
Белгилүү америкалык актёр, режиссёр, «Оскар» сыйлыгынын ээси, «Красота по американски», «Карточный домик» тасмаларында тартылган
Кевин Спейси өзүнүн гомосексуал экенин ачыктады. Эске салсак, жакында актёр
Энтони Репп 14 жашында ага Кевин Спейси мас абалында тийишип, жыныстык катнашка мажбурлаганын айтып басылмаларга маек берген. Мына ушул окуя Кевиндин өзүнүн сексуалдык статусун ачыктоого түрткү кылыптыр. 58 жаштагы актёр буга чейин үйлөнгөн эмес. Жакында эле Кевиндин бир тууган агасы
Рэндалл Фоулер кичинесинде аны атасы зордуктап жашап жүргөнүн айтып маек берген. Кичинесинен зордукчул атанын колунда тарбияланган Кевиндин гомосексуалдыгына анын бала чакта алган оор психикалык жаракаты себеп болгон деп жоругандар бар.