ОЛЬГА БУЗОВАНЫН ЭКС-ЖОЛДОШУ ҮЙЛӨНӨТ
№791 29-декабрь-4-январь 2018-ж.
Популярдуу орусиялык алпаруучу Ольга Бузованын мурунку жолдошу футболчу Дмитрий Тарасов сүйүктүүсү, модель Анастасия Костенконун колун сурады. Социалдык тармактагы баракчасына Анастасия шакегин көрсөтүп түшкөн сүрөтүн илип «мен ооба дедим» деген билдирүү калтырган. Эске салсак, орус маалымат булактары дал ушул модель кыздын айынан Ольга менен Дмитрийдин үй-бүлөсү бузулган деп айтышат. Ольга менен ажырашканына бир жыл боло элек жатып үйлөнгөнгө даярданып жаткан Тарасовдун бул жоругуна Ольга Бузова кандай реакция кылары көпчүлүккө кызык болуп жатат. Орус басылмаларында "Тарасовдун сүйүктүүсү кош бойлуу ошон үчүн үйлөнүүнү тездетип жатат" деген кептер айтылууда.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0