«Супер-Инфо» гезити өлкөдөгү басылмалардын ичинен бул жылы дагы лидер деп табылды. Андан сырткары SUPER.KG порталы Кыргыз жергесиндеги кабар таратуучу сайттардын эң алдыңкысы деп табылды. Мындай жыйынтык "М-Вектор" консалтинг агенттигинин медиа рынокту иликтөө максатында жүргүзгөн сурамжылоолорунун натыйжасында жарыяланды. Сурамжылоо телеберүү, санариптик көрсөтүү, радиоуктуруу, басма сөз жана интернет айдыңындагы маалымат агенттиктерин камтыган.
«М-Вектордун» сурамжылоосуна өлкөнүн 7 облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында жашаган 14 жаштан жогорку курактагы жарандар катышкан. «М-Вектор» консалтинг агенттиги аталган сурамжылоону 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.
Айта кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны 2002-жылдын 31-майында жарык көргөн. Быйыл гезит 15 жашта. 2007-жылы «Улуттук гезит» сыйлыгы негизделип, «Супер-Инфо» «Жылдын нускасы» деп табылган. «Супер-Инфо» Кыргыз жергесинде жарык көрүүчү гезиттердин арасындагы лидерлик позициясын ошончо жылдан бери бекем сактап келүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg