НААМ АЛУУ КЕЗЕГИ КАЙРАТ МЕНЕН ГҮЛЗИНАТКА ЖЕТТИ
№786 24-30-ноябрь, 2017-ж.
Акыркы күндөрү сыйлык алгандарды эмес, сыйлык албай калган чыгармачыл адамдарды санап бийлик өкүлдөрүн сынга алуу адатка айланып калган эле. Эми болсо «тиги сыйлык албай калды» деп атаганга адам таппай калат окшойбуз. Себеби «ушул алыш керек эле» деген инсандарыбыз четинен сыйлыгын кучактап кубанып жатышкан учуру. Ажобуздун жарлыгына ылайык куудул Күмөндөр Абылов Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ырчы Ырыскелди Осмонкулов «Даңк»ордени менен сыйланса, ырчылар Гүлзинат Суранчиева, Кайрат Примбердиев жана «Айкөл» тобунун көркөм жетекчиси Советжан Асанкадыр Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алышты. Ал эми Ильяз Абдыразаков Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Мындан сырткары өзбекстандык «Ялла» тобунун жетекчиси Фаррух Закиров менен орусиялык КВНдин атасы атыккан Александр Масляков «Достук» ордени менен сыйланышты.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Чонтоко иштеп атат кыдырып
Силердин жазганынардан эле билинип турат кандай ой жугуртоорунор.
Менин коюма да бергиле деп,:-эми ошол дагы созбу ?!Созду дагы мындай фильтирлеп суйлосонор!Ар ким озу билет эмнени суйлосо дагы,бирок бул жазгандарынар кыжырды келтирет ...
Эмгеги эл арасына 10 жыл мурун эле синип кеткен, светчи аке болуп.