ЫРЧЫ МУРАДИЛ САГЫНАЛИЕВ КӨЗ ЖУМДУ
№789 15-21-декабрь, 2017-жыл
Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлар» тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Мурадил Сагыналиев 14-декабрь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты «Эл шайырлар» тобунун солисти Рустам Сагыналиев тастыктап: «Ооба, жаңы эле бейтапканага келдик. Сөөгүн өлүкканага чыгарып жатышыптыр деп уктум. Эмне себептен каза болгонун так биле элекпиз. Бирок буга чейин ооруп жүргөнүн уккан эмес болчумун»,- деп билдирди.
«Супер-Инфо» гезитинин жамааты ырчынын жакындарына көңүл айтабыз.
@star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
"Эл шайырлар" деген бир аз туура эмес, "Эл шайырлары" десе туура го. (салыштырып королу: "Эл ырчылар" --- "Эл ырчылары")