БИР БҮРКҮМ. ПУТИН 4-ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШАТ...
№788 8-14-декабрь, 2017-жыл
-

6-декабрда Жогорку Кеңеште жаңы депутат
ЗАКИР ШАРАПОВ ант берди. Ал жакында көз жумган «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин ордуна мандат алган.
-
Көк бөрү оюну ЮНЕСКОНУН материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталды.
-
Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИН Орусияда 2018-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Ал буга чейин 3 ирет президент болуп шайланган.
-
Кыргыз мамлекетинин жогорку окуу жайларында билим алууга келген ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИН көбү индиялыктар жана казакстандыктар. Эң азы Европа өлкөлөрүнөн келгендер.
-
Түрк маданиятынын эл аралык уюму ("Түрксой") 2018-жылды «АЙТМАТОВ ЖЫЛЫ» деп жарыялады. Эске салсак, 2018-жылы Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет.
-
БАЛЫКЧЫ шаарынын экс-мэри Сатыбек Шамшудиновду сөккөн Балыкчынын азыркы мэри Алмазбек Мамбетов соттун чечими менен 2 миң сом айыпка жыгылды.
-
ОШ ОБЛУСУНДА ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 6818 адам жашайт.
-
Учурда Кыргыз өлкөсүндө 17 КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУ уюм иш алып барууда. Алардын саны 2012-жылдан бери 2 эсе өскөн.
-
Кыргыз жарандары Сербия өлкөсүндө 90 күнгө чейин ВИЗАСЫЗ жүрсө болот. Аталган келишимге тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Сербияга иш сапары алкагында кол коюлду.
-
Жаш активисттер өспүрүмдөргө терс таасир берет деген жүйө менен Кыргыз өлкөсүндө ПОРНОГРАФИЯЛЫК сайттарга тыюу салууну сунушташууда.
-
Республика аймагында 87 өзгөчө КОРУККА АЛЫНГАН АЙМАК бар. Алар өлкө аймагынын 1 миллион 476 миң гектар аянтын түзөт же болбосо 7,38 пайызын ээлейт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0