Сулуу куйрук, жалы бар,
Сүтү абдан дары мал.
Эр жигиттин канаты,
Эмне деген жаныбар?
(Жылкы)

Эң эле жоош-момун мал,
Эң пайдалуу, сонун мал.
Ызгаар суукта үшүбөйт,
Абдан жылуу тону бар.
(Кой)

Тырмактары абдан курч,
Тызылдатып чычкан кууйт.
Тамактанып бүткөн соң
Тоюп алып бетин жууйт.
(Мышык)

Караан көрсө абалап,
Күнү-түнү короо кайтарат.
Байкабасаң, балакай,
Балтырыңды каап алат.
(Ит)

Күчү жетпейт алышкан,
Көрсө, баары качышкан.
Айбанаттын паашасы,
Анын аты А....н.
(Арстан)

Бактыгүл Момбекова
balakai@super.kg