Бишкек шаарында туура эмес жайга токтотулган автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо башталды. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, аталган токтом 2017-жылдын апрель айында кабыл алынган. «Автоунааларды мажбурлап ташып кетүү кызматын тендерден утуп алган «Портал групп» фирмасы ишке ашырат. Эгер автоунаа мажбурлап көчүрүү учурунда жабыркаса камсыздандырууну «Аю гарант» компаниясы моюнуна алган. Туура эмес жайга токтотулган автоунаа алгач сүрөткө тартып алынып, протокол түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, автоунаа токтотууга тыюу салынган жерлерге «эвакуатор» белгиси орнотулган. Эвакуацияланган автоунаанын ээлери автоунааны айып аянтчасына жеткирүү чыгым үчүн 1350 сомдон ашпаган каражатты «Портал групп» компаниясына төлөп берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы боюнча мамлекетке айып төлөйт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg