АВАЗ АКИМОВ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ
№785 17-23-ноябрь, 2017-ж.

Ырчы Аваз Акимов эми коомдук транспорттун кызматынан пайдаланбайт. Анткени ал темир тулпарлуу болду. Унаасы тууралуу ырчы: «Бул менин 4-унаам. Жогорку ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту жактыргандыктан 2004-жылы чыккан BMW 740I үлгүсүндөгү унааны алдым. Чет өлкөдөн унаа ташып саткан таанышым бар. Аларга техникалык абалы жакшы унаа болсо айтып койгула деп жүргөм. Таанышым ушул унааны сунуштап калды. Буга чейин BMW’ны айдап көргөн эмесмин, ошондон улам кызыгуу пайда болду»,- дейт. Дөөтүң ак жолтой болсун, Аваз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Эн негизгиси , Авазга далайга кызмат кылган ак жолтой машина болсун.