
Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат
Алтынай Өмүрбекова парламенттин 6-декабрдагы жыйынында төраганын орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетерин жарыялады. Эл өкүлдөрү анын өтүнүчүн канааттандырды.
Өмүрбекова вице-спикерликти 1,5 жылдан бери аркалап келе жаткан.
Вице-спикердин ордуна учурда оппозициядагы эки фракция өз талапкерлерин сунуштаганы жатышат. «Ата Мекен» фракциясынан депутат
Сайдулла Нышанов көрсөтүлөрү белгилүү болсо, «Республика-Ата Журттан» депутат
Курманкул Зулушев сунушталмакчы. Бул маселени адегенде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, кийин жалпы добуш берүүгө чыгарылат.