НУРЛАН МЕНЕН АСЕЛ КАЙРАДАН БИРГЕ
№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.
Бирде жетелешип таттуу түгөй болуп, бирде «жөн гана доспуз» дешкен Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кайрадан бирикти. Эки ырчы тең жакында эле Инстаграмдагы баракчаларына Казакстанга барып клипке тартылып келген видеолорун жүктөшкөн. Мындан улам көпчүлүк «экөө жараштыбы?» деп суроо салышкан болчу. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Аселге байланышканыбызда:
– Казак продюсери Эрке Буландын сунушу менен алардын «Зор» деген тасмасына саундтрек ырдап, клипке тартылып келдик. Саундтректин казакчасын Макпал Исабекова менен Нуржан Керменбаев аткарышкан. Ал эми кыргызчасын Нурлан Насип экөөбүз аткардык. Ушунча ырчынын арасынан Нурлан экөөбүздү тандаганына кубанып жатабыз. Нурланды мыкты ырчы катары билсе, мени Куандык Рахым менен чогуу ырдагандан кийин таанып калыптыр,- деп билдирди. «Нурлан экөөңөр жараштыңарбы?» деген суроого «азырынча ал тууралуу эч нерсе айтпайм» деп сыр сактады.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-3
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
Саламатсызбы! Шилтемелер менен кириңиз: https://www.super.kg/article/show/21209
https://www.super.kg/article/show/3637