Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Кошуналардын урушу өлүм менен аяктады. Маркумдун жубайы: «КОШУНАМ КҮЙӨӨМДҮ БЫЧАКТАП ЖАТКАНДА УУЛУМ ЖАНЫНДА БОЛУПТУР»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл


Ушул жылдын 28-сентябрында болгон каргаша Сыртбек Искаковдун 7 баласын жетим калтырды. Улуу баласы эми гана 8-класска барса, кичүүсүнүн төрөлгөнүнө болгону 2 ай болгон. Үй-бүлөнү жалгыз багып келген атанын каза болуп калганы бул үй-бүлөнүн абалын оорлоштурду. Учурда маркумдун жубайы чиедей 7 баласы менен 2 бөлмөлүү батирде күн кечирүүдө.


«КОШУНАМДЫН БАЛАСЫ АЙЫЛ ЧЕТИНЕ УУЛУМДУ АЛЫП БАРЫП САБАП, МУУНТУПТУР»
Маркум Сыртбек Искаковдун жубайы Самара Бактыгул кызы тергөө иштери күмөн жаратып жатканын айтууда:
- Жолдошум экөөбүз 2002-жылы баш кошконбуз. Ал үйдүн улуусу болгондуктан өзүбүзчө бөлүнүп жашап, мал багып тиричилик кылып келгенбиз. Ортобузда 7 балабыз бар. Биздин жалгыз багар-көрөрүбүз болгон жолдошумдун каза болушуна себеп 1-сентябрда болгон окуядан улам башталыптыр. Биз айылдан алыс кашарда жашагандыктан мектепке балдарды алып баруу үчүн атайын автобус каттайт. 1-сентябрь күнү окууга балдарды алып бара жатканыбызда автобустун ичинен кошунабыздын баласы менен менин улуу балам уруша кетти. Мен ажыраткыча балам кошунанын 5-класста окуган баласынын бир көзүн көгөртө чаап салыптыр. Ал жерден баламды урушуп тим болгом. Кайра мектептен үйгө кетели деп балдарымды алып, автобуска түшөлү деп жатсак эле кыздарым «агамды Нуржигит байке машинасына салып кетип калды. Китеп-баштыктары жерде чачылып жатат» деп чуркап келишти. Нуржигит болсо менин уулум сабап салган баланын байкеси. Ошентип балдар менен үйгө жетер замат Нуржигиттин үйүнө бардым. Баламды каякка алып кеткенин сурайын десем эч кимиси эшикти ачпай коюшту. Ошону менен ортодон 3 саат өткөндөн кийин Нуржигит үйүнө машинасы менен келип токтоду. Чуркап барып эле «балам кана, аны каякка алып бардың?» десем эле мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп салды. Ошол учурда өзүм кош бойлуу болуп ай-күнүм жетип калгандыктан араң басып жүргөм. Балам болсо дагы деле келе элек болгондуктан сарсанаа болуп жаттым. Бир учурда мага инимдин жубайы телефон чалып, баламдын алардын үйүнө барганын, эч нерсе болбогонун айтты. Көрсө, алар мени сарсанаа болбосун деп эле ошентип коюшуптур. Эртеси үйгө балам келди. Денеси көк ала экен. "Каякта жүрдүң?" десем, «Нуржигит айылдын четине алып барып муунтту, сабады. Аягында Нуржигиттен качып кутулдум» деди. Андан кийин 24-сентябрь күнү болсо керек эле, жолдошум Нуржигиттин ата-энесине «баламды эмнеге сабайт?» деп кыйкырган.

«ЖОЛДОШУМДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТУУ ЗЫЙНАТЫНА КАТЫША АЛБАЙ КАЛДЫМ»
- Кокустан толготуп калбайын деп айылдагы үйдө балдар менен жашап жүргөм. Кашарда жолдошум жалгыз жашап жаткандыктан улуу баламды «Атаңа барып жардамдаш. Малды карашып кел» деп ошол каргашалуу окуя болорго жакын жолдошумдун жанына жибергем. 28-сентябрь күнү жолдошум кечинде мага телефон чалып, «Самара, кантип жатасың? Жакшы элесиңби? Балам экөөбүз уктайлы деп жатабыз» деп сүйлөшкөнбүз. Жарым сааттан кийин эле кайнатам келип, «Сыртбекти Нуржигит бычак менен сайып салыптыр. Азыр эле уулуң Алмаз телефон чалды» деп айтты. Биз кашарга бара жатканда «Тез жардам» кызматы каршы өтүп кеткендиктен кайра ооруканага бардык. Ал жактан жолдошума операция жасаганга алып кирип кетишти. Бир аздан кийин врачтар чыгып, «кан көп кетип калыптыр» дегенде эле анын аман эмес экенин түшүндүм.
Мен да жаш кезимден жетим калып чоңойгондуктан жетимчилик кандай оор экенин билем. "Чиедей кезинде жетим калган 7 баламдын убал-сообу кимге?" деп эле ыйлай бердим. Катуу кыйналып калганга эртеси күнү толгоом башталып, жолдошумду узатуу зыйнатына катыша албай, буркурап ыйлап төрөтканада жаттым. 3 күн дегенде кызымды араң төрөдүм. Жолдошум «сен Баатыр эне болосуң» деп жаңы төрөлгөн кызым боюмда бар кезде көп айтчу. Мына, азыр эми өзү жок. Биз учурда балдарым менен 2 бөлмөлүү үйдө батирде жашап жатабыз. Балдарымдын алды 8-класста окуса, кичүүсүнө 2 ай болду. Тууган-туушкандар деле каралашпайт, болгону 7 баланын жөлөк пулун алып күн көрүп жатабыз. Мындан ары жашообуз кандай болору мага табышмак, эмне кылышты деле билбей калдым.

