Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Манзура, жынысын алмаштыргысы келген жигит: “ЖЫНЫСЫМДЫ АЛМАШТЫРЫП, ӨЗҮМДҮ ТОЛУК КАНДУУ АЯЛ СЕЗГИМ КЕЛЕТ”

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.


Мамлекеттик каттоо кызматы өткөн жылы өлкөбүздө 12 жаран паспорттогу жынысына тиешелүү маалыматтарды өзгөрткөндүгү тууралуу маалымат таратты. Коомчулукта бул кабар кызуу талкууга алынып жаткан кез.


“КАЙРЫЛГАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ”
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жынысын алмаштырган жарандар тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
– Жынысын өзгөрткөн жарандар тууралуу анализди 2017-жылы биринчи жолу жасадык. Анын негизинде 12 жарандын паспорттогу “жынысы” деген пункту алмаштырылып, аты-жөнүнө өзгөртүү киргизилгени такталды. Бирок бул жарандардын персоналдык номери өзгөрүүсүз калат. Жаңыртылган паспортко тиркеме катары жарандын аты-жөнү жана жынысы алмаштырылганы тууралуу күбөлүк берилет. Ал күбөлүк жарандын өзүнө тиешелүү башка документтерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
"Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамынын 72-беренесине ылайык, жаран жынысын өзгөрткөндүгү тууралуу медициналык маалымкат алып келсе паспорттогу маалыматтарды алмаштырып беребиз. Былтыр кайрылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Алардын канчасы эркектен аялга же аялдан эркекке айланганы тууралуу маалымат таратууга биздин укугубуз жок.

Өзүн транссексуал деп тааныштырган каарманыбыз Манзура 36 жашта. Аялдарга эмес, эркектерге кызыгарын айткан ал өзүн кадимки аялзаты катары сезет. Кыз кишидей эле чач, тырмак өстүрүп, көйнөк кийген замандашыбыз 20 жылдан бери сексуалдык кызмат көрсөтүү менен каражат табарын билдирди.

“БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ СЕЗИМИМДИ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЙГОН”
– Менин балалыгым Жалал-Абадда өткөн. Жүрүм-турумум, сырткы келбетим кызга окшош болгондуктан, айланамдагылар мени “кызтеке” дешчү. Жеткинчек кезимде “аа, мен кызтеке турбаймынбы” деп элге көп аралашпай, басынып жүрө берчүмүн. 13 жашымда кошуна жигитти жактырып калдым. Ошондо жүрөгүмдө биринчи жолу эркек затына болгон сезим пайда болду. Кадимкидей сагынып, көрсөм көксөөм канып калчу. Бирок сезимимди ага көпкө чейин айта албай жүрүп бир күнү чыгынып айтсам ал мени урушуп салган.
Бир жолу айылга бирөөлөр концерт коюп келип калышты. Ошолордун ичинен бир кыз мени карап “сен кыздын эле өзү турбайсыңбы, сени транссексуал дейт. Сага окшогондор Бишкекте көп” деп айтып кетти. Аны угуп оюмдун баары борборго эптеп жетүү болуп үйдөн качып чыктым. Ал кезде 16 жашта болчумун. Бул жакка келерин келип алып бир топ кыйынчылыктарды көрдүм. Жумуш издеп бир үй-бүлөгө бала багуучу болуп кирип алгам. Мени кыз деп ойлогон алар менин эркек экенимди билип калышып айлыгымды да бербей үйдөн кууп чыккан. Айтор, ушуга окшогон маселелер жаралып жаш болсом да жашоонун соккусуна бир топ ирет урундум. Ошентип жашоомдо бир аял пайда болуп ал менин кумса эмес, транссексуал экенимди түшүндүрдү. Жаш кезимде боюм узун, сулуу элем. Кыскасы, тиги аял мени сойку кылды. Ал сутенёр аялдын кол алдында жүрүп, көп деле акча кармаган жокмун. “Иш” бергенине, курсагым тойгонуна ыраазы болуп жүрө бердим. Бирок борборго келип ушул дүйнөгө аралашып, өзүмө окшошторду көрүп жалгыз эмес экениме сүйүндүм. Бишкекте транссексуал, кумса, лесбиянкалардын клубдарына барып мендей адамдардын бар экенин билип, жашоомдо жаңы үмүт пайда болуп кадимкидей гүлдөп чыктым.

“ЖИГИТИМ ЭКӨӨБҮЗ 8 ЖЫЛ ЧОГУУ ЖАШАДЫК”
– Бир жолу дискотекада бир кумса менен бийлеп, ал бооруна кыса кучактаса биринчи жолу эркектен мээрим сездим. Тааныштык, табыштык, сүйүштүк. Экөөбүз чогуу 8 жыл жашадык. Бирок, тилекке каршы, эки башка жолго түштүк. Азыр экинчи эркек (ред.: каарманым аны жолдошум деп атайт) менен жашасам да биринчи жолдошума деген сезимим өчө элек. Аны менен эки башка жолго түшкөндөн бери өзүмдү таштап койдум. Башында ошол жигитти бактылуу кылуу үчүн жыныс мүчөмдү алмаштыргым келчү. Бир жылдары урологдордон кеңеш сурап ден соолукту текшерүүдөн өткөрүп анан операция жасаларын, жыныс алмаштыруунун баасы кымбат болорун билгем. Бирок ал убакта менде андай акча жок болчу. Эми жылдан жылга жашым өтүп баратат, мурдагыдай жаш болбогондон кийин 36 жашта андай оор операция жасатсам кыйналып каламбы деп ойлойм. Укканыма караганда, операция жасаткандан кийин адамда сезимталдык төмөндөйт экен. Ошентсе да жыныс алмаштырып бир жаңсыл болуп, өзүмдү толук кандуу аял катары сезгим келет. Сойкулукту таштап тынч жашоону самайм, бирок бизди башка жумушка албагандыктан ушул жол менен оокат кылууга туура келет. Көкүрөгүмдүн өлчөмү кадимки кыздардыкындай болгону менен, мен да башка транссексуалдарга окшоп силикон салдыргым келчү.
Паспортум эркектики болгондуктан аэропорттордон маселе жаралып калат. Чындап эле мен экениме ишенишпей, ичкери киргизип алып чечиндирип көрүп анан ишенишет. Эгер чыгынып операция жасатып, документ алып алсам чет өлкөгө кетет окшойм. Бирок кайсы мамлекетке барсам да жүрөгүм мекенге тарта берерин билем.

“ТОНОО, САБОО, ЗОРДУКТОО”
– Бул жолду тандаганым менен, ушул жашка келгени эч кимге жамандык кылган эмесмин. Ачык мүнөзмүн, баарына бирдей жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Бирок коомчулуктун, өзгөчө эркектердин бизге карата ою, мамилесине капамын. Аларга зыян келтирбесең да кармап алып шылдыңдашат, кордошот. Сабап-урганды жөн коёюн, эркектер тобу менен зордуктап кеткен учурлар болгон. 10-15 күн мурда эле кардар катары батирге келген эки жигит курбум экөөбүздү тоноп кетишти. Үйдөгү 28 миң сом акча, кымбат баалуу телефондорду жана зер буюмдарыбызды көз көрүнөө эле жулуп кетишти.


“АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ ИЧЕГИ- КАРЫНДАН ЖАСАЛАТ”
Бишкек шаарында жайгашкан республикалык урология борборунун башчысы, уролог-хирург Акылбек Усупбаев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жыныстык мүчө алмаштыруу боюнча операция жасаган. Анын айтымында, жынысымды алмаштырам деп кайрылгандардын басымдуу бөлүгү эркектен аялга айлангысы келгендер.
– Мурда биздин коомдо мындай көрүнүш жок болчу. 2006-2007-жылдары биринчи жолу жыныс алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалды. Бул маселе боюнча кайрылгандар гермафродиттер жана транссексуалдар болуп экиге бөлүнөт. Гермафродиттер – табияттын катасы, алар аялдын да, эркектин да жыныстык мүчөсү менен төрөлүшөт. Ал эми транссексуалдар бардык органдары, гормондору ашык-кеми жок нормалдуу эле төрөлүп, эс тартканда психологиялык жактан өздөрүн башка жыныстагы адам катары кабыл алып алгандар. Жыныс алмаштыруу боюнча гермафродиттердин 15-20 жашында кайрылганы кеч болуп калат. Аларды туулганда эле генетикалык жактан текшерип, кайсы жыныска көбүрөөк жакын экенин билип, коррекция кылып койгон туура. Ал эми өзүн транссексуал деп эсептеп, өзү каалаган жыныска ээ болгусу келгендердин басымдуу бөлүгү эркектен аялга айланууну каалагандар. Мындай бейтаптын эркектик жыныс мүчөсү алынып, ордуна ичеги-карындан жасалган аялдын жыныстык кыны салынат. Бирок жатын салынбагандыктан ал адам төрөй албайт. Операция жасалган жаранга жынысын алмаштыргандыгы тууралуу маалымкат берилет.
Операциянын мындай түрү чанда кездешкендиктен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан баа чегерилген эмес. Ошондуктан коммерциялык негизде жасалып келет. Эгер бейтап керектүү материалдарды алып берсе операциянын баасы болжол менен 1000-2000 АКШ долларын түзөт. Чет өлкөдө ушундай эле хирургиялык иштер 40-50 миң доллар тургандыктан, бизге башка өлкөлөрдүн жарандары да кайрылган учурлар болгон. Жеке практикамда он чакты гермафродит, 3 транссексуал бейтапка жыныстык операция жасагам.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
30.01.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+43
Врач деле айтып атпайбы булар психологиясына сиңдирип алышкан ,мен табияттан ушундаймын деп, кызтекелерди армияга айдаш керек ал жактан эркек болуп келет арасат болбой.
30.01.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nevestkaa,Армия азыр дет сад болуп жатса,кандай болсо ошо бойдон келип жатышат.
30.01.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Армия эркектин иши, мындайлардып орду психологиялык ооруканада
31.01.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,Супер мындай нерсени ащыр чыгарсанар сураныч А то реклама болуп калат экен
30.01.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Эмне деп айтышты да билбейсин.кудайым озу кечирсин.
30.01.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атангорууу
30.01.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ото окунучтуу..... Бирок ошол армияда шумдуктуулар чыгат экен го. Зордуктап эле ишин жасап журо беришет экен. Суперстандын бир болугунон окуп калдым эле.
30.01.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жөн эле жүрбөйбү Жараткан бала же кыз кылып жаратканына шүгүр кылып.
30.01.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо, тообо. Кадимки эле корунуш болуп калат окшойт бара-бара.
30.01.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
тообо кийин аялжар роддомдун астында куйоолоруно карап тородунбу деп калат окшойт
30.01.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
19981998jalgyz,торобойт булар деп туратко
31.01.2018. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,торосо да торобосо да сиз екообузго ыйман бнрсин кудайым
30.01.2018. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Аял дебе аялдын бар туйшугу,
Эркексин сен кысып журчу к.туну
Tyty1990 түзөттү 2018-01-30 11:04:24
03.02.2018. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tyty1990,туура айтасыз эркек деген эркекче журуш журуш керек да.
30.01.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Заман ото тез ылдамдыкта онугуп и озгоруп баратат.Дагы бизди келечекте эмне деген сюрприз дер кутуп жатат,аман болсок коро жатаарбыз )))
30.01.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Фото жуктоп койбоптур канчалык аялга окшоштугун корот элек
30.01.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар да кудайдын жараткан пендеси ары жагынан ошондой болуп төрөлушот. Биздин айылда бир бала бар болчу 8 9 жашында эле кыздарга окшоп басып сүйлөгөндору кулгондору кыймыл аракети бүт кыздай болчу таарынса кыздардай болуп таарынып биз көрүп аябай таң калчубуз колу буттары ичке балдар мн ойнобой кыздарга кошулуп алып ойнойт ал убакта ал кичинекей бала эмес биз жакшы түшүнчү эмеспиз трансексуал эмне экенин анда эмне ошол бала да өзүн трансмын мен психологиясына синирип алган беле
30.01.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай кандай жаратса ошол калыбында жашап жүрүшөт болгону кичинекей убагында психологдор мн иштешип ан сезимин бурдуруш керек булар да биз сыяктуу адам көп эле кордой берген болбойт
30.01.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХХХХХХХХХ алардын созунон чыгалбай,табияттын катасы деп доодуробогулочу!ущундайларды корсом ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-30 12:44:32
30.01.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эркек болуп торолдунбу,эркек боюнча олбойсунбу?
Психикан менен куруп кеткир!
Адамзат бузулуу жолунда!
Ээ Жараткан, ушундай "типтердин" кесепетинен сактайгор!?
Карап отурсан, кадимки конумуш адат сыяктуу карашат баары эле,эч ким деле тан калбай калган!:(
30.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sushi_wok, анткени алар да биз сыяктуу адам болгону эркеги аялга же аялы эркеке окшошуп калган
05.02.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sushi_wok,Оорунун кадырын ооруган жан билет деп коёт чоң сүйлөбөй Кудайга тообо кыл. .. ХХХХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-06 10:05:25
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: