Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Омар:«СЫНАКТАН ЖЕҢИЛСЕМ ДЕПРЕССИЯГА ТҮШҮП КЕТМЕКМИН»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл


Ырчы Омардын Казакстанда өткөн «Silk Way Star» («Жибек Жолунун жылдыздары») музыкалык сынагында 1-орунду алганы учурда көпчүлүк мекендештерди сыймыктандырып жаткан кез. Окуяны көз жаздымда калтырбай ырчыны SUPER.KG порталы түз эфирге чакырды. Омарды куттуктап, кубаттап, батасын берип, атүгүл «мени экинчи аял кылып алыңыз» деп суранган күйөрмандары болду. Анда түз эфирдеги кызыктарды сунуштайбыз.

– Омар «Silk Way Star» сынагындагы жеңишиң кут болсун! Бул жеңиш сен үчүн күтүүсүз болдубу?
– Саламатсызбы, жеңишим күтүүсүз болду деп айта албайм. Анткени чогулткан упайлар боюнча алдыңкы орунда келе жаткам. Эгер калыстар тобу сынактын акыркы күнүндө аз упай берсе 2-орунду алмакмын. Негизги таймаш Татарстандан келген ырчы Малика экөөбүздүн ортобузда жүрдү. Экөөбүздүн упайыбыз бирдей эле болчу. Бирок жеңиш мага буюруптур. Сынакта мен баарынан күчтүү болчумун дебейм, анткени чынында татыктуулар көп болчу.

– Сынакта акчалай сыйлык берилдиби?
– Жеңүүчүгө акчалай сыйлык берилет деп жатышкан, бирок берилген жок. Алардын символикалык сыйлыгы 10 миң доллардын тегерегинде болсо керек эле. Негизи ушул долбоорду ишке ашырууга 1 миллион доллар кетиптир. Аягында уюштуруучулар бардык нерсени кыскартып үнөмдөп башташты. Анткени 9 өлкөдөн келген катышуучуларды жатакана, тамак-аш, жол кире акысын камсыздоо да алардын жоопкерчилигинде эле.

– «Супер-Инфо» гезитине жакында берген маегиңизде сынакта финалга жакын негатив көп болуп кетти деп айттыңыз эле?
– Ал сынакта жеке мен эмес, 3 ай бою баарыбыз шоу көрсөттүк. Башка катышуучуларды түшүнүп турам, алар жаңы чыгып келе жаткан ырчы эмес, өз өлкөсүндө популярдуу ырчылар. Баары жеңгиси келет, өз элине уят болгусу келбейт. Мен деле утулуп калсам өзүбүздөн эле «ушул Омарды жибербей эле койбойт белеңер» деп айткан бирөө чыкмак. Колумдан келсе сыйлыгымды бардык катышуучуларга бөлүп бермекмин.

– Омар, айтсаңыз, «Жаңы толкун» сынагындагы жеңишиңиз таттуу болдубу же «Silk Way Star» сынагындагыбы?
– Бул суроо печенье таттуубу же шоколадбы дегендей эле болду окшойт. Мен үчүн экөө тең бирдей таттуу жеңиш. Бирок «Silk Way Star» сынагындагы жеңишим түйшүктүү болду, көп эмгекти талап кылды. «Жаңы толкунда» 18 жашта болуп абдан коркконмун, ал эми Казакстандагы сынакта толкундандым. Балким, сынактан жеңилсем депрессияга түшүп кетмекмин.

– Жеңебиз жеңишиңиз менен куттуктап эмне белек берди?
– Сынактан жеңгенимди ноябрь айында эле билгенбиз. Анда Диана экөөбүз кыз-жигит болчубуз, чогулткан акчасына мага бир сыйра кийим алып берген.

– Омар, байке мага сиздин келбетиңиз, мүнөзүңүз жагат. Мени экинчи аял кылып алыңызчы, Чубак ажыдан эмнеңиз кем?
– Куранда бир аял алуу жакшы деп жазылган. Мен эки аялдын ортосунда адилеттүү боло албайм деп ойлойм. Бирок сая түшүп Жараткандын сөзүнө каршымын деп айта албайм. Анткени буга шариятта уруксат берилген. Чубак ажы мен сыйлаган устаздардын бири. Учурда анын айланасында жүрүп жаткан интригалар атайын жасалган иш деп ойлойм. Биздин никебизди Чубак ажы кыйып берген. Менде тандоо бар. Менин тандоом – бир аял.

– Омар сен динге катуу берилип кеттиң. Бул адамдын өз эрки дечи, бирок чыгармачылык чектөөнү сүйбөйт да?
– Мен мурунтан эле чектен ашып, туура эмес жоруктарды жасаган ырчыларды жактыра бербейм. Чыгармачылыкта динге туура келбеген нерселер бар, бирок ошол эле учурда бир келген жашоону каалаганыңдай жашап өт деген нерсе бар.

– Чектен ашкан күйөрман кыздарыңыздын жоруктарынан айтып бериңизчи?
– Диана экөөбүз жаңыдан таанышып сүйлөшүп баштаганда кыздар жаныма келип сүрөткө түшкөндө анын реакциясын байкаган кызык болчу. Диана ал нерсени түшүнүү менен эле кабыл алат, бирок баары бир аял кишиге ал нерсе жакпайт экен. Анан мен өзүмдү Диананын ордуна коюп ал ырчы болуп, баары менен эле кучакташып сүрөткө түшүп жатса мен кандай абалда болот элем дедим. Мен андай көрүнүштү элестете да албайт экенмин. Ушунчалык кызганчаак окшойм. Негизи күйөрман менен ырчынын ортосундагы чекти ырчы чийип коюшу керек. Мен өзүмө ал чекти сызып койгом, андыктан күйөрман кыздарым деле андай акылга сыйбас жоруктарды жасашпайт.

– Жубайыңыз кандай тамактарды жасап берип кубантып жатат?
-Жубайым биз үйлөнөргө жакын эки ай тамак жасоочу курстарга барып окуган. Учурда күндө түрлөп тамак жасап жатат. Кээде интернеттен карап, үйдө жебеген тамактарды жасап бизди сүйүнтүп коёт. Жумасына меню түзүп аны муздаткычка чаптап алат.

– Омар байке, атам төө буурчак менен бизнес кылат, биз сунуштасак төө буурчакты жарнамалап видеороликке тартылат белеңиз?
– Адамдар кызык эле. Мен ушул окуяны канчалык унутканга аракет кылган сайын унуткарбай эстетип турган «жакшы» адамдар бар (күлүп). Эгер мыскылдоо иретинде айтып жаткан болсоңуз, бул туура эмес. Мындай окуяга баарыбыз эле туш келип калышыбыз мүмкүн. Видеороликке башымдан өткөн окуяларды элдин эсине салып, андан бетер өзүмдү мыскылдоо үчүн да тартылбайт болчумун. Ал эми атаңыз чоң ишкер болуп "кайрымдуулук жасайм, жетим балдарга үй курам, көмүр алып берем" десе сөзсүз тартылып бермекмин.

– Кайрат Нуртас менен Нюша дуэт аткарышты, биздин ырчылар деле белгилүү ырчылар менен дуэт ырдаса болбойбу?
– Менимче, бул жерде бекер ырдоо болгон жок, келишим менен ырдашты окшойт. Мүмкүнчүлүк болсо мен деле «Backstreet Boys» тобу менен ырдамакмын. Бизде рынок кичинекей болуп жатпайбы. Ал эми дүйнөлүк атактуу жылдыздарды бизге кызыктырыш үчүн угармандар көп болушу керек. Ошондуктан келгиле, кыргыздар, көбөйөлү, балким, биздин балдарыбыз дүйнөлүк атактуулар менен ырдап калар.

– Айкын сизди эмнеге колдобой койду? Сынактын аягында катышуучулардын жарымы сиз тарапка, жарымы Малика тарапка бөлүнүп кеткендей болду...
– Негизи бардык эле жарышта маарага жакын калганда атын болушунча чаап камчылашат эмеспи. Бизде деле ошондой болду. Чынында эле финалда абал курчуп кетти. Канчалык күлүп-жайнап жүрбөйлү, ичибизден бири-бирибиз менен тирешип жаттык. Бул нерсе нормалдуу эле көрүнүш деп эсептейм. Бирок Айкын экөөбүздүн ортобузда тирешүү болгон жок, ал башка позицияда келе жаткан. Сынак бүткөндөн кийин баарына Кыргызстандан алып барган белектеримди бердим. Тажикстандан барган Сафармухаммад деген жигит ошол сынакта аткарган автордук ырын мага белекке берди. Анын сөзүн жаздырып койдум, аранжировкасы даяр. Учурда тамагым ооруп сыркоолоп жатам. Айыксам эле барып үнүмдү жаздырам деп турам.

"«Silk Way Star» сынагында калыстар тобунда отурган Гүлнур Сатылганова эжекем мага чоң колдоо көрсөттү".
Омар дүйнөлүк хит "Belle" чыгармасын аткарып жаткан кез.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Омар: "Сынакта жеңишим үчүн акчалай сыйлык берилген жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
21.12.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
абдан маданияттуу жигит,азаматсыз сиз мыктысыз бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
21.12.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Молодец Омар ырчылыкты да Аллах таалам жонокой адамдарга бере бербейт!
26.12.2017. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсын Омар.
26.12.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушул ырчынын орду менен, салмактуу суйлогону жагат. Алган жарын менен бактылуу бол, чыгармачылыгына да ийгилик
26.12.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Деги эле кычым адамдар коп да арабызда. Фасольду унутпай эсине салып ....ошол суроону берген адам эмне максатта айтты экен. Андан коро жакшынакай суроо берип же жон эле каалоо тилек айтып койсо болот эле да.
Омар азаматсыз! Сыйлыгыныз кут болсун! Бактылуу болуп кооп балалуу болунуздар!
26.12.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
engel,++++++
26.12.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ийгилик каалайм азаматсыз сыймыктанып коруп жаттык, ал эми тоо бурчак жонундо суроо узаткан атайлап эле бергенго, эртен эмне болоорубузду ким билет ар бирибиздин башыбызга келип калчу нерсе бул
26.12.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Омар азаматсын. Суйлогон создорун орундуу. Дин боюнча да тушунугун жакшы.
26.12.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсыз Омар. Женишиниз кут болсун. Belle ырын репертуарынызга кошунузчу.
26.12.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
machobek17,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
26.12.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омар байке сизге ийгилик каалайм!
26.12.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туура Омардын суйлоо маланияты, манерасы, этикасы аябай жакшы. Турмушунда да, ишинде да ийгиликтер болсун. Мындай адамдар кыргыз учун абдан керек.
nargiz-sa түзөттү 2017-12-26 11:57:01
26.12.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Төө буурчак чырына мен такыр ишенбейм мен Омарды жакындан тааныбайм бирок бул балада андай ишти жасаганга эч шыгы жок.Бойдок кыздарга Омардай күйөө каалайм жана менин балдарым да Омардай тартиптүү маанилүү "жакшы адам"болуп эр жетишсин.
26.12.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Фасоль журок оорусу болду окшойт мен деле магазиндерден фасоль корсом ушу ырчыны эстей берем. Баарыбыз кылган катабыздан тузолобуз келечекте адашпай калабыз
26.12.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азыркы жаш ырчылар суйлоо маданиятын Омардан уйронгуло. Ар бир созду орду м.н суйлойт. Жаш болсо да акылы билими тунук. ............фасоль б.ча суроо боргендер аман эле болгула. Эртеге силердин жашоонордо эмне болушун али билбейсинерго. Тааба эмес тообо кылгыла. Ошол суроону бербей эле койсонор. Ал нерсени деле Омар чоон сыноо м.н башынан откорсо керек
26.12.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунча Кыргызстан үчүн болгон күчүн жумшап жеңиш алып келди, эми биздин мамлекет да кайдыгер карабай жакшы акчалай сыйлык берип коюшунуздарды отунобуз.Азамматсын Омар сен эң жөнөкөй адамсын.Ушунундан жазба.
asil-08 түзөттү 2017-12-26 17:09:27
27.12.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акылыңдан сенин,мамаң сени бир уул төрөсө да он уулга тете кылып төрөгөн деп ойлойм.Өзүңө окшогон акылдуу тетик симпотяга балдарды көбөйтө бер,баракелде!!!
Aijash90 түзөттү 2017-12-27 00:41:09
27.12.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага да Омардай жар насип этсе экен ИншаАллах! Көрүнүшү окшобосо да акылы, түшүнүгү жагынан окшош болсо экен. Омар сизди аябай баалайм жана сыйлайм.
27.12.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул сынак мындан кийинки жылдары да өткөрүлөт болду бекен. Эгер Гүлжигит катышкан сынактагыдай жеңген катышуучунун өлкөсү өткөрө турган болсо дагы улантылбай калат го дейм.
28.12.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буга чейин анча жактырчу эмесмин ушул маегинен кийин сыйга татыктуу бала экен деп калдым молодец.
28.12.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омарды талантына караганда адамдык сапатын жогору баалайм.кыргызда казанда бары чомучко чыгат дегендей бул жигиттин адамдык сапатын баалагандар да мен ойлогондон коп экен.ар бир ырчынын интервьюсун коруп анан колдонуучулардын комментарийин окуйм.баарында негатив пикирлер бар.бир гана Омар анан Урмат Неляга карата негатив пикирлер жокко эсе.азаматсыз чыгармачылыгынызга ийгилик.уйбулонузду биринчи орунга коюп ажырашкандардын катарына эч качан кошулбаныз
30.12.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Омар чыгырмачылык ийгилик уй булолук бакыт каалайм
31.12.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмгек синирген артист беришстн эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: