НАЗГҮЛ ТОКТАКУНОВА ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ АТЫН ӨЗГӨРТТҮ
№793 12-18-январь, 2018-жыл
Кыргыз эстрадасында өзүнүн сары чачы менен айырмаланып «Сарышка» атка конгон ырчы Назгүл Токтакунова жаңы жылды өзгөчө жаңылык менен баштады. Ал композитор Dj Rolan менен дуэт аткарып чыкты. Анда Назгүл Токтакунова Yella деген каймана ат менен чыккан.
«Ушул жылда чет элдик долбоорлорго катышайын деген максаттарды койдум. Мындан улам Назгүл Токтакунова эмес, Yella деген каймана ат менен чыгайын деп чечтим. Ал эми Кыргыз сахнасына Назгүл деген атым менен эле чыгам»,- дейт ырчы.
Чет элдик сахнаны багындыруунун үстүндө иштеп жаткан ырчыга ийгилик каалайбыз!
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1
Уну жок ырчылар долбоорду уккусу да келбесе керек