БИР БҮРКҮМ. ОРУСИЯНЫН «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 МИҢ КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ БАР...
№802 16-март -22-март, 2018-ж.
-

2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн
ИЧКИ ДҮҢ ПРОДУКЦИЯСЫ (ИДП) 5,5 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Аталган маалыматты Улуттук банктан таратышты.
-
Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНДЕ» 77 миң Кыргыз жаран бар. Алардын 27 миңин «кара тизмеден» чыгаруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.
-
Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Фархат Иминовдун ордуна МАРЛЕН МАМАТАЛИЕВ келди.
-
Бишкек шаарында 2018-жылдын эки айында 500 ТҮП бак-дарактын көчөтү отургузулду. Дагы 11 667 түп көчөттү отургузуу пландалууда.
-
2018-жылдын алгачкы 6 айында 292 спортчу мамлекеттен жалпы 14 миллион 916 миң сомдук СТИПЕНДИЯ АЛАТ. Алардын 11и эң жогорку – 45 миң сомдук стипендияга ээ болушат.
-
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аппарат жетекчиси НУРХАНБЕК МОМУНАЛИЕВДИН отставкага кетүү боюнча арызын кабыл алып, аны ээлеген кызматынан бошотту.
-
Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) «ЭҢ БАКТЫЛУУ ӨЛКӨ» рейтингинде 156 мамлекеттин ичинен 92-орунду алды. Былтыр 98-орунга жайгашкан. Ал эми 1-орунду Финляндия алса, 156-орунду Бурунди өлкөсү ээледи.
-
Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси болуп КАРИМ КОКРЕКБАЕВ дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Айымдос Бозжигитов аркалап келген.
-
Өкмөт мектеп ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТАМАГЫ үчүн 2018-жылы 555 миллион 941,7 миң сом бөлдү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 121 миң сомго көп.
-
Бишкек шаарына апрелден тарта Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу берилген насыяга 52 жаңы ТРОЛЛЕЙБУС сатып алынат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0