жашка чукулдап калганы чын. Көп жылдар эмгектенип келген адам. Каза болгон келиндин энесин да ушу врач төрөткөн экен. Учурда ооруп үйүндө. Экспертиза чыккандан кийин бардык суроолорго жооп табылат.

Биз Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланыштык:
-Жабырлануучу Жылдыз Төрөбекованын иши боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Жыйынтыгы али чыга элек. Биз экспертизанын жыйынтыгын алгандан кийин гана тергөө ишин баштаганга укугубуз бар. Учурда күтүүдөбүз.

Окуяда түрдүү суроолор чыкты. Мисалы, Чаткалдан жиберген дарыгер «операция жолу менен төрөйсүң, түйүлдүк чоң өлчөмдө» деп жиберсе эмнеге толгоосун күтүшкөн? Дароо операция кылса болбойт беле? Чаткал районунун аймактык гинекологу жатын жабыркаганын билгенде эмне үчүн дароо Ош шаарына же борборго багыттама жазып бербей, 2 күн кармаган? Кайрадан Ала-Бука райондук ооруканасына эмнеге жиберген? Жатынды алып салганда эмне үчүн аны анализге жиберишкен жок? Ош облустук ооруканасы кабыл албай талашып-тартышып жатканда деле 2 саат өтүп кетиптир. Абалы оор бейтапты кабыл албай койгонго болобу?
Окуянын жүрүшү менен окурмандарды кабардар кылып, кийинки сандарыбызда суроолорго жооп тапканга аракет кылабыз.

Маркум Жылдыз Төрөбекова 4-баласын боюнда көтөрүп жүргөн кези.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



4 баланын энеси дарыгерлердин айынан каза болдубу?

Автор: Айтолкун Анапия кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(27)
24.10.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ушул Кыргызстандын врачтары жеп жутуп бутмой болду .дени соо адамды олумго алпарган врачтар .эмнесине врач болуп иштеп журушот .баарын сураштырып соттош керек. Ушуга да бир закон чыгарып койсо жакшы болмок .ошондо жакшы карап калышмак.
24.10.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иий Кудайдан бир балеени коргону калды ушул врачтар!
24.10.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул врачтардын колуна жакшы суммадагы акчаны карматышкан эмес.Ошон учун 4 баланын энесинин ден-соолугуна кайдыгер мамиле кылып койушту.Кыргызстанда торош аябай эле опурталдуу болуп калды.Келиндин жаткан жери жайлуу болсун,калган жашын балдарына берсин кудайым,омурлору узун болсун.
24.10.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
akus,калган жашы болсо озу жашамак да.
ажалы жетиптир ушулар себеп болуп козу отуп
кетиптир.
Бейишин берсин Аллах.
24.10.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жайы жаннаттан болсун.Аябай эле кыйналыптыр байкуш эки саат толготсон кандай кана кыйналасын.Чын эле азыр акушерлерге(кее бирлери) акча бербесен сени тоготуп дагы карап дагы койбойт.
24.10.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
С инфо ушул окуянын жыйынтыгын билип жазып койгулачы
24.10.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
70ке чыгайын деп калганча иштетип, эмне кадр жокпу. 70ке чыгайын деген апаларды элестеткиле. Пенсия жашыныз келгенине коп болгон экен, эс алууда эле отурбапсыз. Ал жагы Аллахтан. Аллахым бейишинен кылсын. Бирок жанын кейийт экен. Каап
24.10.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Boroborodach,канча жаштар жумушка орношо албай журушот акчалары жок,башка жумуштар мн иштеп,пара деген жок болсо жаштар иштеп оз жумушуна баш оту мн киришкен жумушчулар келмек 70 деген пенсияга давно чыккан бш кк ко,ошолорду эмнеге карашпайт оорун талашкан Депутаттар
24.10.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
акча берип чындыкты жашырбаса эле болду.Супер инфо жыйынтыгын кутобуз.
24.10.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мейман Жолдубаева негизи биздин апаларыбызды торотуп,эн оор деген торотторго операция жасаган врач болчу.Чаткалдын эн оор торотторун ошого жиберишет болчу.Эми балким 70 ке чыкса карып калгандыктан жанылыштык кетириши мумкун.
25.10.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanzhar83
Бул жерде корунуп турбайбы Чаткалдан АлаБука р-н жоноткон
кесарево менен торойсун деп, Айнек деген врач толго келе элек деп жиберген турбайбы анан тун ичинде Мейман эжени алып келген турбайбы
24.10.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
аялдын бир ажалы тороттон дейт бейишин берсин
24.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikeeboni,мен да ошону айтайын дегем, жайы жаннаттан болсун
24.10.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жетимиш жашка чыкса сый урматы барында эле пенсияга чыгып иштебей эле койбоптур да. Келиндин чайын ичип тордо олтурар мезгилде сурак берип журбой. Жаш кадрлар жокпу? Жаман иш болуптур.
24.10.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаш кадрларга орун бошотушпаса анан.Эмне учун пенсияга чыгарат,ошол жашка келгенде ,карылыктын белгилер башталат,коз корбой,кулак укпай,кол калтырап,муун титиреп,унутчак болуп,
24.10.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Роддомдо таанышын болбосо карашпайт.
24.10.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер инфо,суроолорунарга даги бир суроону кошуп дагы бир суроого жооп алып койгулачы,эмне учун Ала-Букадан оор абалдагы пациент Ошко жиберилип жатса аны куйоосу таксиге салып алып кеткен,ошол больницанын машинасына(скорыйдын)салып жанына бир медперсонал кошуп беришкен эмес?
24.10.2017. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sanzhar83,туптуура
25.10.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тоба кылдым Кыргызстанда торогондог коркосун врачтарга акча бербесен жакшы карашпайт, тан калышту нерсе Ошко барганда кыйналып жатканын коруп эмнеге 2 саат кармашты, Ала Бука жонотуптур кызыгы толго боло элек деп жибергени, кагазда жазылуу да озу торо албайт деген, барынан да 4 баласы ким карайт апасындай болуп
25.10.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейишин берсин((.бирок чырактай балдарын ким карайт ким апа болуп бере алат оз апасындай((.кайдыгерликтен бир жакшына эне кете берди((озунун жакыны болгондо мындай кылбаса керекле.торогондонда коркосун Адам.роддомдо таанышын болсо карашып же болбогон акчага адамдын омурун деле тобекелге салып ийет.
25.10.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык жакшы кыз болчу.шайыр муноз,тыкылдаган,конкурстарга чогуу катышып калчубуз.азырга чейин ишене албайм.кандай жыйынтык чыкса да 4баласына жаман болду.Жайы жаннаттан болсун.
26.10.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу врачтарга катуураак чара колдонбосо болбойт, адам дарылабай эле мал дарылагандай кайдыгер карашат.Ушулардын кайдыгерлигинин айынан канча адамдар сыздап калып атышат.
30.10.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira96,мал караган мал доктурлар да булардан жакшы карашат. Олуп калса ээсине эмне дейм деп игине так. А булар???
27.10.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейман деген пенсияга чыкканына коп болгон. Башкалар эптей албаган ы учун аны чакырышкан наверное.
27.10.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуя биздин да башыбыздан откон дарыгерледин шалакылыгынан атамдан айрылгам.байкуш келин((жаткан жери жайлуу болсун.
29.10.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экспертиза чыккан күндө да врачтар акталып кетет.Качан эле бизде акыйкаттык болуп күнөөлүүлөр жазасын алды эле?!
30.10.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда окуулардын баары эле акчанын күчү менен бүтүшөт. Анан каяктагы жакшы адис чыгат. Акчаң болсо карашат адам катары , акчаң жок болсо сен аларга керек эмесиң карап да койушпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: