Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Зарина Асанова: «БАЛДАРЫМ БУТ КИЙИМИМДЕН УЯЛАМ ДЕП МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ ДА КОЮШАТ»

№798 16-22-февраль 2018-жыл


Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.

«БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ КӨП ИЧЧҮ, КЫЙНАЛЫП ЖАШАДЫК»
– Мен 8 айга толгонумда ата-энем ажырашып кетишиптир. Таене, таятамдын колунда тарбиялангам. Атам менен апам ар кимиси өздөрүнчө үй-бүлө куруп кетишкен. Мектепти 9-класска чейин окуп, кесиптик окуу жайда билим алып жатканымда 17 жашымда биринчи жолдошум ала качып кетти. Ал көп иччү, кыйналып жашадык.
Бир ирет кайнежемдин малын багып иштейбиз деп Кочкорго барганбыз. Кайнежем бизге ишибиз үчүн акы төлөп бермек тургай нанды эсептеп берчү. Кийимдерибиз калбай, эски байпактарыбызды жамап кийип жүрүп, аягында бут кийимибиз жок калдык. Чыдабай калганда ошол жактагы бирөөнүн картошкасын отоп, тапкан акчамды жол кире кылып 3 баламды ээрчитип Ысык-Көлгө келе бердим.
Ошол бойдон күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Андан жыл айланбай жолдошум каза тапты. 2 жылдан соң азыркы жолдошум Жекшенге турмушка чыгып, дагы 5 балалуу болдум. Азыр 4 кыз, 4 уулум бар. Эң улуу кызым 21 жашта, турмушка чыккан, кичүүсү 2 жашта. 3 балам мектеп курагында. Экөөнү өзүм, бирөөнү туугандарыбыз окутуп жатат. 2017-жылы октябрь айында тогузунчу баламды төрөгөм, бирок бир айлыгында ал уулум чарчап калды.

«ЖОЛДОШУМДУН ООРУСУНАН УЛАМ ҮЙДҮН ИЧИ САСЫП КЕТЕТ»
– Жолдошум мурда ашказаны ооруп баш-аягы ага 9 жолу операция жасалган. Мунусунда болсо өпкөсү ооруп 3 жылдан бери төшөккө жатып калды. 2002-жылы өпкөсүнө суук тийгизип алып, кургак учукка өтүп кетип ооруканада жатып дарыланган. Бирок жыл сайын ооруй берди, аягында кан, ириң кусуп баштады. Плеврит деген оору жармашыптыр. Азыр ар 15 күн сайын Чолпон-Атадагы ооруканага алып барып өпкөсүнө толгон ириңди сордуруп жатабыз. 1-1,5 литр, аз дегенде 600 грамм ириң чыгат. Ага 1000 сомдон кетет. Бир айдан бери каражат жоктугунан улам Чолпон-Атага да бара албай жатабыз. Жолдошум жөтөлүп оозунан ириң чыккан сайын үйдүн ичи сасып, жанына киши тура алгыс болуп калат. 2016-жылы Бишкектеги ооруканага алып барып көрсөткөнүбүздө, врачтар «Бир өпкөсүн алыш керек. Бирок жолдошуңуз алсыз болгондуктан, аны көтөрө албай калышы мүмкүн» дешкен. Каражат болгондо, балким, операция жасатканга аракет кылат белек...

«ЭКИ КҮНДӨП АЧКА КАЛГАН УЧУРЛАР БОЛДУ»
– Кышында үйүбүз суук болду, 2 күндөп эч нерсе жебей калган учурлар болуп жатты. Андайда кошуналар жардам берип жатышты.
Балдарым сентябрь, октябрь айларында кийими, бут кийими, окуу куралдары жоктугунан улам мектепке барбай калышты. Кийин 1-2 дептер алып берип эптеп барып тургула деп жиберип жаттым. Азыр эски кийимдери менен сабакка барып жатышат. Бирок өтө суукта буттарына суук өтөт деп жибербейм.
Балдарымды классташтары «силер кедейсиңер» деп шылдыңдашат экен. Балдарым «бут кийимимден уялам» деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп ыйлап алам, эч кимисине көрсөтпөй.
Балдарым иштейин десе айылда жумуш жок. Бир балам спортко кызыгат, күрөш менен машыккысы келет. 7 жаштагы кызым атасын жакшы көрөт. Жанынан чыкпай колун кармап отура берет. Ал «чоңойгондо доктур болом» деп калат.
20 жаштагы экинчи баламдын тили кеч чыккандыктан 1-классты гана аяктады. Сабатсыздыгынан пайдаланып милиция кызматкерлери өткөн жылдын жай айларында уулумду мал уурулукка айыптап, жалган жалаа жабышты. Менин өкүл атам менен чогуу мал уурдады деп кармалды. Өкүл атам жоголду делген малдарды төлөп берди, биз да 1 уйду төлөп берип, 3 айдан кийин гана алар бошонуп чыгышты.

«АБАЛЫБЫЗДЫ УККАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ»
– Жакыр үй-бүлө катары 4800 сом жөлөк пул алам. Ал акча дары-дармектен артпайт. Балдарым баланча сатып бер, түкүнчө жейм деп деле айтышпайт. Жок экенин түшүнүшөт.
Өзүбүз буга чейин бирөөнүн сарайында мал багып жашап жатканбыз. Ал киши малынын баарын сатып жиберген, биз жашап жаткан үйүнөн чыкпай туралы деп суранганбыз. Макул болгон, бекер жашап жатабыз. Өзүбүздүн болсо үйүбүз жок.
Аябай кыйналып тамак-ашка да жетпей калганыбызда айыл өкмөттөн отун сурагам. Бирок беребиз деп жүрүп бербей коюшту. Абалыбызды уккан Балыкчы, Караколдун тургундары жардам катары бир тонна көмүр, азык-түлүк, кийим алып келип беришкен. Айыл өкмөт башчысы Эркебек Арунов «Көмүрдү биз алып бердик, 8 миң сом, 2 баштык кийим бердик» деп жергиликтүү телеканалга маек бериптир. 8 миң сомду Эркебекке чейин иштеген айыл өкмөт башчысы берген. Кийим-кечек беришкен эмес. Гуманитардык жардам келди деп чакырышкан, бирок ал кийимдер менин балдарыма туура келбегендиктен алган эмесмин.
Декабрь айында Ысык-Көл райондук администрациясынын кызматкерлери келип абалыбыз менен таанышып кеткен. Алар айыл өкмөт башчысына «Буларга жакын арада отун түшүрүп бергиле. Жолдошун ооруканага көрсөткүлө» деп айтышкан. Бирок отун берише элек. Ал эми облустук оорукананын врачтары жолдошумду «Бишкекке алып барып көрсөткүлө. Биз кабыл албайбыз» деп коюшканынан Ананьеводогу ооруканага көрүнүп келген. Ошондо айыл өкмөт тараптан бизге 1500 сом акча жардам берилген.

«КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨБҮЗ»
Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Эркебек Аруновго байланышканыбызда, ал Зарина Асанованы өзү аракет кылбайт деп күнөөлөдү.
– Айыл өкмөттүн карамагында отун жок. Кожоюндары менен сүйлөшүп, талаадагы чириген, карыган бактарды кыркып, бул үй-бүлөгө отун кылып берели дегенбиз. «Отунду кайсы жактан аларыңарды көрсөтүп берели. Келип алып кеткиле» десек өздөрү алып кетпей жатышат. Чоңоюп калган ишке жарамдуу балдары бар. Анан эле элге айыл өкмөтүн жамандай берет экен. Биз жасабаган ишибизди кантип жасадык деп айтмак элек? Гуманитардык жардам катары келген кийимдерден бергенбиз. Аны «алган эмесмин» деп жатат. Айыл өкмөттүн атынан күзүндө 1350 сом бергенбиз. Колдон келишинче жардам берип жатабыз. 8 миң сомду мага чейин иштегендер беришиптир. Ошону гана айткам.
Райондук администрациядан комиссия келгенден кийин Жекшенди (ред.: Заринанын күйөөсү)Караколдогу ооруканага алып барып жаткыралы десек дарыгерлер кабыл албай турганын айтышкан. Социалдык коргоо үчүн бөлүнгөн акчадан калган 2 миң сомду жардам катары бермекпиз. Бирок мен Караколго алып барам деп унаага бензин куйдуруп койгом. Калган 1500 сомду Заринанын колуна карматкам. Операция жасатканга жардам бере албайбыз. Өзүбүз дотациядабыз. Айыл өкмөт баарына кам көрүүгө алы жетпейт. Колубуздан келсе чоң эле жардам бермекпиз.

«Жолдошум 3 жылдан бери төшөктө. Каражат таап операция жасатсак айыгып кетчүдөй».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(51)
20.02.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Уяттулар бар элего бизде окуп жардам беришээр.
20.02.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айыл өкмөт болумуш, атың өчсүн сенин!
21.02.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Akzholtoi,оюнарда айыл окмотто акча жашататта аа? Аларды деле коюшпайт, текшертирип деп алып келип, сууруп, тартыр алып кетишет. Жок легенде чай ичип кетишет! Балык башынан сасыйт. Мен жардам Бернис келет, бирок пока шартым андай эмес!
23.02.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Miya,ошондой дегендер эч качан жардам береалбайт!Буйруса жардам берем деген созун озу жардам болот! Милиенерлер да Миллионер болуп жаралган эмеско!
20.02.2018. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушунча да кыйналышабы,байкуштар.21-кылым го акыры.Булавр дагы жакшы шартта жашаганга укуктуу.Мамлекет башчы,ущул жакырчылыкта жашагандарды атайын тизмеге алып уй салып бербейби...Кыйналышты го .
20.02.2018. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кийимдери туура келбей албай койгом дейт. Кантип эле бир да баласына туура келбей калды экен?
23.02.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al-abu-kinesz,бизде кудайга шугур эле баары бар бирок кудайдын буйругу экен акемин кызы зайчи губа болуп торолду. Кудайга шугур операция жасаттык буйруса 1жаштан ашты,группадагыларга атайын гумпомош келет экенго окмотко.Атама чалып келип гумпомош алып кетин кызынызга дегенинен барса бир однаразовый пакетке бир батинка менен аппак шапка салып коюптур,шапкасы дагы кир саргайган батинкасы болсо кичинекей еще боосу жок. Чын эле айыл окмоту жакшылап иштеш керек,айылда окмотту неге шайлашат
20.02.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
21кылымда ушундай абалда жашап жаткан калкынан уялышпайбы?! депутаттар ошо машинесин сатса ар бир машинанын акчасына жок дегенде 2комната уй салып бергенге жетет
20.02.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Айыл өкмөтү отунду көрсөтүп берсе балдары мн барып алып келип алса болмок ,сегиз баласынын бирине да туура келбей калышы мүмкүн эмес.Төрөлгөн бала ырыскысы мн төрөлөт деп эле төрөй бербей бир аз сактанып төрөбөптүрсүз да балдарды да кыйнап өзүңөр да кыйналбай.Ооба ырыскысы мн төрөлөт бирок бала бактылуу балалык эмне экенин билбей чоңоет ата энеге мээрими аз болуп чоңоюп калышы мүмкүн.Талап кетпегиле өз оюму айттым.
20.02.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Nevestkaa,кээ бирки иесандарыбыз ошол свктануу жонундо да маалыматы бир аз тайкыраак болот ошон учун айылдын соц.кызматкерлери иштеп тактап фап ка алып барып бекер келген гумантирка жолу мн спиральдар болот ошондон салдыртып бир курс лечениесине дары дармек бердитип коюш кк. Азыр деле кеч эмес сактануу жонундо мед айымдар консультация отуп сактандырып коюш кк. Антпесе сен айткандай кудайым берди деп торой бериши да мумкун. Бул да менин оз оюм. Талап кетпегиле.
20.02.2018. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sely,сизге кошулам.
20.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
күйөөсү 3жылдан бери төшөктө жатса кичинеси 2жашта 9чу наристесин төрөгөн болсо күйөөсү деле ойлонуп туруп иш кылбайбы?
20.02.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
azia9393,менин да таң калганым төшөктө жатып торотуп атканы күйөөсүнүн. (Тооба кылдым)
21.02.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
azia9393, менда да танкалганымдым. Күйөөсү кургак учук менен ооруса кантип балалуу болсун. Ой деген жокко. Мам.ке ишенбей өзүңө ишениш керек. Азыр көпчүлүгү Үй жайы жок. Баарыбыз эле эле квартиралап күн көрүүдөбүз гоо. Өздөрүнда деле аракет кылып даяр отунду терип кетпейби.
Жардам келип атат шүгүр кылуу керек налыбай дагы да болсо эл бар.
20.02.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ошон учун торой бербей сактанышпайбы деп эле тан калам.Тообо кылдым.Айыл окмоту дотацияда болсо тушунуш керек да.Балдарды оздору торогондон кийин эмнеге догурунат?Кудай сактасын!
20.02.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Nevestkaa мен да сиздин айткандарынызга кошулам.Ушундай жашоо шартта жашап аткандан кийин сактанып же пландаштырып торобоптур дааа,чынында эле балдарга убал бактылуу балалык эмне экенин билбей чоноюшат,балдарга боорум ооруп кетти.Торойт десе эле бытыратып торой бербей алды артыны,онду солду карап анан иш кылып торош керек да
20.02.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
1,500сом бердик 8000бердик деп мактанат чондор ошол 8000эконор отуруп обед кылып коюшатго. Бирок эже окуп калсаныз. Балдарга убал торой бербениз бага албаган сон. Билем бала оз ырыскысы менен торолот. Эриниз ошол иш сизди тороткону жараса иш кылганы жпрабаганы кызык экен. Балдарыныз чоноюп калыптыр аракет кылсын. Эми сактанып озунузго кана ишенип балдарынызга айтып деп адал иштеп тапканга уйротунуз. Менин айылдаш 15-16жпштагы инилерим мектепке чейин эле кан кулда иштеп кийимдерин жасап алышат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: