Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ВИЧ ЖУГУЗУП АЛГАН БАЛАНЫН ЭНЕСИ: «БАЛАМ ДАРЫГА БАЙЛАНГАН БАЛАЛЫК ӨТКӨРҮП ЖАТАТ»

№788 8-14-декабрь, 2017-жыл


2007-жылы Ош шаарында жана Ноокат районунда дарыгерлер жаш балдарга массалык түрдө ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алышканы аныкталган эле. Бул боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголуп, анын алтоо акталып, калганы ар түрдүү жазаларды алышкан. Дарыгерлердин шалаакылыгынан жабыр тартып, бул оору менен алпурушуп чоңоюп жаткан балдардын арты 10 жашка чыгып калды.

«КЫЗЫМ «ЭМНЕГЕ ДАРЫ ИЧЕ БЕРЕМ?» ДЕП ЖҮРӨГҮМДҮ ООРУТАТ»
Ал каргашалуу окуядан бери 10 жыл өттү. Ал балдардын ата-энелери андан бери кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп чоңойткону тууралуу айтып беришти. Белгилүү себептер менен каармандардын аттары аталбайт.
-2005-жылы кыздуу болдум, төртүнчү балам. Кызыма 4-5 ай болгондо, 2006-жылы дене табы көтөрүлүп ооруп калып, Ноокат райондук жугуштуу оорулар ооруканасына бардым, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Минтип наристем төрөлөрү менен эле оорукана, дарылар менен тыгыз байланышта жашап калды. Жакшы боло алган жок, үйгө келип кайра эле ооруй берди. Көрсө, ошондо эле канга инфекция кирген окшойт. Айыкпай койгондо 2007-жылы Бишкекке барып анализ тапшырганда кызыбызга ВИЧ-инфекциясы жугуп калгандыгын билдик. Дарыгерлердин шалаакылыгынан канча балдар кыйын тагдырга кептелди. Азыр ошондо аман калып, диагнозу чыгып, дарыланып жаткандар эсептелинип жатат. Бирок ошол маалда ооруканада канча балдар өтүп кетти, аларга сепсис деп диагноз чыгарышкан. Менимче, чыныгы диагнозун жашырышкан. Андан бери он жыл өттү. Кызым дарыга байланган балалык өткөрүп жатат. Моралдык, материалдык жактан кыйынчылык тарттым. Канчалаган коломто бузулду, канча үй-бүлө түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетишти. Айрым жоопкерчиликсиз эркектер үй-бүлөсүн таштап кетишти. Айрымдар балдарын чоң ата-чоң эне, таята-таенелерине берип коюшту. Алар дарыларын ичип жатабы, жокпу ким билет?..
Кызым азыр 5-класстын окуучусу. Оорукчан экени байкалат, арык, алсыз, өзү теңдүүлөрдөн бою кичине. «Эмнеге дары иче берем?» деп жүрөгүмдү оорутат. Кичинекей болгондуктан кандай оору экенин толук түшүнө бербейт, биз түшүндүрүп, "башкаларга айтпаш керек" деп айтып келебиз. Ушунча балдардын тагдырын талкалаган дарыгерлер, тиешелүү жаза алышкан жок, соттун чечимине канааттанбайбыз. Аноним болгонубуз үчүн да оюбузду айта албай, талаптарыбызды ачык жеткире албай отурабыз.
Мен өзүм аракет кылып кызымды тиешелүү семинарларга жиберип турам. Бейөкмөт уюмдар гана көңүл буруп, жардам берип турушат. 2006-жылы Казакстандын Чымкент шаарында да ооруканаларда балдарга ВИЧ-инфекциясы массалык түрдө жуккан факт катталган экен. Анда жабырлануучуларга 10 миң доллардан жана бала 18ге чыкканга чейин ай сайын 160-225 долларга чейин жөлөк пул төлөнөрүн Казакстанга барып калганда билгем. Бизге мамлекет айына 3 миң сом төлөйт, түшүндүрүү иштери да жүрбөй калган.
2011-жылы митингге чыккан он чакты апалар мамлекеттен үй алып калышты, калганыбыз калып калдык. Кызымды ойлоп башка жакка чыга албайм. Балам оорубаса мен да Орусияга барып акча таап үй салып алмакмын.
Күнөөлүү деп табылган врачтардын бирөө каза болду, айрымдары кайра эле ооруканаларда иштеп жатышат. Дарыгерлердин ишин улантып жатканына каршылыгым жок, бирок алардын айынан башка энелер жабыркабасын дегим келет. Биз башыбыздан өткөргөн жашоону эч бир эненин башына салбасын.

«БАЛАМДАН МАГА ЖУГУП КАЛДЫ»
Ушундай окуяга кабылган дагы бир эне буларды айтат:
-Балам 2006-жылы төрөлгөн. 7 айлык болгондо тиши чыгып ичи өтүп Ноокаттагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө түшүп калганбыз. Айыга албай кайра-кайра ооруканага каттап калдык. Дене табы түшпөй койду. Жандандыруу бөлүмүндө жаттык. Такыр жылыш болбогондуктан Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулдук. Бир аз жакшырып калганда көкүрөк оорулар бөлүмүндө 16 күн жатып чыктык. Бир жыл өтпөй баланын оозу оозул болуп, дене табы көтөрүлүп дагы Ошко жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Бир топ ооруларга анализ тапшырсак, баары таза чыкты. Бишкектен анализ тапшырууну туура көрдүк. Мынчалык катуу ооруга чалдыгабыз деп кайдан ойлоптурбуз? Жыйынтыгы чыкканда бизге эч нерсе айтпай, атасын текшеребиз дешкенинен жолдошум Орусиядан учуп келди. Атасы, бир туугандары, баарыбыз таза чыктык, баламдан гана ВИЧ-инфекциясы табылды.
Башында түшүнгөн эмеспиз. Кичинекей балага ВИЧ жугуп каларын да билген эмеспиз. Чоң адамдар жаман жолго басканда, баңгизатын колдонгондо гана бул дартка чалдыгат экен деп жүрчүбүз. Баланы эмизбешим керек экенин эч ким айткан эмес. Оозу оозул болуп канап, эмчегимдин учу жарылып кетчү, баланын ичи өтүп, мен жарылган колдорум менен аны жууп жүрө бергем. Кийинки жылы кайрадан анализ тапшырганда менден да ВИЧ-инфекциясы табылды.
Балам азыр 11 жашта, дене табы көтөрүлүп, оозул болуп, ичи өтүп, сасык тумоо боло берет. Дарыларды үзбөй ичип турабыз, бирок балам алсыз. Биздин абал тууралуу айылдагы 7 жаштан 70 жашка чейин баары билишет. Анализдин жыйынтыгы келгенде эле дарыгерлердин «жардамы» менен 1-2 күндүн ичинде айылга тарап кеткен. Эл колдору менен көрсөтүп калышкан. Башында балдар оюнга кошпой жийиркенишчү. Азыр түшүнүп калышты, жардам беришет. Бул дартка баламдын да, өзүмдүн да күнөөм жок. Ошондуктан жашырбайм. Бирок менин статусумду дагы да баса белгилеп, айылыбыздан да алыс таанылгым келбейт, атымды жашырууну туура көрдүм. Балам чоңоюп, менден «Кайсы жактан, ким жуктурган? Мага айтыңыз, мен билишим керек ал адамдарды. Сиздин ыйлаганыңызга ошол адамдар күнөөлүү да. Сиз ыйлабашыңыз керек» дейт. Азыр ошол балам менен ооруканада жатам, талмасы бар.
Ошондогу балдардын алдыңкылары 15-16 жашка чыгып калышты. Чоң жашоого аттанып жатышат. Бирок алар менен тыгыз иш алып барган эч ким жок.

«АЛ БАЛДАРДЫН БИРӨӨ СОТ БОЛУП ДАРЫГЕРЛЕРДИ ЖАЗАЛАГЫСЫ КЕЛЕТ»
ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган балдар менен иштешип турган Оштогу бейөкмөт уюмдун өкүлү Феруза Амадалиева балдарга тиешелүү камкордуктун жоктугун баса белгиледи.
-Анда балдарга ВИЧ-инфекциясын жуктурган врачтар ар кандай жазаларды алышкан. Шарттуу түрдө кесилишип, 12 үй-бүлөгө 50 миң, 17 үй-бүлөгө 100 миң сомдон моралдык чыгым төлөп беришкен. Бүгүнкү күндө мамлекеттен да, донорлордон да колдоо жок. Өлкөдө бул адамдарга кам көрүүчү долбоорлор жок. Өспүрүм куракка келгенде өзгөчө оорчулукка кабылышат. Балдар даяр эмес. Ушул окуядан жабыркаган 5-класстын окуучусу бул ооруга кабылып калганын кабыл ала албай, бул үчүн аябай тынчсызданып жүрөт. Чоңойгондо сот, прокурор болуп, күнөөлүү болгондордун бардыгын жазалагысы келет экен. Анын апасы дагы бул оорунун курмандыгы. Апасы жолдошуна башкага үйлөнүүгө макулдук бергенге мажбур болгон.
Ош облусунда ушул жылдын 1-ноябрына алынган маалымат боюнча, 1351 адам ВИЧке кабылган. Анын ичинен 398и 14 жашка чейинки жаш балдар.

«ӨЛКӨДӨ ЖАЛПЫ 75 ЖАШ БАЛА КАЗА ТАПКАН»
Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясына кабылган адамдардын саны 2017-жылдын 1-ноябрына алынган маалымат боюнча 7804кө жетти. Анын ичинен 7396сы кыргыз жарандары. 14 жашка чейинки 611 бала бул дарт менен алпурушуп жашап келет. Оору өлкөдө катталган 1996-жылдан бери 1695 дартка чалдыккандар каза болушкан, анын ичинен 14 жашка чейинки 75 жаш балдар өмүрү менен коштошсо, өткөн жылы 1504 жаран бул дүйнө менен кош айтышкан. Республикалык СПИД борборунун айтымында, аталган илдетке чалдыккандардын көбү Чүй облусунда, Ош облусу жана Бишкек шаарында жашашат. Аталган борбордун мониторинг бөлүмүнүн адиси Замира Тилекованын айтымында, өлкөдө 20-39 жаштагылар арасында дартка чалдыккандар көп.
– Белгилей кетчү абал, ВИЧ адамдан адамга кан аркылуу гана жугат: жыныстык жол, ийне аркылуу жана энеден балага берилет. Күнүмдүк турмушта бул дарт коркунучтуу эмес экендигин ар бирибиз билишибиз керек. Сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө же чүчкүргөндө, чогуу иштешкенде, чогуу тамактанганда, чогуу сууга түшкөндө, коомдук транспортто, жаныбарлар аркылуу же чымын-чиркейлер чакканда жукпайт. Өзүңүзгө сак болуш үчүн ВИЧ/СПИД тууралуу көп маалымат билиңиз, жыныстык мамиледе этият болуу, ар кандай медициналык жана косметикалык процедуралар учурунда (маникюр, педикюр, кулак тештирүү, татуировка жасатуу, пирсинг) аспаптар бир жолу колдонулуучу жана стерилдүү болушу маанилүү. Тиш дарыгерине барганда да жабдыктардын тазаланып колдонулушуна көңүл буруңуз. ВИЧтин организмде пайда болуусу анализ тапшырганда гана билинет. Дарт айыкпайт, бирок дарылардын жардамы менен ооруну кандайдыр бир деңгээлде токтотуп койсо болот.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
12.12.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Байкуш бейкуноо балдар...
12.12.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мындай окуяларды угуп больницага да баргын келбейт тооба.
12.12.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым дартыныздарга дабаа берсин, ал эми ошол куноолу болгон дарыгерлерге наалат! !!
12.12.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эмнеге жашырышат?! Мисалы, кыз же жигит куракка келишсе, турмуш курабыз деп калыса, кимдир бирөө билиши керектир?! Тооба кылдым, бирок, эч ким вич м.н ооруган келин алып, кызын бергиси келбейт да. Анда кандай болот?? Ансыз да өспүрүмдөр сүйдүм- күйдүм деп никесиз эле жата калып жүрүшкөн заман болду. Кантип тизгиндейбиз??
12.12.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
radostmoya,СПИД экенин айтпай турмуш курса,соттолот мыйзам боюнча.Жакында эле бир маалымат жургон,1кыз жуктуруп алып,анан 500го жакын бала менен «жатып» баарына жугузган атайын.Эми эн аз дегенде эле 500адам 1ден адамга жугузса 2эсе кобойду(((.Этият боогула...
14.12.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela,окшотуп эле суйлой бересинерби 500го жакын мн да жатчы беле бир кыз
12.12.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бир шприцти уч адамга сайып бир сайылчуу шприцтен бизнес жасаган озбек медсестра менен врачтын кесепетинен маштабтуу балдар ВИЧ жуккан. Ото катаал жаза колдонуу керек эле
12.12.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тан калыштуусу азыр жеке менчик ооруканалар менен мамлекеттик ооруканалардын айырмасы жок калгандыгында,жеке менчикке барсан деле ошол акча мамлекеттике барсан деле ошону сурашат, мындайча айтканда акчанар жок болсо оорубагыла дегендейле заманда, тообо дейсин,кече жакындале Ош шаарындагы мамлекеттик ооруканага корундум консультация учун 200толойсун деди тобо,оозунан чыккан жел учун, болбосо мен анын уколун алып же бир даарысын ичкеним жок тан калыштуу
13.12.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sunai,200сомду анын кабинетине киргенин учун бердин,эгер поликлиникада,талон алып,очередь кутуп,направления(озун жашаган медпунктан) барганында толобойт болчуусун.Баарына озубуз куноолубуз,так аткарбайбызда.
12.12.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай озу сактасынчы мындай оорудан,женемин эжесинин баласыда ошол нокатда жуктурган экен,женем кече жакында эле айткан болчу,бул оору менее ооругандар саналуу гана жыл жашайт экен,ошол балага 14 жыл деген экен азыр 14 жашта экен ал бала,Ошо баланын айынан апасы ада болоюн деп калды дедиле,жакшы нерсенин баарын алып берет экен,чет мамлекеттерге курортторго алып барып келиптир,балам арманда отбосун деп козуно карашат экен,алда билбейт экен неге даары менее жашашым керек бул даарыларсыз мен жашай
16.12.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91, «ада болоюн» дегени эмнеси?
12.12.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жашай албаймынбы деген сыяктуу суроолорду коп берет дейт,эне бала учун тугоптур,мындай оор сыноону Кудай ээч башыбызга сала корбосун,коз алдыбызда наристебиз соолуп баратканына кантип чыдай аласын,Кудай ОЗУ сактасын.
12.12.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эшек шалаакы врачтардын кылганы, мындайларга олум жазасы да аздык кылат
13.12.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр адамдар башкача боло баштады.ВИЧ жугузуп алгандар,Мен эле оорушум керекпи эмне башкалар деле оорусун деп атайын жугузуп салат башкаларга.Аллах ошолордон сактасын
13.12.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
trabzon11,Мен дагы ушунудай созду уккан элем
14.12.2017. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
trabzon11, Эгерде ошондой ойлоп жугуза турган болсо, жоопко тартылат мыйзам негизинде.
13.12.2017. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаасын берсин. Жаман дарттан Аллах озу сактасын
13.12.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тобоо 7800 адам СПИД болсо расмий катталган,билбей жургон жана катталбаганы дагы ошончо.Россиядагы мигранттарды эле кошпогондо ошондо КРда больнойлор миллиондон ашса жашыруундарын кошкондо,кыргыздар кырылайын деп калыптыргоо.Аллах озу сактасын баарыныздарды.
JaneEr түзөттү 2017-12-13 16:35:54
13.12.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай гана окунучтуу, оспурум балдардын омуру соолуп баратса. Жакындарына сабыр тилейбиз. Ошол убактагы куноолуу медиктерди териштирип бериниздерчи, урматтуу Супер Инфо! Кандай жаза алышты?
14.12.2017. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Наристелердин омурун алган врачтарга наалат...наалат гипократтын антын берип койушат даагы жок дегенде наристелерге жакшы карашса эмне алар биздин эртенки келечегибизго
14.12.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул окуя 2007-жылы болсо керек эле. Угушумда ВИЧ-инфекциялуу канды врачтар байкабай балдарга куюп жиберишкен экен. Ал да дароо билинбей, кийин балдар ооруп баштаганда билинип, анан врачтар моюндарына албай танып, аран дегенде моюндарына коюшкан. Айтор чон ызы-чуудан кийин анан куноолорун моюнуна алган бул акмактар. Жалко, жап-жаш балдардын трагедиясы.
14.12.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Врачтарды куноолошуптур баары эле, как будто алар атайылап кылгансып. Негизи азыр Кыргызстанда кандай билбейм, бирок Россияда жакынкы 2.3 жылдан бери донордун ВИЧке антителалаларын 6 айдан кийин текшерип, анан ошол канды куюшат, себеби ВИЧке карата антителалар сразу эле билинбейт кан тапшырганда. Эгерде донор келип 6 айдан кийин, дагы текшерилбесе анын каны жараксыз делип утилизацияга кетет. Бул нерсе кабыл алынганына коп болгонуна карабай, коп эле донорлор биле бербейт. Жуз жолу чалып чакырга
14.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Begai_kg, врачтардын шалаакылыгы эмегенде эмне бул? Алар ошол учун врач, айыктыруу учун, ооруунун алдын алыш учун врач эмеспи. Олуп кетишет да Бекер келген ийнеден бери экономдоп, ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-14 17:28:06
14.12.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Shokoladka94, 2007 жылы 6 айдан кийин донор дагы бир жолу ВИЧке кан тапшырат деген правило жок болчу. Ийнени эч ким экономдобойт, ийнени оздоруно алып калгыдай алар наркоман эмес, жана дагы врачтар эмес медсестралар жооп берет ийнелерге. Даже чоон шаар Питерде копчулук больницаларда перчатки жетишсиз, бир перчатки мн 30 адамга укол сайганга туура келет, а Кыргызстанда кандай экенин айтпаса деле тушунуктуу. Анын баары экономдоп жаткандан эмес, жетпейт ошо жетпейт!
14.12.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жуз жолу чалып чакырасын кээ бироолорду. Кундо жок дегенде 300-400адамга чалып чыксак, анын бир 50чактысы келгени макул болот эле да, эртен мн ашып кетсе 5адам келет эле.
18.12.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХ ХХХХ мындай врачтарды
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-19 09:30:53
19.12.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтардын болбосо медиктердин шалаакысынан канчалаган балдар вич жугузуп даарыны кундо ичип,эмнеге ичип атканынга тушунбой бирок ичсе жашашына козу жетип,жанталашып кунуго саат жетиде кеч да эрте да ачуу даарыны ичип,даарынын ичкен азабын тартып жашап келет.Бойлору оспой,аран жан болуп,ачуу даарыга чыланып,бир чон уй булоодо бир бала жашап келет.Аны карап туруп мин наалат медиктерге,жуктургандарга мин наалат дегин келет...
Ак никеден торолуп,ак бешике болонуп анан кутуусуз кыркы чыга эл
19.12.2017. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
исте ооруп калат.Ош шаарына жандандыруу болумуно тушуп анан инфексоныйга жатып калып,жакшы болуп чыгып кетет.Жакшы болгон менен вичти ала кетет...
Ата эне курган суйлойун десе тили жок,дудуктарга ким куйот...
Эн жок десе башкалар жардам алыптыр ал бечараларга ким жардам бермек.Тили суйлобосо да журоктору ооруп баласынын качан,качан канчага жашайт деп зил зил болуп журоктору эзилип келет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: