
Кыргыз өлкөсүндө жаңы төрөлгөн ар бир бала үчүн сүйүнчү пул ушул жылдын 1-январынан тарта бериле баштады. Ар бир төрөлгөн ымыркайга 4 миң сомдон, ал эми бийик тоолуу аймактагылар үчүн 7200 сомго чейин сүйүнчү пул берүү каралган. Ал үчүн 3 гана документ талап кылынат: баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспорту жана жашаган жери, үй-бүлөсү жөнүндөгү маалым кат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жылына орточо 150 миңдей бала төрөлөт.