
31 жаштагы америкалык ырчы, актриса
Леди Гага менен 48 жаштагы музыкант
Кристиано Каринонун мамилеси жылдын башынан бери кеп болуп келет. Батыш маалымат булактарына таянсак, Карино жакында ырчы айымга тизелеп отуруп үйлөнүү сунушун киргизген. Түгөйлөр азырынча той жөнүндө кеп козгошпой эле. Анткени Леди Гага фибромиалгия
(өнөкөт сөөк-булчуң оорусу) менен жабыркап келет. Ошондуктан ден соолукту биринчи орунга коюп, дарыланмакчы. Кошумчалай кетсек, оорунун кесепетинен сентябрда ырчы айымдын Европа өлкөлөрүнө пландалган концерттик туру 2018-жылга чейин токтотулган. Уникалдуу ырчы айымдын сүйүүсү тойго жетеби, жокпу аны убакыт көрсөтөт.