Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ТҮШТҮК КОРЕЯГА БАРЫП ИШТЕП КЕЛҮҮ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

№798 16-22-февраль 2018-жыл


Жумушка жарамдуу жаштардын басымдуу бөлүгү өлкөдө эмгектин баасы арзан экенин айтып келет. Мындай абалдан улам чет мамлекеттерге иш издеп кеткен жарандардын саны миллиондон ашат. Өткөн сандарда Түштүк Кореядагы мекендештер тууралуу даярдалган макаладан улам окурмандардан көптөгөн суроолор келип түштү. Буга байланыштуу аталган өлкөгө барып иштеп келүүнү каалагандар үчүн тиешелүү мекемелерден эң негизги суроолорго жооп алдык.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбору иш алып барат. Аталган борбордун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, Кореяга кетүүнү каалагандар үчүн жылына бир жолу Мамлекеттик миграция кызматында экзамендер өткөрүлөт. Анын өтө турган датасы белгиленгенден кийин кызматтын расмий сайтына жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
«Кореяга биздин жарандарды жумушка орноштуруу эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлөт. Ал 2007-жылдан бери ишке ашырылып келет»,- деди ал.

КОРЕЯДА ИШТӨӨ ҮЧҮН БАРА ТУРГАН ЖАРАНДАРДАН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ:

1.
Жаш курагы 18 жаштан 39 жашка чейинки жарандар;
2. Корей тилин билгендиги боюнча тестти ийгиликтүү тапшыруу;
3. Медициналык кароодон өтүү;
4. Жаран Корея Республикасынан депортацияланбаган жана соттолбогон болуусу шарт.

ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДЫН КОРЕЯГА ЖУМУШКА ОРНОШУУ ТАРТИБИ:

1. Корей тили боюнча тест тапшыруу;
2. Кошумча билимдери жана жөндөмдүүлүгү боюнча экзамен тапшыруу;
3. Медициналык кароодон өтүү;
4. Документтерин Маалыматтык-консультациялык борборго каттоо үчүн алып келүү;
5. Жалпы жарандык паспорт жана анын түстүү көчүрмөсү;
6. Медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалым кат;
7. Тест тапшыргандыгы боюнча баллдар коюлган сертификат;
8. 3,5x4,5 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
9. Эмгек келишимин күтүү;
10. Эмгек келишимин алгандан кийин башка өлкөгө жөнөтүү алдындагы окутуу жана даярдоо жүргүзүлөт. Андан кийин ишканаларга бөлүнүп өлкөлөргө жөнөтүлөт.
Бул документтердин баары Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндөгү №237-дарегинде жайгашкан Маалыматтык-консультациялык борбордо кабыл алынат. Кызмат тууралуу толук маалыматтар http://oec.kg/ сайтында көрсөтүлгөн.
Байланыш номер: (0312) 64-17-14

Эгерде талаптарда өзгөрүүлөр болсо жогорудагы сайтка жарыяланат. Бул жылдагы экзамендин убактысын Корея Республикасы азырынча беките элек.
"Бул документтерди тапшырган жаран сөзсүз түрдө эле чет элге кетет экенмин деп ойлобош керек. Бул жаранга мүмкүнчүлүк түзүп берүү гана кызматы, ошол өлкөгө кызматка орноштурууга кепилдик жок. Андыктан документтерин базага каттаткан жаранга "мынча убакыт күт" деп айта албайбыз. Анткени Кореяга кетүүнү каалаган жарандар базага катталгандан кийин алардын анкетасын Корея тарап өзү карап чыгат. Анкетада жарандын сүрөтү коюлуп, физикалык мүмкүнчүлүктөрү, жөндөмдүүлүгү белгиленет. Ылайыктуу талапкерлерди өздөрү тандап чакырат. Кайсы бир ишке орноштурууда биз же Кыргыздын Корея Республикасындагы элчилиги таасир эте албайт»,- дейт Алыбаев.

ОКУРМАНДАРДАН ЭҢ КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР


1. Экзамен баасы канча турат?
– Экзамен тапшыруу үчүн жарандар 24 доллар төлөйт.




2. Мектепти эле аяктагандыгым тууралуу күбөлүгүм бар. Жогорку же башка билим алгандыгым тууралуу дипломдор керекпи? Ал Кореяда жарактуубу, иш табууга жардам береби? Ъ
– Кореяга Кыргыз жарандары негизинен өндүрүш тармагында иштөө үчүн кетишет. Корея Республикасынын квалификациялуу күчтөргө муктаждыгы жок. Мисалы, сиз экономист, бухгалтер же юрист, айтор, ушундай дипломдор менен тиешелүү жумуштарды таба албайсыз. Ал жакка өндүрүш: завод, фабрикага, чарбага жумушчу күчтөр керек. Жарандын бул багытта диплому же сертификаттары бар болсо, анда жумуш берүүчүлөр тарабынан же жумуш табууда артыкчылыктар болушу мүмкүн. Бирок экзамен алууда биз жарандардын диплому болушу керек деген талапты койбойбуз.


3. Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрү Кореяда жарактуубу? Же ал жакта башынан окуу керекпи?
– Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүктөрү менен Кореяда айдоочу болуп иштей аласыз. Өкмөттүн токтому менен 2 жактын тең айдоочулук күбөлүктөрү бири-бирине жарайт. Эгер ал жакта айдоочу болууну көздөгөндөр болсо, Кореядан кайрадан окуудан өткөрүлөт. Бирок биз жарандарга айдоочу болуп иштебөөгө кеңеш беребиз. Анткени Кореяда жол эрежелери абдан тыкыр сакталат, эрежелерди бузгандарга айып пулдун суммасы аябай чоң. Аны төлөөгө, балким, жарандын айлыгы да жетпей калышы мүмкүн.



4. Медициналык кароодон өтпөй калууда башкы себептер кайсылар?
– Медициналык кароонун жыйынтыгында жаранда сифилис, гепатит, кургак учук, СПИД илдеттери аныкталса, алар Кореяга иштөө үчүн кабыл алынбайт. Корей тараптан мындай илдеттерди алып жүргөндөрдүн баруусуна бөгөт коюлган.



5. Айлыктын минималдык көлөмү канча?
– Жарандар атайын келишимдин негизинде кетет. Бул учурда алардын минималдык айлыгы 1000-1500 долларды түзөт.



6. Кореяда ишке орношууга уруксат алууда баш-аягы канча акча, убакыт кетет?
– Негизги талаптардын бири – корей тилин билгендиги боюнча тест тапшырылат. Андан кийин дагы бир тест бар – ал «скилл тест», башкача айтканда, жарандын жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Андан кийин ал өтсө, аты-жөнү базага киргизилет. Эгер биздин кызматтын бардык пункттарынан өтүп, келишим түзүлсө, анда виза менен эле авиабилетке акча даярдап коюш керек. Авиабилеттер ар кандай баада болуп калат, ал эми виза ачуу 60 доллардын тегерегинде жүргүзүлөт. Убакыт боюнча айта турган болсок, экзамен жылына бир жолу жүргүзүлгөндүктөн жаран кетүүнү пландагандан кийин дароо эле кете калбайт. Экзамен тапшырып, келишимди түзүү көп убакытты талап кылбайт. Ал жакта жумуштун чыкканына жараша жөнөтүлө берет.


7. Виза алынган соң үй-бүлөнү да алып кетүү үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?
– Кыргыз-Корей өлкөлөрүнүн ортосунда жарандарды жумушка орноштуруу боюнча түзүлгөн меморандумда үй-бүлөнү алып кетүү деген маселе каралган эмес. Ошон үчүн виза алынгандан кийин деле үй-бүлөсүн алып кетүүгө шарттар жок. Анткени аларга жумушчу күч эле керек.



8. Жарандарды Кореяга жумушка жөнөтүп, орноштурабыз деген жеке адамдарга, агенттиктерге ишенүүгө болобу?
– Жеке агенттиктер же адамдар Кореяга жөнөтүп, жумуш таап берем десе жарандар мыйзамдуу түрдө кетет экенмин деп түшүнбөшү керек. Анткени Кореяга жумушка орноштуруу үчүн жарандарды мыйзамдуу түрдө Мамлекеттик миграция кызматы гана кетире алат. Элди ошондой агенттиктерге, жеке адамдарга ишенбөөгө чакырабыз.

Кореяга окуу, дарылануу же бизнес максатында бара тургандар үчүн маалыматтар гезиттин кийинки сандарында берилет.


Кызжибек Раимова
koom@super.kg



Кореяга кантип мыйзамдуу жол менен кетсе болот?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
23.01.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчи Кылычбек Султанов менен кантип байланышсам болот Супер Инфо ?
SUPER.KG видео
24.01.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айта беришет. Виза алам деп далай акча коротуп кете албай жүргөндөр толтура. Андан көрө эптеп кирип алып чыкпай иштегендер утту. Далай акчага иштеп бутка туруп үй бүлөсүн багып жатышат.
SUPER.KG видео
26.01.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы ~лчи Кылычбек Султанов менен байланышуучу адрестерди берип коюнуздарчы абдан отуном
20.02.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылычбек ага менен кантип байланышсак болот. Сураныч жооп берип койосуздарбы админ
20.02.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат аркылуу жооп берилди.
20.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корейада емне бар
20.02.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы?Кылычбек Султан менен кантип байланышса болот.алдын ала рахмат
20.02.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tynybek1989,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат аркылуу жооп берилди.
20.02.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында виза аркылуу кореяга барууга же жумушка барууга женилдиктер Ак уйдон талкуу болуп каралат дегенди бир теледен кулагым угуп калделе бул жонундо кабаре билсенер жазып койунуздар супер инфо рахмат
Анан барам дегендерге ктиш кыйын чон акча кетет экен
20.02.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMURBEK.,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат.
20.02.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миграция кызматы менен кантип байланышсак болот
20.02.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beks0207,
Саламатсызбы! Байланыш номер: (0312) 64-17-14
20.02.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы АКШ жонундо да маалымат берип коюнуздарчы. Кантип жумушка туруу керек ж.б
20.02.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUBAT.466885,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
25.02.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,админ,саламатсынар. Корея,Турция олколоруно бекер дарыланууга квота кантип алышат,жолун билип гезит бетине чыгарвп кое аласыздарбы???бир байкеге зарыл керек болуп жатыптыр,ракмат
20.02.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кийинки сандарында Кореяда ушундай жол менен иштеп жургон же иштеп келген адамдардан интервью алып корбойсуздорбу мумкун болсо
20.02.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корей тилин үйрөнүп жатабыз. Тест марттын аягынан баштап боло баштайт экен буйруса. Өтүп калсак экен. Бирок тилин үйрөнүү кыйын болуп жатат (
20.02.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы Кыргызстан жарандары жаштары.Мен дагы Корея барып бутка туруп алсам деген ойлорум күндүр-түндүр кыялданып келем..мен 2017 жылы тест болуп өтпөй калгам.буйурса быйыл өтүп кетсем экен деп азыркы учурда Бишкек шаарында атайын курстарда окуп жатам.Жаштарга айтаарым бир гана жолу бар тест берип кетиш керек. Буйурса тест марттын ортолорунда башталып калышы мүмкүн. Бирок болот..Ошон үчүн убакыт кетирбей окуш керек. Ким билет мүмкүн сиз өтүп кетесиз. Шашылгыла бир туугандар. Ийгилик
21.02.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2017 жылы тест тапшырып өткөнмүн бирок азыр контрак келишин күтүп жүрөм
Өтсөм эле болду дечү элем бирок күтүш кыйын болуп жатат
21.02.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул тесттен өтсөм эле болду дечү элем өттүм бирок чакыруу келбей жатат
21.02.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы кул керек Эшектей иштейсинер Ошого чыдасанар баргыла Анан ден соолугу чындар барган жакшы Ал жакта ооруп калсанар абдан коп акчага тушосунор
21.02.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран элим ай. Жакындарынан алыстап, ата - бабабыз барбаган жерге кара жумушчулукка баралбай убарабыз. Мен уккам алдын ала визага, билетке 1000доллар толоп, тесттен отпой акчасына куйуп кеткендер коп экен.
22.02.2018. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор жумуш аябай оор кара жумушка чыдасанар келип иштеп кетсенер болот бирок тамак аш кымбат.Мага бир жыл болот жакында келгениме омуру кылбаган жумуштарда иштедим.Аял кишилерге айлык акыны аз беришет экен эркек кишиге караганда
24.02.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызым барбай эле койгулачы Кореяга. Мен бардым былтыр, иш оор айлык аз. Динини таштап алардын динине отсон, ар воскресенье церковдо чогулушуп, анан сага жардам бере башташат экен. Мени чакырган кыргыз дагы Корейге турмушка чыгып, анын динине отуп кеткен экен. Муслим дешип жаман корушот экен башка динге отуп кеткендер. Алардын динне отпосон аз айлыкка 12сааттык оор жумушта иштоого туура келет. Кореядагы бутуна тургандар айтышпайтта диними саттым деп. Алдап азгырышат. Корея болбойт, алданбагыла
26.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulya583,Барбай эле койгулачы деп айтканыбыз менен "кекиртек,кекиртек,кыйла жерге секиртет"болуп башка айла жок да. Барбаса, бала-чакасы ач,жланач калат.Быйыл балам инфакка тапшырам дейт, кантип контаракт толойм деп башым катып отурам. Мен окуп жургондо СССР "акем" окуп-чокусун деп акысыз окуткан эле. Анда медицина менен билим тармагы,дегеле мамлекеттен каржыланган мекемелер баары акысыз болчу. Азыр мамлекеттен да элден да алган "дракон-соргучтар" болушту.
24.02.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эле болойлу
27.02.2018. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмда кореядагы кыргыздар деген баракча барткирип бут маалмаалыматарды ала алсыздар туугандар фезбукта коп Корняда жургон туугандар сурап биленер болот баарын айтышат эгер ошол мен 3жылдан бери ушул жактамын жумуш бир ааз оор бирок айлыгы жакшы чыдап иштеп журом туугандар келгиле кобойшуп баарыбызбир аазда болсо бир уй булонун жарыгы жакшы жансын окулга
27.02.2018. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте мигратсия барсанар баарын кенен тушундуруп беришет Нагима эже деген бар ошол карайт жакшы эже аябай
27.02.2018. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмда мигратсия кж деп кошулуп алсаныздар маалыматтарды окуп турасыздар
27.02.2018. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фезбукта Нагима Ашим деген эженин страничкасында бут баары жазылып турат друзиясына кирип бут Кореядагылар ошолор мн байланышкыла кандай сурроо болсо баарына эле жооп ала аласыздар бул жакта иштгендер 90%
01.06.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам алейкум Кылычбек Султанов менен кантип байланышсам болот ?
04.06.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Stalbek, саламатсызбы! Купуя кат аркылуу жаздык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: