Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЧУБАК АЖЫ ТОКОЛ АЛГАНЫН ЖАРЫЯЛАП, ЭРКЕКТЕРДИ ДА БУЛ ИШКЕ ҮНДӨДҮ. Мыйзам жана байбичелер буга жол береби?

№787 1-7-декабрь, 2017-ж.


28-ноябрь күнү мурунку муфтий Чубак Жалиловдун экинчи аял алгандыгы тууралуу айтканы интернетке тарады. Ал видеодо диний ишмер эркектерге экинчи аял алуу боюнча чакырык жасаган. "Кылым шамы" укук коргоо уюму Бишкек шаардык прокуратурасына Жалиловдун бул видеотасмадагы сөздөрүнө укуктук баа берүү боюнча кайрылуу жолдоду.

«МЕН БАШТАБАСАМ, КИМ БАШТАП БЕРЕТ?»
Чубак Жалиловдун насааттарынын биринде ага «экинчи аял алды деп уктум, ушул чынбы?» деген суроо келген. Ага экс-муфтий төмөндөгүчө жооп кайтарган:
– Мен дагы үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат, капа болгону менен, бардыгы ордуна келет деп ойлойм. Анын капа болгонго акысы, кызганганга укугу бар. Мен Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм.
Кытайга, Түркияга, Орусияга кыздарды жибербей, аларды карап, баккыла деп осуят айтат элем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле. Бирок элге өзүм үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам ким баштап берет? Бардыгы сөз боюнча калбасын, жок эле дегенде мен да кыргыздын бир кызын карап, багып, курсагын тойгузуп, элге үлгү болоюн деп үйлөндүм. Элдин баарына ачык айтып жатам. Колунан келген эркектерди үйлөнсүн деп жатам, бирок бул бардык эркектерге милдеттүү эмес. Кимде-ким бир адамды бага ала турган болсо үйлөнсүн. Кээ бир аялдар «мени бага албай жатасың» деп капа болушат. Бирок бир адамдын ырыскысы эки адамга жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан эгерде күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болсо, кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бул маселе элибиздин салтында жана динибизде бар маселе. Үйлөнгөнүм туура, менимче, силер да туура түшүнөсүңөр деп ойлойм. Кадимкидей ата-энесинен колун сурап алып кеттик. Үйлөнгөнүмдү эч кимден жашырган жокмун. Жашыруун үйлөнгөндөрдү жаман көрөм.

«ЭКИНЧИ АЯЛ ЭМЕС, ЧАКЫРЫК ҮЧҮН АРЫЗ ЖАЗДЫМ»
Мындай видеотасма коомчулукка тарагандан кийин «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул иш боюнча прокуратурага арыз менен кайрылганын айтты.
– Менин пикиримди эки аялдуулукка каршы ой катары кабыл алган туура эмес. Мен Чубак ажынын эки аялдуулукка элди үндөгөнүнө каршы болуп жатам. Чубак Жалилов Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесин бузганын коомчулук алдында моюнга алып, ал тургай элге «коркпогула, үйлөнгүлө, күйөөңөргө башка аялдарга үйлөнгөнгө мүмкүнчүлүк бергиле» деген чакырык таштады. Мына ушул эки маселе боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына укуктук баа берүү боюнча кайрылуу жөнөттүк. Биздин пикирде, бул өлкөбүздүн конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтире турган чакырык болуп жатат. Эгер биз экиден, үчтөн аял ала бере турган болсок, анда биз светтик өлкө эмеспиз, андай болсо Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек болот. Жалилов мыйзамда экинчи аялга тыюу салынганын жакшы билет. Анын жазасы кандай экенин да билип туруп, "эмне кыла аласыңар?" дегендей мамиле кылып, элге ачык жарыялап, чакырык таштап жатат. Бул чакырык жеке инсанга эмес, жалпы коомго коркунуч келтирет.

«АРЫЗДЫ РАСМИЙ АЯЛЫ ГАНА ЖАЗГАНГА УКУКТУУ»
Бир эле убакта эки адам менен никелешип, бир чарба жүргүзүп жашоо мыйзамга каршы келет. Бул мыйзам күчүндө болгону менен, аталган берене боюнча өлкөбүздүн тарыхында эч ким арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес, соттолгон да эмес. Юрист Нурбек Абдалиев мындай дейт:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде «Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат» деп көрсөтүлгөн. Бул берене боюнча арызды жабырлануучу тарап, башкача айтканда, эркек менен расмий каттоого турган байбиче гана жазганга укуктуу. Ал эми жөнөкөй жарандын элге чакырык таштоосу же элди дүрбөтүү сыяктуу аракетине укук коргоо органдары оозеки гана эскертүү бере алат. Абдирасулованын арызы боюнча кылмыш иши козголбойт деп ойлойм.

КОШ НИКЕЛҮҮЛҮК КЫЗДАРДЫ ТҮЙШҮКТӨН КУТКАРАБЫ?
Өлкөбүздө күйөөсү эки же андан ашык аял алганы үчүн анын расмий каттоодогу жубайы арыз жазган учур катталбаганына караганда, бул маселе жубайлардын ортосунда гана талкууга түшүп, үй-бүлө ичинде талаш-тартыш жаратса да, мыйзам чегинде укугунун корголушуна ишеним жок көрүнөт. Эгер биринчи никедеги аял бул көрүнүшкө нааразы болсо, ал каалаган күнү ажырашууга арызын жаза алат. Мамлекет жубайлардын балдарын жана мүлкүн мыйзамдын негизинде бөлүп бериши шарт.
Экинчи аялды алуунун башкы себеби катары молдокелер аялдардын жесир калганын, мурда турмуш көрүп, андан улам турмушка чыга албай жүргөнүн, ошондой эле жакыр жашоосун шылтоолоп жатышат. Ооба, өлкөбүздө 25 жылдан бери аялдар эркектер менен катар түйшүк тартып келатканы чындык. Миңдеген аялдардын үй-бүлөнү багуу түйшүгүн моюнга алып, ал тургай эркектер менен бир катарда өлкөнүн экономикалык абалына түздөн-түз таасир берип келе жаткандыгы кадимки көрүнүшкө айланды. 18ге чыгып-чыга элек кыздарыбыз көр оокаттын айынан талаалап, кара жумуш кылып, өз үйүнөн, мекенинен алыста көп кордук көрүп, ден соолугунан, өмүрүнөн ажырап жатканы да ачуу чындык. Экс-муфтий кош никелүүлүктү мына ушундай маселелерди чечүүнүн жолу катары көрсөтүүдө. Мындай социалдык маселелерди чечиш үчүн сөзсүз эле аялдыкка алуу кажетпи, жөн гана бир үй-бүлөнү камкордукка алып, балдардын билим алуусуна, үй-бүлөнүн тиричилигине жардам көрсөтүүгө болбойбу?

«КЫЗДАРДЫН САБАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК»
Жарандык активист, коомдук ишмер Азамат Аттокуров «кыз киши өз алдынча акча тапканды билсе, финансылык жактан көз карандысыз болсо, экинчи же үчүнчү аял болбойт» деген пикирде:
– Чубак ажынын экинчи аял алганын туура эмес деп эсептейм. Анткени бул кылмыш. Көп аялдуулукту туура көргөн эркектер сооп иш кылуу үчүн жесир же ажырашкан балалуу келиндерге үйлөнөт деп жатышпайбы. Менимче, бул жөн гана шылтоо. Эгер адам кимдир бирөөгө чындап көмөктөшүүнү кааласа, ал муктаждарга акчалай жардамды никелешпей деле бере алат.
Болгону экинчи аял алгандар өздөрүнүн сексуалдык жактан ар тараптуулугу үчүн ушундай кадамга барышат.
Анткени алган экинчи аялдарын карасаң, байбичеге салыштырмалуу жаш.
Кыздар "экинчи аял болсом эле ошол күйөө багып, жашоодогу көйгөйлөрдүн баары чечилет" деп ойлобошу керек. Кыздарга ата-энелер туура тарбия, тиешелүү билим бериши зарыл. Ал эми кыздар финансылык жактан көз карандысыз болуу үчүн өз алдынча акча табууга үйрөнгөнү жакшы. Анткени турмушта ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Эркек киши кайсы бир күнү аялын таштап кетпейт же дайыма камсыздайт деген кепилдик жок. Кыздар экинчи аял темасында убактылуу ойго алданбашы керек. Анткени бүгүн экинчи аял алып жаткан эркек эртең үчүнчүсүн алам деп чыгышы толук мүмкүн.

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КАРШЫ
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова социалдык тармактагы өздүк баракчасына: «Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишибиз керек деп насаат айткан Чубак Жалилов «мен биринчи үлгү болуп берейин» деп мусулмандарды мыйзам бузууга чакырды. Буга көңүл бурбасак, эртең башка мыйзамдар боюнча чакырыктар болбойт деп ким кепилдик берет? Эки жана андан көп аял алуу – бул кылмыш. Мындай ойду колдогондор эч качан абийир тапкан эмес»,- деген оюн билдирди.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көп никелүүлүк маселеси көтөрүлдү. Анда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева Чубак Жалиловдун биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алгандыгын жар салганы тууралуу билдирүүсүнө мыйзамдуулукту камсыз кылган мекемелер унчукпай жатканын сындады. «Нике муктаждык үчүн эмес, эки адамдын бири-бирине болгон сүйүүсү, сыйы сыяктуу руханий байлыктардан куралат. Парламент эмнеге бул маселе боюнча унчукпайт?»- дейт Касымалиева. Бул пикирге Эльвира Сурабалдиева да кошулат. "Жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап арыз жазышат. Анын 60 пайызы төлөнбөйт. Мындай абалда көп аялдуулук боюнча сөз болбошу керек",- деди депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында.

«ӨЗҮН ТӨМӨН БААЛАГАН АЯЛДАР МАКУЛ БОЛУШУ МҮМКҮН»
Бул маселеде психологиялык сокку ортодогу балдарга жана байбичеге тиери талашсыз. Бала финансылык эле эмес, руханий да колдоого муктаж экени белгилүү. Психолог Перизат Асылбаева кош никелүүлүктү үй-бүлө мүчөлөрү психологиялык жактан кандай кабыл алары тууралуу буларды айтат:
– Алгач кош никелүүлүктүн түпкү мааниси менен максатын билишибиз керек. Анткени бул көрүнүш бир канча кылым мурда оор кырдаалдар жаралганда же согуш учурунда жайылган көрүнүш болгон. Аялдар өздөрү жесир, балдары ата тарбиясы жок калбасын деп, экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял болуп турмуш курууга макул болушкан. Бул маселе ал учурда кайрымдуулук катары болгон. Бүгүн заман башка. Бүгүнкү күнү кандай кырдаал болбосун, кош никелүүлүктү тандаган адам «кандай максатта ушул кадамга баратам?» деп ойлонушу керек.
Кош никелүүлүктүн биринчи курмандыгы – байбичелер. Кайсы эле аял күйөөсүн башка бирөө менен бөлүшкүсү келсин? Балким, «шарт ушундай» деп өзүн алдайттыр, бирок баары бир ал аял начар абалда калып, ичине таарыныч, нааразычылык топтолуп, акыры жубайлар ортосунда түшүнбөстүккө жана чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.
Эркектер экинчи, балким, үчүнчү аял алганы жатканда "эки же үч аял менен статусум жогору болот" деп ойлойт да. Накта реалдуу жашоо башталганда эки үйүндө ар кандай чыр-чатактар чыгып, өздөрү деле өкүнүп калбагандай болушу керек. Анткени өздөрүнүн балдарынан тышкары, экинчи никесинде деле балдары төрөлөт. Байбичеде элдин арасында басынуу сезими пайда болот. Эркек «сени чанбайм» деп айткан күндө деле, байбиче өзүн кем сезип, чанылгандай сезим пайда болот. Ичинде «күйөөмө менин кайсы сапаттарым жакпайт, чанбаса, анда эмнеге дагы башка адамды тандап жатат?» деген суроолор жаралат. Өзүнүн жолдошун эки күндүн биринде башка үйгө жиберүү да оңой эмес. Бул көрүнүшкө өзүн баалоосу төмөн аялдар макул болушу мүмкүн.
Ал эми күйөөлөр бул кадамга баруунун алдында башка аялга, анын балдарына тиешелүү мээрим бере алабы, алардын жакшылык, жамандыгын көтөрө алабы, ар бирине тегиз мамиле кылып, сабырдуу мамиле жасай алабы, ушул суроолорго жооп берип, анан кадам таштоосу керек. Анткени балдар өз атасынын башка балдарды да бала кылып алганын чыккынчылык катары кабыл алып, кызганыч сезими пайда болот. Ошол эле балдардын теңтуштарынын арасында «сенин атаң башканын да атасы болду, дагы бир аял алган турбайбы» деген өңүттөгү сөздөр чыгат. Аны бала аябай оор кабыл алып, чүнчүп, уялып, өзүн ушул маселеде күнөөлүү сезет. Мындай ызасынан улам үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн психикасына доо кетет.

ДЕМОКРАТИЯ БААРЫНА БИРДЕЙ ИШТЕБЕЙБИ?
Бейөкмөт уюмдарынын бул окуядагы чуу салуусу коомчулукта терс пикирлерди да жаратууда. "Бир кыргыздын жесир келини күйөөлүү болуптур, ошол үчүн ажыны соттош керекпи? Эгер азыр эркек менен эркек үйлөнөм деп чыкса да мыйзамда жок деп прокуратурага кайрылат белеңер? Жок, андай учурда силер Ак үйдүн алдына аларды коргоп митингге чыкмаксыңар да. Эгер кумсалардын мамилеси эркиндик деп саналса, Чубак ажыга өз каалоосу менен токол болуп турмушка чыккан аялдын тандоосу эркиндик эмеспи? Бул бейөкмөт уюмдардын кош стандарттуу аракети" деген өңдүү пикирлер да интернетте, соцтармактарда жазылууда.
Үй-бүлө маселеси дегеле кылдат мамилени талап кылган нерсе. Бир ата, бир эне менен жашап деле балдар үйдөгү түшүнбөстүктөрдүн, ата-энесинин ортосундагы чыр-чатактардын айынан психикалык травмаларга кабылышы мүмкүн. Ата-эненин балдар үчүн гана бир үйдө өздөрүн кыйнап жашоосу балдарга, тескерисинче, бир өмүр терс таасир калтырышы мүмкүн.
Өлкөбүздөгү элдин жашоосунда диний ишенимдер менен мыйзамдардын тирешип калган учурлары акыркы жылдары көп талкуу жаратууда. Дүйнө элдери цивилизациянын агымында өнүгүү жолун тандап, алдыга карай багыт алып жатса, биздин коомдо кош никелүүлүккө жол берелиби, жокпу деген маселенин улам көтөрүлүп, талкууга түшүп жатканы кейиштүү. Социалдык көйгөйлөр өкмөт тарабынан чечилип, элдин турмушу мамлекеттин камкордугунда, ылайыктуу мыйзамдардын негизинде жакшыртылышы шарт. Болбосо буга окшогон иштерди диний аалымдар өңдүү ар кайсы топтор кайсы бир кызыкчылыктар үчүн пайдалануучу куралга айлантышары бышык.
Чубак Жалиловдун чакырыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 30-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(80)
05.12.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Адамдар, кеп акчада эмес, сойкулуктан, никесиз кошулуудан алдын-алуу.
Aygul777 түзөттү 2017-12-05 09:20:36
05.12.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul777,тийгиле аял алалбай жургондор канча алардын акчасы жок акчалуу эркектен намыстуу эр артык эмеспи ертен сенин синдинди апанды сыздатып дагы бироо тийсин апан мн синдиндин сутунон кыздарынды сыздатып куйоо балан уйлонсун экинчисине жан дуйнон орттоноор бекен же жыргаар бекенсин ошол-н балдарынын жан дуйнолору мн ким эсептешет ким энеден артык эмне бар. Баарыле бузулуп кеткен жокко анда эмнеге бузулуп кеткен кыздарды алышпайт. Аллахка койдум жаратканым коп болсо ыйлайт деп алсыз аялды корд
05.12.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aygul777,кесепети кыздарыбызга тийип коз жаштары акпаса экен. Куйо балдарыбыз токол алып. Эмнеси болсода ыймандуу молдолорубуз ушуну кылып жатышса калгандары кайда барат балдарыбызды кантип ошол ажыларыбыздан сабак ал дейбиз экиден катын алгыла коп болсо ыйлайт деп отурса кудайым ай туура жол коргозо кор. Катын алып эле бейишке кирбей башка жакшы журум турумунар мн деле кирсенер болот эч кимди кыйнабайле.балдарынардан артык эмне бар
06.12.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul777,анда сойкулуктун жолун тосуп,сойкуканадан бир кызды жетелеп келип күйөөңө алып бер эгер духун жетсе. Эки дуйно бактысына ээ болосуң. Духу жетпеген нерсени макул көрүп эл дарбыса эшек кошо дарбыйт боло бергендерге күйөсүн да күйөсүн
Shahrizaada түзөттү 2017-12-06 01:06:20
08.12.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada, Жашоодон максатынызды жакшы билсениз, сиз деле кубана-кубана алып бермексиз.
05.12.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
мындан эки уч жыл мурун Ч.Жалилов аялдарга кенеш бергени келет дегенинен баргамын. Аягында суроо-жооп болуп бир кыз экинчи аялдыкка алыныз дегенде,каршы болгон эле.
05.12.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kristinaapril,анан эмне озун предлагать эткендин баарын эле ала бериш керек беле анда устаздын канча аялы болмок. Эгер билсениз устазга турмушка чыгууну каалаган аялдардын саны коп
06.12.2017. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dimedra,карындашын же эжең барбы,ажыкен макул десе алып берип кой. И так Орусияда жүрүшөт, көр тириликке белчеден батып. Соопко гана каласың))
05.12.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kristinaapril,ал келиндин келбети, же фигурасы жакпай калгандыр да ошондо
05.12.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алса алгандыр да тобооо. Жаман зоокур куйоодон коро тазараак адамга нике кылса эч нерсе болуп кетпейт. Тим эле Чубак ажыдан башталгансып баары укмуш болдуго. Канча эркек 2 эмес 6,7ден жашап жатат. Бизде ачык айтканды тилден кесмей адат калбайт го. Кокус коруп калсан козунду чукуйт.Озун барктабаган аял тийет дегенди айтаарда ойлонуп айтпайбы (доктур) жаранга шек келтирбей. Нан береби курсагы ачса. Соз деп эле балт эттирбей. Бактылуу болсун айтаарым!
05.12.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
arlekino,эн туура мен сиздин оюнузга кошулам эми ушул окуядан кийин тушунуп тушунбой калп эле акылдуу болушуп ажыны кара кузгундардай эле талап атышатго. Кудай баарын ордуна коёт.эгер адам биринчи аялын балдарын жакшы карап бактылуу кылалса экинчи аялын балдарын дагы бактылуу кылалат да аракет кылса.биринчиси болуп той менен турмушу болбогондор канчоо.экинчи аял болуп бактылуу жашап аткандарды басмырлаптыр (доктор сорой)
06.12.2017. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chemp85,атаңа алып берип кой да,бир кыргыздын кызынын багын ачып,соопко каласың. Эгер апаң макул эле болуп раазычылыгын билдирсе!
Духунар жеткенин макул болуп, бул идеяны колдосонор.Ичинерден атам башка аял алып, апамын жүрөгү ооругандан,жездем,же күйөө балабыз экинчи аялын жетелеп келип, кызыбыз көз жаш
токкондон кудай өзү сактасын деп ичинерден келме келтирип жаткан чыгаарсынар
Shahrizaada түзөттү 2017-12-06 01:11:32
05.12.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baha.A,
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо gazeta@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.
05.12.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйлонсо уйлонсун,башкаларды ундогону бир аз чатагыраак болуп калыптыр!Башкалардын уй-булоосунун бузулаарын да эске алуу керек да!
05.12.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тим эле депутат эжелер,Кыргыздын душмандары дагы анча мынча көк мээлер (соц.тарм-р) ж.б.лар абдан эле чырылдаптырго Как буд то чооң бир кылмыш иш болгондой не мындан бөлөк мындан коркунучтуу нерсе бизде болбой атабы? Же көзүңөргө көрүнбөй атабы? Чет жака экинчи эмес он экинчи болуп турмушка чыгып шордукту көрүп өлгөнү өлүп качканы качып келе атат качалбаганы жүрөт шор болуп эмне алар жө.дө унчукпайсыңар кыздарыбыз сойку болуп кимден төрөгөнүн билбей балдарын төрөп мусорго таштап кетип атат чет ө
05.12.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул чакырык менен уй - булолор бузулуп , башаламандык даана ошондо башталат . Кудайга шугур , динден кабарыбыз бар болгону менен дээрлик копчулугу каршы. 40-45-50догу жесирлер 3-4 балдары менен кыйналып жашай берсинби , жардам беруу максатында эмнеге камкордугуна албайт ? ! Жаш келиндерди алат жубайлыкка , маселенин башка жагы да бар . Албетте байбичеси капаланат , таарынат .
05.12.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апалапынардын эже карындаштарынар баарынардын жашоонор канааттандыраарлык болуп жатабы. Жолдошторунун мээрими ашып тушуп жатабы.анда атанызга куйоо баланызга алып бергиле башка бироонун эже карындашын коро калгансып бузулуп журот минтип журот жакшы болду дебей же болбосо ошол бузулуп жургондорду алып бергиле озунун балдары апасы туруп башка катын алып келсе кандай ахыбалда жан дуйносу кандай абалда болот болдукен ансыз деле канчалаган уй булолор бузулуп жатат бир семиясын эптей албай.
05.12.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр ушул заманда , уй-булоосун баккандан качып акчалуу аялдын колтугуна кирип алган эркектер да жок эмес .
jypara1415 түзөттү 2017-12-05 12:01:22
05.12.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы болуптур эки жылга соттош керек чубак ажыны мыйзам баарына бирдей
05.12.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым, адашуучуларыңды өзүн кечир. Канчалаган үй-бүлөлөрдүн ажыралып кетишинен өзүң сакта. Ушул окуянын артынан элди эки топко бөлгөн инсандарга өзүң жазаңды бер
05.12.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайрадан ажырашуу коп болот деп ойлойм,кайсы аял макул болот эле экинчи аял алам лесе,бар анда мен ажырашам деп ошондо согуш башталат.Ортодо балдар байкуш баягы эле,куноосуз.Эркектерге шылтоо просто,экинчи аялга жесир алмак Тургай,жапжаш кыздарды ала башташат.Аллах сактай кор,баарыбызга ыйман,ынсап бере кор!
05.12.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
30 дан ашкан жесир дейт го тим эле...Азыркы заманда кыздар 30 дан ашып тийип калбадыбы эрге.Эркектер "ЭРКЕКТИК" кызыкчылыгы учун гана уйлонот.Суйуусу ашып,байлыгы ташып аткан болсо уйлонбой эле жардам бере берсин.Жардам берем дегени болгону маскировка.Кыргызстан боюнча жалпы жесир, жардамга муктаж аялдардын санын учетко коюп, экинчи катын алам дегендерге бериш керек.Кудайдын айтканы кимиси туш келсе ошону аласын деп эркектерге болушсо,корот элем экинчи аял алгандарын...Жаш ,сулуу деп э
05.12.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sezimim...,Туптуура! Динди бетине кармап алышып, өздөрүнүн "дене" кызыкчылыктары үчүн эле "ойношчулук" кылып жатышат. "Никебиз бар"деп коюшат, любой мечитке жетелешип барышса молдолор нике кыйып коё беришет. Алардын үй бүлөсү, балдары барбы, сураштырып, тактап отурмак беле. Кыргыздын эркектери, динди жамынып, бузукулук кылбагылачы! Үй бүлө биринчи орунда турат!
06.12.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sezimim...,сонун ойду айтыпсызго.☺☺.
05.12.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милицияга берген сурагында ал жон эле суйуктуум дептир, эч кандай закон бузбаптыр)))
dina түзөттү 2017-12-05 12:46:27
05.12.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ыйлагыла, кызгангыла анан кочого чыгып жиндилик кылбагыла "-дейт. Аялдарды ыйлатып моокумун кандыргысы келип атат окшойт. Шариатта аялды сыйлаш керек, ар бир коз жаш тамчысына акыретте жооп беребиз деп дагы ойку кайкы суйлой берет экен да бул. Абдышукур ажыбыздпн улгу алса болмок эч качан эки жуздуу болбойт го.
05.12.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
КР конституцисына ылайык эч Ким биздин ажыны камап, сурак алууга укугу жок экен. А эмне учун Чубак ажы Жалиловду кайра-кайра суракка алып жатышат.?? Маселени которуп ,арыз жазгандарда аял кишилер экен, такыба аял эч качан куйоосунун экинчи аял алышына каршы чыкпайт. Биз светский государствада жашасакда туткан динибиз Ислам. Шариатта каралган нерселерди да мыйзам чегинде кароосу зарыл.Ажынын аялы арыз жазбаган сон,соттогонго Салянованын укугу жок.
06.12.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Elisabeth,КР Конститутциясынын кайсы беренесинде эч ким ажыны камап,суракка алууга укугу жок деп турат тообоо?Ажы КРдин жараны болгондон кийин,бардык Мыйзамдарга баш ийуусу керек. Анда мен ажыкемин,аалыммын,муфтиймин,имаммын деп эле каалаган кылмышын жасап журо бериш керекпи? Аалым болобу,муфтий болобу,Президент болобу Мыйзам алдында баары бирдей.Жашы откон 5 балалуу аалым,ычкыры узулуп жаш жигиттей болуп "суйуктуум"(любовницам)деген уяты жок молдокени тим эле Кудайдай коруп алыпсынар
05.12.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эх аялдар куйолорунорду жоготуштан коркуп жатасынарбы. Алар кааласа барибир алат силерди таштап кетип болсо да андан коро ажырашпай жашай берсин биринчиси экинчиси менен. Не бар мында турган. Озунорду биринчинин ордуна кое бербестен Экинчи болуп да элестетип коргуло 35 чыккан аялды Ким биринчи кылып алат ал бечара омур бою жалгыз туйшук тартып отсунбу. Же бироону ажырашсын деп тилек кылсынбы. Келин бактылуу аял экен Аллахым бирди алса ордуна андан да жакшысын берет деген ушул да.
05.12.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Dimedra,коркпойбуз, анткени эркектин баары катынпоз эмес
06.12.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nurhan2702,катынпоз эмес. Боорукер болуш керек мындай Иш кылыш учун.
11.12.2017. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dimedra,садаган кетейин бир аялды аран судуроп багып жатканынарда башка аялга коз артып эмне кыласынар.
05.12.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Dimedra,Хм . Силерди таштап
кетип болсо да алат дегениниз
кызык экен . Алгыла ала койгула ! ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-06 09:39:39
05.12.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ушул жерде экинчи аял алууга макул болгондор аталарынар жаш экинчи аял алып жашаса кандай акыбалды болот эленер?
05.12.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
peri0308,или карындашынын күйөөсү экинчи аял алып алса...
06.12.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
peri0308,Апам кандай акыбалда болот билбейм бирок мен эн жакшы тушунмокмун Эгер атам Чубак ажыдай айтса. Ошондой ойдо уйлонуп апама болгон суйуусу азайбаса. Мен озумдун куйом уйлонсо да туура кабыл алам мени таштабаса. Мен киммин Пайгамбар С.А.В.дын суннотуно каршы чыгып Алла уруксат берген амалды тыйгыдай. Мен тегеле тура аткарылган ар бир парзга ар бир суннотко суйуном. Аны Ким аткагандан айрымасы жок.
06.12.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Dimedra,сен учун апандын конулу, кайгы капасы кызыктырбайбы
06.12.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurhan2702,кызыктырат. Апам менин адамдардан башкача. Жаратылыш суктана турган Адам сырты кандай болсо ичи да ошондой. Тынч сабырдуу ар тарапты ойлогон озунун жеке каалосун жогору койбогон. Баарын таразалап анан суйлогон адам. Ал киши албетте экинчинин ордуна озун коюп туруп анан чечим чыгармак. Айтканымдай Эгер атамдын тушунугу Чубак ажыныкындай болсо ойлонбой макулдугун бермек. Мен эсе куйомдун ыйманына Алладан коркконуна ишенип макулдугумду бермекмин. Куйом эч ккачан адилетсиз мамиле кылбайт.
08.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dimedra,Аллах ыраазы болсун! Эн туура соз айтыптырсыз
10.12.2017. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
peri0308,менин атамдын экинчи аялы бар мен анын үйүнө кээде барып турам алыш керек эркек болгондон кийин
05.12.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ээ кызык ушу эркектер.эки аял алганды коюп бироону эптеп алсынчы эркектер...Деги эле бактылуу болгула 5оону алсанар да байлар!а менин жеке оюм мен каршымын.ким эле болбосун кызганат да.Жардам бергиси келсе жон деле жардам бере берсин!
05.12.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Маселени бир тараптуу караган да болбойт.Кыздардын өздөрүндө да бар жапжаш кыздар байларга экинчи тургай 4-5-болуп деле тийип жатышпайбы уялбай өздөрү жармашып атасынан чоңдорго.Акчасы жокторго биринчи болуп да тийгилери келбейт.Азыр жашообузда эч кандай баалуулуктар деле калбай баратат,башкы рольдо акча ойнойт.
Edelveis929317 түзөттү 2017-12-05 14:11:21
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: