Ырчы Самара Каримова жана жолдошу Асан Мансуров 12-декабрь күнү 600 кишини конокко чакырып, уулдары Алихан менен Барсбекке сүннөт той берип элдин батасын алышты. Тойдогу кызыктар жөнүндө ырчы: «Дос-тааныш, туугандарыбыздын көбү Бишкекте жашагандыктан, борбордо эле той берели деп чечкенбиз. Күндүн суугуна карабай келип жакшылыгыбызга күбө болгон конокторго рахматымды айтып кетер элем. Биз да конокторубузга өзгөчө маанай тартуулайлы деп белектерди өзгөчө даярдаганбыз. Тойдогу антрактарда эң мыкты бийлегендерге Дубайга, Түркияга эс алууга жолдомо бердик. Бир жолдомону мыкты бийлегени үчүн алпаруучу Нурдөөлөт Копоев утуп алды. Андан тышкары да үй турмушуна керектелчү буюмдар призге коюлган. Айтор, келген коноктор мени күтүүсүз белектер менен кубантса, биз да аларды капа кылбай узатканга аракет кылдык. Эми Ош шаарында чоң той берели деп жатабыз»,- дейт.
star@super.kg
Арам акчалар айланып барып силердин чонтогунорго тушот.
Жалан байлар той берип ырдатат силерди.
Накта таланттар аз,акчаны коздоп жашагандар булар,жанагы Анжелика деген эмелер да,акча,бизнес,пиар...талант деген ноль,чуркап эмгек кылып атпайбы дечулорго айтаарым акча учун буту-бутуна тийбей "эмгек" кылат да,акча учун буту куйгон тооктой чуркашат,кайрымдуулук деген нерсени билишпейт биздин шоу-бизнес лампочкаларыбыз
Мен абдан жакшы кором ырлары мага жагат. Той эле болуп турсунчу.