«ДЕНИ-КАРДЫ СОО БАЛАНЫ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ КЫЛЫП КУТУЛУП КЕТКЕНИ ЖАТЫШАТ»
- Жолдошума бычак сайган Нурлан, Нуржигит дегендер биздин кошуналар болот. Окуя болгон учурда балам атасынын жанында болгондуктан аны кантип өлтүргөнүн айтып берип жатат. 28-сентябрь күнү болжол менен кечки саат ондор чамасында Нуржигит менен Нурлан эшикти такылдатышыптыр. Эшикти ачкан уулум Алмаздан бул экөө «атаң кайда?» деп сурашыптыр. Уулум «атам үйдө жок» деп жооп берсе, «сен кантип жалгыз калмак элең?» деп аны түртүп салышып, үйгө киришиптир. "Кимдер экен?" деп чыга калган жолдошумду бөйрөгүнө, колтугунун астына бычак менен сайып, машинасын айдап кетип калышкан экен. Балам болсо эмне кыларын билбей атасынын жанында отура бериптир. Бычакты даярдап келишип 2-3 мүнөттүн ичинде сайып салып, кайра унааларына түшүп алып кетип калышкан. Кармалган балдар жолдошума шылтап, "бычакты үйдөн алып чыккан" деп жатышат. Мен жаңы төрөп үйдө бала менен болгондуктан жолдошумдун тергөө иштери кандай жүрүп жатканына көп көңүл бура албай калгам. Соттук-медициналык экспертизадан Нуржигит деген баланы психикалык жактан оорулуу деп чыгарганда гана тергөөнүн жүрүшүнө ишенбей, минтип 2 айлык кызым менен чуркай баштадым. Психикалык жактан оорулуу адам жаза албайт экен. Ал эми Нуржигиттин шериги Нурланды биринчи күнү эле кылмышка тиешеси жок кылып чыгарып салышкан. Чогуу барып өлтүрүп жаткандан кийин эмнеге ал кутулуп кетиши керек? Эми мен психикалык жактан оорулуу деп чыгарган экспертизага ишенбейм деп арыз жаздым. Мага алардын туугандарынын «үй сатып беребиз, акча беребиз» деген сөздөрүнүн кереги жок. Болгону дени таза баласын оорулуу кылбай, жасаган кылмыштарына ылайык жаза алышсын.

«БАЛАМДЫ АБАКТАН ЧЫГАРЫП АЛГЫДАЙ АЛЫБЫЗ ДЕЛЕ ЖОК»

Биз кылмышка шектелип кармалган жарандын апасына байланышып, анын да оюн уктук:
- Ошол күнү балам картошка казып, кечке маал кошуна айылга кетип, ушул кырсыкка кабылды. Балам камакта болгондуктан окуянын кандай болгонун билбейм. Балам Сыртбек менен урушуп жатканда Нурлан деген бала сыртта машинада отурган экен, ал эч нерсе көрбөптүр. Жактоочубуздун айтымында, 5-6 врач текшерип, балама жыйынтык чыгарышыптыр. Ал жыйынтыкты жактоочубуз «ал оору эмес, адам коркуп кеткенде өзүнө жооп бере албай калат» деп түшүндүрдү. Баламды оорулуу кылып абактан чыгарып алгыдай алыбыз деле жок. Биз деле карапайым жашаган үй-бүлөбүз. Кошунабыз негизи көп ичип койчу. Бул кырсыктан 7 бала жетим калып жатат, үй алып берип коёлу десек, жубайы болбой койгон. Эми кайра өзү телефон чалып, «ынтымактуу жол менен чечишип алалы, эртең тергөөчүгө барып сүйлөшөлү» деп жатат. Өзүбүз болсо ал айылда жашабай калганбыз, маркумдун иниси балдарымды көргөн жерден эле коркутуп-үркүтө бергендиктен балдарым менен эжемдин үйүндө корголоп отурам. Менин деле 4 кичинекей балам бар, камактагы балам бизге каралашып жардам берип турчу.

«ЧАТАКТАШУУ УЧУРУНДА БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП САЛГАН»
Бул кылмыш боюнча Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү айтып берди:
- 2017-жылдын 28-сентябрь күнү болжол менен 22:30дар чамасында Жети-Өгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Кызыл-Суу айылында жашаган 1981-жылы туулган Сыртбек Искаков аттуу жаран бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилип, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды колго түшүрүшкөн. Алгачкы иликтөө иштеринде белгилүү болгондой, бул окуяга маркум менен шектүүнүн ортосундагы болгон чатакташуу себеп болгон. Н.Адан башка эч ким кылмышка шектелип кармалган жок. Аталган кылмыш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Каракол шаарындагы
СИЗОго киргизилген. Учурда бул кылмыш боюнча бардык соттук экспертизалардын жыйынтыгы чыгып, иш тергелип бүтүп, жакынкы күндөрү соттун кароосуна жиберилмекчи.
Сталбек Усубакунов экспертизалардын жыйынтыгы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн берилбейт деген жооп айтты. Бирок тергөө аяктап, сотко өтүп жаткан иште тергөөнүн кандай кызыкчылыгы бар экендигин айткан жок.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
26.12.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Куйоосун олтуруп коюшуп,кайра ОЗУ чалып жатат дегендерине жол болсун. Кан узатпайт дечу эле го ата бабабыз
26.12.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
«Коп ичип койчу» деп кайра олгон аламды жаман атты кылып. Ичкен эле адамды олтуро бериш керекпи!!? Тобо десенер. Ичпеген баланардын тарбиясын да байкадык.
26.12.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
97-жылкы десе эсим ооду адамдар аябай айныды да.
26.12.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жети баланын убалы тийсин ошол акмака
26.12.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kundon kungo emne bolup jatat adamdar korkosun birdeme dewten dagy kuday dakta degen zaman bolup jaldy azyr adamdardyn peyili ketip jakwy adam kalbay kalganday tuyulat akyrky kezde
26.12.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amanov, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңүз. Эскертүү!
26.12.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бизде оздору суйлошуп алышты деп, адам олтургондорду менттер бошотуп жиберишет.Болбосо акча берсен врачтар жинди деген справканы уйуно алып келип беришет.Ошон учун азыр бизде убийца педофилдердин баары эле боштондукта журушот.
medet1983 түзөттү 2017-12-26 17:38:59
26.12.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
да жаман болуптур
26.12.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам өлтүрүү мынча көбөйдү, тооба кылдым!?7баланын убалы узака алып барбайт. Аялы байкуш жети баласы мн басса турса каргап аткандыр.Ээх,Кудай сактасынчы.
26.12.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Убал еле болуптур балдарына
26.12.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх тообо Кудай жайын жаннаттан кылган болсун,ал эми арким оз баласын жаман болсода калкалайтда,бирок чындыгын айтуу керек,баланын тарбиясы жоккен?наалат болсун балага,бели бешиктен чыгелек жатып Адам омурун кыйды,бул эмнеси?жакшы бала болгондо бир жакшынакай озунон чон адамды сыйламак.
26.12.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уройду учурат го,Заман кайда баратат.
26.12.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Автобуста туртушуп.урушуп кетсе деле бирин бири олтуро берсе эмне дешини деле билбейсин
26.12.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коп ичип койчу дейт тобаа!!!балдардын убалы кимге алар атасыз калды!!!Туура чечим чыгарса дейбиз эми,Эжеге аллахым сабыр берсин,куч кубат берсин.балдарынызга ыйман узун омур берсин аллахым
27.12.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул нерсе керек беле эми, экообу тен эле аран жашашса тооба эй
27.12.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озубуз эптеп жашайбыз дейт го. Эптеп жашаса уйду кантип алып бермек экен. Айткан созунун бирине да ишенген жокмун. Ичет эле деп адам олтуруш керекпи.
27.12.2017. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам олтуруп баары эле жинди боло берсе болобу. Азыр ичпеген адам жокго ичкен адамды бычактап баласын актап чыкты жети баланын убалы эненин каргышы жетпей коймок беле. Кудайдан коркушса боло кичине
27.12.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири билип суйлойт,бири билбей суйлойт.
27.12.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтурсо жазасын алсын же омур бою балдарын баксын
27.12.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир уй алып берели дегенине караганда анчалык деле колунда жок эмес окшойт.
27.12.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээй ушундай шумдуктар кобойду..Кызуу кандуулукка алдырбаса адамдар...Жаш эле туруп адам олтургонго балаа барбы..Ата эне да баласын тыйыш керек куулобой..коп нерсе ошондон чыгат.Кече жакында эле биздин айылда да уройду учурган олум катталды.Апасына болушам деп бир аялды олтуруп тынды бир бала..
28.12.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп ичет эле дейт да, алардын уйуно барып олуп келген жокко акыры ,оздору атайын келгенда оч алыш учун
29.12.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олумго тартыш керек
30.12.2017. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да олум жазасын киргизип ушуга окшогон жырткычтарды олум жазасына тартыш керек!
30.12.2017. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баксын ошо 7 баланы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: