
Кыз мектептен чыга берип, балдар ойноочу аянтчада турган кишини көрүп токтоп калды. Ал адам кызга абдан тааныш учурады. А колундагы мамалакчы? Бул мамалак да абдан тааныш.
– Атам?- көздөрүн бат-бат ирмегилеп жиберди.
– Ата-а!- кыз кыйкырып чуркап жөнөдү. Сагындырган, жоголду деген, таштап кетти деген атасы болчу. Ал да кызды утурлай чуркады. Бир убакта тизелей отура калып, чуркап келген кызды кучагына бекем кысып алды.
– Кызым!- 3 жылдан бери үн-сөздөн калган, таптакыр сүйлөбөй жүргөн Азаматтын биринчи сөзү ушул болду. «Кызым» кайра-кайра кайталап жатты. Кучагындагы кызы да, өзү да мурундарын шыр тартып ыйлап жатышты. Ал камалып кеткенде кыз 4 эле жашта эмес беле! Бирок унутпаптыр атасын! Унутмак эмес, бул экөөндө бири-бирине болгон чексиз сүйүү бар болчу...