Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЯЛДЫ ЭМНЕ БАКТЫЛУУ КЫЛАТ? ФЕМИНИЗМБИ ЖЕ ЭРКЕКТИ ӨЙДӨ КОЙГОН ДИНИЙ МЫЙЗАМДАРБЫ?

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Интернет айдыңында «Мол булак» банкынын (чакан кредиттик компания) кожоюну, белгилүү ишкер Бабур Төлбаевдин маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде феминизм, аялдардын коомдогу орду тууралуу айткан ойлору коомчулукта талкуу жаратты. Анын пикирине каршы блогерлер Данияр Айтман, Алия Суран өңдүүлөр өз пикирлерин жазып чыгып, кыргыздагы аялдардын орду, ролу тууралуу тема чоң талкууга түштү...



Бабур Төлбаев: «ФЕМИНИЗМ – ХРЕНЬ»

– Аялдын лидер болуусу болбогон келжиректик. Феминизм – бул терроризм. Бардык жерде баланс сакталуусу кажет. Эгерде кимдир бирөө бул теманы жактап узартып баштаса, демек, ал террорист, ал радикал. Болгону аялдын формасында. Аял 20 жаштан баштап билим алып бир кесиптин ээси болуусу керек. Жогорку билим алам дегендин өзү деле болбогон нерсе. Кыздар үчүн эң мыкты MBA (ред.: master of business administration – менеджменттеги магистрлик тепкич, жалпак тилде "мыкты келечек" деген маанини камтыйт) – бул күйөөгө тийүү, бала төрөө, күйөөсүн карап, үй тиричиликти мыкты кылуу. Аялдарды сыйлоо керек, багуу керек, сүйүү керек, жакшы мамиле кылуу керек. Мисалы, менин аялым бир суткада 3-4 саат эле уктайт. Түндө идиш жууп, кир жууйт. Эртең менен турсам үйдө кечинде эч кандай баш аламандык болбогондой баары орду-орду менен турат. Бул жаатта ал азамат! Ортодо бала ойгонот, аны карайт. Мен ага өтө ыраазымын, сүйөм жана баалайм. Ал мага эч бир убакта «байпагыңыз чечкен жериңизде калыптыр, алыңыз» деп айтпайт жана андай болбошу керек!

Данияр Айтман: «СИЗ КЫРГЫЗДЫН ТРАМПЫ БОЛГУҢУЗ КЕЛИП ЖАТАБЫ?»

– «Аялдын лидерлиги болбогон нерсе!» Кыргызстандагы белгилүү бизнесмен Бабур Төлбаев ушинтип ойлойт. Буга чейин мен сизди ийгиликтүү менеджер жана меценат, кызыктуу адам деп ойлочумун. Азыр болсо жөн гана келжирек деп ойлойм. Мына Бабур Төлбаевдин жаштарга таңуулаган идеясы:

1) Аялдын лидерлиги – болбогон бир келжиректик.
2) Мыкты келечек кыздар үчүн – күйөөгө тийүү.
3) Эң негизги аял алек боло турган нерсе – бул балдарды кароо, үй тиричилигин тың кылуу, күйөөсүнө жакшы кароо.
4) Эң чоң бийиктик аялдар үчүн – көп бала төрөө.
5) 70% аялдар экинчи аял болууга макул.
6) Аялым суткасына 3-4 саат гана уктайт. «Байпагыңды эмне таштайсың?» деп сөз айтпайт.

Кечириңиз, Төлбаев мырза, террорист бул сиз. Сиздей эркектердин түшүнүгүнөн улам Кыргызстанда аялды адам ордуна көрбөй айбанга теңеген эркектердин мууну чоңоюп келе жатат. Сиздей эркектерден улам биздин кыздар өз күчтөрүнө ишенбей жатышат. Бүт дүйнөгө мындай сандырактыкты айтканга ким тилиңизден тартты? Кыргыздын Трампы болгуңуз келип жатабы? Аялдардын коомдогу ролун төмөндөтүп көрсөтсөңүз эле кыйын жигиттей көрүнүп калам деп жатасызбы? Жаңылышасыз. Сиз тууралуу жакшы пикирдеги адамдардын алдында өзүңүздү уят кылдыңыз. Кеч боло электе сөзүңүздү кайра алыңыз. Кыргызстандагы жашаган аялдардан кечирим сураңыз!
Азыр Бабур Төлбаев түшүнө турган тилде сүйлөйүн. Бул сүрөттө Шерил Сандберг. Аял. Эки баласы бар. Күйөөсү өлүп калгандан кийин эки баласын өзү чоңойтту. Өзү Гарварддын бүтүрүүчүсү. АКШнын Финансы министрлигинде иштеген. Учурда сиз пост жазып чыгарып жаткан Фейсбуктун операциялык директору. Шерил Сандберг – феминист. Анын кирешеси –1,6 миллиард доллар. Ал чөнтөгүндөгү эле акчасына сиздикиндей 10 компанияны сатып алышы мүмкүн. Суранам, эми айтпагыла аялдын лидер болуусу болбогон нерсе деп.

Алия Суран: «ЭГЕРДЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫККЫҢ КЕЛБЕСЕ ЖАНА КӨП БАЛА ТӨРӨБӨСӨҢ, БУЛ ӨЛКӨДӨ СЕН ЭЧ КИМ ЭМЕССИҢ»

– Ар апта сайын белгилүү эркектер аялдарга карата ойлорун жазат, аялдар тим эле жарылып кете жаздайт. Ошондой эле ар дайым өз оюн айткан аялдарды «истеричка» деп атап, тезирээк турмушка чыгып өзүн алаксытууга кеңеш беришет. «Сен феминистсиң, стервасың, ошол үчүн сен турмушка чыкпай калгансың!» Ошону менен реалдуу аргументтердин баары туңгуюкка кептелет. Эгерде күйөөгө чыккың келбесе жана көп бала төрөбөсөң, бул өлкөдө сен эч ким эмессиң. Сен магистрлик даражаң менен, амбицияң, коомго ыңгайсыз позицияң менен кимге керексиң? Менин бир жакшы таанышым айтмакчы, бул турушумда мага эч бир кыргыз жигити үйлөнбөйт. Бул себептен өзүмдү атом бомбасын колумда кармап жүргөн коркунучтуу адам катары сезип келем. Бул социалдык тармактарга аялдар каалаганын кылуусу керек деген түшүнүктү жайылтканым үчүн гана. Мына дагы бир адам (Бабур Төлбаев) «феминизм – бул терроризм» деп айтып чыкты. Аялдар күйөөгө чыгып, бала төрөөдөн башка эч иш кылбаш керек имиш. Мындай ойдогу адамдарды четтен тапсаң болот, тууганың, кесиптешиң, досуң, ойношуң...
Аялдын орду ашканада, төрөтканада, бирок башка жерде эмес. Кайсы эркек аялынын ийгилиги үчүн шаар которуп, башка жерге көчүп барган? Же өзүнүн эгосун артка таштап, аялынын ийгиликтүү, сыйлуу, эл адамы болушуна кайсы эркек жардам берди? Мындайлар жок. Анткени акылдуу аялдарды кыргыздар албайт...
Көп эркектерди билем, мыкты ата, ийгиликтүү эркек, чет өлкөгө барышат, дүйнө таанымы кенен. Атүгүл ошондой эркектердин канында да кыргызбайлык ойнойт. Аялдарга көп учурда ийилгенге туура келет. Анткени бизге күйөө, балдардын атасы, бага турган адам, социалдык статус керек. Өзүбүздү муунтуп, кекиртегибизден басып кыялдарыбызды, амбицияларыбызды жутуп эркектин пландарын, анын кыялдарын биринчи жана көрүнүктүү орунга коёбуз. Мындай келишпеген келишимден ким утулат, талаш суроо. Канаттары кесилген аял ошондой эле канаты кесилген балдарды тарбиялайт. Ошондуктан бир гана Бабурга жабылганыңарды койгула, анткени андай эркектер толтура. Четтен табылат.

Бабур Төлбаев: «АЙТКАНДАРЫМДЫ ТУУРА ЭМЕС ТҮШҮНГӨНДӨР БОЛДУ»

– Мекендештерим, урматтуу досторум, өзгөчө жакшынакай айымдар, 58 мүнөттүк интервьюмдан көптөр оюмду түшүнбөй калышты, түшүнсө да башка нукка бургандар көбөйдү. Көп ажырашуулар, атасыз, энесиз чоңойгон балдарды, жарты үй-бүлөлөрдү анализдеп отуруп гендердик дисбаланс демографиялык катастрофага алып келет деген ойду айткым келген. Ушуга байланыштуу «терроризм» деген сөз чыгып кетти.
Бул өңүттөн алып караганымда мен радикалдык феминизмдин курмандыгы болбойлу деп айткым келген. Аял менен эркекти карама-каршы коюп, күч сынашканынан жакшы нерсе чыгышы күмөн. Мен гендердик тең укуктуулук тараптамын. Аялдар эркектердей эле билим алууга, өзүн-өзү өстүрүүгө укугу бар. Бирок менин көз карашым боюнча, үй-бүлө куруу – адам үчүн эң негизги байлык жана приоритет.
Аялдар үчүн эң мыктысы – күйөөгө тийип балалуу болуу. Бул сөздү мен 2006-жылы АКШда өтө жооптуу ишкер, дүйнөдөгү эң чоң корпорациянын президентинин жардамчысы болуп иштеген 58 жаштагы аялдан уккам. Айтымында, эң мыкты кызматкерлер – бул балалуу аялдар. «Анткени алар сабырдуулукка, үй тиричилигин жайгарууда башкаруучулукка үйрөнөт деген. Эң негизгиси, стресске туруктуу боло алышат» деген эле. Менин оюм – аял лидерликке умтулганда үй-бүлөсүнүн жана балдарынын кызыкчылыгын да көздөгөнү туура. Реалдуу жашоодо мени билгендер менин оюмдун, багытымдын кандай экенин билишет. Ал эми айрым посттордун авторлоруна түшүнүктүүлүк менен эч кимге зыян келтирбөө принцибин тутунушун каалайм.


(Авторлордун пикирлери кыскартылып, бирок мааниси өзгөртүүсүз берилди.)
Мындай ысык талкуулардан улам кыргыз коомчулугу эки жээкке бөлүнүп, бири-бири менен урушуп эле жатып калышты. Бабур Төлбаевдин «терроризмин» сындагандар өтө көп, ошол эле учурда «ырас айтат» дегендер да чыгууда.
Ар бир аял табиятынан күчтүү эркекке таянып, анын жардамын алгысы келет. Бирок ошол күчтүү эркектер жоктугунан, эркектер жоопкерчилик албай басып кетип жатканынан улам аял кааласа да, каалабаса да лидер болууга аракет кылууда. Турмушубузда батыштын феминисттик көз карашы да, исламдын «эркек баарын билет» деген жарга такоосу да суу кечпей калган учурлар көп. Кыргыз аялдарын жоопкерчиликтүү, тың, үй-бүлөсүнө карамдуу, күчтүү эркектин колдоосу жана жеке өзүн инсан катары өстүрүү бактылуу кыла алат. Ар бир кыргыз кызынын турмушунда мына ушундай тең салмактуулук болсо деген тилек менен талкууну жыйынтыктамакчыбыз.


Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
14.11.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Аял оз жолунда болуш керек. Данияр Айтман сен келинчегини озуно жол башчы кылып ал анда аял киши Бабур айткандай болуш керек
23.11.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kushtari, аял киши Бабур айткандай болсун дейли. Билим албай эле куйоого тийип балалуу болгондон кийин куйоосу таштап кетсе же кайтыш болуп кетсе анда балдарын кантип багат? Ойлонуп кордунуз беле? Же сиз окубаган иштебеген кызды алып аны менен омур бою чогу жашарынызга ким кепилдик берет? Же сиз туболук жашайм деп ойлойсузбу?
14.11.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аял аялдай уйдо олтуруп уй ичин тейлесе, эркек эркектердей сыртты тейлесе феминизм келип чыкбайт беле, азыр эркек менен аялдын орду алмашып калгандай, аял уй булону бакса, эркектер журушот!!!
14.11.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Феминизм балакет деп соз кобойтпой, жалпак тил менен эле айтканда. Эркек оз ордун аял оз ордун билип жашаса болгону.
14.11.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Макалада жазылгандай,ар бир аял табиятынап өзүнөн күчтүү эркекке таянып,анын жардамын алгысы келет.Бирок ошо кучтуу эркектердин жоктугунан аял кааласа,каалабаса да кучтуу,лидер болгонго мажбур.Ар бир кишинин озунун ою бар,Бабур Толбаевдин да,башканын да-ага макул же каршы болуу да ар кимдин укугу. Тээ тиги Данияр Айтман деген Толбаевден отуп,кыргыздын аялдарынын баасы жылкынын баасынан арзан,анан мен гейлерди колдочумун деген билдируулору менен белгилуу
14.11.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бабур мырза аялынызга боорум ооруду. Космонавт кесибин тандаса болчудай экен. Илимде жана шариятта адам (аял эркек) 8саат укташы керек. Уйкусу канбагандык коп оорулардын башаты, ошону эске алып коюнуз. Озу жеткиликтуу билим албаган аял балдарына кантип тарбия бермек, эмнени уйротмок.
15.11.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza16,Аялын торт саат гана уктайсын деп аткан жоктур.Кээ бир иштерман адамдар аз уктап,коп иштейт.Бул кишинин коп ийлигинин артында аялы туратго деп ойлоп калдым.
14.11.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы заманда аял киши ото акылдуу. Себеби азыркы учурдун кыргыз аялы эч кандай гарантия жана жардам кутпой/ишенбей (материнский капитал) бала торойт, баланы аярлап карайт Жана изденуу менен тарбиялайт, ийримдерге озу ташыйт, озун, балдарын, куйосун жана уйун тыкан Жана таза кармайт, тамак даярдайт Жана ошондой эле жумуш кылганга жетишип, фитнеске да убакыт табат. Бул нерселер адамдын жеке сапатына жараша болот. Копчулугубуз ушундайбыз. Балким Бабур мырза жумушунун коптугунон айланасын байка
14.11.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркек оз ордун,милдетин билсе!!!Азыркы учурда аялдар жанын берип иштеп уй-булосун баккандар толтура
14.11.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тольбаевге кошулам. Аялдын бактысы уй-булосундо. Байлык, бийлик эч качан бакыт болуп бербешин баарыбыз билебиз. Уй-булону камсыздоо эркектин милдети. Бирок тилекке каршы аялдар коомдогу эн зор куч бойдон калууда.
14.11.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде эркектер уй-булосун камсыздаса, аялдар балдарга билим беруу, тарбия беруу менен алектенсе, кылмыштуулук азайып келечекте татыктуу муун осуп чыкмак. Азыр балдарды финансы жактан камсыздашканы менен тарбиядан куру калды. Оспурумдор арасында кылмыштуулук, зордук-зомбулук, наркомания осуудо.
Жакында бир кайгылуу окуя болду. Атасы таштап кетип, апасы чет олкого иштоого мажбур болуп балдарын эжесине таштап кетет. Тайэжесинен каттуу токмок жеп наристе оор абалда.
14.11.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Медайымдардын айтымында наристе мыкаачылык менен токмоктолгон. Бул жерде куноо тайэжесинде, атасында. Эгер атасы камсыздаса (же олкодо жумуш орундары болгондо) балдар энесинин кучагында болмок.
Мындай мисалдар ото коп болуп жатканын баарыныздар билесиздер.
16.11.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер жоопкерчиликтүү болгондо бизде феминизм деген түшүнүк жоголмок.
15.11.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдардын копчулугу бала тороп,уйдо отур дегенге каршы окшойт.Туура айтыптыр.Бул кишинин созу эркектерге тиешелуу.Аялдарды суйсун,урматтасын,баксын.
15.11.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек жакшы.
15.11.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тилек,ошо сага окшогон бака баш эркектер кйбулосун камсыздай албай, аялдарды иштеп балачака, куйоосун багууга мажбур кылып жатышпайбы
15.11.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тилек,туура айтасыз. ушул бча Чубак ажынынбаянын уксанар таамай айткан. гендердик тен укуктуулукту батыштан ойлоп табышкан, ушунун себебинен коп уй булолор бузулууда. бул факт. ар бир аял ислам мн жашап куйоого баш ийсе эле жакшы болмок. а бизде кандай? мен да иштейм, уйдо отурбайм деп иштейт, уйго жумушка балдарга болунот, анан ден-соолугу кетет. анан акчаны уномдоп баарына жеткирип, тын болот. бул албетте бардык эркекке жагат. анан бара бара конот ошого. анан ыйлактайбыз куйоом бакпайт иштебей
15.11.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял назик,ал ар дайым эркектин колдоосуна муктаж. Ошол назиктикти назик бойдон, таза урунса эркектер.
Аял бала тороп,керээли кечке казандан башы чыкпай журсо эле болдубу? Анын да оз каалоолору бар,ошолорду канааттандыра алуусу керек эркектер. Шариятта да аял менен эркектин укугу бирдей. Куйоосун ыраазы кылуу менен бирге озу тандаган кесиптин ээси болуп,билим алганга укугу бар. Коомдо да оз орду болуусу керек. Албетте бул эркектердин устунон лидерлик кылуу дегенге жатпайт.
16.11.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек эркектей болуп уй булосун тын бакса, эмнеге аял киши лидер болом, иштейт элем деп умтулмак эле. Оз каалосу менен, кааласа иштеп, каалабаса иштебей балдарын тарбиялап,ийримдерге алып барып, озу да фитнес, салон, спаларга барып эле жыргап журмок да. Эркек эмес азыр эркек соройлордун заманы болду го. Эгер корсон тентип жургон зайыпты, ошол элден мырзага кой айыпты дейт. Балдарымды багам деп талаалап журушот да айымдарыбыз, болбосо уйундо баары жетиштуу болсо кимдин эле жургусу келсин талаалап
17.11.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70 пайыз аялдар экинчи аял болууга макул дейби?
17.11.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял жон эле торой турган машинка эмес. Окуш керек. Иштеш керек. Развитие керек. Эмесем балдарына кандай тарбия берет? И озун карап журуш керек. Кыялдарын ишке ашыруу керек. Мен азыр бала карап уйдомун бирок чакан бизнесим бар. Балдарыма коп убакыт болгум келет. Аларды билимдуу кылгым келет. Буйруса кружокторго озум апарып алып келип дегендей. Атабыз жумуштан бошобойт
17.11.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан ар бир нерсени эле эркекке айта берсен чыдабай кетет ал деле. Аялдын да озунун бюджети болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: