
Орусиялык белгилүү алпаруучу, коомдук ишмер
Ксения Собчак 2018-жылы боло турган Орусиянын президентин шайлоодо президенттикке талапкер болорун билдирди. Бул тууралуу ал:
«Орусия Владимир Путинди президент кылып шайлаганда мен 18 жашта элем. Азыр жашым 36да. Ошондуктан президенттикке ат салышууну чечтим»,- деген. Алпаруучу 5 жылдан бери оппозиционерлер, жаңыланууну жана өзгөрүүнү каалаган инсандар менен бирге митингге чыгып келгенин билдирген. Бирок азырынча алар күткөн чоң бурулуш боло элек экенин айтып:
«Коррупционерлер жана уурулар элди алдаганын улантып келе жатат»,- дейт. Президенттикке ат салышуу менен коррупционерлерге каршы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтып,
«Ксения Собчак – баарына каршы кандидат» деп билдирди.
Ксениянын жон эле конул борборунда болуу учун кылган иши экенин билинип эле турат го, озун толкуу чордонунда жургонун жактырганы да.