Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙЛҮ ДЕГЕНИМЕ ОРУСЧА КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫП АКЫЛ ҮЙРӨТҮШӨТ»

№802 16-март -22-март, 2018-ж.


Жеңишбек Жумакадыр коомдо болуп жаткан орчундуу көйгөйлөрдү көзгө сая көрсөтүп, ырга салып аткарган чебер акын. Төкмө акындын эне тил жөнүндө, мекен жөнүндө саптары көпчүлүктүн көңүл түпкүрүнөн орун алып, соцтармактар аркылуу кеңири тарап, бат эле "элдик ырга" айланып кетип жатканын билебиз. Бүгүн биз төкмө акындын коомдогу көңүл ооруткан маселелер боюнча оюн угуп көрдүк.

– Кош келипсиз, Жеңишбек мырза, биз сизди эл көйгөйүн ачык, так чагылдырган жалындуу ырларыңыз менен тааныйбыз. Айтсаңыз, ырларыңыз кандай учурларда жаралат, эргүү кайсы убакта келет?
– Кош келдик, менин жан дүйнөм дайыма тынч эмес, бирде ырдап, бирде ыйлап жүрөт. Кандай учурда болбосун ырдайм десем ырдайм, жазам десем жазам. Болгону көп нерсе сыртка чыкпай ичте кайнап жүрө берет. Эргүү келсин деп аны күтпөй, тескерисинче, аны дайыма чакыра жүргөн адам гана чыныгы чыгармачыл адам деп түшүнөм. Келген эргүүңдүн жыйынтыгы учуру келгенде элге тартууланат. Өнөрдөн башка да көр турмуш менен алпурушуп жүрүп убакыттан уттуруп жиберген учурлар көп.
– Дин темасында ырларыңыз көп, бул темага көп кайрылганыңыздын себеби эмнеде?
– Динди жашоодон бөлүп кароого мүмкүн эмес. 24 саат дем алып жашаган жашооң өзү дин. Мен бардык улуулукту, урматтоону, сыйлоону, туура жашоону динден үйрөндүм. Өзгөрүлдүм, өкүндүм, сүйүндүм дегендей. Кээде сөз менен жеткире алгыс сезимдерге ээ болдум. Өзүм тапкан бактылуулукту башкаларга да ыраа көрүп, өнөрүм менен акыйкатка чакырганга аракет кылып келем. Бирок бизде дин темасы козголгондо бардык тема кошо козголот. Мен дайыма айтып келем «аттиң, ай, Кудай бизге Исламды бергениндей түшүнө албадык» деп. Чалкыган деңиз жатса, бир кудуктун тегерегинде талашып-тартышмай. Диндин кандай экенин бирөөнүн кемчилиги аркылуу таразалабай, аны өздөрү терең окуп анализдешсе дейт элем.
– Тил маселеси боюнча да көп үлгү-насаат ырларыңыз бар, жакында эле Фейсбукта ушул кыргыз тилинин таламын талашам деп сынга кабылдыңыз окшойт?
– Тил жөнүндө ырдап да, жазып да келе жатабыз. Фейсбук баракчама кыргыз тилин колдоп жазганым боюнча көп талкуулар болду. Мени өкүндүргөнү, таза кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөйлү дегениме, орусча комментарийлерди жазып акыл үйрөткөндөр болду. Менин бир «киргиз» таанышым бар, мага теңтуш өзү. Ага тамашалап «айылга барсам үйдөгү жылкым уйча мөөрөп калыптыр» десем, "жинди болуп сүйлөбөчү буга ким ишенет" деп күлөт. "Жок, болот экен, сен деле кыргыз болуп орусча сүйлөп жатпайсыңбы" дедим. Ар бир кыргыздын жети тилди билишин каалайт элем. Бирок кыргыз менен кыргыз өз мекенинде кыргызча сүйлөшүшү керек. Тилибизди чанып отурсак урпактарга кайсы тилди "ата-бабаң сүйлөгөн тил" деп мурас калтырабыз?!
– Коомдо болуп жаткан кайгылуу, капалуу, кубанычтуу окуяларды акындар жүрөгү аркылуу өткөрүшөт, сизди акыркы күндөрү коомдо болуп жаткан кайсы окуялар түйшөлтүп жүрөт?
– Бизде өзү түйшөлтпөгөн маселе барбы? Бардык маселе түйшөлтөт. Тартиби бекем, баары ыймандуу, жемкорлук жок, жерин сатпаган, мыктыларды камабаган, көчөдө коркпой баса турган, чыныгы мыйзамдар иштеп өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген мамлекетке айлансак деп кыялданам.
– Чыгармачыл адамдардын көбү той-аштарда кызмат кылып каражат табышат, ал эми төкмө акындардын каражат тапчу булагы эмнеде?
– Илгертен акындардын ырыскысы элден болуп келген да. Байыртан жарчы болуп жакшылыктардын башында туруп келишкен. Кыргыздын тойлорун Филипп Киркоровсуз элестетүүгө болот, бирок төкмө акындарсыз элестетүү кыйын (күлүп). Мындан сырткары жеке өзүмдүн бир аз акча тапчу иштерим бар.
– Саясатты сындап да, ырдап да каласыз, өзүңүз келечекте саясатка аттанып, эл көйгөйүн чечүүнү каалайсызбы?
– Азырынча өздөрүнө эле буюрсун. Саясатчыларды сындап, чымчылап тургандын өзү саясат.
– Коомчулукта дайыма «казак төкмөлөрү кыйын, кыргыз төкмөлөрү кыйын» деген талашып-тартышуу жүрүп келет, сиздин оюңузча кимиси кыйын?
– Казактардын да мыкты акындары бар, өздөрүнүн ырдоо стилдерине жараша. Бирок коркпой-үркпөй эле кыргыздын төкмөлөрү кыйын деп айта алам.
– Былтыр Казакстан чек араны жаап койгондо ыр менен Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жасаган элеңиз, ал кайрылууңузга жооп болдубу?
– Ал киши мени жакшы тааныйт. Эки жолу тар чөйрөдө чакыртып ырдаткан эле. Мен аны күлдүрүп, көңүлүн көтөргөн жайым бар. Чек ара жабылганда элдин кыйналганын көрүп кыска гана кайрылуу жасап койдум. Мен муну акындык да, атуулдук да милдетим деп билдим. Эми көшөгөнүн артында кандай саясат болуп турганын түшүнүп турдук да. Баары эле «эмне казак ажосу жооп бердиби?» деп сурап жатышты. Мен дагы «ооба, мен ырдагандан кийин чек ара ачылбадыбы» деп койдум (күлүп).
– Учурда төкмөлүк өнөрдүн Кыргызстанда абалы кандай, өзүңүз шакирттерди таптайсызбы?
– Кыргызстанда бул өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн саны арбып баратканы сүйүндүрөт. Биздин жолду улап кете турган жаш төкмөлөрдөн уучубуз кур эмес. Алардын көбү менин өкүл балдарым, шакирттерим. Аалы, Идирис, Баян, Кубат, Турат, Чыңгыз, Жамайка деген кызыбыз жана башка дагы тапталып келе жаткан жаш акындарыбыз бар.
– Өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз тууралуу да айта кетсеңиз, балдарыңыздын ичинен сиздин жолду жолдоочулар барбы?
– 3 кыз, 2 уулум бар. Эки кызым университетте, экөө мектепте, кичүүсү эки жарым жашта. Колуктум болсо үйдөгү университет. Балдарга мыкты тарбия берип, мага махабатын арнап дагы бүтүрө албай келе жатат.
– Эмнеден эргүү аласыз, сахнада көл-шал болуп ыр төккөндөнбү же элдин кыраан-сүрөөнүнөнбү?
– Өзүм сатирага абдан жакынмын. Сахнада жана башка жерлерде алып баруучу болгондон жана мыкты атаандаш туш келип эл алдында айтышкандан эргүү алам.


Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(20)
20.03.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жеңиш байке азаматсыз кандай гана акылман сөздөрдү айтыпсыз үй бүлөлүк бакыт бекем ден соолук каалаймын.Супер жааматы рахмат интервью үчүн .Эмики санда Аалы Туткучевтенда интервью алсаңыздар соонун болмок.
20.03.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азаматсыз чыныгы патриот экенсиз. Азыр сиз айткандай уйча моорогондор ото кобойуп кетти. Атка минерлерден баштап,ырчы чоорчу жонокой калкка чейин. Алар орусча суйлошпосо курсактары тойбой калабы дей берем.

Бир окуя эске тушту. Айылдык кыз россияга барып 3 жыл иштеп кайра айылына келиптир. Ата энеси уктабай жолдо кутуп турушат экен. Карангы кирип калганда кыз жетип келип,ата энеси менен учурашып уйго киришет. Кыз уйго кирип эле "пааап мааам уй минча карангыииы" деген экен
Tyty1990 түзөттү 2018-03-20 10:08:23
20.03.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Tyty1990,БИР ааз ни в тему болуп калыптыр ...)))
20.03.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оорундуу создор.Азаматсыз
20.03.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Женишбеке орусча суйлоп сын айткандарга айтарым
-"Женишбек торт жыл бою Москвада Щепкин атындагы Театралдык окуу жайда окуп бутуп келген адам. Ал театрда кыргыз тилинде окубаса керек. Сиз экообузго караганда орустун говору менен грамматикасын жакшы билсе керек!".
20.03.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Да что ты говоришь!??? Деп койбоюмбу
20.03.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз озубуздода бар балдарыбызды орусча окутабыз,ошолор анан киргиз болболгондо кии болот
20.03.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Казахстанда азыркы учурда балдарын казах садик,мектепке беришет орусча окутсан уят.Гос жумуштарда анда санда орусту коросун основной оздору отурушат,документер казакча билсенда билбесенда кеде толтуруга тура келет,биздечи орусча билбесен кемсинтишет
20.03.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жылкынын уйча моороп калганы жакты. Бирок, муну киргиздер кайдан тушунмок эле.
20.03.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келинчегиниз мыкты айым жайлоодо чогу эс алдык эле.
21.03.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акындын акыны Женишбек ага бар болунуз. Негизи сиз деле эл артисине татыктуусуз Элмирбек сыякту эле. Кыргыздын бир жаман жери тааныш билиш болсо эле болду. Оной эле аласын наамды. Муну айткан себебим Элмирбек аганын жакшы тааныштары маданият министрилигинде иштеп калып алдыда. Анан бир жакпаган нерсе акындардын экиге болунусу Айтыш фоеддун акындары жана башка акындар болуп болунушот. Супер инфо ушул боюнча сиздер бир иликтоо кылсаныздар бир абдан кызыктуу тема болмок
22.03.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Farhat25,элмирбек акынга соз жок ал татыктуу адам сыйлыка созго чебер ырлары уккулуктуу сыйлайм ал адамды
22.03.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул сындап аткан баарынар орусчаны кыйратып койгонсунар да, туурабы? Же швабра умерла деп коюп озунорго озунор кулуп журосунорбу?
24.03.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Zaina,Жазганына караганда эч кимибиз сендей кыйрата албайбыз го.
23.03.2018. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Качан эле кыргыз туура созду туура кабыл алчу эле.
24.03.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Женишбектин ар бир ырынын арасында ток этер жерлери бар. Маани берип уккан адам билет. Ошону укса дагы мээсине кирбеген кыргыздын Кыргыз болуп кетиши кумон. Мисалы:Башка тилдер минип журот Мерседес, Кыргыз тилин минип калган араба. Же болбосо: Бул кун эмес уркундо да АПАЛАР, талкан учун саткан эмес денесин.
24.03.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи бизде мекенчил жарандар өтө аз. Мисалы Казакстанда орусу деле өзбеги деле таза казакча сүйлөшөт.

Мен жакында эле Ошко бардым дүкөндөрүнө кирсем өзбектер бар экен. Мага биринчи ктргенимде өзбекче сүйлөп баштады эле.Мен түшүнбөдүм десем таза кыргызча сүйлөй баштады го. Туугандар Кыргыз тилибизди сактоо ар бирибизден башталат. Өзүбүздүн тилибизге өзүбүз күйөлү. Бишкеке барсаң эле Орусияда жүргөндөй эле болосун, дээрлик баары орусча сүйлөшөт.
24.03.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орусчаныго айтпай эле койоюн мынабул жаныбыздагы казак шаарларына бир эле жолу барып келген анча-мынчаларыбыз казакча аралаштырып суйлоп калып жатпайбызбы!Ошондойлорду коргондо "жыгаа чапкын"келет.
25.03.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жарымы чала кыргыз...чала орус...Эми арабкулдор пайда боло баштады..ооп ооп кетип атат окшойт ...кээ бирлер
27.03.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

ошол орусча суйлоп оолуккандар эртеге кыргыз деген улуттун тубуно жетип жок кылышат.Орус шивинизми алардын мээсине кумдай куюлуп цементтей болуп катып калган.ийри оскон теректи кыйып эле салып туздобосон,осуп турган жеринде туздой албайсын.!!!Ит итче урот,ат атча кишенет а алар ит болуп же ат болуп туруп корозчо кыйкыргандар.Кудайым буйруса баары кыргызча суйлойт.Кыргыз тили кылымдарды каарыткан,орусча суйлоп доодурогон киргиздер эч качан очуро албайт тарыхтан!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: