Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Алиша Диа, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 11 КҮН ЧОГУУ ЖАШАП, АЖЫРАШЫП КЕТТИК»

№799 23-февраль -1-март, 2018-ж.


Актриса, ырчы Алиша Диа былтыр күзүндө Бакыт аттуу мырзага турмушка чыккан эле. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк турмушу бир нече күнгө гана созулганын айтат актриса.

– Алиман, сени ырчылыкка караганда актрисалык кесипте көбүрөөк байкап жүрөбүз, чыгармачылыктын башка тармагында да өзүңдү сынап көрбөйсүңбү?
– Туура айтасыз, ырчылыкка караганда акыркы жылдары актрисалыкка көбүрөөк ооп жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, мен карьерамды ырчылыктан баштагам, жан дүйнөм ырга жакын. Чыгармачылыкта жүргөндө анын түрдүү нугуна азгырылып, тасмага сунуштар түшүп, анын артынан дагы кинолорго тартылып ырчылык өнөрүм экинчи планга жылып кеткендей болду. Ыр – менин жан дүйнөмдү азыктандырган баалуулуктардын бири. Мен жумуш кылсам, көчөдө сейилдеп жүрсөм да такай музыка угам. Эми чыгармачылыгымда көбүрөөк орунду ырчылыкка берейин деп жатам. Анткени кинодо эркиндик чектелүү, бирөөнүн жазган сценарийи менен роль аткарасың, жан дүйнөңдө болуп жаткан бурганакты чыгара албайсың. Ал эми ырда каалагандай текст жазып, жашооңду, ошол учурдагы түрдүү абалыңды чагылдырсаң болот.

– Акыркы жылдары коммерциялык негиздеги тасмаларда тартылып жүрөсүң, келечекте олуттуу тасмаларда да роль жараткың келеби?
– Албетте, эл аралык сынактарга катышып, глобалдык маселени көтөргөн салмактуу роль аткаргым келет. Азырынча андай кинолорго сунуш түшө элек. Чынында буга чейин көп коммерциялык багытты көздөгөн тасмаларда тартылдым. Азыр деле киного тартылууга чакырышууда. Бирок, ачык айтканда, жеңил-желпи кинолорго тартыла бергенден чарчадым. Анан да азыр «эу», «даң-даң-даң» деген аң-сезимди бузган кинолор козу карындай жайнап кетпедиби. Ушундай бир күндүк тасмалар менен биздин келечек муун өсүп келе жатат. Анан, албетте, эстетикалык ырахат тартуулаган кинолордо роль аткарууну эңсеп каласың. Бир дублду 30-40 жолу чарчабай аткарып, берилген ролдун майын чыгарып аткаргың келет, бирок сапаттуу кинолор аз болуп жатпайбы. Ошентсе да «Шаардык келин Шарапат» тасмасындагы ролум тууралуу элден жакшы пикирлерди угуп жатам.

– Негизги каражат тапчу булагың кайсы?
– Интернет баракчамда шампундарды, кийимдерди саткан дүкөндөрдү жарнамалап жүрөм. Айрымдар бартердик негизде, кээ бирлери накталай төлөм сунушташат. Мен өнөктөштүккө абдан жакшымын. Жарнама – каражат тапчу булактарымдын бири. Мындан сырткары киного тартылам, өзүм «Алиша Диа» деген кийимдер коллекциясын чыгарам. Бул коллекция Кыргыз өлкөсүндө эмес, чет өлкөлөрдө сатылат. Биз дүңүнөн сатчу рынокко эми чыктык, акырындан ишибиз алдыга жылып келе жатат.

– Чачыңды дайым сары түстө көрөбүз, башка түскө деле боёп көрдүң беле?
– Чачымды кезинде кара түскө, күрөң түскө да боёп жүргөм. Бирок жарашкан жок. Тааныштарым да «кара түс сени улуу көрсөтүп коёт экен» деп айтышты. Көнүп калган эле сары чачым менен жүрөм азыр.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сен турмушка чыккандан көп өтпөй эле «жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген кептер тараган. Мындай сөздөрдүн чындыгы барбы?
– Бул тууралуу айтардан мурун калп-чынын, уккан-билгенин аралаштырып жеке жашоом тууралуу имиштерди жазып жаткандарга таң калдым. Адамдын жеке жашоосун талкуулоодо ал нерсе чынбы, калппы, маанилүү деле болбой калган окшойт. Мен буга чейин жеке жашоом тууралуу эч кимге комментарий берген эмесмин. «Жолдошу артынан чуркап жарашканга аракет кылып жүрүптүр» деген сөздөр калп. Биз бир жолу ажыраштык, болду, ошону менен эч кимибиз артка кайрылган жокпуз.

– 8 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле, ажырашуу деле оңой болбосо керек?
– Жашоодо ачуу менен таттуу чогуу жүрөт тура. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз 11 күн гана чогуу жашап, ажырашып кеттик. Жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Баарыбыз эле үйлөнүп же турмушка чыгып жатканда ажырашып кетем деп максат койбойбуз да, түбөлүккө деп ойлойбуз. Бирок турмушта ар кандай күтүүсүздүктөр болот экен. Айрыкча биздин менталитетте тегерегиңдеги адамдар түгөйлөрдүн жашоосуна кийлигишип, ажырашуу түгөйлөрдөн көз каранды болбой калат экен. Жолдошум тууралуу жаман сөз айткым келбейт, ак көңүл, жакшы адам. Бири-бирибизге араздашуу, таарыныч сезими жок. Биз бардык таарынычтарды артка таштап эки айрым жолго түштүк. Азыр мамилебиз жакшы, дос катары сүйлөшүп турабыз.

– Ажырашкандан кийин көпчүлүк айымдар өзүн таштап коюшат, сен мындай кырдаалдан кантип өттүң?
– Албетте, жашоодогу мындай соккудан кийин ар бир эле айым депрессияга түшсө керек. Бирок мен табиятымдан түз, чечкиндүү жүргөндү жакшы көрөм. Мүнөзүңөр дал келишпей, жашооңор болбой калдыбы, болду, андан ары жашооңду улап кет. Алсыздыгымды көрсөтүп, жаш төккөндү жаман көрөм. Айымдар ажырашууну жашоосунун акыркы күнүндөй элестетишет. Жок! Жер жүзүндө 7 миллиард адам бар, биринчисинде болбой калса, экинчиси болот. Депрессия деле оор же жеңил өткөрүү даражасына бөлүнөт. Мисалы, айрым түгөйлөр 15 жыл жашап ажырашса алардын депрессиясы оор болсо керек. Ал эми мен 11 күн жашадым, өзүм деле 11 күндө эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым окшойт. Кээде «мен турмушка негизи чыктым беле?» деп ойлонуп кетем. Бир жарым жума бул өзүңдү толук кандуу жубай сезүүгө аябай аз убакыт. Менде азыр такыр турмушка чыкпагандай, бойдок жүргөндөй эле сезим боло берет. Аялдын жашоосундагы негизги жетишкендик – турмушка чыгып, бала төрөө дегенге кошулбайм. Аял да инсан катары өсүп-өнүгүшү керек. Мени курбуларым, жакшы музыка, кызыктуу китептер, өзүмдүн жумушум депрессияга түшүргөн жок.

– Өзүңдүн мисалыңда жаш түгөйлөргө кандай кеңеш бересиң?
– Үйлөнөбүз деп жаткан түгөйлөргө айтарым, кыз-жигиттик мамилени 2-3 жылдан ашырбаш керек экен. Биз мурунку жолдошум экөөбүз 8 жыл сүйлөштүк. Бул аралыкта баштагыдай буркан-шаркан сезимдер жок калды. Сезимдер соолуп, мамиле башка деңгээлге өтүп жаткан учур болот экен. Ошондуктан олуттуу мамиле куруп жаткан түгөйлөр көп создуктурбай үйлөнүшкөнү туура экен.

– Маегиңе чоң рахмат! Бактылуу бол!

Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(57)
27.02.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
11кун жашап кантип эле ажырашат адамдар?жашоо оюнчук экен буларга, ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 09:47:21
27.02.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аз эле жашап ажырашып кеткендерге кыз чыкпай калса керек деген ой кетет экен. Болбосо,эн ыссык,бири-бирине конуп,жанындан чыгаргын келбейт го 11кундун ичинде.Билбейм ай.Бактылуу болсун мындан ары!
-Sumitra- түзөттү 2018-02-27 09:50:33
27.02.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ырчыларга түшүнбөйм табиятымдан чечкиндүүмүн, тырышчаакмын, мен негизи күчтүү аялмын деп өздөрүн Маргарет Тэтчер элестетишет. Мен билгенден Аида Саляновага окшогон айымдарды айтса болот.
27.02.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Гулнурдуку рекорд)))жетпептир ааа:)
27.02.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mumu00,Гулнур канча жашады эле
27.02.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чечкиндуу кыз экен.Ушу аял заты эркекти озгорот онолот деп кутобуз а эркек кайда кетмек эле дегени жаман.Ооба эркек уйлоноору мн озгорот,чыдаган аял чыдайт.бактылуу болунуз.
27.02.2018. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аялдык туболуктуу бакыт бул-балалуу болуу! Турмуш канча калчасада баланды бооруна кысканда баары унутулат. Карьера, актриса, ырчы бул убактылуу гана. Жашоо озу кино, ошодо актриса болуп ойноп уй булонду сактап калсан болмок. 8 жыл суйлошкон болсон жакшы билесинер бири биринди. Азыр куйоо гул алып келбей койсо да ажырашууга арыз жазмай модага айланды.
27.02.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Тороп бала жытын жыттап озгочо бир сезимге сунгуп киргенде гана аялдын бактысы балалуу болуу экенин тушуносуз.а азыркы убакта сих учун бул сиздин ийгиликтериниз,жумушунуз. уйдо отуруп тамак жасап, жолдошун кутуу аял хаты учун экенин да тушуносуз.ошого Кудайым жеткирсин.Бар бололу
27.02.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Билбейм билбейм ошончо ашынып чачынып анан 11кун жашап качбай биринчи чечишип албайтбеленер чечишчу нерсенерди. Эптеп эле эрге тийип жузуну ачып алгандай болуп калыптыр. Неси болсода эрин бир катын алган сен бир эрден чыкан деген статус ашырдынар. И аял кишинин эн чон жетишкендиги балалуу болгону. Балалуу болгондо айтасын. Бала кандай асыл таттуу экенин сезесин. Жаштыгын омур бою болбойт сени менен сулуулугун дагы. Бардык нерсенин оз убагында болгону жакшы. Мындан ыра сабырдуу бол турмушка чыкса
27.02.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХХХХХХХХХХ 11 кун ото аз да,келиндик кызматын деле кылбай шарт качыптыр го.8 жыл суйлошуп 11 кун жашап кеткени тан калыштуу!
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 10:21:30
27.02.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХ ajyrawyptyrda
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-27 11:11:10
27.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsenim, Stervamyn, Dembele84,
Далилсиз маалыматтарды жазып, кимди-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү.
27.02.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
11кундоле кандай козунор жетпей калат деймда жашашка 8жыл суйлошсон анын характерин билесин бугун коруп эле тийген жерин жокко.Турмушка кичине олутуурак карасанар жаш бала эмесинер .
27.02.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайын журту салтты катуу кармаган адамдар окшойт да. Кийлигишити дешенине караганда. эмнеси болсо да бактылуу болушсун.
27.02.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бул ким озу кайсы кинолордо кайсы ырды ырдаган? 11 кун жашадым деп мактанатго чиркин
27.02.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канча кун жашайт ал озунун жеке жашоосу. Баарыбыз периште эмеспиз, бул жерде отуруп алып акылдуу болуп, сын айтпай эле койсок болбойбу? Ар ким бакытты,эркиндикти,жашоону озу каалагандай элестетет!
27.02.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу бол алтын кыз. Аялдын чырагы кырк дейт,келечекте кыйынчылыктарга карабай колуңду коё бербей бер кармаган мырза жолугат деп ишенем.
27.02.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Айланайын адамдар тангалбагыла 11 кун жашаганына керек болсо кээ бир кыздар бир кун жашап атат но никеси жок ага караганда нике кыйып 11 кун жашады го
27.02.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Аялдын жашоосундагы негизги жетишкендик – турмушка чыгып, бала төрөө дегенге кошулбайм.《--а мен сиздин созунузго кошулбайм.турмушка чыгып, жолдошундун суйуктуу жары мыкты кожоюн болуп, наристелуу болуп аны кучагына кысып ар бир кылыгына суйунуп жетине албай отурган бакытка эмне жетсин.
27.02.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Ооой чооо Шарапаат шарапаат достали своими шарапатами"десе керектирда жашоосунда да.жакшы актриса не болсо да.
27.02.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гаишникидеги ролунан бери жакта туруп мен уялам
27.02.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Балага эле жалко. Канча акча коротуп шумдук свадьба жасады элего.
28.02.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aman0296, Акча го табылат, эркек болсо бир амалын таап ажырашпай жашап калмак да. Кыз балага жаман узулгон жип уланбайт демекчи, бир эрден чыкты атка конот
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-28 13:01:21
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: