Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Адиса Ташкараева, Гүлбү Ороскул кызынын апасы: «ГҮЛБҮНҮ ЖОКТОСОМ, КЫЗДАРЫ «ЫЙЛАБАҢЫЗ, БИЗ БАРБЫЗ» ДЕП СООРОТУШАТ»

№797 9-15-февраль 2018-жыл


Өткөн жылдын 6-октябрь күнү шум ажал таланты ташкындап, чыгармачылыгы гүлдөп жаткан учурунда кыргыздын ажарлуу кызы Гүлбү Ороскул кызын арабыздан алып кеткен эле. «Бүгүн көргөн эртең жок» деген жашоо турбайбы. 5-октябрда эже менен бир топко сүйлөшкөн болчумун. «Жакшы жаңылыгым бар, жакында элим менен бөлүшөм» деп сүйүнгөнү эсимде. Тагдырдын жазмышы менен ырчы айым жакшы жаңылыгын өзү менен кошо алып кетти. Бүгүнкү эскерүүбүздө ырчынын апасы Адиса Ташкараева бирде ыйлап, бирде күлүп кызынын өткөнүн баяндап отурду.

«КЫЗЫМ КИЧИНЕСИНЕН ЭЛЕ ТЫҢ БОЛДУ»
– Гүлбүнүн төрөлүшү бизге чоң кубаныч алып келген. Кайын журтум тараптан да, өзүмдүн ата-энем тараптан да кызым 1-небере болду. Жолдошумдун бир карындашы бар эле. Кайнатам «бир кызымды эки кылдың» деп угары менен төрөт үйүнө келип, балбалактап сүйүнүп мени бети-башымдан өпкүлөгөн. Ошентип жашап жүргөнүбүздө атасы өтүп кетти. Ал ревматизм менен жабыркачу, оору жүрөгүнө өтүп кетиптир. «Кичинекей балдар менен кыйналат» дешкен ата-энем мени төркүнүмө алып кетишти.
Гүлбү мектепте жакшы окуду. Азыр ойлосом, кичинесинен эле тың экен. Үй тапшырмаларын өзү даярдап, чачын өзү байлап алчу. 5-класстан таенесине «комуз ийримине барат элем» деп комуз саттырып алды. Өзүм жесир аял болсом, жогорку окуу жайларынан окута албайм го деп 8-классты аяктагандан кийин борбордогу музыкалык училищеге берейин деп ойлодум. Ал убакта Кербенден Фрунзеге учак каттачу. Кызым экөөбүз 1-жолу учакка отурдук. Учак катуу кыймылдаса коркуп, орундукту тырыша кармап калабыз. Ошентип Фрунзеге келдик.
Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына барсак, Роза Аманова ошол жылы бүтүп кетиптир. Мугалимдер «Розага окшогон тыкан кыз келди. Комуз чертет экен. Эми ушул кызды алып калалы» дешип Гүлбүнү көргөндө эле жактырышты.

«АЙЗУУРАНЫ САГЫНЫП, АРТЫНАН БОРБОРГО КӨЧҮП КЕЛДИМ»
– Гүлбү 4-курста окуп жатканда биздин айылдагылар «кызыңыздын жигити бар экен, биз көрдүк» деп калышты. Өзү келгенде сурасам «турмушка чыксамбы деп жатам, жигитим телевизордон чыгып жүрөт» деди. Ичимден макул болуп «убагы деле келип калды» дедим. Аты баланча деп "Э" тамгасынан башталган бир атты айтты. Мен эмнегедир Элүүбек деп угуп алыптырмын, сыналгыдан ошондой ырчыны көрүп каламбы деп карай берчүмүн. Кийин Бишкекке келип Элмирбек экөөнө батамды берип кеттим. Анан Айзуура төрөлдү. Айзуурага жети ай болгондо бир күнү телефон чалыптыр. «Апа, Айзуураны берип жиберели, карап бериңиз, биз араң чыдадык» деп коёт. Баккандан кыйналышкан го. Учак менен биздин айылдык бир кемпирден берип жиберишиптир. Ал убакта азыркыдай телефон жок. Алып барган эже мени тапкыча арадан бир топ убакыт өтүптүр. Айзуура ыйлай берип үнү бүтүп, курсагы да ачыптыр.
Балдарымды кантип бакканымды деле билбейм. Ал кезде жаш экем, анын үстүнө таята-таенеси да каралашты. Айзуураны өзүм төрөгөндөй бактым. Кээде Гүлбүнү мен төрөгөнүмдү унутуп, Айзуураны кызым деп ойлоп алчумун. Экиге чыкканда «кызыбызды алып кетебиз» деп ата-энеси айылга барышты. Бербеске айлам барбы, бердим. Сагынганымдан айылга тургум келбей койду. Балама «тамекини тапшыралы да, биз деле шаарга кетели, 2-3 жылда кайра келебиз» дедим. Анда уулум 9-классты аяктап жаткан. Ошентип Айзууранын артынан уулум экөөбүз дагы 1997-жылы Бишкекке көчүп келдик. Туугандарыбыздын үйү бош эле, атам «ошол жакка жайгашкыла» деди. Балдарым үйүбүздүн алдына дүкөн ачып беришти. Бул жактын жашоосуна көнүп, айылга кеткибиз келбей калса болобу. Айзууранын артынан Сезим төрөлдү. Эки кызды бир аз эле көрбөсөм сагынып кетип жетип барчумун.
Элмирбек менен Гүлбүнүн ыркы кете баштаганда тынчып калышар деп күтүп, киришкен жокмун. Анын үстүнө бала-чакалуу чоң кишилер өздөрү чечишсин дедим. Бир жолкусунда кудагыйым «экөө чогуу жашай албай калышыптыр» деди. «Ошондой болуп калды окшойт» дедим. Кызым көңүлүнө жаккан буюмдарын жыйнаштырып коюптур. Кудагыйым «Айзуураны алып калалы» деди, мен «кыздарды бөлбөйлү, бир туугандар чогуу өссүн» деп болбой койдум.

«7 ЖЫЛ КАТАРЫ МЕНЕН СҮМӨЛӨК БЫШЫРДЫ»
– Гүлбүнүн «Балама» деген ыры клиби менен чыкканда эл кызымды ырчы катары тааныды окшойт. Алгач сыналгыдан көргөндө «ии, Гүлбү деле чыкса болот турбайбы» дедим. 2005-жылдар бекен, жеке концертин берди. Бирок чыгармачылыктын артынан сая түшкөн жок. «Кыздарыма жакшы тарбия берейин. «Ырдап жүрүп кыздарына тарбия бербептир» дешпесин. Апа, колуңуз бошто келип жардамдашып туруңуз. Ушуларды окутуп алсам, жеңилдеп калат элем» деп жүрдү. Кыздары чоңоюп калганда «сүмөлөк жасагым келип жатат» деп, 7 жыл катары менен үйүндө сүмөлөк бышырып, жакшы санаалаштарын чакырып коноктоп, калганын балдар үйүнө таратты.
Акыркы күндөрү «апа, таятамдардын үйүнүн ары жагында булак бар эле го, түшүмдө ошол жерде көп жууна берчү болдум» деп калды. Мен этибар албай «кызым, сен бала кезде ошол жерде көп ойночусуң» деп койчумун.
Гүлбүнүн аяш аталары «айылданбы, шаарданбы бир жер караштырып, Гүлбүнүн ысымын ыйгарганга аракет кыл» дешти. Ошондон кийин айылдын бардык жерин көз алдымдан өткөрүп, чоң көчөнүн аты жок экенин эстедим. Түштө аян берет деген бекеринен эмес окшойт. Гүлбү түшүндө көп жүргөн булак да ошол көчөдө. Анын үстүнө ошол көчөдөн атасынын күмбөзү көрүнүп турат. Көчөгө Гүлбүнүн ысымын ыйгаралы деп туугандарга, Коргон айылынын тургундарына сунуштасак, макул болуп токтом чыкты. Бизди колдогондордун баарына ыраазымын. Балдарым менен эми ошол көчөгө асфальт бастырып бермей болдук.

«ГҮЛБҮ КОМАГА ТҮШҮП КАЛЫПТЫР ДЕШТИ»
– 1-2 жылдан бери ашказаны ооруп жүргөн. Каза болордон 10 күн мурун «апа, өлүп-тирилдим. Профессорлордун кароосунан өттүм, бирок оорум табылган жок» деген эле. «Ооруп жатам» деп жатып калганда «бас эле, бас» деп сыртка чыгарып тургузуп кетчүмүн. Көрсө, көз тийүү деген нерсе чогулуп отуруп бир органга топтолот деген чын белем. Гүлбүнүкү ашказанга топтолгон окшойт. 6-октябрда эртең менен кыздары молдо чакыртып дем салдырышыптыр. «Мага булардын алы жетпейт. Таене-таятам келип «кыз бул жактан кыйналып кетти, алып кетели» деп кетпей жатышат. Мен кетет окшойм. Силер жакшы оокат кылгыла» дептир. Мен мурунку күнү инимдин жылдыгына айылга кеткем. Балким, жанында болсом тирүү алып калар белем?.. Кызым каза болгон күнү жанында болбой калганым мага чоң арман.
Эртең мененки 8де кызы Сезим телефон чалып «таене, апам дагы баягыдай ооруп калды. Каяктасыз, сизди чакырып жатат» деди. «Айылга кетпедим беле, билесиңер го» дедим. Кийин телефон чалсам «жакшы болуп калды» дешти. Анан эле Айзуура чалып «келип калыңыз, сизден мурун апам кетип калды» десе мен нес болуп түшүнбөй калдым. Кайра телефон чалсам эч кимиси албай койду. Аңгыча туугандарым «Гүлбү комага түшүп калыптыр» деп мени Бишкекке алып жөнөштү. Сиңдим «мен дагы кошулайынчы» деп машинага түшүп алды. Келсем эле боз үйлөр тигилип, ак куум учуп кетиптир...
Ыйласам Айзуура менен Сезим «таене, ыйлаба, биз барбыз» дешет. Кызым Жаңы жыл сайын белегин көтөрүп келчү. Апасынын ордун жоктотпой кыздары келип куттуктап кетишти. Мирзат менен Айзууранын уулун Гүлбүнүн ордуна бешик алып барып, бешикке салдым. Кыскасы, тирүүлүктүн тиричилиги өтүп жатат, бир гана кызым жок.


Амалы куруп оорубай,
Аргасыз кырсык тооруду.
Ажалга айла жок экен,
Ак гүлүм менин соолуду.

"Гүлбү кичинекейинде чачы коюу, толук кыз болчу".
"Элмирбек экөөнүн ыркы кете баштаганда бала-чакалуу адамдар өздөрү чечишсин деп кийлигишкен жокмун".



Сүйүн Кулматова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(21)
13.02.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+62
"Сизден мурда апам кетип калды" - деп тайэнесине тиги кыздын айтканы жаман экен...
13.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
anelya_kaparova,мен да таң калдым.
13.02.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
Nevestkaa, Андайга тан калып кереги жок. Андай учурда адам шок абалга тушот. Тем более жаш кыз. шундай нерсени да обсуждать кылган кандай адамсынар.
13.02.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nevestkaa,Ошондой оор абалда оюна ушундай соз келгенине мен дагы тан калдым.Негизи ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-13 18:23:00
13.02.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
anelya_kaparova,Таенеси айылга кеткен экен го.Ошого сиз айылдан келгиче апам кетип калды деген мааниде айтса керек байкуш кыз.
13.02.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
-Sumitra-,мен да ушинтип тушундум. Анан комменттерди окуп тан калдым
13.02.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Жаткан жери жайлуу болсун, кыздарына, эжеге сабыр тилейм...

Супер, Элмирбек Иманалиевден интервью алыңыздарчы?
13.02.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
А десек да Б десек да Аллахтын каалоосу ушул экен. Куноолорун кечирген болсун.
13.02.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Олбосутун шору бутпос дегендей,омур улана берет. Сабыр кылыныз эже. Аллах ушинтип дуйного кезеги менен алып келип, кайра кезексиз алып кетет тура. Кааласа кызын,кааласа небересин. Аллахым сизге сабыр берсин
13.02.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кайра кайра окуп ыйладым - озу билип мен кетет окшойм жакшы оокат кылгыла дегенин иииииий , адамдар олбосо экен . Жашоодо эс тартып калгандан бери неге биз олушубуз керек деп мээме синдире албай келем ?! Адамдар жакшы жашап эч качан олбосо экеен !!!
jumka0505 түзөттү 2018-02-13 11:58:24
13.02.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элмирбек экоон чоону жашасанар эмне болмок? Кандай гана коргон коз суктанган жан эленер.Жайы жанаттан болсун,адамдын назары жаман деген соз ырас эмеспи,коргон коз суктанып журуп ооруп кеттинизго.
13.02.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаткан жери жайлуу болсун. жанында жургон адамдардын баркын билели. Баардыгы биз ойлогондой боло бербейт турбайбы. Окуп алып ыйладым. Сабырдуу болунуз. Куран окуугандан башка айла жок экен.
13.02.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Арман дуйно аттин аман эле журсонуз эмне.жан дуйнонуз жаздай жадыраган,молтур суудай тунук,ууздай таза жан элениз го.сиздей адам кылымда бир жаралса керек.Гулбу эже кечириниз убагында барктап баалап кала албадык,ушунча эрте,жапжаш бойдон кете берет деп ойлобоптурмун.сизге айтылбай канча соз калды,сунулбай канча гул калды,чечилбей далай сыр калды.чалганымда ооуу кандай,здрасти деп алып калчу элениз сагындым сизди эжоу.жаткан жериниз жайлуу болсун жаратканым апанызга,жакындарынызга сабыр берсин.
14.02.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эртенки кунубуздун эмне боло турганын билбейт экенбизде айла жоктун иши экенда бейишин берсин эжекебиздин.
14.02.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
таенеси мен айылга кетпедим беле десе,сизден мурун Апам кетип калды дегенго
14.02.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздарын окутуп, чокутуп эми гана сый урматын короордо каза болуп калганы абдан окунучтуу болду...
14.02.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тирүүнүн тиргилиги өтө берет экен. Чын. Бир эле өзү жок
15.02.2018. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылыныз Адиса Эже кыргыз эли гулбу ороскул кызын эч качан унутпайт
15.02.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш эне жүрөгү.... сизге,кыздарга мабыр берсин кудайым. Гүлбү эженин жаткан жери жайлуу болсун.
15.02.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх арман дуйно,жаткан жери жайлуу болсун,жайы жанатта болсун.сизге жаратканым сабыр берсин.абдан ыйладым,ар коргондо уканда ыйлап алам.кыздарына сабыр берсин,бактылуу болгула
16.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кеткен кетти го бирок достор тобуна нааразы болдум,чогу ырдап журуп супер инфого келип бир эскерип маек берип коюшса болмок.чымын чаккандай болушкан жок ошого тан калдым.Салима Балтаева
Менен бир передача экоо чогу келгенде бала кезден доспуз дешкен,инстадан куттум суротун коюп бир жазар бекен деп ушул убака чейин жазган жок.Достор тобу деп достукту даназалап ырдаган достор силер болсонор билбейм анда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: