Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алижан Нарбаев, Алтынай Нарбаеванын агасы: «3 АГАМ КАЗА БОЛУП КАЛГАН. АЛТЫНАЙ МЕНИ ДА ЖОГОТУП АЛУУДАН КОРКУП ТУРАТ»

№784 10-16-ноябрь, 2017-ж.


Андай болбой эле койсун деңизчи, бирок башыбызга иш түшсө ата-энебизге эмес дароо бир тууганыбызга кайрылабыз. Бул ата-энебизди сарсанаа болбосун деп аяганыбыз болсо керек. Аска-зоо бир туугандар аман болсун дейли. Бүгүнкү каарманыбыз ырчы Алтынай Нарбаеванын агасы Алижан Нарбаев карындашынын бала кездеги кызыктуу жоруктарын айтып маек куруп берди.

«АТА-ЭНЕМ МЕНИ АЛТЫНАЙДАЙ ЖАКШЫ КӨРҮШЧҮ ЭМЕС»

- Апам Алтынайды кырктан өтүп калганда төрөптүр. Улуу эжелерим «биз менен жарышып төрөйсүзбү, төрөбөй эле коюңуз» деп каршы болушуптур. Үйгө чыгып келгенде «капкара кыз турбайбы» деп эжелерим көтөрбөй да коюшуптур. Ата-энем мени Алтынайдай жакшы көрүшчү эмес, 5-6 нерсе сурансам араң бири аткарылчу. Ал эмне кааласа жерден чукуп болсо да ыйлап, жалдырап, эркелеп жатып таптырчу. Мен анын бул сырын билгенден кийин атаандашпай деле калгам. Анткени ал бир туугандардын эң кичүүсү. Эс тартканы иши кылып ушул чуу чыгарбай тынч болсо экен дечүмүн. Алтынайдын оюнчуктары көп, баары дүкөндөн алынган эле. Меники болсо көчөдөн таап алган, момпосуйдун тыштары болчу.
Бир жолу апам үйдө жокто урушуп кетип, Алтынай ыйлап калды. Терезе жапыз эле, ошого отуруп алып, көчөдөн апамды карап күтүп отурду. Апам келгиче алаксытайын деп ар нерсени айтам, күлдүрөм. Сураганыма жооп берет, күлөт, курсагы ачса нан жеп келет, дааратканага барат да кайра эле ыйламыш болуп калат. Жашы эчак чыкпай калган. Анын негизги максаты – апам келгиче ыйлап, мени жазалатыш керек. Арадан эки саат өткөндө апамдын карааны көрүндү эле, Алтынай үнүн катуулата баштады. Апам 2 колундагы 2 баштыгын жолго таштап үйгө чуркады. Мен сыртка качып жөнөдүм. Кошуна менен биздин чарбактын ортосун бөлгөн тикенек зымдан өтүп кетип кубалап келе жаткан апамдан кутулгам. Ошондон кийин карындашымды апам жокто деле урушууга болбосун түшүнгөм.
Эртең менен дайыма саат беште турчу элек. Ойгонгондо курсагыбыз ачып калат да, төшөккө жатып алып нан жечүбүз. Жылуу төшөктөн тургубуз келбей, «нанды сен алып кел, мен алып кел» болуп жата берчүбүз. Алтынай турат да апамдын бышырган нанынан өзүнө үзүп келип «беш союз» деп жатып алат. Ал бөлүшпөйм деген белги эле. Мен туруп баргыча Алтынай жеп бүтөт да, мен үзүп келип «беш союз» деп жеп жатып алам.

«АЛТЫНАЙ ОТУРУШ ӨТКӨЗӨРДӨ АРЫКТАГЫ ЧӨПТӨН БЕРИ ТАЗАЛАЧУБУЗ»

- Апам Алтынайдын туулган күнүн дайыма өткөрүп берчү. 5-класста окуп жатканда, «бир жыл өткөрбөй койсоң эч нерсе болбойт» деп каршы болуп койду. Мектепке барып, классташ кыздарынын баарын конокко чакырып, «мен билбеген киши болом силер ар бириң бирден белек алып келгиле» дептир. Үйдө чай ичип отурсак, Алтынайдын классташтары келе жатат. Бирөөнүн колунда чыны, экинчисинде китеп, үчүнчүсүндө "открытка". Апам «сен айткан экенсиң, ээ» десе такыр моюнуна албай койду. Ошентип баары бир конок тостук. Кийин өзү айтып койгонун моюнуна алды. Чоңоюп калганда Алтынай отуруш өткөрсө баарыбыз иштечүбүз. Чарбактагы арыктагы чөптөрдү жулдуруп, короону тазалатып, шифоньердин үстүнөн бери сүрдүрчү. Эми шифоньердин үстүн ким көрөт десең.

«МУРДУМАН СУУ КУЮЛУП, УЯТ БОЛГОМ»

- 7-класста окусам керек, мен класском болчумун. Бир жолу классташ кыздарыбыз бизден чоң балдардын отурушуна барыптыр. Балдар аларды кызганып урушуп кеттик. Айрымдарын ыйлатып койдук. Эртеси окуучулардын баарына чогулуш болуп, мени линейкага чыгарышты. Алтынай мен үчүн уялып, кыздардын артына жашынып туруптур. Бир убакта мурдумдан суу куюлуп кетсе болобу, аны өзүм байкап калып шуу эттирип кайра тартып алдым. Алтынай үйгө келип «жер жарылып кетпеди же мен жерге кирип кетпедим. Карасам, мурдуң агып жатыптыр, ушинтип класском болбой эле койбойсуңбу» деп ыйлактады. Мурдумду тартып алганда завуч «азамат» деп айтыптыр, аны Алтынай айтып жатпайбы.
Бир туугандар баарыбыз маданий иш-чараларга активдүү катышчубуз. Ырдап, декламация айтып, бийлечүбүз, роль аткарчубуз. Ошондо түшкөн сүрөттөрүбүз бар эле, ата-энемдин көзү өткөндөн кийин жоголуп кетти. Айылдагы үйдө мен калышым керек эле, бирок жөн жерден үйлүү болуп калгам. Жумушума байланыштуу Куршаб айылында иштеп, бирөөлөрдүн кеңеши менен айылдын борборунда бекер бир үйгө кирип, үй-бүлөм менен жашап жаткам. Ал белгилүү бир адамдын үйү экен. Анын туугандары келип «кет эле кет» деп кубалай берчү. Бир жолу түйүнчөгүмдү түйүп кеткени жатсам бир киши келип «короодогу теректериң сатылабы?» деди. Маанайым жок, «сатылбайт, мен квартирантмын» дедим. «Үйдүн ээси мен болом, сенин чынчылдыгың жакты, үйдү сага белек кылам» деп кетип калды. Бир айдан кийин ал кишинин көзү өтүп кетиптир. Бирок аялына аманат кылган экен, келип үйдү мага өткөрүп беришти. Ошентип мен үйлүү болуп, ата-энебиздин үйүндө агамдын баласы туруп калды.

«МАГА 3 КАБАТ ҮЙ САЛЫП БЕРДИ»

- Удаа болгондуктан экөөбүз аябай сырдашпыз, ал мени «подружкам» деп коёт. Эч кимге айтпаган сырларыбызды айтышабыз. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Андан кийин 3 агам кырктын кырына чыкканда эле кайтыш болуп кетишти. Алтынай мени да жоготуп алуудан коркобу, билбейм, үйүнө барып калсам «атамдай эле болуп калдың» деп аталап тосуп алат. Кайра кеткенимде ыйлап калат. Үйүнө барганда жалгыз, ысык тамак жасап берер эч кими жок деп ойлонот окшойт. Аялым менен жашабай калганыма 9 жыл болду. Ал Орусияга кетип, 4 баламды өзүм чоңойттум. Үйлөнүп балдарымды капа кылып аламбы деп жүрүп, өзүм калып калдым окшойт. Балдарымдын баары бой жеткен, төртөө тең Орусияга кетишкен.
Ооруп, 2 жыл мурун операция жасаттым. Каталкага салып алып кетип жатышканда Алтынай көзүнүн жашын көл кылып коридордо калды. «Байкем операциядан аман-эсен чыкса, болгон каражатымды чогултуп, Бишкекке там салып берем» деп өзүнө сөз берген экен. Операциядан ойгонгондо эле «сыртта карындашым ыйлап жатат, мени тирүү деп айтып койгулачы» дептирмин. Бирок аны өзүм билбейм. Менин тирүү экенимди уккан Алтынай ошол эле күнү жер тилкесин алып, пайдубалын куйдура баштаптыр. Ооруканадан чыкканда машинасына салып алып мага деп салдырып жаткан үйгө алып барды. Аз убакыттын ичинде 3 кабат кылып салдырып берди. «Сен кыйналып жатсаң мен кантип жыргап жашайм?» деди. Мен Бишкекте акча төлөп батирде турчумун.

БИР ТУУГАНДАР:

1. Жамшит Нарбаев – 1947-жылы туулган
2. Арзыкан Нарбаева – 1950-жылы төрөлгөн
3. Дилбар Абдуллаева – 1954-жылы төрөлгөн
4. Абдиллаким Нарбаев – 1957-жылы туулган
5. Абдымалик Нарбаев – 1960-жылы туулган
6. Данакан Нарбаева – 1962-жылы төрөлгөн
7. Алижан Нарбаев – 1965-жылы төрөлгөн
8.Алтынай Нарбаева – 1967-жылы төрөлгөн

"Кичинемден эле Алтынайдан боюм кыска, арыкмын. «Бул сенин иниңби?» дешсе бала кезде «мен агасы болом» деп ызаланып Алтынайды уруп кирчүмүн. Азыр деле ошентип көп айтышат, бирок албетте, ызаланбайм".
"Солдон оңго: Данакан эжем, мен, Дилбар эжем, анан Алтынай".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(14)
14.11.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азамат эжесиз гоооо.Мына,чыныгы бир туугандык.!!!
14.11.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эжеге бекем ден-соолук, уй-булолук бакыт каалаймын!!!
Менин да, ушундай бир тууганым бар, кайгырсам кошо кайгырган,суйунсом кошо суйунгон. Аллаха мин мертем шугурлор болсун!!! Ушундай бир тууганды бергенине. Ал бир тууган эле эмес, мен учун ата дагы, эне дагы, ага дагы, эже синди дагы, сырдашым дагы.Мен бактылуумун эжем бар учун.Асылым ай ааламды издесем да, сендей боорукер адам жоктур!!! Тирегим бар бол, ар дайым мандайыма.
14.11.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыйлагым келип кетти.эжени тушуном.бир тууганды жоготуу ото оор
14.11.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы жоош киши экени суроттон корунуп турат.Алтынай эже азаматсыз!Бир туугандар оорубасын.Бар болсун баары!
14.11.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата-эне бир тууган бар учун бактылуубуз!!!
14.11.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы баяндап бериптир, бир тууганы ото жонокой кичи пейил экен.
15.11.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур, ,,,
15.11.2017. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурду куюлуп,класском болгон жерин окуп каткырып жибердим.
Жанымдагы орус эси ооп карап калдыго.
Акырында ыйлагым келди,ардайым ден соолукта журунуздор
15.11.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун баяндап бериптир.Агасы бактылуу болсун
16.11.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай Нарбаева Азада раматилик кошуна енебиздинкызы болчу, Султан Эрлан деген неберелери бар еле еки чоон небереси ерте еле шаарда болуп кеткен,

Эх раматылик Азада чоон енебиз жакшы аял болчу. Айылда уйуно да 2 этаж кылып короосун тосуп уй салып таштаган Алтынай эжэке. Азаматсыз.
16.11.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы уйун бекер берген кишинин аты-жонун айтып койсо болмок экен.Же журналистер сурап жазып коюшса болмок.Ото кызыктуу маек болуптур.Ден соолугунуз чын болсун,ушул Алтынай эжедей бир туугандарыныз бар болсун.
16.11.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр деле кеч эмес 52-53 жашта экенсиз эр ортону 50 жаш дешет го, уйлонуп алыныз мандай-тескей отуруп чай ичишкенге да божурашып суйлошконго кайда кетти деп жоктогонго да киши керек.
18.11.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 кабаттуу уйдо жалгыз кандай жашайсыз уйлонуп алыныз . Соонун маек болуптур.
19.11.2017. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uzakova.Z.A,туура айтасын уйлонуп алсын озу жолдуу кишки экен турмуштан бактысы келишпей калыптыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: