Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

2018-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл


Жан дүйнөдө жаңылануу талап кылып, көп нерседен үмүттөндүргөн Жаңы жылдын кирип келишине саналуу күндөр калды. Ит жылы Жаачы, Текечер, Суу куяр, Балык жылдыз белгиси астында төрөлгөндөргө эмне убада кылат, эмнеден сактанууну эскертет? Астролог Жанар Кадыралиевдин астротөлгөсүнө көңүл буралы.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)



ЖААЧЫ-ЧЫЧКАН
Белди бекем бууңуз. Жылдын биринчи жарымында амбицияңызга мүмкүнчүлүк менен шарттарыңыз дал келбей калышы мүмкүн. Июнь-июль айларында акча тартыштыгы жаралат. Сентябрда жаңы бизнес баштоого сунуш түшөт. Качпаңыз, материалдык абалыңызды жакшыртып жакындарыңызды кубантууга жетишесиз. Жыл бою энергетикалык потенциалыңыз жогору болгондуктан жылдыздар сизге сергек жашоону тандоону сунушташат.



ЖААЧЫ-УЙ
Сиз үчүн Ит жылы кирешелүү болот. Ал үчүн каалооңузду бир аз күчтөнтүп, жөндөмдүүлүгүңүздү туура пайдалана билиңиз. Жыл ортосунда жаңы таанышуулар орун алып, чөнтөгүңүздүн кампайышына же карьералык тепкичте жогорулашыңызга алардын жардамы тиет. Жеке жашооңузда жакын адамдарыңыздын мүдөөлөрүн угуп, аларды аткарганга аракет кылыңыз. Күз айларында узак жолдо жүрүүдө абайлаңыз, кырсык тоорушу мүмкүн.


ЖААЧЫ-ЖОЛБОРС
«Саргара жортсоңуз, кызара бөртөсүз» демекчи, бул жылдагы ийгиликтердин баары сиздин аракетиңизге жараша болот. Буга чейин жасалбаган жумуштардын бир тобун бүтүрүп жеңилдейсиз. Бирөөнүн оюн уга билиңиз. Болбосо өзүмчүлдүгүңүз көп таарынычтардын жаралышына себепчи болот дешет жылдыздар. Жайкысын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө эрежелерди туура, так сактабасаңыз, жаракат алуу коркунучу бар.



ЖААЧЫ-КОЁН
«Көз коркок, кол баатыр» деген ураанды туу тутуп, алдыга кадам таштаңыз. Сизди ар тараптан мүмкүнчүлүктөр күтүп турат, колдон чыгарбаңыз. Август айында алыска сапарга чыгуу күтүлүүдө, чемоданыңызды даярдоону унутпаңыз. Күз айларында үй-бүлөдө толуктоолор орун алып, той өткөрөсүз. Жыл аягында жашырылган сыр ачыкка чыгып, туугандар арасында чыр орун алышы мүмкүн. Мындан улам ден соолугуңуз начарлайт.


ЖААЧЫ-БАЛЫК
Жыл сизден күжүрмөндүүлүктү талап кылат. Буга чейин ишке ашырсам деп жүргөн максатыңызга баш-отуңуз менен киришип, кирешеге ээ болбосоңуз да, кийинки жылга пайдубал түптөгөнгө жетишесиз. Күзүндө кошумча курста окуп, жаңы адистик алууга белсенесиз. Жылдыздар сүйүктүүңүздөн, үйдөгүлөрдөн көп нерсени талап кылбоону эскертишет.


ЖААЧЫ-ЖЫЛАН
Жыл башында достордун катарын иргеп, өзүңүзгө кымбат адамдар менен мамилелерди жакшыртасыз. Жаз айларында ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр чыгып, саламаттыгыңызды чыңдоого туура келет. Жүрүш-турушуңуз боюнча орундуу да, орунсуз да сындар айтылат. «Жети өлчөп, бир кесип» чечим чыгарбасаңыз, үй-бүлөңүзгө кедергиси тийиши ыктымал.


ЖААЧЫ-ЖЫЛКЫ
Сизди берекелүү жыл күтүп турат. Жеке менчикке ээ болуп, маңдайыңыз жарыла кубанасыз. Бирок бир аз карыздар болосуз. Санааркабаңыз, жакындарыңыздын жардамы менен андан бат эле кутуласыз. Август айында үй-бүлөлүк керектөөлөрдөн улам чыгашаңыз бир топко өсөт. Болор-болбос нерселер үчүн уруш чыгарбасаңыз эле жеке жашооңуз тынч болот.


ЖААЧЫ-КОЙ
Чоң таарынычтын каалгасын ачпайын десеңиз, бирөөлөргө сын айтуудан алыс болуңуз. Каржылык жаатта ийгилик күтүлөт. Жеке жашоодо олуттуу чечимдерди кабыл алууга туура келет. Өзүңүздөн акча аябайсыз. Келбетиңизге көп көңүл бурасыз, сулуулук салонуна, спорт залга, бассейнге барып, өзүңүзгө ырахат тартуулайсыз.


ЖААЧЫ-МАЙМЫЛ
Каржы маселесинде жыл бою туруктуулук сакталат. Жаңырган жылдын биринчи жарымында ден соолукту чыңдоого жетишесиз, үй-бүлөлүүлөр өздөрүнө эсте каларлык эс алуу тартуулашат. Көптөн бери балалуу болууну самагандар ушул жылга пландашса, орундалат. Октябрда акча тартыштыгы жаралып, көп нерселерден баш тартууга туура келет.


ЖААЧЫ-ТООК
Жекече иш баштоого кадам таштайсыз. Башталышы сизге кыйынчылык жаратканы менен, жыйынтыгы сизге кубаныч тартуулайт. Кенебестигиңиздин айынан документ иштеринде маселелер жаралып, чыгым тартасыз. Октябрь-ноябрь айларында атаандаштарыңыздын жайган торуна түшүп калуудан сактаныңыз.


ЖААЧЫ-ИТ
Жыл башында анча-мынча көйгөйлөр жаралат. Аны айланаңыздагы таасирдүү адам аркылуу чечүүгө жетишесиз. Жазында карьераңызда чукул бурулуштар күтүлүүдө, алар сизге жакшы багыт берет. Август айында кирешеңиз көбөйөт. Жашыруун роман түзүүдөн абайлаңыз, чоң чырдын жаралышына себепчи болот.


ЖААЧЫ-ДОҢУЗ
Жылды кандай баштасаңыз, ошондой бүтөт. Бир орунда отура бербей аракет кылыңыз. Болушунча ачык болуңуз. Анткени ачыктык, адамдар менен тил табыша билүү сизди ийгиликке жетелейт. Бул жыл сиз үчүн достуктун жана кызматташтыктын жылы болот. Жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртө турган адамга жолугушуңуз ыктымал.



ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)



ТЕКЕЧЕР-ЧЫЧКАН
Жумуш сизден өжөрлүктү талап кылат. Канчалык көп иштесеңиз, ошончо каражат табасыз. Жалкоолукту жеңе албасаңыз, акчасыз калышыңыз толук ыктымал. Эски достор, эски тааныштар аркылуу ийгиликтерге жетишесиз. Мамилелер жанданып, мурда баштаган ишиңизди кайра колго алууга жетишесиз. Атаандаштар менен тил табышасыз. Түгөйүңүз менен мамилени бекемдөө август айына белгиленген.



ТЕКЕЧЕР-УЙ
Кенебестигиңиздин айынан көп көйгөйлөр жаралып, көп иштерден кол жууйсуз. Тапкан кирешеңиз орточо болот. Жыл ортосунда өнөкөт ооруңуз козголуп, көп убактыңызды дарылануу, эс алууга арнайсыз. Август айында жашооңузда жагымдуу жаңылык орун алат. Маанилүү, чоң акча жумшалчу иш баштаардан мурун ишенген адамдарыңыздан кеңеш алууну сунушташат жылдыздар.



ТЕКЕЧЕР-ЖОЛБОРС
Канчалык иштесеңиз, ошончолук тиштейсиз. Жакшылап мээнеттенсеңиз чакан кыймылсыз мүлк алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Акча табуу максатында бирөөлөрдү алдоодон оолак болуңуз, соттук териштирүүгө чейин жетиши ыктымал. Дайынсыз кеткен тууганыңыз же досуңуздун табылары күтүлүүдө.


ТЕКЕЧЕР-КОЁН
Идеяларды, долбоорлорду ишке ашыруучу жыл. Тиешелүү адамдарга сунуштоодон тартынбаңыз. Биринен болбосо биринен колдоо таап кубанасыз. Апрель таанышууларга бай ай, айрым бойдоктор түгөйүн табышат. Күзүндө каржыга байланыштуу маселе жаралып, насыя аласыз. Ноябрда ууру-кескилерден абайлаңыз, буюм уурдатып, жоготуп алуу коркунучу жаралууда.


ТЕКЕЧЕР-БАЛЫК
Купуя аракет этүүнүн аркасында көп нерсеге жетишесиз. Күтүүсүз келген акчага марыйсыз. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө ата-энеси менен пикир келишпестик жаралат. Жаңы бирөөлөр менен мамиле түзүп, андан ырахат алууга жетишесиз. Бирок бул мамиле көпкө созулбашын эске түйүңүз. Күзүндө өнөкөт ооруңуз козголушу мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛАН
Тапканыңызды сарамжал пайдаланып, турак жай же жер тилкесин алууга каражат топтойсуз. Соода тармагында иштегендер чоң кирешени август айында күтүшсө болот. Чет өлкөдө эс алып келүү максатыңыз жай айларында ишке ашат. Келбетине пластикалык операция жасатууну каалагандар август айына пландашса жыйынтыгы кубандырат.


ТЕКЕЧЕР-ЖЫЛКЫ
Жыл башында жумуштан кетүү чечимин кабыл аласыз. Жакындарыңызга жетиштүү көңүл бөлбөгөнүңүздөн же дагы башка себептерден улам үй-бүлөдө жылдын биринчи жарымында айрым бир маселелер жаралат. Жыл бою өзүңүздү жакшы эле сезесиз, бирок жылдыздар сизди туура тамактанууга, сергек жашоого чакырат.



ТЕКЕЧЕР-КОЙ
2018-жыл максаттарыңызды орундатуучу мезгил. Жаңы жумуш орду сунушталат. Сунуштарды четке какпаңыз, кадырлуу тааныштарды күтүп, кадыр-баркыңыз көтөрүлүп, акчаңыз көбөйөт. Манчыркап кетүүдөн сак болуңуз, бакыт кушу бат эле учуп кетиши ыктымал. Күз айларында жеке жашооңузда маселелер орун алышы күтүлүүдө. Тилиңизди тартсаңыз, чоң балээнин алдын алган болосуз.



ТЕКЕЧЕР-МАЙМЫЛ
Кирешелүү жумушка орношуу, чет элге командировкага чыгып келүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, баш тартпаңыз, жаңы идеялар жаралат. Эски жана жаңы достордун ал-абалын сурап турууну унутпаңыз, таарынычтар орун алат. Май айында сыр чечишүүчү адамга жолугасыз. Күз айларында түгөйлөрдүн мамилеси чырт үзүлүп кетчү абалга жетет. Улуулардын кеңешине таяныңыз.



ТЕКЕЧЕР-ТООК
Жылдыздар мурда баштаган ишиңизди улантууну сунушташат. Ишиңиз жетекчилик тарабынан колдоого алынып, сиз күтпөгөндөй өнүгөт. Жай айларында эски достор, көп жылдан бери көрүшө элек туугандар менен алака жакшырат. Күз айларында эски карыздар же кредит боюнча маселе орун алышы мүмкүн. Алдын алууну кааласаңыз, чыгымдарды ийне-жибине чейин эсептеп, керексиз буюм алуудан качыңыз.



ТЕКЕЧЕР-ИТ
Жыл башында жетекчиликтин, кесиптештердин колдоосуна ээ болосуз. Акча жаатындагы документтерди толтурууда сак болуңуз, октябрь-ноябрь айларында чоң чыр орун алышы ыктымал. Айрымдардын жашоосунда бурулуштар орун алып, чет өлкөгө чыгууга же иштеп келүүгө жол ачылат. Күз өзү менен киреше алып келет. Аны пайдалуу ишке салсаңыз, көбөйөт дешет жылдыздар.



ТЕКЕЧЕР-ДОҢУЗ
Каржы жааты туруктуу болбойт, капчыгыңыз бирде кампайса, бирде бөксөрүп турат. Күз айларында үй-бүлөлүк керектөөлөрдөн улам чыгым тартууга туура келет. Жай мезгилинде буга чейин катташпаган туугандар менен алака күч алат. Жаздан баштап туура тамактанууга өтүп, өзүңүзгө жетиштүү кам көрсөңүз, көп оорулардын алдын алган болосуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)


СУУ КУЯР-ЧЫЧКАН
Пессимисттик ойлоруңуздан арылып, оригиналдуу ойлоруңузду ортого салыңыз. Сөзсүз таасирдүү адамдардын колдоосуна алынып, алардын кеп-кеңеши, көмөгү менен жаңы иш баштайсыз. Бирок жыйынтыгы кийинки жылда гана көрүнөт, жылдыздар сабырдуу болууга чакырышат. Бир көргөн адамга жан дүйнөңүздү ачпаңыз, алданып калууңуз мүмкүн.



СУУ КУЯР-УЙ
Перспективдүү мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, чечкиндүү болуңуз. Илим же чыгармачылык жаатында алектенген адамдарга ийгилик жылмаят. Жылдыздар май, июнь айларында насыя албоону, төлөөгө келгенде кыйынчылыктар жараларын эскертишет. Кыйын жагдайларда өзүн колго ала билгендердин үй-бүлөсүндө бардыгы жакшы болот. Туура тамактанып, иммунитетти көтөрүп жана спорт менен машыгып оорулардан алыс боло аласыз.



СУУ КУЯР-ЖОЛБОРС
Мурдатан кыялданып жүргөндөр кыялын ишке ашырууга аракеттенсе, ийгиликке жетишет. Үй-бүлөлүү Суу куяр-Жолборстор ата-энесинин кеңешине муктаж болушат. Бойдоктор бир убакта эки адамды сүйүп, тандоого дуушар болушат. Мында бирөөнүн кеңешин эмес, жүрөгүңүздү уксаңыз, жаңылышпайсыз. Күзүндө депрессияга кабылуу коркунучу бар. Андыктан таза абада эс алып, жөө басууну адатка айлантыңыз.



СУУ КУЯР-КОЁН
Жетекчилик менен иш алып барууда сак болуңуз. Жылдыздар шашылыш чечим кабыл албай, терең ойлонууну сунушташат. Август айынын аягында кыймылсыз мүлккө ээ болуп кубанасыз. Жакыныңызга карызга акча берүүдөн абайлаңыз, түшүнбөстүктөр орун алып, эски таарынычтар козголот. Күз айларында жүрөк, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алыңыз.



СУУ КУЯР-БАЛЫК
Билимиңизди өркүндөтүүгө ылайыктуу жыл. Максатыңызга жетүү үчүн жасаган кадамдарыңыз текке кетпейт. Болгону Ит жылы сизден ызы-чуудан алыс болуп, токтоо болууну суранат. Мындай кадамыңыз үй-бүлөнү, достор арасында мамилени сактап калууга өбөлгө болот. Июнь-июль айларында ден соолукка олуттуу көңүл бурууну жылдыздар сунушташат.



СУУ КУЯР-ЖЫЛАН
Сизди бардык жаатта ийгилик күтөт. Өзгөчө август айы сизге ийгилик тартуулайт. Түгөйүңүз тараптан мыкты колдоо көрсөтүлөт, ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз. Бойдоктор апрель-май айларында түгөйүн жолуктурушат, аны түбөлүккө айлантуу сиздин мамилеңизден көз каранды. Ден соолугуңузда көп деле кооптонуу жаралбайт. Күзүндө бирөөгө карыз берүүдө абайлаңыз, кайтара албай өкүнөсүз.



СУУ КУЯР-ЖЫЛКЫ
Профессионалдык жактан өнүгүүлөр байкалат. Бирок жеке жашоодогу айрым маселелер тоскоол болот. Өзүңүздү колго алсаңыз, баарын өз жолуна салууга жетишесиз. Үй-бүлөлүүлөр балдарына көбүрөөк көңүл бурушат. Жылдыздар бойдокторду түгөй тандоодо кылдат болууга чакырышат, көңүл калуу коркунучу жогору. Өнөкөт чарчоого кабылып калбоо үчүн көбүрөөк эс алып, тамактанууңузду көзөмөлдөй жүрүңүз.



СУУ КУЯР-КОЙ
Жашооңузда жакшы жакка өзгөрүү, кесип алмаштыруу мүмкүнчүлүгү, жаңы тааныштардын пайда болушу жана жагымдуу саякаттар орун алат. Жаңы бизнес баштайм десеңиз, күч, энергия топтоп май айында киришкениңиз оң. Жазында аллергия жана суук тийүүдөн сактаныңыз. Жылдыздар кайрымдуулук иштерин, жакындарга жардам берүүнү сунушташат. Бойдоктор үйлөнүү тоюн жайдын аягына же күздүн башына белгилешсе никелери бекем болот.



СУУ КУЯР-МАЙМЫЛ
Өткөн жылы чечилбей калган маселелерди чечүүгө ылайыктуу жыл. Тапканыңызды ой-келди чача бербеңиз, кеч күздө акча тартыштыгы жаралышы күтүлүүдө. Апрель айында ачууга алдырып жакыныңызды таарынтып алуу коркунучу жаралууда, өзүңүздү колго алууну үйрөнүңүз. Кеч күздө ушак жаратып үй-бүлөңүздү бузган адам пайда болот, кулагыңызга эмес, көзүңүзгө ишеним артыңыз.



СУУ КУЯР-ТООК
Жыл ичинде ички туюмуңузга көп таяныңыз, жагымдуу күндөргө, эсте каларлык окуяларга күбө болосуз. Жай айларында турак жайыңызды ойдогудай өзгөртүүгө жетишесиз. Күз – сиздин үй-бүлө үчүн тойлордун мезгили. Андыктан жыл башынан тарта тапканыңызды үнөмдүү пайдалана билиңиз. Болбосо жыл аягында карыздар болуп калышыңыз мүмкүн. Ден соолук жаатында олуттуу көйгөй жаралбайт.



СУУ КУЯР-ИТ
Инициатива көтөрүп, жоопкерчиликти өзүңүзгө алсаңыз, көп ийгиликтерге жетишесиз. Жай айларында акча тартыштыгы жаралат, бирок ири суммага ээ болуу да күтүлүүдө. Туура сарптаганга аракет кылыңыз, убактылуу достордун пайда болушу күтүлүүдө. Кыймылсыз мүлк сатып алууда үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр орун алышы ыктымал. Ноябрь айы ден соолугуңуз үчүн кооптуу ай. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз.



СУУ КУЯР-ДОҢУЗ
Өз позицияңызда турсаңыз, бул жылы максаттарыңыздын 90 пайызын аткарууга жетишесиз. Февраль, март, май, июль, август сиз үчүн кирешелүү айлар. Октябрь айынын аягында атаандаштардын бут тосуусунан сактаныңыз. Үй-бүлөдө эмоцияга алдыруудан, жакыныңыздын көңүлүн оорутуп алуудан абайлаңыз. Анын кесепетинен баш ооруга, кан басымдын көтөрүлүшүнө чалдыгасыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)


БАЛЫК-ЧЫЧКАН
Жашоо шартыңызды жакшыртуучу өзгөрүүлөргө даярдана бериңиз. Материалдык абалыңыз жакшырып, жагымдуу нерсе менен айкалыштыра аласыз. Мисалы, чет өлкөдө эс алуу, жер кыдырып саякаттоо. Адамдарды тааныштыруудан оолак болуңуз, жаманатты көрүнүп калуу коркунучу бар. Жеке жашооңуз, ден соолугуңуз бир калыпта болот.



БАЛЫК-УЙ
Өзүңүздү баалооңуз жакшырып, келбетиңизге пластикалык операцияларды жасатууга, имиджиңизди өзгөртүүгө белсенесиз. Жаңы иш баштоодо чыдамкай болсоңуз, ийгилик сиз тарапта болот. Жай айларында ашказан, ичеги ооруларынын алдын алыңыз.



БАЛЫК-ЖОЛБОРС
Мурун баштаган ишиңиздин үзүрүн көрчү мезгил келди. Киреше үзгүлтүксүз болуп, акча тартыштыгы жаралбайт. Үй-бүлөңүз көп көңүл бурууну талап кылат, чогуу эс алууга убакыт бөлөсүздөр. Сыртта жүргөн туугандар менен мамиле түзүлүп, жаңы идеялардын ишке ашуусуна өбөлгө болот. Бойдоктор кыска мөөнөттүү роман түзүүгө жетишет.


БАЛЫК-КОЁН
Карьера жасоодо жана финансы жаатында ийгиликтүү болмокчу. Ата-энеңиздин колдоосуна, кеп-кеңешине муктаж болосуз. Кыймылсыз мүлк сатып алып же үйүңүздү кеңейтип кубанасыз. Мурун сиз кол сунган адамдардан колдоо аласыз. Күз айларында электр буюмдарын оңдоодо сак болуңуз, жаракатка кабылуу коркунучу жогору.



БАЛЫК-БАЛЫК
Өнөктөштөр менен мамиле түзүүгө август, сентябрь ийгиликтүү. Бул айларда кирешеңиз да көбөйөт. Ноябрда бирөө тууралуу ушак айтуудан оолак болуңуз, чоң чырдын башталышына себеп болушу ыктымал. Үй-бүлөдө ачык болуңуз, мамилелер бекемделет дешет жылдыздар.



БАЛЫК-ЖЫЛАН
Июль-август айлары тынч эмес, ар кандай маселелер жаралып, тиешелүү адистердин кеңешине муктаждык жаралат. Ишкерлер атаандаштарынын бут тосуусуна кабылышат. Үй сатып алууда, жер тилкесин же ири жеке менчикке ээ болууда маселелер орун алат. Андыктан документ иштеринде, майда-барат нерселерге кылдат жана так болуңуз.



БАЛЫК-ЖЫЛКЫ
Жыл башында жеке жашооңузда маселелер жаралып, август айында оң тарапка чечилет. Сабырдуу болуңуз, болбосо экинчи маселени башыңызга үйүп алуу күтүп турат. Күздүн башталышында жакындарыңыз менен жакшылыгыңызды белгилейсиз. Декабрь айы күжүрмөндүктү талап кылган кирешелүү ай.



БАЛЫК-КОЙ
Кыялдагы жумушту баштайсыз. Башында «эмнеге баштадым?» деп өкүнгөнүңүз менен, ноябрь-декабрда алгачкы ийгилигин көрүп кубанасыз. Башка шаардагы тааныштарыңыз менен мамилеңиз жакшырат. Июнь-июль айларында мамиле түзүүдө сак болуңуз, алданып калуу коркунучу чоң. Ден соолук жаатында көйгөйлөр жаралбашы үчүн өзүңүздү сергек алып жүрүүгө аракеттениңиз.



БАЛЫК-МАЙМЫЛ
Кирешелүү жыл. Жыл башынан эле иш үстүнө иш кошулуп отуруп чарчаганыңызды күз айларында гана сезесиз. Жылдыздар ден соолугуңузга өзгөчө кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүнү сунушташат. Жайында бир топ маселелер жаралат. Ойлонуп чечим кабыл албасаңыз, жагымсыздыкка кабыласыз.



БАЛЫК-ТООК
Жыл башындагы жумуш ордун алмаштыруу үчүн жасаган жашыруун аракетиңиз ишке ашпайт. Жаңы жумуш орду көңүлүңүзгө туура келбей, артка кайтууга туура келет. Тапкан кирешеңиз күнүмдүк жашооңузга жетет. Көп наалыбаңыз, нерв системине байланышкан ооруларды чакырышы мүмкүн. Август айында өзгөчө белек алып кубанасыз. Жыл аягында үй-бүлөңүздө толуктоолор күтүлөт.



БАЛЫК-ИТ
Реалдуу ишке аша турган пландарга гана киришпесеңиз, убактыңыз, энергияңыз текке кетет. Карьеранын артынан сая түшкөндөр сүйлөшкөн адамынан кол жууп калуулары ыктымал. Андыктан түгөйүңүзгө, үй-бүлөгө, балдарга көңүл бурууга да аракеттениңиз. Бул жылы киреше орточо болгондуктан үнөмдүү болууңуз кажет. Үй-бүлөлүүлөрдүн жашоосу бир калыпта тынч өтсө, бойдоктор бирөөлөрдүн көңүл буруусуна муктаж болушат.



БАЛЫК-ДОҢУЗ
Ит жылында жалгыз иштөө сизге ийгилик алып келбейт. Топ менен иштеп, эски досторуңуздун кеңешин уга билиңиз. Маданият жана илим, билим тармагында эмгектенгендерде карьералык өнүгүү байкалат. Каржы жааты туруктуу болот, үзгүлтүккө учурабайт. Август-сентябрь айларында айрым бойдоктор бойдокчулук менен коштошушат. Ден соолукта олуттуу маселелер жаралбайт, айрымдар диета сактоого өтүшөт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: