
6-декабрда президент
Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти
Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүштү. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүү Кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашкан.
Анда мамлекет башчылары Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча 2-декабрда эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюлган «жол картасы» боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдиришти. Ошондой эле эки президент Кыргыз-Казак өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын келечегин талкуулашкан. Андан сырткары президент
Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга жасалчу сапары тууралуу сүйлөшүштү.
Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасында текшерүү 10-октябрда катаалдашып, жарандардын жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ыңгайсыздык жаралган. 2-декабрда Астанада чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну караган «жол картасына» кол коюлгандан кийин тоскоолдуктар жоюлду. «Жол картасы» боюнча маселени чечүүнү эки президент Беларустагы ЖККУнун жыйынында макулдашкан.