ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ВИЦЕ-СПИКЕРЛИК «ӨНҮГҮҮНҮН» ӨКҮЛҮНӨ БУЮРДУ
№789 15-21-декабрь, 2017-жыл
Жогорку Кеңеш 13-декабрда вице-спикерди шайлады. Анда оппозициядагы «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров 61 эл өкүлүнүн колдоосу менен жеңип чыкты. Ага атаандаш болгон Сайдулла Нышанов (Ата Мекен) 18, Талант Мамытов (Республика – Ата Журт) 36 депутаттын колдоосуна татыган.
Мирлан Бакиров 42 жашта. Экономика тармагы боюнча адис. Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты.
Айта кетсек, 6-декабрда «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова вице-спикерликтен өз ыктыяры менен кеткенин жарыялаган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0